Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG254

Atrás

Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, 2017-жылдын 2-февралы № 19

 Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, 2017-жылдын 2-февралы № 19

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК КОДЕКСИ

2017-жылдын 2-февралы № 19

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилет)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК I БӨЛҮМ. ЖАЗЫК МЫЙЗАМЫ

1-глава. Жазык мыйзамы, анын максаттары жана принциптери 1-берене. Жазык мыйзамы жана анын максаттары 1. Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамы Кыргыз Республикасынын

Конституциясына, эл аралык укуктун жана ченемдердин жалпы таанылган принциптерине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге (мындан ары - эл аралык келишимдер) негизделген ушул Кодекстен турат.

2. Кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги каралган башка мыйзам актылары ушул Кодекске киргизилгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Ушул Кодекстин максаттары болуп инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат.

2-берене. Мыйзамдуулук принциби Жосундун кылмыштуулугу жана анын жазалуулугу, ошондой эле башка жазык-

укуктук кесепеттери ушул Кодекс менен гана аныкталат. 3-берене. Юридикалык аныктык принциби 1. Юридикалык аныктык кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга

негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык белгилерин ушул Кодекс менен так белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

2. Жазык мыйзамы жазалануучу жосунду (аракет же аракетсиздик) так жана айкын аныктоого тийиш жана кеңири чечмелөөгө жатпайт.

3. Жазык мыйзамын аналогу боюнча колдонууга тыюу салынат. 4-берене. Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби Ушул Кодексте каралган жосундарды жасаган адамдар мыйзам алдында тең

жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына,

диний ишенимине, курагына, саясий же башка көз караштарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка жагдайларга карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

5-берене. Күнөө принциби 1. Адам анын күнөөсү аныкталган аракеттер (аракетсиздик) жана аларды

жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Эч ким мыйзамдуу түрдө анын күнөөсү далилделмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү белгиленмейинче, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылууга жана жазык жазасына тартылууга мүмкүн эмес.

6-берене. Адилеттүүлүк принциби 1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана

жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш.

2. Эч ким бир эле кылмыш же жоруктар үчүн кайрадан жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.

7-берене. Жазык жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби Жазык жоопкерчилигине тартуу жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени

чечүүдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, жасалгандардын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген зыяндын өлчөмүн, жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алууга жана өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөөлөштүрүүгө тийиш.

8-берене. Жазык жоопкерчилигинин жана жазанын өздүк мүнөздөгү принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду атайылап же этиятсыздыктан жасаган адам гана кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жана жазаланууга жатат.

9-берене. Гуманизм принциби 1. Ушул Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын

өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.

2. Сот кылмыш жасаган адамга аны түзөтүү, ресоциалдаштыруу жана башка жаңы кылмыштарды жасоону алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында жазаны дайындайт. Жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары дене-бойго зыян келтирүүгө же адамдык ар-намысты кемсинтүүгө жатпайт.

3. Ушул Кодекске анда каралган жосундардын жазалуулугун же башка жазык- укуктук кесепеттерин негизсиз күчөтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн эмес.

10-берене. Жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принциби Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адам жазага жана/же жазык-укуктук

таасир этүүнүн башка чараларына тартылууга жатат. Жазык жоопкерчилигинен, жазадан же аны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле жазаны жеңилирээгине алмаштырууга ушул Кодексте каралган учурларда гана жол берилет.

2-глава. Жазык мыйзамын колдонуу чеги

11-берене. Жазык мыйзамынын убакыт боюнча колдонулушу 1. Жосундун кылмыштуулугу жана жазалуулугу ошол жосун жасалган убакытта

колдонулган мыйзам менен аныкталат. 2. Кылмыш жасалган убакыт деп, адам тарабынан мыйзамда каралган аракетти

же аракетсиздикти жасалган убакыт таанылат. 12-берене. Жазык мыйзамынын өткөн мезгилге карата колдонулушу 1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-

укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.

2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же жасалган кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдетүүчү же жарым-жартылай күчөтүүчү мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдетүүчү бөлүгүндө гана өткөн мезгилге карата колдонулат.

4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып, өкүм чыгарган мезгилге чейинки мыйзам бир нече жолу өзгөрүлсө, анда мыйзамдын жеңилирээги колдонулат.

