关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG068

返回

Кыргыз республикасынын мыйзамы 1998-жылдын 30-марты N 28 электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-декабрындагы N 205 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 Ээм Үчүн Программаларды Жана Маалыматтар Базасын Укуктук Коргоо Жөнүндө Кр Мыйзамы

ЭЭМ ҮЧҮН ПРОГРАММАЛАРДЫ ЖАНА МААЛЫМАТТАР БАЗАСЫН УКУКТУК КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 30-марты N 28

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Электрондук эсептөө машиналары үчүн

программаларды жана маалыматтар

базаларын укуктук коргоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,

2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын,

2006-жылдын 27-январындагы N 26 Мыйзамынын,

2006-жылдын 8-декабрындагы N 205 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Автордук укуктар

III бөлүм. ЭЭМ үчүн программаны жана маалыматтар базаларын

пайдалануу

IV бөлүм. Укуктарды коргоо

I бөлүм

Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр:

ЭЭМ үчүн программа - белгилүү бир натыйжаны алуу максатында электрондук эсептөө

машиналарынын (ЭЭМ) иштешине арналган маалыматтардын жана буйруктардын жыйындысын

берүүнүн объективдүү формасы;

маалыматтар базасы - маалыматтар ЭЭМдин жардамы менен тез табылып жана иштетиле тургандай

тутумдаштырылган маалыматтардын жыйындысын берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү

формасы;

ЭЭМ үчүн программаларды же маалыматтар базасын ылайыкташтыруу ЭЭМ үчүн программалардын

же маалымат базаларынын иштешин пайдалануучунун конкреттүү техникалык каражаттарында же

пайдалануучунун конкреттүү программаларынын башкаруусу алдында камсыз кылуу максатында гана

ишке ашырылуучу өзгөрүүлөрдү киргизүү;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын модификациялоо (кайра иштетүү) -

ылайыкташтыруу болуп саналбаган, аларды ар кандай өзгөртүүлөр;

алгачкы текст - кандайдыр бир компилятордун кайрадан иштеп чыгуусуна туш болбогон,

программалоонун кандайдыр бир тилинде жазылган текст;

объекттик код - алгачкы текстти машинанын кодуна өзгөртүүнүн натыйжасында алынган программа;

ЭЭМ үчүн программаны компилирлөө - ЭЭМ үчүн программанын структураларын жана

коддоштурууну изилдөө максатындагы алгачкы тексти объекттик кодуна өзгөртүүнү камтыган

техникалык ыкма;

ЭЭМ үчүн программаларды кайра компилирлөө - ЭЭМ үчүн программалардын структурасын үйрөнүү

жана коддоштуруу максатында объекттик кодду кайра алгачкы текстке айландырууну камтыган

техникалык ыкма;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын калыбына келтирүү ЭЭМ үчүн программаны же

маалыматтар базасын ар кандай материалдык формада бир же андан көп нускада даярдоо, ошондой

эле аларды ЭЭМдин эсине жазып коюу;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жайылтуу - ар кандай материалдык формада

калыбына келтирилген ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына жол ачуу, буга тармактык

же башка ыкмалар менен, ошондой эле сатуу, жүгүртүүгө түшүрүү, жалдоого берүү, карыз берүү жолу

менен, ушул максаттардын ар кандайы үчүн импортко чыгаруу менен жетишүүгө болот;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын басып чыгаруу (жарыялоо) - автордун макулдугу

менен аныкталбаган жактардын чөйрөсүнө ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын

нускаларын (анын ичинде ЭЭМдин эсине жаздырып коюу жана текстин басып чыгаруу жолу менен)

берүү; бул учурда мындай нускалардын саны көрсөтүлгөн чыгармалардын мүнөзүн эске алуу менен,

бул жактардын чөйрөсүнүн керектөөсүн канааттандырууга тийиш болгон жагдайда берилет;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу - аларды басып чыгаруу, калыбына

келтирүү, жайылтуу жана аларды чарбалык жүгүртүүгө киргизүү боюнча дагы башка аракеттер (анын

ичинде кайра иштетүү формасында да). ЭЭМ үчүн программаны жана маалыматтар базасын басып

чыгаруу жөнүндөгү кабарларды массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарлоо ЭЭМ үчүн

программаны жана маалыматтар базасын пайдалануу деп таанылбайт.

