Бишкек шаары
2010-жылдын 17-декабры N 328
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик
кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу
борборун жоюу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 8-декабрындагы N 300 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борбору (мындан ары Борбор) жоюлсун.
2. Борбордун 11 штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына, анын ичинде борбордук аппаратка 9 бирдик, Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондуна 2 бирдик өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык жоюу иш-чараларын эки айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" тууралуу токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" тууралуу токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы N 460 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 13-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы N 483 токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 28-декабрында N 117 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева