关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG222

返回

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзүү, аларды каттоо, пайдаланылган чыгармалардын эсебин алуу, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2014-жылдын 3-июлундагы № 10 чечими менен жактырылган & Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2014-жылдын 7-июлундагы № 107 буйругу менен бекитилген)

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзүү, аларды каттоо, пайдаланылган чыгармалардын эсебин алуу, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2014-жылдын 3-июлундагы № 10 чечими менен жактырылган & Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2014-жылдын 7-июлундагы № 107 буйругу менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин
2014-жылдын 3-июлундагы № 10
чечими менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2014-жылдын 7- июлундагы № 107 буйругу менен бекитилген

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзүү, аларды каттоо, пайдаланылган чыгармалардын эсебин алуу, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн

тартиби

Бул Тартип “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 22-июлундагы №448 токтому менен бекитилген “Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобого ылайык иштелип чыккан. Бул Тартип автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзүү, аларды каттоо, пайдаланылган чыгармалардын эсебин алуу, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин
аракеттеринин ырааттуулугун жөнгө салат (мындан ары – Тартип).
I. Жалпы жоболор
1. Кыскартуулардын тизмеси:
Мыйзам - “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Жобо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы
№448 токтому менен бекитилген “Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобо;
Регламент – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 12- августундагы №135 буйругу менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыларды бөлүштүрүүнүн регламенти;
Лицензиялык келишим - Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен түзүлгөн лицензиялык келишим (көңүл ачуу жайлары, коомдук тамактануу ишканалары, адистештирилген соода ишканалары, телерадиокомпаниялар, театрлар, филармония, фонограмма чыгаруучулар; мезгилдүү коомдук тамактануу ишканалары жана көңүл ачуу жайлары үчүн);
Кыргызпатент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;
Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгы;
Пайдалануучу – автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучу кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар;
Инспектирлөө бөлүмү – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектирлөө бөлүмү;
Автордук укук объектилер сектору– Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын автордук укук объектилер сектору;
Интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмү – Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмү;
Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмү.
II. Лицензиялык келишимдерди каттоо боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартиби
2. Кыргызпатенттин ишин жүргүзүүнүн алкагында Мыйзамдын 47-статьясына ылайык инспектор:
- пайдалануучуну “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен тааныштырат, бул тууралуу таанышуу барагы түзүлөт (1-тиркеме);
- тааныштырган датадан тартып, беш жумушчу күндүн ичинде инспектор автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы жөнүндө акт түзөт (2-тиркеме);
- инспектор автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы жөнүндө актыга кол койгондон баш тарткан учурда, инспектор документке кол койгондон баш тарткандыгы жөнүндө акт түзөт (3- тиркеме);
- катты алган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде лицензиялык келишимди түзүүнүн зарылчылыгы жөнүндө Кыргызпатенттин көзөмөлдөөчү жетекчисинин колун койдуруп, кат жиберет;
- пайдалануучу лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда, инспектор ушул Тартиптин IV бөлүмүнүн жоболоруна ылайык
материалдарды даярдайт жана мындан ары сотто карап чыгуу үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнө өткөрүп берет.
3. Лицензиялык келишимди түзүү
Лицензиялык келишим инспектирлөө бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан эки нускада түзүлөт, алардын бири контролдук болуп саналат.
Түштүк региондорду көзөмөлдөгөн инспектор түзгөн лицензиялык келишим коштомо каты менен Кыргызпатенттин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө почта аркылуу жиберилет.
Коштомо катка Кыргызпатенттин мөөрү коюлат жана кириш номери менен келип түшкөн күнү белгиленет. Катталгандан кийин коштомо кат менен лицензиялык келишим “Лицензиялык келишимдерди каттоо журналында” кабыл алуучунун колу жана кабыл алынган датасы коюлуп, Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгына өткөрүлүп берилет.
4. Лицензиялык келишимдин мазмунун текшерүү
Лицензиялык келишимдин мазмунун текшерүү:
- инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы;
- Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги тарабынан жүргүзүлөт;
Лицензиялык келишимдин мазмунун текшерүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
- мамлекеттик каттоого ылайык келгендиги жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- финансылык шарты, эсептешүү тартиби жана анда Жобого ылайык өлчөмү, пайызы же белгиленген коюму эскертип айтылган документтерди берүү;
- тараптардын даректери жана маалымдаректери;
- тараптардын колу.
Юридикалык жактар үчүн кызмат ордун көрсөтүү менен анын жетекчисинин колу мөөр менен ырасталышы керек.
Лицензиялык келишим түзгөн жеке жактардын Ф.А.А. көрсөтүлөт.
Лицензиялык келишимди тариздөөдө жетишпестиктер аныкталган учурда, кийинкиси толуктап иштеп чыгууга инспекторго кайрылат.
Текшерилген лицензиялык келишимдин контролдук нускасына:
- бөлүмдүн инспектору;
- инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы;
- Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги кол коет.
5. Лицензиялык келишимди каттоого өткөрүп берүү
Инспектирлөө бөлүмү лицензиялык келишимди укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнө каттоого өткөрүп берет (эки нускада). Өткөрүп берүү факты инспектирлөө бөлүмүнүн “Пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдер үчүн журналында” белгиленет.
6.Лицензиялык келишимди каттоого кабыл алуу
Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн кызматкери инспектирлөө бөлүмүнөн лицензиялык келишимди (эки нускада) кабыл алат, мында:
- ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн визаны текшерет;
- инспектирлөө бөлүмүнүн “Пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдер үчүн журналында” датасын жана алгандыгы жөнүндө колун коет.
Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмү колдору коюлбаган лицензиялык келишимдерди каттоого кабыл албайт.
Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүндө “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдер үчүн журналында” белгиленет.