Ушул Мыйзамда автор, анын ээси, ошондой эле мыйзам же келишим аркылуу алган өзгөчө мүлктүк

укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак укук ээси катары түшүнүлөт.

2-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

ЭЭМ үчүн программаларды, маалыматтар базасын түзүүгө, укуктук коргоого жана пайдаланууга

байланыштуу мамилелер ушул мыйзам менен жөнгө салынат.

ЭЭМ үчүн программалар жана маалыматтар базасы ушул мыйзамда автордук укуктун объекттерине

киргизилет. ЭЭМ үчүн программаларга адабий чыгармалар катары, ал эми маалыматтар базасына -

жыйнактар катары укуктук коргоо берилет.

Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын коргоо

чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз

Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2005-жылдын 31-

мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

3-статья. ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын укуктук

коргоонун объектиси жана шарттары

Объективдүү формада берилген ЭЭМ үчүн программалардын жана маалыматтардын базасынын ар

кандайына, алардын жарыкка чыккандарына да, чыга электерине да, алардын материалдык алып

жүрүүчүсүнө, арналганына жана баалуулугуна карабастан автордук укук жайылтылат.

Автордук укук автордун чыгармачыл ишинин натыйжасы болуп саналган ЭЭМ үчүн программаларга

жана маалыматтар базасына жайылтылат. Автордун ишинин чыгармачыл мүнөзү, ал

төгүндөлмөйүнчө сакталат.

Ушул Мыйзам тарабынан берилүүчү укуктук коргоо алгачкы текстти жана объектилик кодду кошкондо,

ар кандай тилде жана ар кандай формада чагылдырылышы мүмкүн болгон ЭЭМ үчүн

программалардын бардык түрлөрүнө (анын ичинде операциялык тутумдарга жана программалык

комплекстерге) жайылтылат.

Ушул Мыйзам менен берилүүчү укуктук коргоо маалыматтарды ылгоо жана уюштуруу боюнча

чыгармачыл эмгектин натыйжасы болгон маалыматтар базасына жайылтылат. Маалыматтар базасы

алар негизденген же алар өзүнө камтыган маалыматтар автордук укуктун объектилери болуп

саналаар - саналбастыгына карабастан корголот.

Ушул Мыйзам менен берилүүчү укуктук коргоо ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын

же алардын кандайдыр-бир элементтеринин негизинде жаткан идеялар менен принциптерге, анын

ичинде интерфейсти жана алгоритмди уюштуруу идеялары менен принциптерине, ошондой эле

программалоонун тилдерине жайылтылбайт.

ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына автордук укук алардын материалдык алып

жүрүүчүсүнө менчиктик укук менен байланышпайт. Материалдык алып жүрүүчүгө карата укуктарды ар

кандай өткөрүп берүү ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына кандайдыр бир укуктарды

өткөрүп берүүгө алып келбейт.

4-статья. Автордук укукту таануунун шарттары

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына автордук укук аларды түзүүдөн улам пайда болот.

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына автордук укукту таануу жана ишке ашыруу үчүн

депонирлөө, каттоо же дагы башка формалдуулуктарды сактоо талап кылынбайт.

Укук ээси ЭЭМ үчүн программа же маалыматтар базасы алгач жарыкка чыккандан баштап өз

укуктарын кабарлоо үчүн автордук укукту коргоонун үч элементтен турган белгисин:

- тегеректелген же тегерек кашаага алынган С тамгасын;

- укук ээсинин аталышын (атын);

- ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын алгач жарыкка чыккан жылын

пайдалана алат.

5-статья. Маалыматтар базасына автордук укук

Автордук укуктун объекттери болуп саналбаган материалдардан турган маалыматтар базасына

автордук укук маалыматтар базасын түзгөн адамдарга таандык.

