À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles industriels Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles industriels Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler avec nous Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles industriels Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Économie Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Mesures d’appui concernant la COVID-19 Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Avis de vacance d’emploi Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Parcourir par ressort juridique

Kirghizistan

KG072

Retour

Кыргыз республикасынын мыйзамы 1999-жылдын 16-июлу N 74 Кызматтык Ойлоп Табуулар, Пайдалуу Моделдер, Өнөр Жай Үлгүлөрү Жөнүндө КР Мыйзамы (КР 2006-жылдын 7-августундагы N 152 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз республикасынын мыйзамы 1999-жылдын 16-июлу N 74 Кызматтык Ойлоп Табуулар, Пайдалуу Моделдер, Өнөр Жай Үлгүлөрү Жөнүндө КР Мыйзамы (КР 2006-жылдын 7-августундагы N 152 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

КЫЗМАТТЫК ОЙЛОП ТАБУУЛАР, ПАЙДАЛУУ МОДЕЛДЕР,ӨНӨР ЖАЙ ҮЛГҮЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 16-июлу N 74
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙ3АМЫ Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер,
өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,
2006-жылдын 7-августундагы N 152 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жалдоочу менен кызматкердин ортосунда пайда болуучу кызматтык ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдагы жоболор ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда (мындан ары - уюм) менчиктин ар кандай формасында жаралган кызматтык ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө жайылтылат.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаты үчүн андагы көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ болот: жалдоочу - мыйзам ченеминде кызматкер менен эмгек келишимин түзүүгө жана токтотууга укук берилген юридикалык же жеке жак.
кызматкер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик (кызматтык) мамилелерде турган (анын ичинде кошумча иштегендер) кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн автору же авторлору (мындан ары - автор).
жалдоочунун укук мураскери - алдын ала патент, кызматтык ойлоп табууга патент, кызматтык пайдалуу моделге күбөлүк же алдын ала патент, кызматтык өнөр жайлык үлгүгө патент (мындан ары - коргоо документи) алууга билдирүү берүү укугу же берилген билдирүү боюнча коргоо документин алуу, болбосо коргоо документин берүү укугу жалдоочудан мыйзамдуу негизде өткөн юридикалык же
жеке жак.
кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик (кызматтык) мамилелеринин аракеттеги учурунда структуралык бөлүмчөлөр жөнүндөгү кызматтык нускамалар, жоболор, уюмдардын уставдары жана ушул сыяктуу башка документтер тарабынан белгиленген, кызматкердин эмгектик милдетин аткаруусунун натыйжасында жаралган, болбосо кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсүн жаратканга чейин жалдоочу кызматкерди тааныштырган тийиштүү документтерде көрсөтүлгөн конкреттүү тапшырманы аткарууда кызматкер тарабынан жаратылган ойлоп табуулар, натыйжалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү.
3-статья. Кыргыз Республикасынын кызматтык ойлоп табуулар,
пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларынан турат.
4-статья. Кызматтык деп таанылбаган ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү
Төмөндөгү ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү кызматтык деп таанылбайт: авторлор тарабынан алар жарандык - укуктук келишимдердин негизиндеги иштерди аткарууда жаратылгандар; ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн жаратуу боюнча иш өздөрүнүн эмгектик (кызматтык) милдетине же кызматкерлердин өздөрүнө берилген конкреттүү тапшырмага кирбеген иштерден улам жаратылгандар.
5-статья. Кызматтык ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге,
өнөр жай үлгүлөрүнө укуктар
1. Кызматтык ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө билдирме берүү жана коргоо документтерин алуу укугу, эгерде жалдоочу менен кызматкердин ортосундагы келишимде башкача каралбаса, жалдоочуга таандык.
Автордук укук жана башка жеке мүлктүк эмес укуктар авторго таандык болот. Ал ошондой эле сый акы алууга да укуктуу.
2. Ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө болгон укук авторго таандык.
