КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ �
2014жылдын 21январы № 14
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1статья.
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998 ж., № 3, 67ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги 4статьянын жыйырма үчүнчү абзацында "ЭЭМ үчүн программа ошондой эле ЭЭМ үчүн программаны иштеп чыгуунун жүрүшүндө алынган даярдык материалдарды да өзүнө камтышы мүмкүн;" деген сөздөр алып салынсын.
2. Мамлекеттик тилдеги 7статьяда:
1бөлүгүнүн өн төртүнчү абзацында "Кодекстин" деген сөз "Мыйзамдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2бөлүгүндө:
биринчи абзацында "Кодекстин" деген сөз "Мыйзамдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
экинчибешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туунду чыгармаларга башка чыгармаларды кайра иштеп чыгуунун натыйжасында жаратылган чыгармалар (котормолор, иштеп чыгуулар, аннотациялар, рефераттар, резюме, серептер, сахналаштыруулар, аранжировкалар жана ушуга окшогон илимдин, адабияттын жана искусствонун башка чыгармалары) кирет.
Курамдуу чыгармаларга жыйнактар (энциклопедиялар, антологиялар) жана материалдарды тандоо же жайгаштыруу аркылуу жаратылган чыгармачыл эмгектин натыйжасы болгон башка курамдык чыгармалар кирет.".
3. 16статьяда:
2бөлүгүндө:
он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Автордун дизайнердик, архитектуралык, шаар куруу жана багбанчылыксейил бак долбоорлорун пайдаланууга өзгөчө укуктары, ошондой эле мындай
долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууну камтыйт. Кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору, эгерде келишимде башкача каралбаса, буюртмачыдан курулуш үчүн документтерди иштен чыгууда жана имаратты же курулманы курууда өз долбоорун ишке ашырууга катышууга укук берүүнү талап кылууга укуктуу.";
3бөлүгүнүн үчүнчү бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Мамлекеттик тилдеги 39статьяда:
1бөлүгүнүн биринчи абзацында "статьяларынан" деген сөз "статьяларынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2бөлүгүндө "45" деген сан "44" деген санга алмаштырылсын.
5. 44статья төмөнкүдөй мазмундагы 3бөлүк менен толукталсын:
"3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар укуктардын төмөнкү категорияларын башкаруу үчүн түзүлүшү мүмкүн:
1) жарыяланган музыкалык чыгармаларга (тексти бар же тексти жок) жана музыкалыкдрамалык чыгармалардын үзүндүлөрүн жалпы эл алдында аткарууга, эфирге же кабель боюнча, анын ичинде ретрансляциялоо жолу менен кабарлоого карата өзгөчө укуктарды башкаруу;
2) аудиовизуалдык чыгармада пайдаланылган музыкалык чыгармалардын (тексти бар же тексти жок) авторлору болуп саналган композиторлордун мындай аудиовизуалдык чыгарманы жалпы эл алдында аткаруу же эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сыйакы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
3) сүрөт искусствосунун чыгармаларына карата жолун жолдоо укугун башкаруу;
4) авторлордун, аткаруучулардын, фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды чыгаруучулардын жеке өзүнүн максатында фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды кайра чыгаргандыгы үчүн сыйакы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
5) аткаруучулардын жалпы эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
6) фонограммаларды даярдоочулардын жалпы эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу.".
6. 47статьянын 3бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар түзүлгөнгө чейин Кыргызпатент ушул Мыйзамдын 44статьясынын 3бөлүгүнүн 16 пункттарында көрсөтүлгөн укуктардын категорияларын башкаруу боюнча ушул уюмдардын ишмилдеттерин жана милдеттерин аткарат. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишмилдеттерин жана милдеттерин Кыргызпатент тарабынан аткаруу ушул бөлүккө ылайык жүргүзүлөт.".
7. Мамлекеттик тилдеги 51статьянын 3бөлүгүндө "мыйзамдары ушул Мыйзамга" деген сөздөр "мыйзамдары ушул Мыйзам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Атамбаев