7. Лицензиялык келишимди каттоо

Лицензиялык келишим укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнө ал келип түшкөн датадан тартып, беш жумушчу күндүн ичинде каттоодон өткөрүлөт.
Лицензиялык келишимге төмөнкүлөрдү камтыган каттоо номери ыйгарылат:
- келишимдин түрү;
- номери;
- каттоо жылы;
Мисалы: А.2020/14, мында:
А – автордук укук боюнча лицензиялык келишим,
2020/ - лицензиялык келишимдин каттоо номери,
14 – 2014-жыл.
Катталган лицензиялык келишимдин контролдук нускасына укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысынын, интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын, лицензиялык келишимдин каттоочу укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн кызматкеринин
визасы коюлат жана мөөрдү коюу менен Кыргызпатенттин көзөмөлдөөчү жетекчиси колун коет.
8. Катталган лицензиялык келишимди өткөрүп берүү
Катталган лицензиялык келишимдин контролдук нускасы укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүндө калат. Лицензиялык келишимдин экинчи нускасы инспектирлөө бөлүмүнө өткөрүп берилет. Өткөрүп берүү факты укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн “Автордук укук жана чектеш укуктар
объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдер үчүн журналында” белгиленет.
9. Лицензиялык келишимди пайдалануучуга өткөрүп берүү
Лицензиялык келишимди пайдалануучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча инспектирлөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт (5-тиркеме). Лицензиялык келишимдин нускасы жана кабыл алуу-өткөрүп берүү акты бөлүмдө калат.
10. Лицензиялык келишимдин күчүнө кириши
Лицензиялык келишим лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн датадан тартып, күчүнө кирет.
III. Пайдаланылган чыгармалардын эсебин алуу, автордук сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн
тартиби
11. Пайдалануучулар инспектирлөө бөлүмүнүн инспекторлоруна төмөнкүлөрдү беришет:
- театрлар, концерттерди уюштуруучулар жана эл алдында аткарууларды пайдалануучулар - билдирме-программаларды жана эсептешүү барагын;
- телерадиокомпаниялар – пайдаланылган чыгармалар жана эсептешүү барагын.
12. Түштүк региондорду көзөмөлдөөчү инспектор ай сайын ушул Тартиптин талаптарына ылайык даярдалган отчеттук документтерди инспектирлөө бөлүмүнүн башчысына текшерүүгө берет.
13. Инспектор отчеттук документтерде төмөнкүдөй маалыматтардын бар экендигин текшерет:
Билдирме- программада:
- чыгарма аткарылган аянтчанын аты жана жайгашкан орду;
- аткаруучулар жамаатынын аталышы;
- иш-чараны уюштуруучунун Ф.А.А.;
- аткаруу жанры, чыгарманын аталышы;
- чыгарманын музыкасынын жана текстинин авторлорунун Ф.А.А. жана жарандыгы;
- аткаруулардын саны;
- билдирме-программа түзүүчүнүн чечмеленген Ф.А.А. жана колу;
- дүң жыйымдын суммасы;
- автордук сый акынын коюму;
- сый акынын суммасы. Эсептешүү барагында:
- эсептешүү барагы берилген мезгил;
- төлөөчүнүн уюмунун аталышы;
- иш-чара өткөрүү орду жана датасы (концерт, спектакль ж.б.)
- дүң жыйымдын суммасы;
- кошуп эсептөө пайызы;
- автордук сый акынын суммасы;
- автордун Ф.А.А.;
- сахна аянтчасынын Ф.А.А. чечмелөө менен жетекчисинин жана бухгалтеринин колу;
- төлөөчүнүн мөөрү;
- инспектордун Ф.А.А.;
- эсептешүү барагы түзүлгөн дата.