5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти чечүү мезгилинде колдонулуучу мыйзамдын негизинде гана колдонулат.

13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштарга карата жазык мыйзамынын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга жатат.

2. Төмөнкү учурларда кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аякталган же бөгөт коюлган; 2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын

чегинен тышкары жерде башталган; 3) башка жосундар менен катар эле же жыйындысында кылмышты түзүп, анын

бир стадиясы Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган. 3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз

Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн жана башка жарандарынын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасалган учурда, эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

14-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган адамдарга карата жазык мыйзамынын колдонулушу

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар, эгерде алар башка мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча жаза тартпаса, ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга жатат.

15-берене. Кылмыш жасаган адамдарды өткөрүп берүү (экстрадиция)

1. Башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүп берилүүгө жатпайт.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде каралса, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн, же болбосо жаза өтөө үчүн башка мамлекетке өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Адам башка мамлекетке өткөрүп берилбей турган учурлар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде аныкталат. Мындай адамдын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекске ылайык чечилет.

16-берене. Соттолгондорду жаза өтөө үчүн өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган жана ал үчүн ушул

Кодекстин негизинде соттолгон чет өлкөлүк жарандар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде каралса, алар жараны болуп саналган мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берилиши мүмкүн.

17-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары адамды соттоонун жазык-укуктук кесепеттери

Эгерде эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же эгерде башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына тийбесе, башка мамлекеттин аймагында адамдын кылмыш жасоосунун жазык-укуктук кесепеттери ушул эле адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинин маселесин чечүү үчүн жазык-укуктук мааниге ээ болбойт.

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ 3-глава. Кылмыш түшүнүгү жана аны классификациялоо. Кылмыш үчүн

жоопкерчиликтин негизи 18-берене. Кылмыш түшүнүгү 1. Жазык мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана

жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш деп таанылат. 2. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган, жосундун белгилерине

формалдуу жана туура келген, бирок анчалык маанилүү эместигинен коомго коркунуч келтирбеген аракет же аракетсиздик кылмыш болуп саналбайт.

19-берене. Кылмыштарды классификациялоо 1. Ушул Кодекстин беренелеринде же беренелеринин бөлүктөрүндө жаза

катары каралган эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнө жараша кылмыштар анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.

2. Анча оор эмес кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, же болбосо беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралышы мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

3. Оор кылмыштарга беш жылдан, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалыш мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

4. Өзгөчө оор кылмыштарга он жылдан ашкан мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

20-берене. Созулуп кеткен кылмыш 1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган созулуп кеткен кылмыш деп, анын

жасалгандыгы аракет же аракетсиздиктен башталып, кийин үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылган жосун таанылат.

2. Аракет же аракетсиздик токтогон учурдан тартып, созулуп кеткен кылмыш аяктаган болуп саналат.

21-берене. Кылмыштар жыйындысы Кылмыштар жыйындысы деп, адам жасаган эки же андан көп кылмыштар

таанылат. Мында соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгон же акталган, же жазык жоопкерчилигинен бошотулган, же жазадан бошотулган кылмыштар эсепке алынбайт.

22-берене. Жалпы менен атайын ченемдердин атаандашуусундагы жана толугу менен бөлүктүн атаандашуусундагы жазык-укуктук квалификациясынын эрежелери

1. Ушул кодекстин атайын ченем болуп жалпы ченем сыяктуу эле ошол жосун үчүн жоопкерчиликти караган, бирок жалпы ченемде жок кылмыш курамынын кошумча белгилерин камтыган ченем саналат.

2. Эгерде ушул Кодекстин беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жосун жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусун түзсө, анда атайын ченемди камтыган берене (берененин бөлүгү) гана колдонулат. Ушул кодексти жалпы жана тиешелүү атайын ченемдерди караган беренелердин (беренелердин бөлүктөрүн) бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.

3. Жасалган жосунду толугу менен камтыган ченеми болгон ушул Кодекстин беренеси (берененин бөлүгү) жасалган жосундун бөлүгүн камтыган ченеми болгон беренеге (берененин бөлүгүнө) караганда колдонууда артыкчылыкка ээ болот. Аякталган кылмыш жөнүндө ченем аякталбаган кылмыш жөнүндө ченемге караганда, кылмышты аткаруу жөнүндө ченем андагы кылмышты уюштуруучунун, шыкакчынын же көмөкчүнүн кошо катышуусу жөнүндө ченемге караганда, курамдуу кылмыш жөнүндө ченем (кылмыш жыйындысы мыйзамы менен эске алынган) мындай кылмыштын бөлүгү каралган ченемге караганда ушундай артыкчылыкка ээ болушат.

