关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG114

返回

Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)

Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун Эрежелери (2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-январындагы N 7 токтому менен бекитилген

Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) өнөр жай үлгүсүнө берилген патентти колдонууну узартуунун шарттарын жана жол-жобосун жөнгө салат, бул патенттин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык узартылат.
2. Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары- патент) интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө берген күндөн тартып он жыл бою колдонулат. Патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча, бирок беш жылдан ашпаган мезгилге Кыргызпатент тарабынан узартылат.
3. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүү үчүн патент ээси Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же ишеним кат берүү менен Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ыйгарым укук берет.
4. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) патентти колдонуунун онунчу жылынын акыркы эки айынын ичинде ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык типтүү бланкта Кыргызпатентке берилет.
5. Өтүнүчкө төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
- өнөр жай үлгүсүнө патент (түп нуска);
- патентти күчүндө кармап туруунун тийиштүү жылы үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- ишеним кат, эгерде иш патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүргүзүлсө.
6. Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Башка тилде берилген өтүнүчкө анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.
7. Эгерде иш патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүргүзүлсө, өтүнүчкө патент ээси же патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан кол коюлат.
Юридикалык жактын атынан берилген өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же анын кызмат орду көрсөтүлүп, буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан кол коюлат, анын койгон колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.
Коюлган кол аны койгон адамдын аты-жөнү көрсөтүлүп чечмеленет.
8. Өтүнүч жана ага тиркелген документтер Кыргызпатентке тикелей берилет же почта аркылуу жиберилет. Өтүнүч жана ага тиркелген документтер факсимилдик байланыш каналы боюнча жиберилиши мүмкүн, факс боюнча документтер келген күндөн тартып бир айдын ичинде алардын түп нускалары берилет.
9. Өтүнүч берилген күндөн тартып, бир айдын ичинде Кыргызпатент төмөнкүлөрдү текшерет:
- өтүнүч кат берүүнүн шарттарын сакталышын;
- талап кылынган документтердин бар болушун жана алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келишин;
- колдонуудагы патент менен пайдалуу моделдин корголуу фактысын.
10. Зарыл болгон документтердин кайсы-бири жок болсо же туура эмес таризделсе, Кыргызпатент өтүнүч берген жакка сурам алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди берүүсү жөнүндө суроо-талап жиберет.
Мында өтүнүчтү карап чыгуунун бир айлык мөөнөтү жетишпеген жана/же оңдолгон документтердин акыркысы берилген күндөн тартып эсептелет.
Эгер белгиленген мөөнөттө бардык зарыл болгон туура таризделген документтер берилбесе, патенттин колдонуу мөөнөтү узартылбайт. Өтүнүч берген жакка өтүнүч каттын канааттандырылбагандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет жана патент кайтарылып берилет.
11. Текшерүү оң натыйжа берсе, патентти колдонуу патент ээси сураган мөөнөткө, бирок патенттин колдонуу (беш жылдык) мөөнөтү бүткөн күнүнөн тартып үч жылдан ашпаган мезгилге узартылат.
Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилет жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенине жарыяланат. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу өтүнүч берген жакка берилүүчү патентке жазылат.
Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерине тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы
_ _ (жеке жактын аты-жөнү
_ _
же юридикалык жактын
_ _
аталышы, кат алышуу
_ _
үчүн дарек)

ӨТҮНҮЧ

N __
мөөнөтүн
(өнөр жай үлгүсүнүн аталышы)
патенттин колдонуу
_
суранам.
(узартуу мөөнөтү)
узартууну
Патенттин колдонуу мөөнөтү _ бүтөт. (күнү, айы, жылы) Тиркеме:
- өнөр жай үлгүсүнө патент;
- патентти колдонуу үчүн тийиштүү жылга алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (эгер өтүнүч кат патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл аркылуу берилсе).
Колу
Датасы