Об интеллектуальной собственности Обучение в области ИС Обеспечение уважения интеллектуальной собственности Информационно-просветительская работа в области ИС ИС для ИС и ИС в области Информация о патентах и технологиях Информация о товарных знаках Информация о промышленных образцах Информация о географических указаниях Информация о новых сортах растений (UPOV) Законы, договоры и судебные решения в области ИС Ресурсы в области ИС Отчеты в области ИС Патентная охрана Охрана товарных знаков Охрана промышленных образцов Охрана географических указаний Охрана новых сортов растений (UPOV) Разрешение споров в области ИС Деловые решения для ведомств ИС Оплата услуг в области ИС Органы по ведению переговоров и директивные органы Сотрудничество в целях развития Поддержка инновационной деятельности Государственно-частные партнерства Инструменты и сервисы на базе ИИ Организация Работа с ВОИС Подотчетность Патенты Товарные знаки Промышленные образцы Географические указания Авторское право Коммерческая тайна Академия ВОИС Практикумы и семинары Защита прав ИС WIPO ALERT Информационно-просветительская работа Международный день ИС Журнал ВОИС Тематические исследования и истории успеха Новости ИС Премии ВОИС Бизнеса Университетов Коренных народов Судебных органов Генетические ресурсы, традиционные знания и традиционные выражения культуры Экономика Гендерное равенство Глобальное здравоохранение Изменение климата Политика в области конкуренции Цели в области устойчивого развития Передовых технологий Мобильных приложений Спорта Туризма PATENTSCOPE Патентная аналитика Международная патентная классификация ARDI – исследования в интересах инноваций ASPI – специализированная патентная информация Глобальная база данных по брендам Madrid Monitor База данных Article 6ter Express Ниццкая классификация Венская классификация Глобальная база данных по образцам Бюллетень международных образцов База данных Hague Express Локарнская классификация База данных Lisbon Express Глобальная база данных по ГУ База данных о сортах растений PLUTO База данных GENIE Договоры, административные функции которых выполняет ВОИС WIPO Lex – законы, договоры и судебные решения в области ИС Стандарты ВОИС Статистика в области ИС WIPO Pearl (терминология) Публикации ВОИС Страновые справки по ИС Центр знаний ВОИС Серия публикаций ВОИС «Тенденции в области технологий» Глобальный инновационный индекс Доклад о положении в области интеллектуальной собственности в мире PCT – международная патентная система Портал ePCT Будапештская система – международная система депонирования микроорганизмов Мадридская система – международная система товарных знаков Портал eMadrid Cтатья 6ter (гербы, флаги, эмблемы) Гаагская система – система международной регистрации образцов Портал eHague Лиссабонская система – международная система географических указаний Портал eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Посредничество Арбитраж Вынесение экспертных заключений Споры по доменным именам Система централизованного доступа к результатам поиска и экспертизы (CASE) Служба цифрового доступа (DAS) WIPO Pay Текущий счет в ВОИС Ассамблеи ВОИС Постоянные комитеты График заседаний WIPO Webcast Официальные документы ВОИС Повестка дня в области развития Техническая помощь Учебные заведения в области ИС Поддержка в связи с COVID-19 Национальные стратегии в области ИС Помощь в вопросах политики и законодательной деятельности Центр сотрудничества Центры поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ) Передача технологий Программа содействия изобретателям (IAP) WIPO GREEN PAT-INFORMED ВОИС Консорциум доступных книг Консорциум «ВОИС для авторов» WIPO Translate для перевода Система для распознавания речи Помощник по классификации Государства-члены Наблюдатели Генеральный директор Деятельность в разбивке по подразделениям Внешние бюро Вакансии Закупки Результаты и бюджет Финансовая отчетность Надзор
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Законы Договоры Решения Просмотреть по юрисдикции

Кыргызстан

KG219

Назад

'Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' Эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

"Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун" Эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27-октябрындагы
№685 токтому менен бекитилген

Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун бул эрежелери "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштелип чыкты.
1. Жалпы жоболор
1. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Эрежелер - Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;
Мыйзам - "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
өтүнмө - товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө;
товардык белги - бир юридикалык жана жеке жактарга тиешелүү болгон товарды башка юридикалык жана жеке жактардын окшош товарынан айырмалоого жөндөмдүү товардык белги жана тейлөө белгиси, белги;
ТКЭК - Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо; Кыргыз Республикасы 1957-жылдын 15-июнундагы Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна 1998-жылдын 10-декабрында "Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган;
Париж конвенциясы - Кыргыз Республикасы тарабынан 1994-жылдын 6- январдагы өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын декларациясы менен таанылган, 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы. 1994-жылдын 14- февралында күчүнө кирген;
Мадрид макулдашуусу - Кыргыз Республикасы тарабынан 1994-жылдын 6- январдагы өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата Кыргыз Республикасынын декларациясы менен таанылган, 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу. 1994-жылдын 14- февралында күчүнө кирген.
2. Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүү жана берүү
2. Товардык белгиге өтүнмө берүүгө жана каттоого ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн юридикалык жак, ошондой эле жеке жак, б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товар чыгаруучу, кызмат көрсөтүүчү, ортомчулук же башка ишмердүүлүк менен иштеген жак (мындан ары - өтүнмө ээси) укуктуу.
3. Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт.
4. Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл аркылуу берилсе болот.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен башка тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди жүргүзө алышат.
5. Товардык белги катарында сөз менен берилген, сүрөттөлгөн, көлөмдүк жана башка белгилер же алардын айкалышы катталса болот.
Сөз менен берилген белгилерге сөз менен берилген мүнөздөгү, сөздөр, тамгалардын айкалыштары, сөздөрдүн айкалыштары, сунуштар, башка тилдеги сөздөр, ошондой эле алардын айкалыштары кирет.
Сүрөттөлгөн белгилерге тирүү жандыктардын, предметтердин, жаратылыш жана башка объектилердин сүрөттөрү, ошондой эле кандай формалардын болбосун фигуралары, сызыктардын, тактардын, тегиздиктеги фигуралардын композициялары кирет.
Көлөмдүк белгилерге үч өлчөмдүк объектилер, сызыктардын жана фигуралардын фигуралары жана айкалыштары кирет.
Айкалышкан белгилерге сүрөттөр, сөздөр, көлөмдүк белгилер ж.у.с. ар түрдүү мүнөздөгү элементтердин айкалыштары кирет.
Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган башка белгилерге көзгө көрүнүүчү голографиялык белгилер жана көзгө көрүнүүчү башка белгилөөлөр кирет.
Мыйзам көрүнөө айырмаланбаган белгилерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.
Товардык белги кандай түстө же түстүк айкалышта болбосун катталса болот.
6. Мыйзамдын 4-беренесине ылайык төмөнкүдөй белгилерден гана турган товардык белгилерди каттоого уруксат берилбейт:
а) айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогондорго. Айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогон белгилерге негизинен төмөнкүлөр кирет:
- мүнөздүү графикалык аткарылышы болбогон өз алдынча өзүнчө тамгаларды, сандарды, тилдин үчтөн кем болбогон өзүнчө бирдиктеринин айкалышынан турган оозеки мүнөздө болбогон тамгалардын жана/же сандардын айкалышын билдирген белгилер;
- өз алдынча өзүнчө сызыктарды, жөнөкөй геометриялык фигураларды, ошондой эле аларга кирүүчү өзүнчө элементтерди билүүдөн айырмаланып, билүүнүн сапаттуу башка деңгээлин берүүчү композицияны түзбөгөн алардын айкалышын билдирген белгилер;
- ушул товарларды белгилөө үчүн каттоого товардык белги катарында билдирилүүчү товарлардын чыныгы же схемалык сүрөттөлүшү;
- алардын формасы өзгөчө функционалдуу арналышы менен шартталган үч өлчөмдүү объектилер;
б) өз алдынча эреже катары ушул товарларды белгилөө үчүн билдирилген товарлардын жөнөкөй көрсөтмөлөрүн билдирген жалпы кабыл алынган аталыштар; уюмдардын, ишканалардын, тармактардын жалпы кабыл алынган кыскартылган аталыштары жана алардын аббревиатуралары;
- өз алдынча мамлекеттик гербдерди, желектерди жана эмблемаларды, мамлекеттердин расмий аталыштарын, эмблемаларды, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын, расмий контролдоочу, кепилдик берүүчү жана пробалоочу белгилерди, мөөрлөрдү, сыйлыктарды жана айырмалануунун башка белгилерин же алар менен аралашуу деңгээлине чейин окшошторду билдиргендер.
Мындай белгилер эгер буга тийиштүү компетенттүү органдын же анын ээсинин макулдугу болсо, товардык белгиге корголбогон элемент катарында киргизилсе болот;
в) белгиленген түрдүн товарларын белгилөө катарында жалпы пайдаланууга киргизилгендер.
Ушундай белги катарында белгиленген товар үчүн пайдаланылуучу белги түшүндүрүлөт, ал аны узак убакыт бою пайдалануунун натыйжасында бир же ошол эле товар же ошол түрдөгү эле товар үчүн ар түрдүү жасап чыгаруучулар тарабынан түрдүк түшүнүк болуп калды;
г) алар үчүн белги катарында ушундай терминдерди же символдорду пайдалануу сунуш кылынган товарларга карата жалпы кабыл алынган терминдер же символдор болуп эсептелингендер;
Жалпы кабыл алынган символдорго эреже катарында чарба тармагын же ишмердүүлүк жаатын символдоштурган белгилер кирет, аларга булар үчүн товардык белгини каттоо суралган товарлардын тизмесиндеги товарлар; илим жана техникада пайдаланылуучу шарттуу белгилер кирет.
Жалпы кабыл алынган терминдерге илим жана техниканын конкреттүү тармактары үчүн мүнөздүү болгон лексикалык бирдиктер кирет.
д) товарлардын түрүнө, сапатына, санына, касиетине, арналышына, баалуулугуна, ошондой эле убакытына жана алардын чыгарылган ордуна, өндүрүшүнө жана сатылышына көрсөткөндөр.
Мындай белгилерге негизинен товарлардын жөнөкөй аталыштары; товарлардын сапатынын категориясынын белгилери; товарлардын касиетинин көрсөтмөлөрү (анын ичинде мактаган мүнөздөгүлөр); материалдын же чийки заттын көрсөтмөлөрү; товарлардын салмагынын, көлөмүнүн, баасынын көрсөтмөлөрү; товарлар чыгарылган күнү; өндүрүштү түзүү тарыхы боюнча маалыматтар; ишканалардын түрлөрүнүн аталыштары; товарды чыгаруучулардын жана ортомчу фирмалардын даректери; товар чыгаруучунун турган ордуна көрсөтмө катарында кабыл алынса боло турган жарым-жартылай же толугу менен географиялык аталыштардан тургандар кирет;
Ушул пункттун в), г), д) пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер эгер алар анда басымдуулук кылган абалды ээлебесе, корголбоочу элемент катарында товардык белгиге киргизилсе болот.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Төмөнкү белгилер товардык белги же алардын элементтери катарында каттоого уруксат берилбейт:
а) товарга же аны чыгаруучуга карата жалган же керектөөчүнү жаңылууга алып келүүгө жөндөмдүү болуп эсептелгендер.
Мындай белгилерге негизинен пайдалануучунун сезимине чындыкка туура келбеген товардын белгиленген сапаты, аны чыгаруучу же чыгарылган жери жөнүндө түшүнүктү жараткан белгилер кирет.
Белги эгер анын элементтеринин бири гана жалган же жаңылышууга алып келген болуп эсептелсе, жалган же жаңылышууга алып келген болуп таанылат;
б) эгер ушундай белгилер көрсөтүлгөн жерден чыгарылбаган, ошондой эле товардын анык чыгарылган жерин жалган көрсөткөн, бирок товар башка аймактан чыгарылгандыгы тууралуу жаңылыштык менен түшүнүк берген винолор же күчтүү спирттик ичимдиктер үчүн арналган болсо, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен корголуучу винолордун же күчтүү спирттик ичимдиктердин чыгарылган жерин өз алдынча билдиргендер же көрсөтмөнү камтыгандар;
в) жалпы кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы келгендер.
Мындай белгилерге негизинен адепсиз мазмундагы сөздөр жана сүрөттөр, адамдын кадырын кемсинткен гумандуулукка каршы мүнөздөгү чакырыктар, диний сезимдер ж.у.с. кирет.
8. Мыйзамдын 5-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жаңылышуу деңгээлине чейин окшош же бирдей окшош товарлар үчүн товардык белги катарында төмөнкүлөр катталбайт:
а) башка жактын жана мурун артыкчылык алгандын атына Кыргыз Республикасында мурун катталган же каттоого өтүнмө берилген товардык белгилери менен;
б) Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар менен - ишмердүүлүктүн окшош же бирдей түрлөрүнө же товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;
в) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен корголуучу башка жактардын товардык белгилер менен.
Окшош товарларга карата ушул пункттун а), б), в) пунктчаларында көрсөтүлгөн товардык белги менен жаңылышуу деңгээлине чейин окшош белгини каттоо ушул белгини каттоого мындай товардык белгинин ээсинин макулдугу берилген шартында уруксат берилет.
9. Кайсы болбосун товарларга карата аралашуу деңгээлине чейин окшош же бирдей белгилер товардык белги катарында катталбайт:
а) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте жалпыга белгилүү болгон товардык белгилер болуп таанылгандар. Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин критерийлери жана жалпыга белгилүү болгонун таануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
б) качан алар ушул аталышты пайдаланууга укугу бар жактын атына катталуучу товардык белгиге корголбоочу элемент катарында киргизилген учурдан тышкары, Мыйзамга ылайык корголуучу товарлар чыгарылган жерлердин аталышы менен.
Географиялык аталыштарды камтыган, керектөөчүнү өтүнмө ээси турган ордуна байланыштуу жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү, ошондой эле ээсинин биринин атына аларды каттоо үчүнчү жактардын укугунан кемсинтүүгө алып келген белгилер катталбайт.
Өтүнмө берилген товарларга карата ачык фантазиялык мүнөзгө ээ болгон географиялык аталыштар түрүндөгү белгилер товардык белгиге корголбоочу элемент катарында киргизилсе болот.
10. Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык белгилердин товардык белгиси катарында төмөнкүдөй кайра чыгарылгандар катталбайт:
а) окшош товарларга карата товардык белгиге өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин ушул аталыштарга укук алган башка жактарга таандык болгон Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон фирмалык аталыштар (же алардын бөлүгү);
б) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
в) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;
г) эгер каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырмалуу өнөр жай үлгүсү андан мурунку артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз Республикасында аларга болгон укуктар башка жактарга таандык болгон өнөр жай үлгүлөрү.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Өтүнмө бир гана товардык белгиге тийиштүү болушу керек. Биринен-бири кандайдыр бир элементтери менен айырмаланган белгилер ар башка товардык белгилер болуп эсептелинет.
12. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган ордун же жашаган жерин көрсөтүү менен товардык белги катарында белгини каттоо жөнүндө арыз (мындан ары - арыз);
- өтүнмө берилген белгилөө;
- белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеси.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелиши керек:
а) өтүнмө менен бирге же кошумча алым төлөгөн шартында, аны Кыргызпатентке берген күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүчү белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
б) эгер өтүнмө жамааттык белгини каттоого берилсе, жамааттык белгинин уставы.
Жамааттык белгинин уставы аталышын, ушул белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактардын тизмесин, аны каттоонун максатын, жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын тизмесин жана бирдиктүү сапаттуу же башка жалпы мүнөздөмөлөрүн, аны пайдалануунун шарттарын, анын пайдаланылышын контролдоонун тартибин, жамааттык белгинин уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
в) патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө өтүнмө ээси ага берген жана анын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат, же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдында өкүлчүлүк кылууга ишеним Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган тартипте түзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат ал түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары менен караштырылган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт, ал эми анык экенине шектенүү болгон учурда - легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен же өз ара жактыруунун негизинде талап кылынбаган учурдан тышкары, Кыргызпатенттин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.
Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыгын билдирүүгө ишеним кат ушул жактын өзү жана өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилет. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тиешелүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген адам кол коет;
- ишеним кат Кыргызпатентте патенттик ишенимдүү өкүл катарында катталган жеке жактын атына берилет;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укугунун көлөмү көрсөтүлөт;
- ишеним катта ал түзүлгөн датасы көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз.
Эгер ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча товардык белгини каттоо боюнча иштерди алардын кайсынысы болбосун тарабынан жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кандай болбосун аракети өтүнмө ээсинин аракети катары эсептелинет.
г) конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө өтүнмө ээси Париж Конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде берген биринчи өтүнмөсүнүн (мындан кийин - биринчи өтүнмө) көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет.
Конвенциялык артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет;
д) өтүнмөгө көргөзмөлүк артыкчылыкты суроо менен ушундай артыкчылыкты суроо жөндүү экендигин тастыктаган документ тиркелет, ал Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген документ көргөзмөнүн статусун Париж Конвенциясынын катышуучу-мамлекеттеринин биринин аймагында уюштурулган эл аралык расмий же расмий таанылган катарында тастыкташы керек жана көргөзмөдөгү товарларды, белгилерди, алар белгилеген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин көргөзмөгө койгон жактын аталышын, ошондой эле көргөзмөдө экспонаттардын ачык көрсөтүлүшүнүн башталган күнүн камтышы керек. Документ тиешелүү көргөзмөнүн администрациясы же уюштуруу комитети тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Көргөзмөлүк артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет;
е) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы. Сыпаттама өтүнмө берилген белгинин маңызын, анын идентификациясын түшүнүү үчүн кызмат кылат.
Сыпаттамада өтүнмө берилген белгинин мүнөздөмөсү берилет: анын түрү (сөз менен берилиши, сүрөттөр ж.у.с.), аны түзгөн элементтердин сыпаттамасы, белгинин бүтүндөй же анын бөлүктөрүнүн (элементтеринин) түшүнүк берүүчү мааниси.
Эгер сөз менен берилген белгиси же анын бөлүгү түшүнүк берүүчү мааниге ээ болбосо, анда анын түзүлүшүнүн ыкмасы көрсөтүлөт, мисалы: бир нече сөздөрдүн башкы муундары, аббревиатура, ойлоп чыгарылган сөз ж.у.с.
Эгер сөз менен берилген белги кыргыз же орус тилинде аз пайдаланылуучу болуп эсептелсе (мисалы: атайын термин, тарыхый аталыш, эскирген сөз), анда анын мааниси көрсөтүлөт.
Эгер сөз менен берилген белги кыргыз же орус тилинен башка тилде берилсе, анда транслитерацияга келтирүү, б.а. фонетикалык тыбыштарын орус алфавитинин тамгалары менен берүү, ошондой эле белги түшүнүк берүүчү мааниге ээ болсо котормосу зарыл.
Эгер белги же анын бөлүгү сүрөттөр менен берилген болуп эсептелсе, анда ага кирген бардык элементтердин сыпаттамасы берилет жана эгер болсо, түшүнүк берүүчү мааниси көрсөтүлөт.
Эгер сүрөт белги абстрактуу мүнөзгө ээ болсо, анда ал өз алдынча эмнени символдоштурганы көрсөтүлөт.
14. Өтүнмөгө тиркелүүчү өтүнмө жана документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Эгер өтүнмөнүн документтери башка тилде берилсе, мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет. Башка тилде берилген документтер аларды Кыргызпатентке берилген күнү кабыл алынган болуп эсептелинет, эгер алардын котормосу башка тилде документтер берилген күндөн тартып эки айдын ичинде берилсе, мындай учурда документтер алардын котормосу келип түшкөн күнү кабыл алынган болуп эсептелинет.
15. Каттоого өтүнмө берилген белгинин сүрөттөрүнөн тышкары, өтүнмөгө тиркелүүчү өтүнмө жана документтер бир нускада берилет.
Каттоого өтүнмө берилген белгинин сүрөттөрү 25 нускада берилет. Эгер товардык белгини коргоо түстүү айкалышта суралса, анда 10 түстүү жана 15 кара- ак нускада берилет.
Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер басылган түрүндө берилет.
16. Өтүнмө ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.
"Өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.
Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени карагыла" деген жазууну көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча берилет.
17. Арыздын 71-код менен берилген графада өтүнмө ээси тууралуу маалыматтар берилет: белгиленген тартипте юридикалык жактын толук расмий аталышы (түзүүчү документке ылайык) же жеке жактын фамилиясы, (аты-жөнү, эгер бар болсо).
Товардык белгини каттоону сураган Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жагы үчүн ИУЖК (Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификациясынын) коду көрсөтүлөт.
Товардык белгини каттоону сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ИМБДУ) SТ.3 стандарты боюнча турган ордуна же жашаган ордуна ылайык өлкөсүнүн коду көрсөтүлөт.
18. Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты сураганда, товардык белгинин артыкчылыгын аныктоо жөнүндө өтүнүчтү камтыган графада "X" белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн ылайык келген негиздеме белгиленет, анын датасы, ал эми конвенциялык артыкчылыкты сураганда ошондой эле биринчи өтүнмөнүн номери жана ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча ал берилген боюнча өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
19. Арыздын кийинки графасында өлкөнүн расмий аталышын, ошондой эле телефон номерин, электрондук почтасынын - е-mail - дарегин кошкондо, өтүнмө ээсинин толук почта дареги (юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке жактын жашаган ордунун дареги) көрсөтүлөт.
20. 98-код менен көрсөтүлгөн графада кат жазышуу үчүн дареги, тез почта аркылуу жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандыра турган (даректе почта индекси көрсөтүлөт) адресаттын аты же аталышы жана телефон, е-mail (эгер бар болсо) номерлери көрсөтүлөт.
Кат жазышуу үчүн адресат катарында Кыргыз Республикасындагы өтүнмө ээсинин юридикалык жактын турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган өтүнмө ээсинин - жеке жактын жашаган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дарек көрсөтүлсө болот.
21. 74-код менен берилген графада качан өтүнмө ээси патенттик ишенимдүү өкүлдү дайындаган учурда гана толтурулат, ал тууралуу маалымат берилет:
фамилиясы, аты (жана атасынын аты, эгер бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номери, Кыргыз Республикасындагы турган орду, телефон, е-mail, факстын (эгер бар болсо) номерлери.
22. 54-коддун астындагы бош жерге 5x5 см форматтагы катуу, бышык кагазга (белгинин түрүнө карата анын сүрөттүн же тактын жазылыгы боюнча өлчөмү 5-10 см түзөт) өтүнмө берилген белгинин сүрөтү жабыштырылат (сүрөт же типографиялык так ж.у.с.).
Өтүнмө берилген белгилөө 25 нускада берилет.
Эгерде этикетканын форматы 85x100 мм дан ашып кетсе, анда өтүнмө берилген белгинин сүрөтүнүн 24 нускасы кичирейтилген өлчөмдө, ал эми 1 нускасы - өзүнүн накта чоңдугунда берилет. Майда, окулбаган белгилөөлөр болгон учурда А4 форматындагы 1 нускасы кошумча берилет.
Эгер товардык белги катарында каттоого көлөмдүү (үч өлчөмдүү) белгиге өтүнмө берилсе, анда 54-коддун астындагы бош жерге бул белгинин жалпы көрүнүшүнүн сүрөтү жайгаштырылат. Кошумча түрдө ал тууралуу толук түшүнүк берүүчү өтүнмө берилген белгинин бардык зарыл болгон проекцияларынын сүрөттөрү берилет.
Өтүнмө берилген белгинин сүрөтү кайсы түстө товардык белгини коргоо суралса, ошол түстө же түстүк айкалышта берилет.
Белгинин сүрөтү чектелбеген көчүрмөлөрүндө аны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген сапаттуу графикалык аткарууга ээ болушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы (54) код менен берилген графада келтирилген. Эгер сыпаттама өтүнмө берилгенден кийин берилсе, ал өзүнчө баракта таризделет.
Эгер белгилөө чет элдик сөздөрдү камтыса, котормосун жана транслитерациясын берүү керек.
Эгер сөз менен берилген белгилөө атайын жазууну же шрифтти камтыса, баяндамада алардын маанисин түшүндүрүү керек.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Эгер белгини каттоо түстүү аткарууда суралса, анда анын түсү же түстүк айкалышы көрсөтүлөт. Түстөрдү сыпаттама белгилөөдө пайдаланылуучу жана репродукцияда камтылган түстөргө ылайык келиши керек.
Эгер белгини каттоо кара-ак аткарууда суралса, аталган графаны толтуруу талап кылынбайт.
25. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аларга карата товардык белгини каттоо суралган, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо үчүн арналат.
57-код менен берилген графада аларга карата товардык белгини каттоо суралган товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү менен ТКЭКтин (Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын) класстарынын номери (номерлери) көрсөтүлөт. ТКЭКтин класстары боюнча топтоштурулган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр товарды (кызмат
көрсөтүүлөрдү) идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген так терминдер менен белгилениши керек.