23-берене. Атайын эки ченем атаандашууда жазык-укуктук квалификациялоо эрежелери

1. Ушул Кодекстин жеңилдетүүчү белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган берене (берененин бөлүгү) оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар кылмыш жөнүндө атайын ченемди караган беренеге караганда артыкчылыкка ээ болот.

2. Жеңилдетүүчү белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренелеринин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда жеңилирээк жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.

3. Оордотуучу (квалификациялоочу) белгилери бар атайын ченемдерди камтыган ушул Кодекстин бир нече беренесинин (беренелердин бөлүктөрүнүн) ичинен колдонууда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө катуураак жаза каралган беренеге (берененин бөлүгүнө) артыкчылык берилет.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, эки атайын ченем атаандашууда башка бардык учурларда анча катуу эмес жаза, ал

эми жаза чаралары бирдей болгондо, адамдын абалын башкача түрдө жакшырткан ченем колдонулат.

24-берене. Жазык-укуктук квалификациянын атайын эрежелери 1. Адам атайылап же этиятсыздыктан жасаган кылмыштын натыйжасында

кылмыштын курамынын белгиси катары тикелей көрсөтүлбөгөн өзгөчө оор зыян келтирилсе, квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана киши өлтүрүү же этиятсыздыктан өлүмгө дуушар кылуу, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же өзүн-өзү өлтүрүүгө көндүрүү үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин 21-главасынын тиешелүү беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жүзөгө ашырылат. Мында, жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

2. Адам жосунду уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында же болбосо кызыкчылыгында жасаган учурда, ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган жоболорду эске алуу менен квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана ушул Кодекстин 248 же 249-беренелеринин тиешелүү бөлүгү боюнча жүзөгө ашырылат. Мында жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

Бул жобо адам мыйзамсыз диний тобун, уюшкан тобун, кылмыштуу уюмду, куралдуу кошуундарды; экстремисттик уюмду уюштургандыгы (түзгөндүгү) үчүн, ошондой эле аларды жетектегендиги же аларга катышкандыгы үчүн жаза жоопкерчилигине тартылган учурларда колдонулбайт.

3. Кылмыш кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, квалификация адам жасаган жосунду караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жана ушул Кодекстин 320- беренесинин тиешелүү бөлүгү боюнча жүзөгө ашырылат. Мында жаза ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелерди эске алуу менен дайындалат.

Бул жобо атайын субъект катары кызмат адамы тарабынан кылмыш жасалган кылмыш курамынын белгиси болуп тикелей көрсөтүлгөн учурларда колдонулбайт.

25-берене. Кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигинин негизи Кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигинин негизи болуп ушул Кодексте каралган

кылмыш курамынын бардык белгилерин камтылган, укукка каршы жосунду жасоо саналат.

4-глава. Жазык жоопкерчилигине жаткан адам (кылмыштын субъекти) 26-берене. Кылмыштын субъекти 1. Кылмыштын субъекти болуп ушул Кодекске ылайык жазык жоопкерчилиги

келип чыккан куракта кылмыш жасаган акыл-эси жайында адам саналат. 2. Атайын субъект болуп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилерге

ээ болгон жана белгилүү бир гана адам субъект болууга мүмкүн болгон кылмышты жасаган адам саналат.

3. Юридикалык жак кылмыштын, жазык жоопкерчилигинин жана жазанын субъекти болуп саналбайт. Юридикалык жакка ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана чектерде жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.

27-берене. Акыл-эси жайында эместик

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мезгилде акыл эси жайында эмес абалда болгон, башкача айтканда, өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана келтирүүчү зыянын аңдап биле албаган же өнөкөт жин оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыктын же психиканын башка оорулуу абалынын айынан аларды башкара албай калган адам жазык жоопкерчилигине тартууга жатпайт.

