КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-январы №8
Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап
чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын
мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри А. Атамбаев