3. Жалдоочунун маалыматын, тажрыйбасын, материалдык, техникалык жана башка каражаттарын пайдалануу менен жаратылган, бирок кызматкер тарабынан кызмат милдеттерин же жалдоочунун конкреттүү тапшырмасын аткаруу менен байланышпаган ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге, өнөр жай үлгүлөрүнө болгон укук, эгерде кызматкер менен жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде башкача көрсөтүлбөсө, кызматкерге таандык. Мындай учурда жалдоочу коргоо документинин ээсине келишимдик негизде аныкталуучу зыяндын ордун толуктап төлөп берүү менен кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгусүн өзүнүн өндүрүшүндө пайдаланууга укуктуу.
4. Эгерде кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү бир нече автордун биргелешкен чыгармачыл эмгеги менен жаратылса жана алардын арасына жогорудагылар жаратылган уюмдун кызматкери болуп саналбаган адам кирип калса, мындай адамдын укугу анын уюм жана башка авторлор менен түзүлүүчү келишим аркылуу аныкталат.
6-статья. Кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү жаралгандыгы жөнүндө жалдоочуга кабарлоо
Кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жараткан кызматкер бул жөнүндө ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсүн жараткан күндөн тартып үч айдын ичинде жалдоочуга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Кабарлоого кызматкер кол коюп жана кызматтык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө болгон билдирүүнү жол-жоболоштуруу үчүн жаратылган объекттин мүнөздөмөсү толук камтылууга тийиш. Кабарлоо ушул Мыйзамдын 5- статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган учурларда да жүргүзүлөт.
7-статья. Кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү жаралгандыгы жөнүндө кабарлоону жалдоочу тарабынан карап
чыгуу
1. Кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсү жаралгандыгы жөнүндө кабарлоону жалдоочу кабарлоо берилген күнү каттоого тийиш, бул жөнүндө кызматкер жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
2. Жалдоочу кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жаратуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып төрт айдын ичинде Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары - Кыргызпатент) арыз берүүгө милдеттүү, же арыз берүү жана коргоо документин алуу укугун башка адамга, мунун ичинде жаратылган кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна ыйгарып берүүгө, болбосо алардын мазмунун жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алууга жана кабыл
алынган чечим жөнүндө авторго кат жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Эгерде жалдоочу же анын укук мураскери кабарлоо күнүнөн тартып, төрт ай ичинде Кыргызпатентке билдирбесе, арыз берүү жана коргоо документин алуу укугун авторго же башка адамга ыйгарып бербесе, кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн мазмунун жашыруун сактоо жөнундө авторго билдирбесе, автор арыз берүүгө жана коргоо документин өзүнүн наамына алууга укуктуу. Мындай учурда жалдоочу коргоо документинин ээсине келишимдик негизде аныкталуучу зыяндын ордун толуктап төлөп берүү менен кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн өзүнүн өндүрүшүндө пайдаланууга укуктуу.
3. Эгерде ушул Мыйзамдын 6-статьясына ылайык кызматкер тарабынан кол коюлган кабарлоодо арызды жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтар камтылбаса, алар кабарлоо алынган күндөн тартып бир ай ичинде суратылышы мүмкүн. Мындай учурда ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде токтотулат да, суратылган маалыматтар алынгандан тартып кайра башталат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Автордун сый акыга укугу
1. Укуктары жалдоочуга же анын укук мураскерине таандык болгон кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн автору, эгерде көрсөтүлгөн укук мураскер автор болуп саналбаса, сый акы алуу укугуна ээ болот. Жалдоочу бул сый акынын өлчөмү жана төлөө шарттары жөнүндө ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүтөөрдөн кечиктирбей автор менен макулдашуу түзүүгө милдеттүү.
Жалдоочу сый акыны төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүдөн баш тарткан кезде автор сый акыны төлөө жөнүндө доо менен сотко кайрылууга акылуу.