Маалыматтар базасына автордук укук ушул маалыматтар базасына киргизилген чыгармалардын ар

бирине автордук укук сакталган шартта таанылат.

Маалыматтар базасына киргизилген чыгармалардын ар бирине автордук укук сакталат. Бул

чыгармалар мындай маалыматтар базасына карабай өзүнчө пайдаланышы мүмкүн.

Маалыматтар базасына автордук укук ушул маалыматтар базасына кирген чыгармаларды жана

материалдарды өз алдынча тандоону жана уюштурууну башка адамдардын жүзөгө ашыруусуна

тоскоолдук кылбайт.

6-статья. Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү

Автордук укук ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын түзгөн учурдан тартып, автордун

бүткүл өмүр бою жана ал дүйнөдөн кайткандан кийин, ал каза болгон жылдан кийинки 1-январдан

тартып эсептегенде 50 жыл колдонулат.

Авторлоштукта түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына автордук укуктун

колдонулуш мөөнөтүнүн аякташы эң акыркы автор дүйнөдөн кайткан убактысынан тартып эсептелет.

Аты жок (анонимдүү) же жашыруун ат (псевдоним) менен басылып чыккан ЭЭМ үчүн программага же

маалымат базасына автордук укук алар жарыкка чыккан учурдан тартып 50 жыл бою колдонулат.

Эгерде аты жок же жашыруун ат менен басылып чыккан ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар

базасынын автору ушул көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде өзүнүн ким экендигин ачып көрсөтсө же автор

кабыл алган жашыруун ат анын өзү экендигинен шек санатпаса, анда ушул статьянын биринчи

бөлүгүндө каралган коргоо мөөнөтү колдонулат.

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына автордун мүлктүк эмес жекече укуктары

мөөнөтсүз корголот.

7-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү

Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу жарыкка чыгарылган же жарыкка чыгарыла элек,

бирок кандайдыр бир объективдүү формада анын аймагында турган ЭЭМ үчүн программага же

маалыматтар базасына автордук укук Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат. Ал укук

авторго, анын мураскорлоруна жана автордун башка укук мураскорлоруна граждандыгына

карабастан таандык кылынат.

Ошондой эле чет мамлекеттин аймагында басып чыгарылган же кандайдыр бир объективдүү

формада ошол жерде турган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата автордук укук

Кыргыз Республикасынын граждандарына же алардын укук мураскорлоруна таандык деп

эсептелинет.

Чет мамлекеттин аймагында биринчи жолу басып чыгарылган же кандайдыр бир объективдүү

формада турган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына башка адамдардын автордук

укугу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык таанылат.

II бөлүм

Автордук укуктар

8-статья. Автордук

Өзүнүн чыгармачыл эмгегинин натыйжасында ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын

түзгөн жеке жак алардын автору деп таанылат.

Эгерде ЭЭМ үчүн программа же маалыматтар базасы эки же андан көп жеке жактардын биргелешкен

чыгармачыл иш-аракети менен түзүлсө, анда ЭЭМ үчүн программа же маалыматтар базасы ар бири

өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн тураарына же бөлүнгүс болуп саналаарына карабастан,

бул адамдардын ар бири ЭЭМ үчүн мындай программанын же маалыматтар базасынын автору деп

таанылат.

Эгерде ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бөлүктөрү өз алдынча мааниге ээ

болгон учурда, авторлордун ар бири өзү түзгөн бөлүккө автордук укукка ээ болот.

9-статья. Мүлктүк эмес жекече укуктар

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна анын мүлктүк укуктарына карабастан

төмөндөгү жекече укуктар:

- автордук укук - башкача айтканда ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын автору

катары эсептелүү укугу;

- аталыштык укук - башкача айтканда ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына автордун

атын көрсөтүүнүн формасын аныктоо укугу: өзүнүн аты, шарттуу аты (ылакап аты) менен же атын

атабай атоо укугу;

- башкача айтканда ЭЭМ үчүн программанын же, маалыматтар базасынын өзүнө, ошондой эле

алардын аталыштарына ар түрдүү бурмалоолордун же автордун ар-намысына жана кадыр-баркына

зыян келтирүүгө жөндөмдүү башка аракеттердин кол тийгистик (бүтүндүк-башкача айтканда коргоого

укуктук) укугу таандык.

