关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG162

返回

Рационализатордук сунушту каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги N 297 токтому менен бекитилди)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 27-апрелиндеги N 297

токтому менен бекитилди

 

Рационализатордук сунушту каттоо

үчүн жыйымдар жөнүндө

ЖОБО

 

I бөлүк. Жалпы жоболор

II бөлүк. Жыйымдын арналышы жана өлчөмү

 

I бөлүк

Жалпы жоболор

 

1. Бул Жободо "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы N 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жободо каралган юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн жыйым төлөөнүн тартиби, анын өлчөмү жана мөөнөтү белгиленет.

2. Бул Жободо каралган жыйымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын улуттук акчасы менен белгиленет.

3. Бул Жободо белгиленген жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун (Кыргызпатент) эсептик счетуна белгиленген тартипте которуу жолу менен төлөнөт.

Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ болуп жыйымдын төлөнгөндүгү жөнүндө банктын штампы бар төлөө барагынын көчүрмөсү, же жыйымдын накталай акча каражаттары менен, же болбосо өздүк эсептен которуу менен төлөнгөндүгү жөнүндө банктын дүмүрчөгү саналат.

4. Жыйымдар ушул Жобонун II бөлүгүндө келтирилген өлчөмдөрдө төлөнөт.

5. Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Жободо каралган жыйымдарды төлөө боюнча төмөнкү жеңилдиктер берилет:

а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, I топтогу майыптар, ошондой эле авторлор жамааты, эгерде андагылардын бирөөсү ушул пунктчада көрсөтүлгөндөрдүн бири болуп саналса, жыйым төлөөдөн толугу менен бошотулушат;

б) пенсионерлер, II жана III топтогу майыптар, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттер, аспиранттар, ошондой эле авторлор жамааты, эгерде андагылардын бирөөсү ушул пунктчада көрсөтүлгөндөрдүн бири болуп саналса, ар бир жыйымдын белгиленген өлчөмүнүн 50 % өлчөмүндө жыйым төлөшөт;

Ушул пункттун а) жана б) пунктчаларында каралган жеңилдиктер өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчү боюнча берилет. Жеңилдик берүү үчүн тиешелүү документтин: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгүнүн, согуштун катышуучусунун жалданма курамдагы адамдар үчүн күбөлүгүнүн, Улу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта иштегендиги (же кызмат өтөгөндүгү) үчүн берилген күбөлүктүн, врачтык-эмгектик эксперт комиссиясынын маалымкатынын, пенсиялык күбөлүктүн, билим берүү мекемеси берген документтин көчүрмөсү негиз болуп саналат.

Лицензиялык келишим, рационализатордук сунушту ыктыярдуу өткөрүп бергендиги жөнүндө келишим түзүлгөн учурда ушул пункттун а) жана б) пунктчаларында каралган жеңилдиктерди колдонуу токтотулат.

Эгерде өтүнмө ээсинин жыйымды төлөө үчүн каражаты болбогон өзгөчө учурларда Кыргызпатент жыйым төлөөнү артка жылдыра алат.

Жыйым төлөө боюнча жеңилдик берүү жөнүндө расмий өтүнүч Кыргызпатентке тийиштүү жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин ордуна же аны менен бирге берилет.

6. Белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди же жыйым төлөө боюнча жеңилдик берүү жөнүндө расмий өтүнүчтөрдү тапшырбоо рационализатордук сунушту каттоого байланышкан иштерди токтотууга алып келет.

7. Төлөнгөн жыйым, эгерде ал ушул Жободо белгиленген өлчөмдөн ашып кеткен өлчөмдө төлөнгөн учурдан, же жыйым кайсы бир иш-аракет үчүн төлөнүп, бирок ал аткарылбай калган учурдан бөлөк учурларда, кайтарылып берилбейт.

Мындай учурларда өтүнмө ээсинин тигил же бул иш-аракет үчүн жыйым төлөгөн жактын өкүлүнүн расмий өтүнүчү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же болбосо расмий өтүнгөн жактын суранычы боюнча ушул Жободо каралган башка иш-аракеттер үчүн төлөөлөрдүн эсебине киргизилет.

 

II бөлүк

Жыйымдын арналышы жана өлчөмү

 

┌──┬──────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐

│N │             Жыйымдын арналышы                Жыйымдын өлчөмү  

                                                │ (сом менен)      

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│1.│Арыз бергендиги жана анын каралып чыккандыгы       70           

  үчүн.                                                           

  Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ Кыргыз-│                  

  патентке арыз берүү учурунда аны  менен кошо                    

  берилет. Белгиленген өлчөмдө  жыйым төлөнгөн- │                  

  дүгүн ырастоочу документ тапшырылбаса, арыз                     

  берилген жок деп эсептелет.                                     

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│2.│Рационализатордук сунушту каттагандыгы жана        80           

  анын катталгандыгы жөнүндө күбөлүк бергендиги                  

  үчүн.                                                           

  Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ сунушту                  

  рационализатордук деп таануу жөнүндө чечимди                    

  автор (алган күндөн тартып 14 күндүн ичинде                     

  тапшырылат.                                                     

  Белгиленген өлчөмдө жыйым төлөнгөндүгүн                         

  ырастоочу документ тапшырылбаса, сунуш                          

  каттоого алынбайт жана ага күбөлүк берилбейт                    

├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤

│3.│Рационализатордук сунуш катталгандыгы жөнүндө     80           

  маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн Белгиленген                  

  өлчөмдө жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ                  

  тапшырылбаса ал жөнүндө маалымат жарыяланбайт.│                   

└──┴──────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