Телерадиокомпаниялардын отчету эсептешүү барагы менен пайдаланылган чыгармалар жөнүндө отчетунан турат.
Төлөөчү тарабынан эсептешүү барагында төмөнкүлөр толтурулат:
- отчет берилүүчү мезгил;
- төлөөчүнүн аталышы жана банктагы маалыматтары;
- анык эсептешүү баракты төлөө мөөнөтү;
- төлөнүүчү сумма.
Пайдаланылган чыгармалар жөнүндө отчетто төлөөчү төмөнкүлөрдү толтурат:
- пайдаланылган музыкалык чыгармалардын аталышы;
- авторлордун Ф.А.А.;
- аткаруучунун Ф.А.А. (же чыгармачылык жамааттын аталышы);
- отчеттук мезгилдеги аткаруулардын саны;
- жетекчи менен бухгалтери Ф.А.А. чечмелениши менен колу;
- төлөөчүнүн уюмунун мөөрү.
Электрондук документтин форматы Microsoft Word 2007, Microsoft Office
Excel 2007 форматы менен ылайык келүүсү керек.
14. Кыргызпатенттин отчеттук документтерди толтурушу
Инспектор Кыргызпатент үчүн коюлган графаларды толтурат жана Регламенттин талаптарына ылайык концерттик иш-чаралардын билдирме- программаларында ар бир авторго пай коет.
15. Маалымат базалары боюнча издөө
Пайдаланылган чыгармалар жана алардын авторлору жөнүндө маалыматтардын тактыгын текшерүү үчүн автордук укук объектилер кызматкерлери тарабынан “Авторлор жана чыгармалардын маалымат базалары” боюнча издөө жүргүзүлөт.
16. Отчеттук документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын текшерүү
Отчет берүүдөн баш тартканда же отчеттордо көрсөтүлгөн пайдаланылган чыгармалардын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү зарыл болсо, инспектор төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- кийин CD,DVD дисктерге жазуу менен аудио-видео аппаратураларга концерттик иш-чараларды жаздыруу;
- концерттик иш-чараларда анык аткарылган чыгармалар менен билдирме-
программада көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү.
17. Отчеттук документтерди өткөрүп берүү
Отчеттун туура толтурулгандыгын жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендигин:
- инспектор;
- инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы;
- автордук укук объектилер секторунун башчысы;
- Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги;
- бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн кызматкери тастыкташат жана кол коюшат.
Инспектирлөө бөлүмүнүн инспектору ай сайын бухгалтердик эсеп бөлүмүнө автордук сый акыларды бөлүштүрүү жана кошуп эсептөө үчүн визалары коюлган концерттик иш-чаралардын билдирме-программаларын жана эсептешүү барагын өткөрүп берет, ошондой эле бухгалтердик эсеп бөлүмүнө көзөмөлдөөчү объектилер боюнча жыйынтык отчетту түзөт жана өткөрүп берет.
Жыйынтык отчетко:
- инспектор;
- инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы;
- бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн кызматкери;
- башкы бухгалтер кол коет.
Пайдаланылган чыгармалар жөнүндө телерадиокомпаниялардын отчету жылдык жыйынтык отчетторду түзүү үчүн автордук укук объектилер секторуна өткөрүлүп берилет.
18. Автордук сый акыны бөлүштүрүү, кошуп эсептөө жана төлөп берүү
Бухгалтердик эсеп бөлүмү:
- ушул Тартиптин 17-пунктуна ылайык инспектирлөө бөлүмүнөн театрлардын, филармониялардын концерттик иш-чаралардын билдирме- программаларын жана эсептешүү барактарын кабыл алат;
- автордук укук объектилер сектору иштеп чыккан телерадиокомпаниялардын жылдык жыйынтык отчетторун кабыл алат;
- Регламенттин талаптарына ылайык автордук сый акыларды бөлүштүрөт жана кошуп эсептейт;
- чогултулган автордук сый акылардын суммасын төлөп берет жана бөлүштүрөт.
19. Чет өлкөлүк жана улуттук авторлорго жылына бир жолу автордук сый акы төлөнөт.
Автордун суроо-талабы боюнча бухгалтердик эсеп бөлүмү анын пайдаланылган чыгармалары тууралуу маалыматтарды берет.
20. Автордук сый акыларды чогултуу механизмин жеңилдетүү максатында инспектирлөө бөлүмүнүн инспекторуна алар автордук сый акынын суммаларын төлөөдө төлөөчүлөргө берүү үчүн катар номери жана мөөрү менен кириштөө-кассалык ордерлердин бланктары отчет берүүгө берилет. Ордерлердин кириштөө бөлүгү Кыргызпатенттин кассасына сумманы төгүүдө бухгалтердик эсеп бөлүмүнө өткөрүп берилет.
IV. Сот органдарына доо арыздарын берүү үчүн зарыл болгон материалдар
21. Пайдалануучу лицензиялык келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда, инспектирлөө бөлүмү автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна пайдалануучулар менен лицензиялык келишимди түзүүгө мажбурлоо жөнүндө сотко доо арызды берүү үчүн зарыл болгон төмөнкү материалдарды даярдайт жана интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнө өткөрүп берет:
- пайдалануучу кол койгон, интеллектуалдык менчик жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдар менен таанышуу барагы;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу жөнүндө тиешелүү түрдө таризделген акты;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануунун контролдук жазмасынын тиешелүү түрдө таризделген акты (4-тиркеме);
- пайдалануучу автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу жөнүндө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, кол коюудан баш
тартуунун тиешелүү түрдө таризделген акты;
- пайдалануучуга мөөнөтүн көрсөтүү менен лицензиялык келишимди түзүү сунушу менен почта кабарлоосу аркылуу жиберилген каттардын көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- юридикалык дареги, банктагы маалыматтары (юридикалык жактар үчүн);
- лицензиялык келишимдин долбоору (7-тиркеме);
- мүмкүн болсо, материалдык сактагычта автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгын тастыктаган, видео, аудио жазууларды көрсөтүү (CD диск ж.у.с.);
22. Пайдалануучу лицензиялык келишимдин шарттарын аткарбаган учурда, инспектирлөө бөлүмү автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны төлөтүп алуу жөнүндө сотко доо арызды берүү үчүн зарыл болгон төмөнкү материалдарды даярдайт жана интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнө өткөрүп берет:
- лицензиялык келишимдин көчүрмөсү;
- пайдалануучуга автордук сый акыны төлөп берүү боюнча келишимдин шарттарын өз ыктыяры менен аткаруу сунушу менен почта кабарлоосу аркылуу жиберилген каттардын көчүрмөлөрү;
- негизги бересе менен туумду эсептешүү;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
- юридикалык дареги, банктагы маалыматтары (юридикалык жактар үчүн);
- лицензиялык келишимдин долбоору.
- автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткандыгын же лицензиялык келишимдин башка пункттарын аткарбагандыгын тастыктаган акт же башка документтер.
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
4-тиркеме
5-тиркеме
6-тиркеме
7-тиркеме