10-статья. Мүлктүк укуктар

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна же башка укук ээсине төмөндөгү иш-

аракеттерди ишке ашыруунун жана (же) ишке ашырууга уруксат берүүнүн бирден бир укугу таандык:

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын басып чыгаруу;

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын (толук же бир бөлүгүн) ар кандай формада, ар

кандай ыкма менен көчүрүп алуу;

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жайылтуу анын ичинде прокатка берүү;

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын кайра иштетүү, анын ичинде ЭЭМ үчүн

программаны же маалыматтар базасын бир тилден экинчи тилге которуу;

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын башкача пайдалануу.

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бир нече авторлоруна же башка укук ээлерине

тийиштүү укуктарды пайдалануу тартиби алардын ортосундагы келишим боюнча аныкталат. Мындай

келишим жок болгон учурда, алардын ар бири корголуучу объектти өз алдынча каалагандай

пайдалана алат, бирок ага карата калган укук ээлеринин макулдугусуз мүлктүк укуктардын бардыгын

толук берүү жөнүндө келишим түзүүгө укуксуз. Мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндөгү

келишимди түзүү тууралу укук ээлеринин ортосунда макулдукка жетишилбеген учурда, алардын

ортосундагы талаш сот аркылуу чечилиши мүмкүн.

11-статья. Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктар башка жеке же юридикалык

жактарга келишим боюнча толук бойдон же жарым-жартылай берилиши мүмкүн.

Келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана төмөнкү шарттарды: берилүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ

үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын, төлөө тартибин жана акы

өлчөмүн, келишим пайдаланылган аймакты жана анын колдонулуучу мөөнөтүн камтууга тийиш.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган ЭЭМ үчүн

программаларга же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды берүү жөнүндөгү келишим же

лицензиялык келишим интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда

милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн

программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тараптардын

макулдашуусу боюнча катталышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Кызмат милдеттерин аткаруу тартибинде түзүлгөн ЭЭМ үчүн

программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк

укуктар

Кызмат милдеттерин аткаруу тартибинде же жумуш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча түзүлгөн ЭЭМ

үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктар, эгерде жумуш берүүчү менен автордун

ортосундагы келишимде башкача каралбаса, жумуш берүүчүгө таандык болот.

Акы төлөө тартиби жана өлчөмү автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишимде белгиленет.

12-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда

түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар

базасына карата мүлктүк укуктар

ЭЭМ үчүн программага же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик

контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн маалыматтар базасына карата мүлктүк укук, эгерде

мамлекеттик контракта бул укук мамлекеттик заказчынын атынан иш жүргүзгөн Кыргыз

Республикасына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (жалдануучуга) таандык болот.

Эгерде ЭЭМ үчүн программаларга же маалыматтар базасына болгон мүлктүк укуктар ушул статьянын

биринчи бөлүгүнө ылайык мамлекеттик заказчыга таандык болбосо, укук ээси Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн тапшырылуучу товарларды даярдоодо же

жалдама ишти аткарууда мамлекеттик заказчынын талабы боюнча ЭЭМ үчүн программаларды же

маалыматтар базасын пайдалануу укугун ал көрсөткөн жак же жактар менен келишим түзүүгө

милдеттүү.

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасынын укук ээси болбогон авторго сыйакы ушул

статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык мүлктүк укук алган жакка төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн

тартиби жана өлчөмү автор менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.

(КР 2006-жылдын 8-декабрындагы N 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Каттоо укугу

ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына бардык мүлктүк укуктардын укук ээси автордук

укуктун колдонулуш мөөнөтүнүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органга билдирме берүү жолу менен ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын

өзүнүн каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу каттата алат.