2. Укуктары жалдоочуга же анын укук мураскерине таандык болгон кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна коргоо документин алган күндөн тартып бир ай ичинде жалдоочу тарабынан кызыктыргыч сый акысы төлөнөт. Бир кызматтык ойлоп табуу үчүн, бир кызматтык пайдалуу модель үчүн, бир өнөр жай үлгүсү үчүн кызыктыргыч сый акысынын өлчөмү авторлордун санына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын он минималдык өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
3. Коргоо документинин күчүндөгү мөөнөт ичинде жалдоочуга же анын укук мураскерине берилген кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануу үчүн сый акы жалдоочу тарабынан авторго эмгек келишиминде аныкталуучу өлчөмдө жана шарттарда төлөнөт. Макулдашууга келише албаган учурда чечим сот тарабынан кабыл алынат. Эгерде кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн жаратууда автор менен жалдоочунун салымын теңештирүү мүмкүн болбосо, жалдоочу алган же алууга тийиш болгон пайданын жарымын - автордун
алуу укугу таанылат.
4. Ушул статьянын 3-бөлүгүнүн жоболору, ошондой эле алардын мазмунун жашыруун сактоо жөнүндө буларга карата жалдоочу тарабынан чечим кабыл алынган кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн жалдоочу пайдаланган кезде, же жалдоочуга байланышпаган себептер боюнча аларга коргоо документи алынбаган кезде, ошондой эле аларды пайдаланууга укукту башка адамдарга өткөрүп берген кезде да колдонулат.
5. Сый акы кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү пайдаланылган ар бир жыл өткөндөн кийин үч айдан жана лицензияны сатуудан алынган пайда түшкөндөн кийин бир айдан кечикпестен авторго төлөнүп берилет.
Сый акыны өз убагында төлөп бербегендиги үчүн буга айыпкер коргоо документинин ээси мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн авторго тийиштүү болгон суммадан 0,5 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөп берет.
6. Эгерде кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү жалдоочу тарабынан пайдаланылбаса жана аларды пайдаланууга болгон укук, кызматтык ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө коргоо документин берген күндөн тартып төрт жыл ичинде жана пайдалуу моделге күбөлүк берген күндөн тартып үч жыл ичинде аны пайдаланууну каалаган жана жүзөгө ашырууга даяр турган башка адамга өткөрүп бербесе, эгерде келишимде башкача каралбаса, жалдоочу тарабынан сый акы төлөнөт. Бир кызматтык ойлоп табуу үчүн, бир кызматтык пайдалуу модель үчүн, бир кызматтык өнөр жай үлгүсү үчүн сый акынын өлчөмү авторлордун санына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын он минималдык өлчөмүнөн кем эмести түзөт.
7. Алардын мазмунун жашыруун сактоо жөнүндө жалдоочу тарабынан чечим кабыл алынган кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланбаган учурда авторго чечим кабыл алынгандан кийин бир жылдан кечиктирилбестен бир жолку сый акы төлөнөт. Авторлордун санына карабастан бир кызматтык ойлоп табуу үчүн, бир пайдалуу кызматтык модель үчүн, бир кызматтык өнөр жай үлгүсү үчүн сый акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести түзөт.
9-статья. Кызматтык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө коргоо документин алууга автордун укугу
1. Коргоо документин берүүгө арыз бергенден кийин аны алууга же коргоо документин күчүндө кармап турууга кызыкдар болбой калган учурда жалдоочу же анын укук мураскери кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна коргоо документинин өзүн акысыз ыйгарууну өз убагында сунуш кылууга милдеттүү.
2. Жалдоочу же анын укук мураскери коргоо документин же аны алуу укугун ыйгарып берүүгө макул
болгондо авторго коргоо документине ээ болуу же аны алуу боюнча артыкчылык укук берилет. Мындай учурда сатып алуу артыкчылыгы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.
10-статья. Кызматкердин абалын начарлатуучу келишимдин шарттарынын жараксыздыгы
Ушул Мыйзам боюнча салыштырганда кызматкердин абалын начарлатуучу кызматтык ойлоп табуу,
пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү жөнүндөгү келишимдин шарттары жараксыз деп эсептелинет.