"Тиркелүүчү документтердин тизмеси" деген графа тиешелүү көзчөлөргө "X" белгисин коюу менен жана тиркелген документтердин ар бир нускасындагы нускалардын жана барактардын саны көрсөтүү менен толтурулат. Алардын түрү өтүнмөнүн формасы менен караштырылбаса ("башка документ") тиркелген документтер үчүн алардын арналышы ачык көрсөтүлөт.
26. Эгер өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2- пунктунда аталган белгилер менен жаңылышуу деңгээлине чейин окшош болсо же бирдей элементтерди камтыса, өтүнмөгө документалдык тастыктоо тиркелет:
- тийиштүү компетенттүү органдын товардык белгиде мамлекеттик гербдерди, желектерди жана эмблемаларды; мамлекеттердин расмий аталыштарын; эмблемаларды же эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын пайдаланууга макулдугу;
- тийиштүү компетенттүү органдын товардык белгиде мамлекеттик сыйлыктардын жана айырмалануучу башка белгилердин сүрөттөрүн пайдаланууга макулдугу;
- тийиштүү компетенттүү органдын товардык белгиде расмий контролдоочу, кепилдөөчү же пробалоочу белгилерди жана мөөрлөрдү пайдаланууга макулдугу.
Эгер өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2 жана 3- пункттарында аталган белгилерди кайра кайталап чыгаруучу элементтерди камтыса, өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
- автордук укук ээсинин же анын укук мураскорунун товардык белгиде илимдин, адабияттын жана искусствонун белгилүү болгон чыгармаларынын аталыштарын, алардын персонаждарын же цитаталарын, искусство чыгармаларын же алардын фрагменттерин пайдаланууга макулдугу;
- белгилүү жактардын товардык белгиде фамилияларын, аттарын, жашыруун аттарын жана алардын туундуларын, портреттерин жана факсимилелерин пайдаланууга макулдугу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн товардык белгиде Кыргыз Республикасынын тарыхынын жана маданиятынын кенчи болуп эсептелинген белгилүү жактардын фамилияларын, аттарын, жашыруун аттарын жана алардын туундуларын, портреттерин жана факсимилелерин пайдаланууга уруксаты.
Эгер өтүнмө берилген белги чыгаруу негизинин датасына өтүнмө ээсинин чыгаруучу товарларына же алар көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө ыйгарылган сыйлыктардын сүрөттөлүшүнүн көрсөтмөсүн камтыса, өтүнмөгө негиздеменин датасы, өтүнмө ээсинин сыйлыктарга укуктары тиркелет.
27. "Кошумча маалыматтар" деген графа өтүнмө берилген белгини каттоого өзгөчөлөнгөн (көлөмдүү, жамааттык жана башка белги) учурда толтурулат.
Эгер өтүнмө окшош товарлар үчүн Кыргыз Республикасында мурун катталган же каттоого өтүнмө берилген өтүнмө ээсинин товардык белгиси же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин менен корголуучу өтүнмө ээсинин товардык белгиси менен жаңылышуу деңгээлине чейин окшош же бирдей белгиге берилсе же элемент катарында товар чыгарылган жердин аталышын камтыса, пайдаланууга өтүнмө ээсинде болгон укукка өтүнмөдө өтүнмө ээсинин тийиштүү укуктарын тастыктаган документке шилтеме келтирилет.
Эгер көлөмдүү же жамааттык товардык белгиге өтүнмө берилсе, анда "Кошумча маалыматтар" деген графада "X" белгисин коюу менен тиешелүү көзчө толтурулат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы 263 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Өтүнмөнүн кол койгон күнү көрсөтүлгөн "Колу" деген жазуусу менен акыркы графасы бардык учурда милдеттүү түрдө толтурулат.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коет. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө анын кызмат орду көрсөтүлүп, уюмдун жетекчиси кол коет, колу мөөр менен тастыкталат.
Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл берсе, анда өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.
Колу кол койгон жактын фамилиясы жана аттары көрсөтүлүп чечмеленет. Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга дагы ушундай тартипте кол коюлат.
3. Товардык белгинин каттоого берилген өтүнмө боюнча иш жүргүзүү
29. Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү үчүн аны бергенден жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын билдиргенден кийин өтүнмө ээси ушул Эрежелерде караштырылган тартипте таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын өкүлү эгер Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуу менен башка тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана боло алат.
Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катарында патенттик ишенимдүү өкүл, ошондой эле башка жак дайындалса болот.
Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат өтүнмө берүүдө же өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет. Ишеним кат өтүнмөгө кошуп тиркелет.
Ишеним катты бергенге чейин өкүл жүргүзгөн аракеттер жараксыз болуп эсептелинет жана эксперттөө тарабынан эске алынбайт.
Өкүлдүн ага берилген ыйгарым укуктун чегиндеги кандай аракети болбосун же ага карата Кыргызпатенттин кандай аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети же өтүнмө ээсине карата аракеттер сыяктуу эле натыйжага ээ болот.
Өкүлчүлүк кылуу ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктары алардын күчүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин анык болот. Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнмө ээси же анын укук мураскору тарабынан Кыргызпатентке тийиштүү арызды (ишеним катты кайра сурап алуу) берүүсү аркылуу ишке ашырылат.
30. Ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө өтүнмө ээси же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү менен кат алышуу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жиберилүүчү материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колунун коюлушун камтышы керек.
Номери жок өтүнмөнүн материалдары эгер номерди кыйыр түрдө аныктоого болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилген материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгер мөөнөтү "...ичинде" деген сөздөр менен берилсе жана мөөнөтүнүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күнү эсептелинет. Эгер мөөнөтүнүн бүткөн күнү тийиштүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөтү ушул айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгер өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү жүргүзсө, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды берүүнүн мөөнөтү алар ушул корреспонденцияны алган күндөн тартып эсептелет.
Кыргызпатентте мамлекеттик жана расмий тилде иш жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга белгиленген мөөнөттө алардын мамлекеттик же расмий тилине котормосу тиркелиши керек.
31. Өтүнмө ээси өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү мезгилинде ага карата чечим кабыл алынганга чейин өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.
Өтүнмөнүн материалдарын толуктоо, тактоо жана оңдоо өтүнүүчү тарабынан тийиштүү жазуу түрүндөгү арызды берүү аркылуу жүргүзүлөт. Арыздын үлгү түрүндөгү формалары ушул Эрежелерге карата 2 жана 3-тиркемеде келтирилген.
Өтүнмө ээси арыздын Кыргызпатентке келип түшүшү жана аны карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндө кабардандырылат.
Арызга өтүнмөнүн материалдарына өзгөртүү киргизгендиги үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе, кошумча материалдар карап чыгууга кабыл алынбайт.
Өтүнмө берилген белгиге өзгөртүү киргизүүдө ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн нускалардын санында белгинин өзгөртүлгөн сүрөтү берилет.
Өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын аталышы же өтүнмө ээсинин-жеке жактын фамилиясы (аты, атасынын аты) өзгөртүлгөндө, бул өзгөртүүлөрдү тастыктаган документ берилет.
Өтүнмө ээси өтүнмөдөгү өз укугун башка жакка ыйгарып берген учурда, Кыргызпатентке өтүнмө ээсинин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү тууралуу арызын берет. Арыздын үлгү түрүндөгү формалары ушул Эрежелерге карата 4- тиркемеде келтирилген.
Арыз башка жактын-укук мураскордун өтүнмөсүнө укукту ыйгарып берүүгө көрсөтмөнү, ушул Эрежелерде караштырылган ушул жак тууралуу маалыматтарды камтышы керек.
Арызга ушул Эрежелерде караштырылган тартипте өтүнмө ээси жана анын укук мураскору кол коет.
Эгер арызга өтүнмө ээси гана кол койсо, арызга өтүнмө ээси жана анын укук мураскору кол койгон укук берүүнү тастыктаган документ тиркелет. Мындай документтин үлгү түрүндөгү формасы ушул Эрежелерге карата 5-тиркемеде келтирилген.
Белгиленген талаптарды сактаган учурда, өтүнмө ээсине жана анын укук мураскоруна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөртүүлөрү жөнүндө
жазуу киргизилгендиги тууралуу билдирилет. Андан аркы кат алышуу жаңы өтүнмө ээси менен жүргүзүлөт.
Өтүнмөгө укуктун өтүү датасы болуп өтүнмө ээсине жана анын укук мураскоруна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөртүүлөрү жөнүндө жазуу киргизилгендиги тууралуу кабарлоо жиберилген күн эсептелет.
Белгиленген талаптарды сактабаган учурда, өтүнмө ээси жана анын укук мураскору берилген документтерди тактоонун жана/же оңдоонун зарылдыгы же тийиштүү далилдерди келтирүү менен өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсинин өзгөртүүлөрү жөнүндө жазуу киргизүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарланат.
Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмөнү аны карап чыгуунун кайсы стадиясында болбосун бөлүштүрүүгө жана биринчи өтүнмөдөгү аталган товарларды бөлүштүрүү аркылуу акыркы чечимди кабыл алганга чейин даттанууга болот. Бөлүнгөн өтүнмөлөр биринчи берилген өтүнмөнүн датасын, ошондой эле кошумча коду менен номерди сактайт.
Жамааттык белгини каттоо үчүн өтүнмөнү товардык белгини каттоо үчүн өтүнмөгө кайра түзүү өтүнмө берген жана бирикмеге кирген адамдын өтүнүчү боюнча, бардык этапта башка өтүнмө ээлеринин макулдугу менен жүргүзүлөт.
Товардык белгини каттоого өтүнмө өтүнмө ээсинин атынан өтүнүч кат берүү аркылуу жана Мыйзамдын 18-беренесинде караштырылган уставдын негизинде ал боюнча чечим кабыл алынганга чейин, эксперттөөнүн кайсы баскычында болбосун жамааттык белгини каттоого өтүнмөгө кайра түзүлсө болот.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар ушул Эрежелердин
62-пунктуна ылайык каралып чыгат.
32. Өтүнмө ээси (анын өкүлү) берген өтүнмөсү жана ага тийиштүү документтер менен алдын ала таанышуу күнүн жана убакытын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте жана өтүнмөнүн жана ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнө сурам жиберүү аркылуу тааныша алат.
33. Өтүнмө ээси эксперттөөнүн чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.
Өтүнмө ээси өтүнмө боюнча чечим кабыл алынгандан кийин, Мыйзамдын 11- беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык бир айдын ичинде Кыргызпатенттен бул материалдардын көчүрмөлөрүн сурай алат.
Суралган материалдардын көчүрмөлөрү тариф боюнча тиешелүү кызмат көрсөтүүгө төлөгөн шартында, өтүнмө ээсине жиберилет.
34. Өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу эреже катары, эксперттөө тарабынан өтүнмө берилген белгиге, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата кошумча түшүнүк алуу зарылчылыгы келип чыкканда жана каттоо шарттарына өтүнмө берилген белгинин туура келгендигинин маселелери боюнча эксперттөөнүн жана өтүнмө ээсинин позицияларын айкындоо максатында жүргүзүлөт.