14-статья. ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын каттоо

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттоого табыштама (мындан ары -

табыштама) ЭЭМ үчүн бир программага же бир маалыматтар базасына тиешелүү болууга тийиш.

Табыштама төмөндөгүлөрдү:

укук ээсин, ошондой эле авторун, эгерде ал аталган бул милдеттен баш тартпаса жана алардын

турган жерин (жашаган жерин) көрсөтүү менен ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын

расмий каттоого арызын;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын, рефератты кошо идентификациялоочу, депозитке

салынуучу материалдарды;

белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн же каттоо жыйымын төлөөдөн бошотууну,

ошондой эле анын өлчөмүн азайтууну тастыктоочу документти камтууга тийиш.

Табыштаманы жол-жоболоштуруунун эрежесин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

Табыштама келип түшкөндөн кийин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган зарыл болгон документтердин болушун жана алардын ушул статьянын экинчи

бөлүгүндө айтылган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча

же табыштама ээси өз демилгеси боюнча расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин

табыштаманын материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.

Табыштаманы карап чыгуу алты айдын ичинде жүргүзүлөт.

Кароонун натыйжасы оң чыккан учурда интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын тиешелүү түрдө Кыргыз

Республикасынын ЭЭМи үчүн программалардын мамлекеттик реестрине же тиешелүү түрдө Кыргыз

Республикасынын Маалыматтар базаларынын мамлекеттик реестрине киргизет, укук мураскерине

расмий каттоо тууралу күбөлүк берет жана расмий катталган ЭЭМ үчүн программалар же

маалыматтар базалары жөнүндөгү маалыматтарды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыялайт.

Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлгөн

маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

тарабынан белгиленет, ал ошондой эле расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын

тизмегин да аныктайт.

Кыргыз Республикасынын ЭЭМи үчүн программалардын мамлекеттик реестрине же Кыргыз

Республикасынын маалыматтар базаларынын мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтар

төгүндөлмөйүнчө анык деп эсептелинет.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти табыштама берүүчү тартат.

ЭЭМ үчүн программаларды же маалымат базаларын жана келишимдерди расмий каттоого, ошондой

эле алар жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоого байланышкан аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн

каттоо жыйымдары алынат.

Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын

өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жыйымдар, анын ичинде валюта түрүндө, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын эсебине келип түшкөн бардык каражаттар интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул статьяда каралган иш-аракеттерди

жүзөгө ашырууга байланышкан чыгашаларды жабууга, ошондой эле жабдуу, автоматташтырылган

тутумду түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүм

ЭЭМ үчүн программаны жана маалыматтар

базаларын пайдалануу

15-статья. ЭЭМ үчүн программаны жана маалыматтар базасын укук ээси

менен келишим боюнча пайдалануу

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасына менчик укугун сатуудан же башкага

берүүдөн кийин укук ээсинин макулдугусуз жана ага кошумча акы төлөөсүз жол берилүүчү бул нускага

болгон менчик укугун же башка мүлктүк укуктарды биринчи сатуудан кийин же башкача жол менен

берүүдөн бөлөк учурларда, ЭЭМ үчүн программаларды же маалыматтар базасын үчүнчү жактардын

(пайдалануучулардын) пайдалануусу укук ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке

ашырылат.

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдаланууга келишим жазуу түрүндө түзүлөт.

Пайдалануучулардын кеңири катмарына ЭЭМ үчүн программаларды же маалыматтар базасын

сатууда же берүүгө жол ачууда келишим түзүүнүн өзгөчө тартипти, атап айтканда укук ээси аныктаган

келишимдин типтүү шарттарын түшүндүрүү жолун колдонууга жол берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын эркин

көчүрүп алуу же ылайыкташтыруу

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасын укук ченемдүү ээлеген адам укук

ээсинин кошумча уруксатын албай эле ЭЭМ үчүн программанын же маалымат базасынын иштешине

байланышкан, анын арналышына ылайык ар кандай иш-аракеттерди ишке ашырууга, анын ичинде

ЭЭМдин эсине жазып коюуга жана сактоого, ошондой эле көрүнөө каталарды оңдоп коюуга акылуу.

