关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG177

返回

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтому менен бекитилген)

Тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 3-октябрындагы
№ 522 токтому менен
бекитилген

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө
ЖОБО

1. Ушул Жобо "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө", "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган автордук укук объектилерин, анын ичинде электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын (мындан ары - автордук укук объектилерин), чектеш укуктар жана интегралдык микросхемалардын топологияларын (мындан ары - ИМСТ), ошондой эле ушул укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо менен байланышкан аракеттер үчүн жыйымдарды төлөөнүн өлчөмдөрүн, тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт.

2. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык жыйымдардын өлчөмдөрү эсептик көрсөткүчтөр менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.

3. Автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин бирден бир автору болуп саналган, өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган жакка же укук ээсине жыйымдарды төлөө боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:

а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1-топтогу майыптыгы бар адамдар - жыйымдарды төлөөдөн бошотулат;

б) жеке жактар жашаган жерине карабастан - ушул Жободо белгиленген жыйымдардын өлчөмүнөн 10 пайыз төлөшөт.

4. Эгерде өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган өтүнмө ээлери бир нече болсо, анда тиешелүү жеңилдик тарифи бардык өтүнмө ээлери ушул Жобонун 3-пунктунда аталган жактардын кайсыл бир категориясына таандык болгон учурда гана колдонулат.

5. Жыйымдын төлөнгөнүн тастыктаган документ болуп, төмөнкүлөрдө караштырылган документ эсептелет:

- ушул Жобонун тиркемесинин 1-пунктуна ылайык каттоого өтүнмөнү берүү же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин материалдарын депонирлөө менен бир убакта интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген;

- ушул Жобонун тиркемесинин 2 жана 3-пункттарына ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерин же ИМСТти каттоо жөнүндө чечимди өтүнмө ээси алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилген;

- ушул Жобонун тиркемесинин 5 жана 6-пункттарына ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерин, ИМСТти каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү жөнүндө арызды же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин, ИМСТтин Мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арызды берүү менен бир убакта берилген;

- ушул Жобонун тиркемесинин 7-пунктуна ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерине же ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо тууралуу арыздарды берүү менен бир убакта берилген.

6. Ушул Жобонун 3-пунктунда караштырылган жеңилдиктер автордук укук, чектеш укуктар объектилерине жана ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоого жайылтылбайт.

Ушул Жобонун 3-пунктунда каралган жеңилдиктер, эгерде жеңилдик ушул жыйымды төлөөдөн бошотуу болсо, жыйымды төлөгөнүн ырастаган документтин ордуна, же эгерде жеңилдик болуп анын өлчөмүн азайтуу саналса, аталган документ менен чогуу интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча берилет.

7. Ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу же азайтылган өлчөмдө жайымдарды төлөөгө укук берүү өтүнмө ээсинин статусун ырастаган белгиленген үлгүдөгү документтин көчүрмөсүн бергенде жүзөгө ашырылат.

8. Ушул Жободо белгиленген жыйымдар белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине тиешелүү сумманы которуу жолу менен төлөнөт.

Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ болуп, төлөнгөндүгү жөнүндө штампы бар төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү же накталай каражат, же өздүк эсебинен которуу менен жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция саналат.

Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ өтүнмөнүн катталган номерин жана жыйым төлөнгөн аракеттин аталышын камтышы керек. Эгерде каттоо номери али алына элек болсо аталган документ жыйым төлөнгөн аракеттин аталышы менен катар катталган автордук укук, чектеш укуктар объектилерин же ИМСТтин аталышын, ошондой эле автордун же өтүнмө ээсинин фамилиясын камтышы керек.

Аталган маалыматтар жок болгон документ жараксыз болуп саналат.

Белгиленген өлчөмдө төлөнгөн жыйымга ылайык аны төлөөнүн датасы аныкталат.

Белгиленген өлчөмдө жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбесе, ал каттоого байланышкан аракеттерди токтотууга алып келет.

9. Ушул Жободо белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүнөн жогорулап кеткен жыйым төлөнгөндө, же болбосо жыйым төлөнүп, каралган аракеттер ишке ашпаган учурлардан сырткары, төлөнгөн жыйым кайтарылып берилбейт.

Мындай учурларда өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, жыйым төлөгөн өкүлгө (адамга) жыйымдын ашыкча төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же болбосо өтүнүч каттын ээсинин өтүнүчү боюнча ушул Жободо каралган башка жыйымдардын эсебине чегерилет.

 

 

 

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобого
тиркеме

 

Жыйымдын арналышы

Жыйымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен)

1

Каттоого же депонирлөөгө өтүнмөнү берүү жана кароо

30

2

Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо тууралуу күбөлүк берүү

20

3

Каттоо тууралуу ар бир кошумча күбөлүк үчүн

10

4

Каттоо тууралуу маалыматтарды жарыялоо жана каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү

10

5

Каттоо тууралуу күбөлүктүн жупнускасын берүү

10

6

Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү

20

7

Укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо, ушундай келишимдерге байланыштуу Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана келишимдерди каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, төмөнкүчө:

 

- бир автордук укук, чектеш укуктар объектиси же ИМСТ;

30

- бирден көп автордук укук, чектеш укуктар объектисинин же ИМСТнын ар бири үчүн

+10