Мындай карап чыгуу эки тарап тең ушул маселелер менен таанышкандан кийин, Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Экспертизанын маселелери сурамда баяндалат, анда кошумча түрүндө жолугушуунун максатка ылайыктуулугу, аны жүргүзүү жөнүндө өтүнмө ээсинин өтүнүчү жөнүндө маселелер тууралуу кошумча билдирилет.
Сурам берилген учурда, ага жооп Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууга катышууга ниеттенеби, ушуга карабастан берилет.
Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убакыты алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, белгиленген убакта өтүнмөнү карап чыгууда катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап бул тууралуу башка тарапка тезинен билдирет.
Өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандырууда алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатенке өтүнмө ээси же анын өкүлү келгенде, өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнмөнү карап чыгууда өтүнмө ээсинин өкүлүнүн катышуусу ушул
Эрежелердин шарттарын сактоодо мүмкүн болот.
35. Алдын ала эксперттөөнүн сурамына өтүнмө ээсинин жооп берүү мөөнөтү Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча алты айга чейин узартылышы мүмкүн.
Мыйзамдын 10-беренесинин 5 жана 8-бөлүктөрүнө ылайык эксперттөөнүн өтүнмө берилген белгиге сурамга жообу жана эксперттөөнүн алдын ала чечимине жооп берүү мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча он эки айга чейин узартылышы мүмкүн.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө мөөнөттү узартуу үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет.
Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат сурамды же алдын ала чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу эгер өтүнүч кат белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, эгер төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе жүргүзүлбөйт.
Эгер өтүнмө ээси алдын ала чечимге жооп берүү мөөнөтүн бузса же алдын ала чечимди жоопсуз калтырса, товардык белгини каттоого баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Мындай учурларда өтүнмө ээсине анын өтүнүч катын канааттандыруудан баш тартылгандыгы жөнүндө билдирилет.
36. Мыйзамдын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээси өткөрүп жиберген төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:
- эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- алдын ала экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгинин эксперттөөнүн чечимине Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешине (мындан кийин - Апелляциялык кеңеш) каршылык билдирүү мөөнөтү;
- эксперттөөнүн чечиминде көрсөтүлгөн материалдардын көчүрмөлөрүн суроо мөөнөтү.
Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан жүйөлүү себептери тастыкталган шартында, алар өткөнгө чейин эки айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелет.
Эгер мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
Эгер ушул пункттун талаптардын бири эле сакталбагандыгы аныкталса, өтүнүч кат канааттандырылбайт, бул тууралуу өтүнмө ээси кабарландырылат.
37. Өтүнмө ээси өтүнмөнү кайра сурап алууга укуктуу. Өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө арыз анын карап чыгуунун кайсы этабында болбосун, бирок Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде товардык белгини каттоо күнүнөн кеч эмес берилет. Өтүнмө өтүнмө ээсине бул арызды маалыматка алгандыгы тууралуу кабарлоо жиберилген күндөн тартып кайра сурап алынган болуп эсептелинет.
Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча юридикалык маанилүү аракеттер жүргүзүлбөйт (мындай өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүлбөйт, ал боюнча товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт). Кайра сурап алынган өтүнмө башка өтүнмөлөрдү эксперттөөдө эске алынбайт.
Ушул пункттун үчүнчү пунктчасынын жоболору кайра сурап алынды деп эсептелинген өтүнмөлөргө карата дагы колдонулат. Муну менен өтүнмөнү кайра сурап алынган күнү болуп өтүнмө кайра сурап алынгандыгы тууралуу кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген күн эсептелинет. Кабарлоодо тийиштүү негиздемелер көрсөтүлөт.
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу
38. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери берилет жана алардын келип түшкөн күнү белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин саны жана алардын келип түшкөн күнү көрсөтүлүп өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө тил кат берилет.
39. Алдын ала эксперттөө өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
40. Алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө берилген материалдарда төмөнкүлөрдүн бар экендиги жана белгиленген талаптарга туура келиши текшерилет:
а) белгини товардык белги катарында каттоо жөнүндө арыздын;
б) өтүнмө ээсинин аталышынын же атынын, анын дарегинин көрсөтмөсүнүн;
в) патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлү болсо, анын атынын же дарегинин;
г) өтүнмөдө аны каттоо суралган белгинин сүрөтүнүн;
д) алар үчүн каттоо суралган, товарлардын жана/же тейлөө белгилеринин тизмесин;
е) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасын;
ж) өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылык суралган биринчи өтүнмөнүн көчүрмөлөрүн;
з) көргөзмөлүк артыкчылык суроонун жөндүүлүгүн тастыктаган документтин;
и) алдын ала эксперттөөнү жана өтүнмө берилген белгиге эксперттөө жүргүзүүгө өтүнмө бергендиги үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин;
к) эгер өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставын;
л) патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним каттын;
м) өтүнмөгө тиркелүүчү мамлекеттик же расмий тилинде эмес берилген документтердин котормолорун.
Алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин бар экендиги жана ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга 40-пункттун "а", "б", "г", "д" пунктчаларында аталган документтердин туура келиши текшерилет.
Өтүнмөнүн берилген күнү ушул Эрежелердин 40-пунктунун "а", "б", "г", "д" пунктчаларында аталган маалыматтардын жана документтердин же эгер алар бир убакта берилбесе, алардын акыркысынын келип түшкөн күнү боюнча белгиленет.
Өтүнмөнүн материалдарында ушул Эрежелердин 40-пунктунун "в", "е", "ж", "з", "к" пунктчаларында аталган маалыматтардын жана/же документтердин жоктугу же ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга алардын туура келбегендиги өтүнмөнү кабыл алуу жөнүндө чечим чыгаруу жана өтүнмөнүн берилген күнүн белгилөө үчүн тоскоолдук келтирбейт.
Алдын ала жүргүзүлгөн эксперттөөнүн этабында туура эмес таризделген жана/же өтүнмөнүн материалдарында аталган маалыматтардын жана/же документтердин жок экендигинин фактылары белгиленгенде өтүнмө ээсине аларды берүүнүн жана/же өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечимди тактоонун, оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирилет.
Алдын ала жүргүзүлгөн эксперттөөнүн этабында өкүл болууга ишеним каттын жок экендиги аныкталса ("л" пунктчасы), өтүнмө ээсине Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн датадан тартып эки ай мөөнөттүн ичинде берүүсү зарыл экендиги тууралуу билдирилет.
Котормо берилгенге чейин ("м" пунктчасы), мамлекеттик жана расмий тилинде эмес берилген документтер келип түшпөгөн болуп эсептелет.
41. Эгер алдын ала эксперттөөнү жүргүзүү процессинде өтүнмөнүн документтери ушул Эрежелер менен белгиленген талаптарды бузуу менен таризделгени белгиленсе, өтүнмө ээсине аныкталган бузууларды көрсөтүү менен жана өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди берүүсүн өтүнүү менен сурам жиберилет. Жооп берүү мөөнөтү ушул Эрежелердин 35-пунктунун шарттарын сактаганда узартылышы мүмкүн.
Сурам төмөнкүдөй талаптарды камтыйт:
- өтүнмөнү бардык зарыл болгон маалыматтарды камтыган белгиленген форма боюнча берүү;
- өтүнмө ээсинин толук юридикалык аталышын тактоо;
- өтүнмө берилген белгинин жетишпеген көчүрмөлөрүнүн санын жиберүү;
- ушул Эрежелердин 22-пунктунун талаптарына туура келген сүрөттү берүү;
- эгер сөз менен берилген белги мамлекеттик же расмий тилдерден башка тилде келтирилсе, сөздү пайда кылууну же транслитерацияны түшүндүрүүчү котормону берүү;
- товарлардын тизмесин берүү;
- өтүнмө бергендиги үчүн алым төлөгөндүгүн, алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүнү, өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүүнү тастыктаган документти берүүнү;
- алымдын жетишпеген суммасын төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүүнү. Эгер ТКЭК класстарынын санына төлөнгөн алымдын суммасынын туура келбегендиги аныкталганда, белгиленген мөөнөттө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ бербеген же өз аракеттерин чектөөдөн баш тарткан учурда эксперттөө ушул класстарга тийиштүү болбогон товарлардын же тейлөө кызматтарынын тизмесинен чыгарылып, өтүнмөдө көрсөтүлгөн алым төлөнгөн класстарга карата гана жүргүзүлөт;
- өкүлдүк кылууга ишеним кат көрсөтүү;
- алардын жоктугу бул өтүнмө боюнча иш жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жаткандыктан жана алдын ала эксперттөө жүргүзүү этабынын аягына чыгууга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыктан, кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди көрсөтүү.
Эгер өтүнмө ээси берген жооп сурам жиберилген маалыматтарды жана/же документтерди толугу менен камтыбаса, ага кайрадан сурам жиберилет.
Эксперттөөнүн сурамына жооп берилбесе, өтүнмө ээси жооп берүүгө белгиленген мөөнөттү бузганда жана ушул мөөнөттө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат жибербесе өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнмө ээсине сурам жиберилген күндөн тартып төрт айдын ичинде билдирилет.
42. Өтүнмөнүн материалдары белгиленген талаптарга туура келгенде, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан суралган маалыматтар жана документтер өз убагында жиберилген учурда өтүнмө берилген күнү жөнүндө билдирилип, өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечим жиберилет.
Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечимде өтүнмө ээсине төмөнкүлөр жөнүндө билдирилет:
- Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып үч айдын ичинде, конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты аныктоо жөнүндө анын талаптарынын жөндүүлүгүн тастыктаган документтерди берген шартында, өтүнмө берилген белгиге эксперттөө жүргүзүү мезгилинде конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыкты аныктоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
- алар үчүн товардык белгини каттоо суралган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин талдоо жыйынтыктары боюнча өтүнмө берилген белгиге өтүнмө берүү жана эксперттөөнү жүргүзүү үчүн төлөөгө арналган алымдын өлчөмүн эксперттөө жүргүзүү мезгилинде тактоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
- Мыйзамда жана ушул Эрежелер менен караштырылган башка маалыматтарды жана/же документтерди берүүнүн зарыл экендиги жөнүндө.
43. Эгерде эксперттөнүн сурамына өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп сурам жиберилген маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, өтүнмө боюнча өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечимде алар боюнча чечим чыгарылган негиздемелер келтирилет.