ЭЭМдин эсине жазуу жана сактоо, эгерде укук ээси менен келишимде башкача каралбаса бир гана

ЭЭМге же тармактагы бир гана пайдалануучуга карата жол берилет.

Ушул Мыйзамдын 10-статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацынан жоболорунан алганда ЭЭМ

үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасына укук ченемдүү ээ болгон адам укук

ээсинин уруксатысыз жана ага кошумча акы төлөбөстөн:

- ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын ылайыкташтырууну ишке ашырууга;

- бул көчүрмө архивдик максаттар үчүн арналган шартта жана укук ченемдүү алынган нусканы

алмаштыруу зарыл болгон учурда (ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын түп нускасы

жоголуп кеткен, жок кылынган же пайдалануу үчүн жараксыз болуп калган учурда) ЭЭМ үчүн

программанын же маалыматтар базасынын көчүрмөлөрүн жасоого же жасоону тапшырууга укуктуу.

Мында ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын көчүрмөсүн башка максаттарга

пайдаланууга болбойт жана эгерде ушул ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын андан

ары пайдалануу укук ченемсиз болуп калган учурда жок кылынууга тийиш.

ЭЭМ үчүн программанын нускасына укукту ээлеген адам укук ээсинин уруксатысыз жана ага кошумча

акы төлөбөстөн эле ушул программаны коддоштурууну жана анын структурасын үйрөнүү максатында

ЭЭМ үчүн программаны кайра компилирлөөгө же кайра компилирлөөнү тапшырууга төмөндөгүдөй

шарттарда укуктуу:

- ошол адам өзүнчө иштеп чыккан ЭЭМ үчүн программанын башка программалар менен өз ара

аракеттенүүсү үчүн зарыл болгон маалымат башка булактардан табылбаган учурда;

- мындай кайра компилирлөөнүн натыйжасында алынган кабар дал ушул жактын өзүнчө иштеп

чыккан ЭЭМ үчүн программа менен башка программалардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн

гана пайдаланылышы мүмкүн, мында маалымат өзүнүн түрү боюнча кайра компилирлештирилген

ЭЭМ үчүн программага олуттуу окшош ЭЭМ үчүн жаңы программаны түзүү үчүн же автордук укукту

бузуучу ар кандай башка аракетти ишке ашыруу үчүн пайдаланылбайт;

- кайра компилирлештирүү ЭЭМ үчүн программанын ушундай өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн

зарыл болгон бөлүктөрүнө карата гана жүргүзүлөт.

IV бөлүм

Укуктарды коргоо

17-статья. Автордук укукту бузуу. ЭЭМ үчүн программанын же

маалыматтар базасынын контрафактылык нускалары

ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына автордук укук жагындагы ушул Мыйзамда

каралган талаптардын бузулушу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык граждандык,

администрациялык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгат. Даярдалышы же пайдаланылышы

автордук укуктун бузулушуна алып келүүчү ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын

нускалары контрафактылык болуп таанылат.

Ошондой эле ЭЭМ үчүн ушул программа же маалыматтар базасы мыйзам менен эч качан

корголбогон же корголбой калган мамлекеттен Кыргыз Республикасына алып келинген, ушул

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында корголуучу ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар

базасынын нускалары да контрафактылык болуп саналышат.

18-статья. ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына

тиешелүү укуктарды коргоонун жарандык-укуктук жана

дагы башка чаралары

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын автору жана башка укук ээлери:

- укуктарды таанууну;

- укуктун бузулушуна чейинки абалды калыбына келтирүүнү;

- укуктарды бузуучу же укукту бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерге тыюу салууну;

- зыяндардын ордун толтурууну;

- зыяндардын ордун толтуруунун ордуна укуктарды бузуунун кесепетинен укук бузуучу тарабынан

алынган кирешени өндүрүп алууну;

- укук бузуучудан зыяндардын ордун толтуруунун же кирешелерди төлөтүп алуунун ордуна Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн белгиленген өлчөмүнүн

20 жолкудан 50000 жолкуга чейинки суммасында соттун кароосу боюнча аныкталган компенсация

төлөп берүүнү;

- өз укуктарын коргоого байланышкан мыйзамдык актыларда каралган дагы башка чараларды да

кабыл алууну талап кылууга укуктуу.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн

чаралар ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базаларына укуктардын ээлеринин тандоосу

боюнча колдонулат.

