КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5- январындагы
№7 токтому менен бекитилген
1. Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуунун шарттарын жана жол- жоболорун жөнгө салат, бул патенттин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык узартылышы мүмкүн.
2. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
- фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табуу - колдонуу үчүн белгиленген тартипте компетенттүү органдын атайын уруксатын алуу талап кылынган, патенттелген ойлоп табуунун продукту болуп эсептелет;
- фармацевтикалык продуктуну колдонуу - пайдалануу, сатуу, рынокко чыгаруу деген түшүнүктөргө эквиваленттүү болуп эсептелет.
3. Ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патенти, интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө берилген күндөн тартып жыйырма жылдын ичинде күчүндө болот.
Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан узартылышы мүмкүн. Патенттин колдонуусун узартуунун мөөнөтү Кыргызпатентке ойлоп табууга өтүнмө берилген күндөн тартып колдонууга компетенттүү органдын биринчи уруксаты алынган күнгө чейин эсептелет. Патентти колдонууну узартуу мөөнөтү беш жылдан ашпоого тийиш.
4. Ойлоп табууга берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) фармацевтикалык продуктуну колдонууга биринчи уруксатты алган күндөн тартып же патент берилген күндөн тартып, бул мөөнөттөрдүн кайсынысы кечирээк бүткөнүнө жараша, алты айдын ичинде, патентти колдонуу мезгилинде Кыргызпатентке берилет.
5. Өтүнүч ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык типтүү бланкада берилет жана ал төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- өтүнмө ээсинин аталышы жана жашаган (жүргөн) жеринин дареги;
- патент номери;
- фармацевтикалык продуктунун аталышы;
- аталган продукт мүнөздөлгөн, узартылуучу патенттин ойлоп табуусунун формуласынын көз карандысыз пункту.
6. Өтүнүчкө төмөнкү документтер тиркелет:
- ойлоп табууга патент (түп нуска);
- патенттелген ойлоп табуунун формуласы, каттоо номери жана ушул продуктуну колдонууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биринчи уруксатын алган күнү менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү фармацевтик продукт жөнүндө маалыматтарды камтыган расмий документтин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (фармацевтикалык продуктуну колдонууга берилген компетенттүү органдын уруксатынын көчүрмөсү);
- тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, иштерди патенттик ишенимдүү өкүл же анын өкүлү алып барган учурда.
7. Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Башка тилде берилген жолдомого анын мамлекеттик тилге же расмий тилге котормосу тиркелет.
8. Өтүнүчкө патент ээси же патенттик ишенимдүү өкүл же эгерде алар дайындалган болсо, башка өкүл кол коет.
Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө кызматын көрсөтүү менен уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укугу бар адам кол коет, анын койгон колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат. Коюлган кол аны койгон адамдын аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет.
9. Ойлоп табууга берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн патент ээси Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ишеним кат берүү менен укугун ыйгара алат.
10. Кыргызпатентке өтүнүч жана ага тиркелүүчү материалдарды берүүнүн жол- жобосу интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген документтерди берүүнүн талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Өтүнүч берилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзөт:
- өтүнүч берүүнүн шарттарынын сакталышына;
- талап кылынган документтин бар экендигине, алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга шайкештигине;
- фармацевтикалык продуктунун колдонуудагы патент менен корголуу фактысына;
- фармацевтикалык продуктунун белгилеринин узартылып жаткан патенттин ойлоп табуусунун формуласы менен корголуусуна.
12. Текшерүү оң натыйжа берсе, патентти колдонуу мөөнөтү патентти колдонуу бүткөн күндөн тартып беш жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылат.
Ойлоп табууга берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрине киргизилет жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Ойлоп табууга берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу патентке киргизилип, ал өтүнүч берген адамга жөнөтүлөт.
13. Зарыл болгон документтердин ичинен кандайдыр бири жок болуп чыкса же туура эмес таризделген болсо, патент ээсине Кыргызпатент тарабынан сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон материалдарды берүү сунушу менен сурам жөнөтүлөт.
Өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтү жетишпеген жана/же оңдолгон материалдардын келип түшкөн күнүнөн тартып эсептелет.
14. Ушул Эрежелерде белгиленген шарттар жана талаптар сакталбаган учурда, ошондой эле сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде же жетишпеген жана/же оңдолгон материалдар Кыргызпатентке берилбесе, өтүнүч канааттандырылбайт, бул жөнүндө патент ээсине кабарлоо жөнөтүлөт. Патент өтүнүч берген адамга кайтарылып берилет.
Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген
Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерине тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы
(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, кат алышуу үчүн дарек)
тиешелүү,
(фармацевтикалык продуктунун түрү)
(ойлоп табуунун аталышы) ойлоп табуунун көз карандысыз формуласынын
пунктунда мүнөздөгөн ойлоп табууга берилген N патенттин колдонуу мөөнөтүн узартууну суранам.
Тиркеме:
- ойлоп табууга патент;
- фармацевтикалык продуктуну колдонууга берилген компетенттүү органдын уруксатынын көчүрмөсү;
- өкүлчүлүккө ишеним кат (иштер патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүргүзүлсө).
Колу
Датасы