Мындай негиздемелер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- товардык белги катарында белгини каттоо жөнүндө арыздын жоктугу;
- өтүнмөдө өтүнмө ээсине көрсөтмөнүн жоктугу;
- өтүнмөдө ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга өтүнмө ээсинин көрсөтмөсүнүн туура келбестиги;
- өтүнмөдө товардык белги катарында каттоо үчүн арналган белгинин жоктугу;
- өтүнмөдө алар үчүн өтүнмө берилген белгини каттоо суралган товарлардын же тейлөө кызматтарынын көрсөтмөсүнүн жоктугу.
44. Өтүнмө берилген белгини эксперттөө Мыйзамдын 2-беренесинин 1- бөлүгүндө, 4 жана 5-беренелеринде белгиленген талаптарга өтүнмө берилген белгинин туура келишин текшерүү үчүн жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилген белгинин эксперттөөсүнүн жыйынтыктары боюнча товардык белгинин каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
45. Өтүнмө берилген белгини эксперттөө өтүнмө берген датадан тартып он эки айдын ичинде алдын ала эксперттөө бүткөндө жүргүзүлөт (Мыйзамдын 10- беренесинин 1-бөлүгү).
Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жана белгиленген алымды төлөгөн шартында өтүнмө берилген белгинин эксперттөөсү он эки ай өткөнгө чейин, мөөнөтүнөн мурун өткөрүлүшү мүмкүн.
46. Өтүнмө берилген белгиге эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- алдын ала жүргүзүлүүчү эксперттөөнүн жүрүшүндө текшерүү жүргүзүлгөн өтүнмөнүн материалдарынан тышкары, өтүнмөнүн жана ага тиркелүүчү документтердин ушул Эрежелерде караштырылган мазмунга жана таризделишине коюлган талаптарга өтүнмөнүн материалдарынын туура келишин текшерүү;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жана алардын ТКЭКтин класстар боюнча топтоштурулушунун туура экендигин текшерүү;
- Мыйзамдын 7-беренесинин 1-5-бөлүктөрүнө ылайык товардык белгинин артыкчылыгын аныктоо;
- ушул Эрежелерде караштырылган каттоонун шарттарына өтүнмө берилген белгинин туура келгендигин текшерүү.
47. Товарлардын тизмесин текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталат:
- өтүнмө ээси ТКЭКтин ошол же башка классынын конкреттүү товарды же тейлөө кызматы менен товарды же тейлөө кызматын белгилөө үчүн пайдалануучу терминди бирдей идентификациялоо мүмкүнчүлүгү;
- өтүнмө ээсинин ТКЭК класстары боюнча товарларды же тейлөө кызматтарын туура топтоштургандыгын текшерүү.
Өтүнмө ээси берген товарлардын же тейлөө кызматтарынын тизмесинин редакциясын оңдоонун зарылчылыгы келип чыкса, эксперттөө өтүнмө ээсинен тийиштүү тактоолорду суроого укуктуу.
Эгер өтүнмө ээси тарабынан аталган товарларга туура келген ТКЭКтин класстарынын анык саны өтүнмө бергендиги жана өтүнмө берилген белгиге эксперттөө жүргүзүү үчүн алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарынын санына көп болсо, өтүнмө ээсине жетишпеген сумманы төлөө зарыл экендиги же анын аракеттерин чектөө жөнүндө кабарланат (өтүнмө берилген белгиге каттоо суралган ТКЭКтин класстарынын санын кыскартуу).
Өтүнмө ээси жетишпеген сумманы төлөөдөн же анын аракеттерин чектөөдөн баш тартса, өтүнмө берилген белгиге эксперттөө өтүнмө берүүдө алардын тартиби боюнча алым төлөнгөн ТКЭКтин класстарына карата гана жүргүзүлөт.
48. Мыйзамдын 7-беренесинин 1-5-бөлүктөрүнө ылайык товардык белгинин артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча аныкталат:
- Кыргызпатентке Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын канааттандырган өтүнмө берген күнү боюнча;
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнүн берген күнү боюнча;
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий таанылган эл аралык көргөзмөсүндө алар белгилеген экспонаттардын ачык көрсөтүү башталган күнү боюнча;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык товардык белгини каттоого эл аралык өтүнмөнүн артыкчылык алган күнү боюнча.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты тастыктаган керектүү документтер берилиши жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталышы керек.
49. Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берген күн боюнча артыкчылыгын аныктоодо төмөнкүлөрдүн бар экендиги текшерилет:
- өтүнмө ээсин, анын дарегин көрсөтүү менен товардык белги катарында белгинин каттоо жөнүндө арыздын;
- өтүнмө берилген белгинин;
- алар үчүн каттоо суралган, ТКЭКтин класстары боюнча топтоштурулган товарлардын тизменин.
Эгер өтүнмө башында жогоруда аталган маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, анда товардык белгинин артыкчылык алган күнү болуп артыкчылыгын аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жогоруда аталган маалыматтардын ичинен акыркысы келип түшкөн күнү болуп эсептелет.
50. Конвенциялык артыкчылыкты суроодо Мыйзамдын 7-беренесинин 2 жана
4-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкү текшерилет:
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде өтүнмө ээси берген биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн болушу. Эгер аталган көчүрмө Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн кийин берилсе, көрсөтүлгөн датадан тартып, үч айлык мөөнөттү өтүнмө ээсинин сакташы белгиленет, ошол убакыттын ичинде биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү берилиши керек;
- биринчи өтүнмө берилген күндөн баштап, алты айлык мөөнөттү өтүнмө ээсинин сакташы белгиленет, ошол убакыттын ичинде Кыргызпатентке конвенциялык артыкчылыкты суроо менен өтүнмө берилиши керек;
- Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдан кечиктирбестен конвенциялык артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүчтү көрсөтүү;
- өтүнмө берилген белгинин жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин биринчи өтүнмөдө камтылган белгиге жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине туура келиши, алар үчүн белги билдирилет, биринчи өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрымдары жок болушу мүмкүн.
51. Көргөзмөлүк артыкчылыкты суроодо Мыйзамдын 7-беренесинин 3 жана 4- бөлүктөрүндө караштырылган талаптардын аткарылышына текшерүү жүргүзүлөт:
- көргөзмөлүк артыкчылыкты тастыктаган документтин болушу жана анын ушул
Эрежелер менен караштырылган талаптарга туура келиши;
- көргөзмөдө экспонаттын ачык көрсөтүлүшү башталган датадан тартып, алты ай мөөнөттү өтүнмө ээсинин сакташы, анын ичинде Кыргызпатентке көргөзмөлүк артыкчылыкты суроо менен өтүнмө берилиши керек;
- Кыргызпатентке өтүнмө берген датадан тартып, эки айдан кечиктирбестен көргөзмөлүк артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүчтү берүү;
- өтүнмө берилген белгинин экспонатталган товарлардагы белгиге туура келиши, мында аларга карата көргөзмөлүк артыкчылык суралган белгиге өтүнмө берилген товарлар көргөзмөдө экспонатталган шартында.
52. Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 50 жана 51-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын ичинен бири эле сакталбаган болсо, товардык белгинин артыкчылыгы Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча (бул тууралуу өтүнмө ээсине алдын ала кабар берүү аркылуу) белгиленет.
53. Өтүнмө берилген белги Мыйзамдын 4-беренесине ылайык товардык белги катарында каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздеринин, ошондой эле Мыйзамдын 5-беренесине жана ушул Эрежелерге ылайык башка негиздердин жок экендигине текшерилет.
54. Өтүнмө берилген белгини каттоого баш тартуу үчүн абсолюттук негиздер боюнча текшерүүдө ал ушул Эрежелердин 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн белги болуп эсептелинеби же ушундай белгини камтыйбы, ошонусу аныкталат.
Эгер өтүнмө берилген белги ушул Эрежелердин 7-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилердин эч болбогондо бирин камтыса же ушул Эрежелердин 6-пунктунда көрсөтүлгөн белгилерден турса, анда аны товардык белги катарында каттоо мүмкүн эмес экендиги тууралуу жыйынтык чыгарылат.
Эгер өтүнмө берилген белги ушул Эрежелердин 6-пунктунда караштырылган коргоого жөндөмсүз белгилерден гана турса, бирок алардын ичинен кеминде бирин камтыса, анда:
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн белгилерди кошкондо, тийиштүү компетенттүү органдын же анын ээсинин макулдугу документ түрүндө тастыкталышынын бар экендиги текшерилет, ал болбосо товардык белги катталбайт;
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун "а" "в" "г" "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилерди кошкондо, ушул белги товардык белгиде басым кылуучу абалды ээлегендиги текшерилет.
Ушундай корголбогон белги товардык белгиде басым кылуучу абалды ээлейби, ушунусун аныктоодо анын маанилүүлүк жана/же мейкиндиктик маанисине көңүл бурулат.
Эгер ушундай белги басым кылуучу абалды ээлесе, анда өтүнмө берилген белгини товардык белги катарында каттоо мүмкүн эместиги жөнүндө жыйынтык чыгарылат.
55. Өтүнмө берилген белгини каттоодон баш тартуу үчүн башка негиздери боюнча текшерүүдө ал ушул эрежелердин 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн белги болуп эсептелинеби, ошонусу аныкталат.
Белги эгер ал аны менен бардык элементтери менен туура келсе, башка белги менен окшош болуп эсептелинет.
Белги алардын өзүнчө айырмалангандыгына карабастан, эгер ал аны менен негизинен ассоциацияланса, башка белги менен жаңылышууга чейин окшош болгон болуп эсептелинет.
Окшош жана бирдей болушуна текшерүүдө төмөнкүдөй аракеттер жүргүзүлөт:
- окшош жана бирдей белгилерге издөө жүргүзүлөт;
- өтүнмө берилген жана издөө жүргүзүүдө аныкталган белгилердин окшоштук деңгээли аныкталат;
- алар үчүн аныкталган окшош же бирдей товардык белги (белгилер) катталган (өтүнмө берилген) товарларга өтүнмө берилген товарлардын бирдейлиги аныкталат.
56. Аралашып кеткен деңгээлине чейин окшош жана бирдей белгилерге издөө төмөндө аталган белгилердин арасында жүргүзүлөт:
- мурун катталган товардык белгилерге же эрте эле артыкчылыкка ээ болгон бирдей товарларга карата Кыргыз Республикасында башка жактын атына каттоого өтүнмө берилгендерге. Мында Мыйзамдын 26-беренесине ылайык каттоосу жокко чыгарылган товардык белгилер, аларды каттоого берилген өтүнмөлөр кайра суралып алынган болуп эсептелинген же Мыйзамдын 8-беренесинин 4-бөлүгүнүн же 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн же 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде кайра суралып алынган товардык белгилер, ошондой эле аларга талашып-тартышуу мүмкүнчүлүгү бүткөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган өтүнмөлөр же Мыйзамдын 12-беренесинде караштырылган товардык белгини каттоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алымды төлөбөгөндүгүнө же убагында төлөбөгөндүгүнө байланыштуу товардык белгилерди каттоо мүмкүн эмес экендиги жөнүндө өтүнмө ээлердин дарегине кабарлоо жиберилген өтүнмөлөр эсепке алынбайт;
- Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен каттоосуз корголуучу башка жактардын товардык белгилери, негизинен: Париж Конвенциясынын 6 bis беренесине ылайык корголуучу Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белгилер; Мадрид Макулдашуусуна ылайык корголуучу эл аралык белгилер;
- Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белгилер. Кыргыз Республикасында товардык белгилердин жалпыга белгилүүлүгүнүн критерийлери жана таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
- Мыйзамга ылайык корголуучу товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары.
57. Сөз түрүндө берилген белгилердин окшоштугун аныктоодо төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- сөз түрүндө берилген белгилер менен;
- кошулган белгилер менен, алардын композицияларына сөз түрүндө берилген элементтер кирет.
Сөз түрүндө берилген белгилердин окшоштугу үндүк (фонетикалык), графикалык (визуалдуу) жана маанилери боюнча (семантикалык) болот.
1) Үндүк (фонетикалык) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- салыштыруучу белгилерде жакын жана дал келүүчү тыбыштын болушу;
- белгини түзө турган тыбыштардын жакындыгы;
- бири-бирине карата жакын тыбыштардын жана тыбыш айкалыштарынын жайгашышы;
- туура келүүчү муундардын болушу жана алардын жайгашышы;
- белгилерде муундардын саны;
- белгилердин курамында туура келүүчү тыбыштардын айкалыштардын орду;
- үндүүлөрдүн курамынын жакындыгы;
- үнсүздөрдүн курамынын жакындыгы;
- белгилердин туура келген бөлүктөрүнүн мүнөзү;
- бир белгинин башкасына өтүшү;
- басым.
2) Графикалык (көрүнөө) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- жалпы көрүнүшү;
- шрифттин түрү;
- тамганын мүнөзүн эске алып, графикалык жазуу (мисалы: басма же жазуу, баш тамга же кичине тамга);
- бири-бирине карата тамгалардын жайгаштырылышы;
- анын тамгалары менен сөз жазылган алфавит;
- түс же түстүк айкалыш.
3) Мааниси боюнча (семантикалык) окшоштук төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- белгилерде берилген түшүнүктөрдүн, идеялардын окшоштугу, негизинен ар түрдүү тилдерде белгилердин маанисинин туура келиши;
- логикалык басым түшкөн жана өз алдынча мааниге ээ болгон белгилердин элементтеринин биринин туура келиши;
- белгилерде берилген түшүнүктөрдүн, идеялардын карама-каршылыгы.
4) Ушул пункттун 1-3-пунктчаларында аталган белгилер ар бири өзүнчө, ошондой эле ар түрдүү айкалышта эске алынат.
58. Сүрөт жана көлөмдүк белгилер төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- сүрөт белгилер менен;
- көлөмдүк белгилер менен;
- айкалышкан белгилер менен, алардын композицияларына сүрөт же көлөмдүк элементтер кирет.
Сүрөт жана көлөмдүк белгилердин окшоштугу төмөнкүдөй белгилердин негизинде аныкталат:
- тышкы формасы;
- симметриянын болушу же жоктугу;
- мааниси;
- сүрөттөрдүн түрү жана мүнөзү (натуралисттик, стилге келтирилген, карикатуралык ж.у.с.);
- түстөрдүн жана тондордун айкалышы.
Аталган белгилердин ар бири өзүнчө, ошондой эле ар түрдүү айкалышта эске алынат.
59. Айкалышкан белгилер төмөнкүлөр менен салыштырылат:
- айкалышкан белгилер менен;
- элемент катарында текшерилүүчү айкалышкан белгинин курамына кире турган белгилердин түрлөрү менен.
Айкалышкан белгилердин окшоштугун аныктоодо ушул Эрежелердин 57 жана
58-пункттарында келтирилген белгилер пайдаланылат, ошондой эле өтүнмө берилген белгиде окшош же бирдей элемент ээлеген абалдын маанилүүлүгү изилденет.
60. Товарлардын бирдейлигин аныктоодо керектөөчүдө ушул товарлардын бир өндүрүүчүгө таандык экендиги жөнүндө түшүнүк келип чыгуунун принципиалдуу мүмкүнчүлүгү аныкталат.
Товарлардын бирдейлигин аныктоо үчүн товарлардын түрү, алардын арналышы, алар жасалган материалдын түрү, товарларды сатуунун шарты, керектөөчүлөрдүн чөйрөсү жана башка белгилери эске алынат.
61. Эксперттөө жүргүзүүнүн кайсы этабында болбосун Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз өтүнмө берилген белгиге эксперттөө жүргүзүү мүмкүн болбогон материалдарды суроого укуктуу.
Сурам кат жиберүү үчүн негизинен төмөнкүдөй кырдаалдар негиз боло алат:
1) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасын тактоонун зарылдыгы;
2) ушул Эрежелердин 13 жана 26-пункттарында көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн зарылдыгы;
3) классификациялоону же товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин тактоонун зарылдыгы;
4) өтүнмөдө көрсөтүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин классификациялоону тактоонун натыйжасында төлөнгөн алымдын суммасы ТКЭКтин класстарынын санына туура келбегендиги байкалган учурда, кошумча алымды төлөөнүн зарылдыгы. Мында белгиленген мөөнөттө кошумча алымды төлөгөндүгү же өз аракеттерин чектөөдөн баш тартуу жөнүндө документти бербесе, өтүнмө берилген белгиге эксперттөө ушул класстарга кирбеген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинен чыгаруу менен алым төлөнгөн класстарга гана жүргүзүлөрү жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет;
5) товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы же айрым бөлүгү үчүн мурунтан каттоого өтүнмө берилген окшош товардык белгилердин же белгилердин келип чыгышы менен шартталган маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда жана мисалы: артыкчылыкты аныктоого байланыштуу келип чыккан эскертүүлөр жана сунуштар жогоруда негиздемелерге багытталган сурамга киргизилиши мүмкүн.
Эксперттөөнүн өтүнмө ээси тарабынан берилген документтерге же маалыматтарга карата негизделген шектенүүсү болсо, зарыл болгон тастыктоолорду суроого укугу бар.
Сурам катта кайсы-бир суроого келтирилген эксперттөөнүн пикири негизинен, Мыйзамдын, ушул Эрежелердин жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна аргументтелиши керек.
Эксперттөөнүн сурамы боюнча өтүнмө ээси жиберген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 62-пунктуна ылайык каралып чыгат.
Эксперттөөнүн сурамы боюнча өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып эки айдын ичинде жооп бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет.
62. Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси жиберген кошумча материалдар келип түшкөндө, өтүнмө ээси тарабынан ал белгиленген мөөнөттүн ичинде жиберилдиби, ошонусу текшерилет.
Көрсөтүлгөн материалдар өтүнмө ээси сурам кат алган күндөн тартып, эки айдын ичинде берилиши керек.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул
Эрежелердин 30-пунктун жетекчиликке алуу керек.
Эгер өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттү бузса жана ушул Эрежелердин 35- пунктуна ылайык аны узартуу жөнүндө сунуш киргизбесе же эксперттөөнүн сурамын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
Өтүнмө ээсинин өз демилгеси же Кыргызпатенттин сурамы боюнча жиберген кошумча материалдары түшкөндө жана карап чыгууга кабыл алынганда алар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртпөйбү, текшерилет.
Кошумча материалдар эгер өзгөртүүлөр өтүнмө берилген белгини бүтүндөй же анын негизги элементтерин кабыл алууну козгосо, өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөрткөн болуп таанылат (б.а. басым кылуучу абалды ээлейт жана негизинен белгини кабыл алууга таасир берүүчү). Мындай өзгөртүүлөргө негизинен, төмөнкүлөр кирет: сөздүк же негизги сүрөт элементин белгиге киргизүү же андан чыгарып салуу; сөздүк элементти фонетикалык же маанисин өзгөртүү; негизги сүрөт элементин графикалык же маани жагынан өзгөртүү.
Кошумча материалдар ошондой эле эгер алар өтүнмөдө көрсөтүлбөгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин толуктоосун камтыса, өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөрткөн болуп таанылат.
Кошумча материалдарды өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөрткөн болуп таанылган учурда, өтүнмө ээсине товардык белгини каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин (эксперттөөнүн ага кезектеги жөнөтүүчү документинде) кошумча материалдарга киргизилгендердин кайсынысы эксперттөөнүн ушундай жыйынтык чыгаруусу үчүн негиз болуп кызмат кылгандыгы тууралуу билдирилет.
Башка маалыматтар эксперттөө жүргүзүүдө эске алынат.
63. Өтүнмө берилген белгинин өтүнмө ээси тарабынан берилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде көрсөтүлгөн бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн Мыйзамдын 2-берененин 1-бөлүгүндө, 4 жана 5- беренесинде белгиленген талаптарга туура келгендиги аныкталганда, ушул тизмеде көрсөтүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыгарылат.
Эгер өтүнмө берилген белги ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптарга өтүнмө берилген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгү үчүн гана туура келсе, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул бөлүгүнө карата товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыгарылат.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимде андагы камтылган корголбогон элементтер аталат.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, негизинен, Париж Конвенциясынын жана Мадрид Макулдашуусунун негизинде мурунку артыкчылыгын пайдалануучу өтүнмөнүн келип түшүшүнө байланыштуу каттоо күнүнө чейин кайра каралып чыгышы мүмкүн.
Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет:
- товардык белги катарында катталуучу белги;
- товардык белгинин ээси;
- өтүнмө берилген күнү;
- товардык белгинин артыкчылыгы;
- алар үчүн товардык белги каттала турган ТКЭК класстары боюнча топтоштурулган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси.
Товардык белгинин аталышы (аты) арыздагы 71 код менен белгиленген графада келтирилген юридикалык жактын толук расмий аталышына же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын атына (эгер бар болсо) ылайыкталып чечимде көрсөтүлөт.
64. Эгер өтүнмө берилген белгиге Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн эксперттөөнүн натыйжасында белги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык тизмеси үчүн ушул Эрежелердин 6-10-пункттары менен караштырылган талаптарынын эң кеминде бирине туура келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.
Товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимде ушул Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизделген товардык белгини каттоодон баш тартуунун себептери келтирилет.
Мыйзамдын 10-беренесинин 7-бөлүгүне ылайык эксперттөөнүн жүрүшүндө товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим чыгарылса болот.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечим өтүнмө ээсине алдын ала чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде жүйөлүү каршылыгын билдирүүгө же кошумча материалдарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет, алардын негизинде эксперттөө өтүнмө ээсинин пайдасына өз чечимин өзгөртө алат.
Жооп берүү мөөнөтү ушул Эрежелердин 35-пунктунун шарттарын сактаганда узартылышы мүмкүн.
65. Өтүнмө ээси алдын ала эксперттөөнүн чечими же өтүнмө берилген белгини эксперттөөнүн чечими менен макул болбогон учурда, тийиштүү алымды төлөгөн шартында, чечимди алган күндөн тартып, үч айдын ичинде Аппеляциялык кеңешке каршы болгондугун билдирүүгө укуктуу.
Өткөрүлгөн мөөнөт ушул Эрежелердин 35-пунктунун шарттарын сактаганда калыбына келтирилет.
Каршы болгондугу ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде
Аппеляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгат.
Аппеляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып, алты айдын ичинде даттана алат.
1-тиркеме
Кыргыз- патент
тарабынан толтурулат