Укук ээлери өздөрүнүн укугун коргоо үчүн алардын компетенциясына ылайык сотко, алгачкы

териштирүү органына, алгачкы тергөө органдарына белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.

ЭЭМ үчүн программалардын же маалымат базаларынын контрафакт нускалары соттун чечими

боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган контрафакт нускалар жок

кылынууга тийиш, аларды укук ээлеринин өтүнүчү боюнча өздөрүнө бере турган учурларды

кошпогондо.

Сот контрафакт нускаларды даярдоо жана кайталап чыгаруу үчүн пайдаланылган материалдарды

жана жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечим чыгара алат.

ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын түп нускасын атайылап жок кылуу же

шалаакылыктан жок кылуу жагынан күнөөлүү болгон адам автордун талабы боюнча ушул статьянын

биринчи бөлүгүндөгү талаптарга ылайык келтирилген материалдык жана моралдык зыяндардын

ордун толтурууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-

январындагы N 26 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

19-статья. ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына тиешелүү

укуктарды бузуу иштери боюнча доо коюуну камсыз кылуу

ыкмалары

Сот же судья жоопкерге же укуктарды бузуучу деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон адамга

белгилүү иш-аракеттерди жасоого (ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын

нускалары контрафакт деп болжолдонсо, аларды жасоого, кайталап чыгарууга, сатууга, прокатка

берүүгө, импорттоого же ушул Мыйзамда каралган дагы башкача пайдаланууларга, ошондой эле

транспорттоого, граждандык жүгүртүүгө чыгаруу максатында аларды сактоого же ээлик кылууга) тыюу

салуу жөнүндө жеке өзү аныктама чыгара алат.

Сот же судья ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын нускалары контрафакт деп

болжолдонсо, аларга камак салуу жана бардык нускаларды, ошондой эле аларды жасоого жана

кайталап чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларды алып коюу жөнүндө жеке өзү

аныктама чыгара алат.

ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын укуктук коргоону жөнгө салуучу

мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгондо Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын

контрафакт деп болжолдонгон нускаларын издөө жана аларга камак салуу, аталган нускаларды

жасоого жана кайталап чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга, ошондой эле ушул

Мыйзамды бузган иш-аракеттердин жасалгандыгына далил боло турган документтерге камак салуу,

анын ичинде зарыл болгон учурларда аларды алып коюу жана аларды жоопкердүү сактоого өткөрүп

берүү боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Чет өлкөлөрдө ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар

базасына тийешелүү укуктарды коргоо

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү билдирме

катталгандан кийин автор же дагы башка укук ээси чет өлкөлөрдө ЭЭМ үчүн программаны же

маалыматтар базасын укуктук коргоону суранышы мүмкүн. Бул жобону сактабоо Кыргыз

Республикасынын майзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылууга алып келет.

Чет өлкөлөрдө ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына укуктук коргоону алууга

байланышкан чыгымдарды ушундай коргоону сураган адам же аны менен макулдашуу боюнча башка

жеке же юридикалык жак тартат.

21-статья. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын укуктары

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине

жараша же өз аралык принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктардан Кыргыз

Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.

22-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башка

эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдеги эрежелер кабыл алынат.

23-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз

Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү

колдонулат.

3. “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базасын укуктук

коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы көрсөтүлгөн Мыйзам колдонууга киргизилгенден

кийин келип чыккан ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын түзүүгө жана

пайдаланууга байланыштуу мамилелерге карата жайылтылат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык

келтирүү тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган