КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, 2019-жылдын 20-февралындагы № 80токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 "Товардык белгилер, тейлөө
белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жободо:
- 1 -пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосу" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта: 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Жалпыга белгилүү товардык белги, өз белгилүүлүгүнө ээ болгон бардык товарларга карата корголот. Жалпыга
белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, эгер көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жактын пайдаланышы керектөөчүлөр арасында жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана мындай ээлик кылуучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуу мүмкүн болсо, ал жалпыга белгилүү болуп таанылгандар менен бирдей болбогон башка товарларга да таралат.";
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат."; - төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: "8-1. Товардык белги жана белгилөө, эгер бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, башка жактын
бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгисинин артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп таанылышы мүмкүн эмес.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомунатөмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өнөр жайлык менчик
объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун Эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышындагы жана 1-пункттагы "патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр "өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун Эрежелеринде:
- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - Кыргызпатент)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде, Пайдалуу моделдердин мамлекеттик реестринде, Өнөр жайлык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде, Товардык белгилер жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде, Фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде жана Селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишим, аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жана өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим катталууга тийиш.";
- 2-пунктта: үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;"; бешинчи абзац "тейлөө белгиси" деген сөздөрдөн кийин ", фирмалык аталыш" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин ", евразия патенттеринин" деген сөздөр менен
толукталсын; тогузунчу абзац "лицензиялык келишим" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укук
күрөөсү жөнүндө келишим" деген сөздөр менен толукталсын; он төртүнчү абзац "тараптардын бири" деген сөздөрдөн кийин "же алардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен
толукталсын; он бешинчи абзац "лицензиялык келишимди" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жай менчик объектисине өзгөчө
укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди," деген сөздөр менен толукталсын; - 4-пунктта: 1-пунктча төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- келишимдин предмети;"; 1-пунктчанын сегизинчи абзацы "товарынын" деген сөздөн кийин "жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн" деген сөздөр
менен толукталсын; 2-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "2) коргоо документинин көчүрмөсү."; 2-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; - 10-пунктта: экинчи абзацтагы "жана коргоо документи" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Технологияны өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте арыз жана каттоо үчүн зарыл болгон
документтер берилгенден кийин катталат."; төртүнчү абзацтагы "жана өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр алып
салынсын; - 14-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- коргоо документинин көчүрмөсү;"; - 17-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- евразия патентин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо жөнүндө Евразия патенттик ведомствосуна кабарланат.";
- 1, 2 жана 3-тиркемелер "лицензиялык келишимди" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимди жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-тиркеменин төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин (арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин) же күбөлүктүн
көчүрмөсү же Өнөр жайлык менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;"; - 3-тиркемеде: биринчи абзацтагы "патенттин күрөө келишими" деген сөздөр "өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишими" деген
сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "түп нускасы" деген сөздөр "көчүрмөсү" деген сөзгө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- иш жүргүзүү ишеним каты.". 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн
арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесинде:
- 6-пунктта: мамлекеттик тилдеги тексттин "а" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакциядагы эки абзацта берилсин: "а) айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогондорго. Айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогон белгилерге негизинен төмөнкүлөр кирет:"; - акыркы абзацтагы "а)," тамгасы алып салынсын; - мамлекеттик тилдеги тексттин 10-пунктундагы "б" жана "в" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: "б) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон
илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
в) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 12-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: "- өтүнмө берилген белгилөө; - белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары
боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеси."; - 22-пунктта: экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Өтүнмө берилген белгилөө 25 нускада берилет."; үчүнчү абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Майда, окулбаган белгилөөлөр болгон учурда А4 форматындагы 1 нускасы кошумча берилет."; - 23-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Эгер белгилөө чет элдик сөздөрдү камтыса, котормосун жана транслитерациясын берүү керек. Эгер сөз менен берилген белгилөө атайын жазууну же шрифтти камтыса, баяндамада алардын маанисин
түшүндүрүү керек."; - 27-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү" деген сөздөр
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.Оторбаев