(Мыйзамдын 7-беренесинин 3-б.).

(31) Биринчи өтүнмөнүн №

(32) Атыкчылык

суралган дата

(33) SТ.3 боюнча берилген өлкөнүн коду

(конвенциялык артыкчылык сураганда)

Өтүнмө ээсинин толук почта дареги

Телефону: e-mail: Факсы:

(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын

аты же аталышы).

Телефону: e-mail: Факсы:

(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты, каттоо номери, турган орду).

Телефону: e-mail: Факсы:

(54) Өтүнмө берилген белгинин Өтүнмө берилген

сүрөтү белгинин сыпаттамасы

(59) Түсү же түстүк гаммасы (эгер белгини каттоо түстүү аткарууда суралса)

(57) ТКЭК класстары боюнча топтоштурулган жана так терминдер менен белгиленген артыкча ушул классификациялоонун терминдери менен) алар үчүн белгини каттоо суралган товарлар жана (же) кызмат көрсөтүүлөр:

Класс

Товардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Эгер атайын бөлүнгөн графада тизме азайбаса, анда ал толугу менен өтүнмөгө тиркеме катарында өзүнчө баракта берилет.

Тиркелүүчү документтердин

тизмеси

Саны

1 нускада

Нусканын

саны

( ) белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ

( ) өтүнмө берилген белгинин сүрөттөрүнүн топтому

( ) биринчи өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

( ) эгер өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы

( ) өтүнмөгө тиркелүүчү документтердин кыргыз же орус тилине котормосу

( ) патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат

( ) эгер ал тиркемеде келтирилсе, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси

( ) башка документ (көрсөтүлсүн)

Кошумча маалыматтар:

( ) көлөмдүк белги

( ) жамааттык белги мурун катталган товардык белгинин күбөлүгүнүн №

( ) ТЧЖА пайдалануу укугуна күбөлүгүнүн №

Колу:

Өтүнмө ээсинин (ээлеринин) же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу (колдору); кол койгон (колдордун) датасы (юридикалык жактын атынан кол койгондо жетекчинин колу мөөр менен тастыкталат)

(*) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-тиркеме

Алымды төлөгөндүгү жөнүндө белги коюу

Кыргызпатентке келип түшкөн күнү

(Кыргызпатент тарабынан толтурулат)

Өтүнмө ээсинин аталышына жана/же дарегине өзгөртүүнү (өзгөртүүлөрдү) киргизүү жөнүндө АРЫЗ

Өтүнмө ээсинин көктөмөсүнүн №

Ишенимдүү өкүлдүн көктөмөсүнүн

Өтүнмөнүн №

Берилген

күнү_

Өтүнмө ээси

Ишенимдүү өкүл

Кат алышуу үчүн дарек

Өзгөртүү (өзгөртүүлөр)

Өзгөртүү зарыл болгон маалыматтар: Өзгөртүлгөн түрүндөгү маалыматтар:

( ) уландысын өзүнчө барактан карагыла

Өтүнмөгө карата тиркеме

(тиркемелер):

( ) алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ;

( ) улантуу үчүн барактар;

( ) башка документтер (көрсөтүлсүн):

Колу

Мөөрү

Датасы



3-тиркеме

Кыргызпатентке түшкөн күнү

(Кыргызпатент тарабынан толтурулат)

Катаны (каталарды) оңдоо жөнүндө

АРЫЗ

Өтүнмө ээсинин көктөмөсүнүн

Ишенимдүү өкүлдүн көктөмөсүнүн

Өтүнмөнүн №

Берилген күнү

Ишенимдүү өкүл

Ката (каталар) жана оңдоо (оңдоолор)

Оңдоо зарыл болгон маалыматтар:
Оңдолгон түрүндөгү маалыматтар:
( ) уландысын өзүнчө барактан карагыла
Өтүнмөгө карата тиркеме (тиркемелер): ( ) улантуу үчүн барактар;
( ) башка документтер (көрсөтүлсүн):
Өтүнмөгө карата тиркеме
(тиркемелер):
( ) улантуу үчүн барактар;
( ) башка документтер (көрсөтүлсүн):
Колу
Мөөрү
Датасы

4-тиркеме

Алымды төлөгөндүгү жөнүндө белги коюу

Кыргызпатентке түшкөн күнү

(Кыргызпатент тарабынан толтурулат)

Өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү жөнүндө

АРЫЗ

Бул арызды берүүм менен өтүнмөнүн материалына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүүңүздөрдү суранам.

Өтүнмө ээсинин көктөмөсүнүн №

Ишенимдүү өкүлдүн көктөмөсүнүн №

Өтүнмөнүн №

Берилген күнү

Кат алышуу үчүн дарек

Өтүнмө ээси

Ишенимдүү өкүл

Кат жазышуу үчүн дарек Өтүнмө ээсин өзгөртүү үчүн негиздер:

( ) өтүнмө ээсин өзгөртүү контрактка, келишимге кол коюунун натыйжасы болуп эсептелет;

төмөнкү документтердин бири тиркелет:
( ) контракттан, келишимден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; ( ) укукту өткөрүп берүү жөнүндө күбөлүк;
( ) өтүнмө ээсин өзгөртүү кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасы болуп эсептелет;
төмөнкү документтердин бирине түпнускага анын туура экендиги күбөлөндүрүлгөн, кайра өзгөртүп түзүүнү тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет:
( ) соода реестринен көчүрмөгө;
( ) компетенттүү орган тарабынан берилген башка документке;
( ) өтүнмө ээсин өзгөртүү контрактта, келишимге, кайра өзгөртүп түзүүгө кол коюунун натыйжасы болуп эсептелбейт;
( ) документтин түпнускасына анын туура экендиги күбөлөндүрүлгөн, мындай өзгөртүүнү тастыктап турган документтин көчүрмөсү тиркелет.
Жаңы өтүнмө ээси
Жаңы өтүнмө ээси үчүн дарек
Жаңы өтүнмө ээсинин ишенимдүү өкүлү
Иш тууралуу кат жазышуу үчүн жаңы өтүнмө ээсинин дареги
Өтүнмөгө карата тиркеме
(тиркемелер):
( ) алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ;
( ) улантуу үчүн барактар;
( ) башка документтер (көрсөтүлсүн): Колу
Мөөрү
Датасы


5-тиркеме
Кыргызпатентке келип түшкөн күнү
(Кыргызпатент|тарабынан толтурулат)
Товардык белгини каттоого берилген өтүнмөгө карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө
ДОКУМЕНТ

Укук берип жаткан төмөндө кол койгон жак, укук алып жаткан төмөндө кол койгон жакка -ж. " " Кыргызпатентке берилген №

товардык белгини каттоо үчүн өтүнмөгө укукту өткөрүп берет.

Укукту өткөрүп берүүчү жак

Аты

Дареги (почта индексин жана өлкөнүн аталышын кошо) Телефон (телефондор) (өлкөнүн коду менен) Факс (факстар) (өлкөнүн коду менен)

Укук алуучу жак

Аты

Дареги (почта индексин жана өлкөнүн аталышын кошо) Телефон (телефондор) (өлкөнүн коду менен) Телефакс (телефакстар) (өлкөнүн коду менен)

Укук берүүгө тийиштүү, бирок өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү

максаты үчүн милдеттүү түрдө болбогон кошумча көрсөтмөлөр (көрсөтүлсүн):

|() уландысын өзүнчө барактан карагыла.

Колдору жана мөөрлөрү

Укук берүүчү жактын колу жана мөөрү

Датасы

Укукту өткөрүп алуучу жактын колу жана мөөрү

Датасы