11-статья. Кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн чет мамлекеттерде патенттөө
Кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн чет мамлекеттерде патенттөө укугу,
эгерде булар менен кызматкердин ортосундагы келишимде башкача каралбаса, жалдоочуга таандык.
12-статья. Кызматтык купуя ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү
Мамлекет тарабынан купуя деп таанылган кызматтык ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн жөнгө салуу купуя ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
13-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай
үлгүлөрү
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табуулардын, пайдалуу моделдердин, өнөр жай үлгүлөрүнүн патентин алуу укугу, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик заказчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.
Эгерде мамлекеттик контракка ылайык патент алуу укугу Кыргыз Республикасына таандык болсо, мамлекеттик заказчы кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү катары укуктук коргоо алууга жарамдуу жыйынтык алынгандыгы жөнүндө аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу жүзүндөгү кабарлоосу алынган учурдан тартып алты айдын ичинде патент алуу боюнча өтүнмө бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик заказчы өтүнмө бербеген учурда, патент
алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болуп калат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөр жай үлгүсүнүн патентин ушул статьянын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы албаган учурда, патент ээси мамлекеттик заказчынын талабы боюнча ал көрсөткөн жакка (жактарга) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн иштерди аткаруу же продукция камдап берүүнү ишке ашыруу максатында ушул кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга өзгөчө эмес акысыз лицензия берүүгө милдеттүү.
3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн бардык кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө аткаруучу (ишти көтөрүүчү) мамлекеттик заказчыга кабарлайт.
4. Мамлекеттик заказчынын талабы боюнча патент ээси мамлекеттик коргоо заказын аткаруу үчүн курал-жарак жана аскердик техника даярдоочуга мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу курал-жарак жана аскердик техниканы иштеп чыгууга арналган келишимди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн коргоо документинин күчүндө турган бүткүл мөөнөтүнө пайдаланууга өзгөчөлүксүз акысыз лицензия берет.
5. Курал-жарак жана аскердик техниканы иштеп чыгууга арналган мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу келишимди аткарууда жаралган кызматтык ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө лицензияларды үчүнчү жактарга берүү мамлекеттик заказчынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
6. Патенттин ээси болбогон ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна ушул статьянын 1-пунктуна ылайык патент алган жак тарабынан сыйакы төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөдө ушул Мыйзамдын 8-статьясынын жоболору колдонулат.
Ушул статьянын 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган тартипте өзгөчөлүксүз акысыз лицензия берүүдө мындай лицензия мамлекеттик заказчынын талабы боюнча берилсе, авторго сыйакы мамлекеттик заказчы тарабынан төлөнөт. Сыйакы мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик заказчыга бөлүнүүчү каражаттардан төлөнөт.
(КР 2006-жылдын 7-августундагы N 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Конфиденциалдуулукту (жашыруундуулукту) сактоо
Кызматкер жана жалдоочу кызматтык ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө алдын ала патент, патент берүү жөнүндө маалыматтар же пайдалуу моделге күбөлүк берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган күнгө чейин кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөр жай үлгүсү жөнүндө өз ара макулдашылбаган ар кандай маалыматтарды ачык таратуудан токтоп турууга милдеттүү.
15-статья. Ушул Мыйзамды сактабагандык үчүн жоопкерчилик
Кызматкер өзү жараткан ойлоп табуу, пайдалуу модель же өнөр жай үлгүсү жөнүндө жалдоочуга кабарлоо жагынан, ошондой эле конфиденциалдуулукту (жашыруундуулукту) сактоо жагынан ушул Мыйзамдын талаптарын сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылууга кириптер болот. Жалдоочу тарабынан конфиденциалдуулуктун (жашыруундуулуктун) талаптарын бузуу учурунда келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жалдоочу төлөп берет.
16-статья. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш - тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
17-статья. Ушул Мыйзамды аракетке киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
1999-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган