关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG212

返回

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө' токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2015-жылдын 27-октябры № 753

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2) 1-пунктундагы "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо" деген сөздөр "Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай менчик объектисине, салттуу билимдерге мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аларды пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобо";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана өнөр жай үлгүсүндөгү ойлоп табууну (мындан ары - өнөр жай менчик объектиси) жана салттуу билимди пайдаланууга мажбурлоо лицензиясын берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.";
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алдын ала патент, патент (мындан ары - патент), күбөлүк менен корголуучу өнөр жай менчик объектисин, салттуу билимди патент ээсинин уруксатысыз, күбөлүк ээсинин уруксатысыз пайдаланууга төмөнкү шарттардын бири болгондо жол берилет:";
"а'' пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) эгерде өнөр жай менчик объектиси, салттуу билим патент, күбөлүк берилген датадан тартып үч жылдын ичинде патент ээси, күбөлүк ээси же аларга карата укуктар өткөрүлүп берилген адамдар (мындан ары - укук ээси) тарабынан пайдаланылбаса же жетишсиз пайдаланылса, бул Кыргыз Республикасынын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунда тиешелүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жетишсиз сунуштоого алып келет;";
- 3-пункту "өнөр жай менчик объектисин" деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту "өнөр жай менчик объектисин" деген сөздөрдөн кийин ", салттуу билимди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктунун "а" пунктчасындагы "өнөр жай менчик объектисинин" деген сөздөрдөн кийин ", салттуу билимдин" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы жана 1-пункту "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин
"салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди," деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелеринде:
а) аталышы "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди," деген сөздөр менен толукталсын,";
б) 1-пунктунда:
- биринчи абзацы:
"лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди" деген сөздөр менен толукталсын;
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ","Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын";
- экинчи абзацы:
"лицензиялык келишим" деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимдерди пайдаланууга келишим" деген сөздөр менен толукталсын;
"Фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде" деген сөздөрдөн кийин ", Салттуу билимдердин мамлекеттик реестринде" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-пунктунда:
- тогузунчу абзацы "аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим," деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимдерди пайдаланууга келишим," деген сөздөр менен толукталсын;
- он биринчи абзацы "селекциялык жетишкендиктерди" деген сөздөрдөн кийин "селекциялык жетишкендикти, салттуу билимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он экинчи - он төртүнчү абзацтарында:
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "селекциялык жетишкендикке", "селекциялык жетишкендикти" жана "селекциялык жетишкендикке," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө ", салттуу билимге", ", салттуу билимди," жана "салттуу билимге," деген сөздөр менен толукталсын;
расмий тилдеги текстиндеги "селекционное достижение," деген сөздөрдөн кийин "традиционное знание," деген сөздөр менен толукталсын;
- он бешинчи абзацы "аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди," деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим милдеттүү түрдө салттуу
билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү Жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүү фондусуна же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна чегерүү жөнүндө жобону караштырууга тийиш.";
- 2-пунктчанын үчүнчү абзацындагы "эл аралык товардык белгиге" деген сөздөр "эл аралык каттоо боюнча товардык белгиге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №
154 "Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы "пользование" деген сөз "использование" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди
пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелеринде:
- Эрежелердин жана тиркемелердин расмий тилдеги текстинин аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "пользования" деген сөз "использования" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 32-пунктундагы "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде" деген сөздөр "алар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинде:
а) 3-пунктунда:
- 1-пунктчасында:
бешинчи, алтынчы жана тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он сегизинчи абзацындагы "күбөлүктүн түпнускасын жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктчасында:
алтынчы жана он биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
он тогузунчу абзацтагы "күбөлүктүн түпнускасын жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктчасында:
үчүнчү абзацындагы "жана күбөлүктүн түп нускасы болсо" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацындагы "күбөлүктү жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан Мамреестрге киргизилет. Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор жөнүндө маалымат жарыялоого жөнөтүлөт.";
б) Тартиптин тиркемесиндеги "Күбөлүктүн түп нускасы" деген сөздөр алып салынсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 6-ноябрында № 109 жарыяланды

Премьер-министри Т.Сариев