2. Кылмышты акыл-эси жайындагы абалда жасаган, бирок сот өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) аңдап-билүү же аларды жетектеп билүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраткан жин оорусу менен ооруп калган адам жазага тартылууга жатпайт. Мындай адамга соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулушу мүмкүн, ал эми айыгуудан кийин мындай адамга жаза берилиши мүмкүн.

28-берене. Чектелүү акыл-эси жайындалык 1. Эгерде кылмыш жасоо мезгилинде психикасынын бузулушунун айынан

өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомго келтирүүчү зыянын толук аңдап биле албаган же аларды жетектей албаган адам акыл-эси жайындалыгы чектелген деп сот тарабынан таанылышы мүмкүн.

2. Адамдын чектелүү акыл-эси жайындалык деп таануу медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу үчүн негиз болушу мүмкүн, бирок аны жазадан бошотпойт.

29-берене. Мас абалда жасалган кылмыш үчүн жазык жоопкерчилиги Алкоголду, баңги зат каражаттарын же башка маң заттарын пайдалануу менен

мас абалында кылмыш жасаган адам жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат. 30-берене. Жазык жоопкерчилиги келип чыгуучу курак 1. Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка чыккан адам жазык

жоопкерчилигине тартылууга жатат. 2. Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка чыккан адам ушул Кодекске ылайык

киши өлтүрүү (130-берене), ден соолукка оор зыян келтирүү (138-берене), ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү (139-берене), зордуктоо (161-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери (162-берене), киши уурдоо (170- берене), кишилерди соода кылуу (171-берене), уурдоо (200-берене), тоноо (201- берене), каракчылык (202-берене), опузалап талап кылуу (203-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (206-берене), бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу (210-берененин 2-бөлүгү), терроризм актысы (239-берене 2 жана 3- бөлүктөрү), барымтага алуу (244-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап талап кылуу (257-берене), бейбаштык (266-берене), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо (267-берене), баңги каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо, же болбосо опузалап талап кылуу (271-берене), транспорт каражаттарын же катнашуу жолдорун жараксыз абалга келтирүү (299-берене) үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

5-глава. Күнөө 31-берене. Күнөө 1. Ушул Кодексте каралган, өзү жасачу жосунга (аракетке же аракетсиздикке)

жана анын укукка каршы кесепеттерине карата адамдын психикалык мамилеси күнөө болуп саналат. Күнөөнүн формасы болуп ниет же кокустук болушу мүмкүн.

2. Инсанга, коомго, мамлекетке же адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле аны келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер деп таанылат.

3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан (жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан) жосун жасоо тикелей көрсөтүлбөсө, анда мындай жосунду атайылап жасагандыгы үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

4. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан зыян келтирүү тикелей көрсөтүлбөсө, анда атайылап зыян келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

32-берене. Атайылап жасалган кылмыш 1. Тикелей же кыйыр ниет менен жасалган укукка каршы жосун атайылап

жасалган кылмыш деп таанылат. 2. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян

келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа, же болбосо зыян келтирүү болбой койбостугун алдын ала көрө билсе, кылмыш түздөн-түз ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе, зыян келтирүүнү каалабаса, бирок зыян келтирүүгө түшүнүп туруп жол берсе (зыян келтирилишине кайдыгер болсо) кылмыш кыйыр ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.

33-берене. Этиятсыздык кылмышы 1. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан жасалган укукка каршы жосун

этиятсыздык кылмыш деп таанылат. 2. Эгерде адам өз жосунуна жазыктык укукка каршылык катары баа бербесе,

бирок этияттык кылуу зарылдыгын түшүнсө жана зыян келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала көрө билсе, ага карабастан зыян келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, кылмыш жеңил ойлуулуктан жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына текебердик менен мамиле кылгандыктан, мындай зарылдыкты түшүнүүгө жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн көрө билүүгө тийиш болсо да, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса кылмыш этибарсыздыктан жасалган деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана/же башка адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

34-берене. Күнөөсүз зыян келтирүү (кокустук) Эгерде адам өз аракетинин же аракетсиздигинин мүнөзүн жана маанисин

түшүнбөсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрө билбесе жана иштин жагдайлары боюнча ал болбоого тийиш болсо жана/же аны алдын ала көрө албаса, зыян күнөөсүз келтирилген болуп эсептелет.

6-глава. Аякталган жана аякталбаган кылмыш (кылмыш жасоонун стадиялары)

35-берене. Аякталган кылмыш Ушул Кодексте каралган жосундун курамынын бардык белгилери бар кылмыш

аякталган деп таанылат. 36-берене. Улантылган кылмыш

1. Ушул Кодекстин беренелеринин биринде (берененин бөлүктөрүнүн биринде) каралган, бирдиктүү бир ниетте жасалган эки же андан көп бир түрдүү жосундарды камтыган кылмыш улантылуучу болуп эсептелет.

2. Улантылуучу кылмыш акыркы жосунду жасаган учурдан тартып аякталган болуп саналат.

37-берене. Аякталбаган кылмыш Кылмышка даярдык көрүү жана кылмышка аракеттенүү аякталбаган кылмыш

деп таанылат. 38-берене. Кылмышка даярдык көрүү 1. Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү

же ылайыкташтыруусу, кошо катышуучуларды издөөсү, кылмыш жасоого бүтүм кылуусу, же болбосо кылмыш жасоо үчүн шарттарды атайылап түзүүсү, эгерде мында анын эркинен көз карандысыз себептер боюнча кылмыш аягына чейин чыгарылбаса, кылмышка даярдык көрүү деп таанылат.

2. Жазык жоопкерчилиги оор же өзгөчө оор кылмыштарга даярдык көргөндүк үчүн гана келип чыгат.

3. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазык жоопкерчилиги ушул беренеге шилтеме кылуу менен аякталган кылмыш сыяктуу эле, ушул Кодекстин ошол эле беренеси боюнча аныкталат.

39-берене. Кылмышка аракеттенүү 1. Адам ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган

кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган жосунду (аракетти же аракетсиздикти), эгерде мында кылмышты анын эркине баш ийбеген себептер боюнча аягына чейин чыгарбаса, тикелей ниеттенүү менен жасоосу кылмышка аракеттенүү деп таанылат.

2. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди аткарса, бирок анын эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аягына чыгарылбаса, кылмышка аракеттенүү аякталган болуп эсептелет.

3. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди, өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча жасабаса, кылмышка аракеттенүү аякталбаган деп саналат.

4. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилиги, ушул беренеге шилтеме кылып, аякталган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренеси боюнча аныкталат.

40-берене. Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу 1. Эгерде мында кылмышты аягына чейин жеткирүү мүмкүндүгүн түшүнүп турса

дагы, адам өз эрки менен кылмышка даярдык көрүүсүн же кылмышка аракеттенүүнү толук токтотуусу, кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу деп таанылат.

2. Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан адам жазык жоопкерчилигине тартууга жатпайт. Адам иш жүзүндө жасаган жосуну кылмыштын башка курамынын белгилерин камтыган учурда гана жазык жоопкерчилигин тартат.

7-глава. Кылмышка кошо катышуу 41-берене. Кошо катышуу түшүнүгү

Кылмыштын эки же андан көп субъекттеринин атайылап жасалган кылмышка атайылап биргелешип катышуусу кылмышка кошо катышуу деп таанылат.

42-берене. Кылмышты аткаруучулук Кылмышты түздөн-түз жасаган же башка адам (кошо аткаруучу) менен

биргелешип аны жасоого түздөн-түз катышкан адам, ошого тете эле курагынын, акыл-эси жайында эместигинин же башка жагдайлардын айынан ушул Кодекске ылайык жазык жоопкерчилигине тартууга жатпаган башка адам аркылуу кылмыш жасаган адам аткаруучу болуп саналат.

43-берене. Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү 1. Аткаруучулар менен катар эле уюштуруучулар, шыкакчылар жана көмөкчүлөр

кылмышка кошо катышуучулар деп таанылат. 2. Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган

адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат.

3. Кылмыш жасоого башка кошо катышуучуну көндүргөн адам шыкактоочу деп таанылат.

4. Билип туруп, башка кошо катышуучулар тарабынан кылмыштын жасалышына кеңештерди, көрсөтмөлөрдү, каражаттарды берүү, же болбосо тоскоолдуктарды жоюу аркылуу көмөк көрсөткөн адам, ошого тете кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын, же болбосо каражатын, кылмыштын изин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган предметтерди жашырууга, мындай предметтерди сатып алууга, же болбосо сатып өткөрүүгө же башка ыкма менен кылмышты жашырууга көмөк көрсөтүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп таанылат.

5. Мурда убада бербестен кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын же болбосо каражаттарын, кылмыш изин же болбосо кылмыш жолу менен алынган предметтерди же мындай предметтерди сатып алууну, же болбосо сатып өткөрүүнү жашыруу кошо катышуу болуп саналбайт. Бул жосундарды жасаган адамдар ушул Кодекстин 348-беренесинде каралган учурларда гана жазык жоопкерчилигине тартууга жатат.

44-берене. Кылмышка кошо катышуу формалары 1. Сүйлөшүүлөрсүз эки же андан көп адам биргелешип кылмыш жасаган

адамдардын тобу деп саналат. 2. Мурда, башкача айтканда кылмыш жасоону баштаганга чейин аны

биргелешип жасоо жөнүндө сүйлөшүп алган жана биргелешип кылмыш жасаган эки же андан көп адам сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу болуп саналат.

3. Уюшкан тобу деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат: 1) бир нече адамдан турган (үч жана андан көп); 2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды)

жасоо жөнүндө сүйлөшүүлөрү болгон; 3) туруктуу бирикме болуп саналган; 4) максаты бир же бир нече кылмышты жасоо болуп саналган; 5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн. 4. Кылмыштуу уюм деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат: 1) бир нече адамдан турган (төрт жана андан көп);

2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө сүйлөшүүлөрү болгон;

3) туруктуу жана иерархиялык бирикме болуп саналган; 4) максаты болуп бир нече оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо саналган; 5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн. 45-берене. Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу

тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу жасаган кылмыштын аткаруучусу жана башка кошо катышуучулары биргелешкен укукка каршы жосунда алардын жеке күнөөлөрүнүн негизинде гана, алардын ар биринин кылмыш жасоого катышуусунун мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) алар тарабынан жасалган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Уюштуруучу, шыкактоочу жана көмөкчү, аткаруучу тарабынан жасалган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) жана 43-беренесинин тиешелүү бөлүгү боюнча, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

4. Аткаруучу аякталбаган кылмышты жасаган учурда башка кошо катышуучулар аякталбаган кылмышка катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

5. Кылмыш жасоого анын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча башка адамдарды көндүрө албаган адам кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

46-берене. Уюшкан топтун жана кылмыштуу уюмдун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту (кылмыштуу уюмду) түзгөн, же болбосо аларга жетекчилик кылган адам уюшкан топ же кылмыштуу уюм тарабынан жасалган кылмыштардын бардыгы үчүн, эгерде алар анын ниетин камтыган болсо, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун башка кошо катышуучулары даярдык көрүүгө же жасоого кошо катышкан кылмыштары үчүн кылмышта ар биринин аткарган ролуна карабастан, эгерде аларда анын ниети болсо жана уюшкан топту же кылмыштуу топту түзүү максатынын алкагына кирсе, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында, же болбосо кызыкчылыгында жасалган кылмыштарды квалификациялоонун атайын эрежелери ушул Кодекстин 24-беренесинде белгиленген.

47-берене. Кылмыш аткаруучунун эксцесси Аткаруучунун кошо катышуучулар менен келишимге келгендин чегинен чыккан

жана алардын ниетинде камтылбаган кылмыш жасоо аткаруучунун эксцесси деп таанылат.

48-берене. Кылмышка кошо катышуучуларынын ыктыярдуу баш тартуусу

1. Аткаруучу (кошо аткаруучу) кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 40-беренесинде каралган шарттар болгондо, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт. Мында башка кошо катышуучулар аткаруучу жасоодон ыктыярдуу баш тарткан ошол кылмышка даярдык көргөндүгү же ошол кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюштуруучу, шыкакчы же көмөкчү ыктыярдуу баш тарткан учурда, эгерде алар кылмыш жасоону болтурбаса же даярдалып жаткан же жасалуучу кылмыш тууралуу тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына өз убагында кабарласа, жазык куугунтугуна алынбайт. Ошондой эле көмөкчүнүн ыктыярдуу баш тартуусу деп кылмыш жасоого каражаттарды же куралдарды бербегендиги, же болбосо кылмыш жасоодогу тоскоолдуктарды четтетбегендиги болуп саналат.

3. Кошо катышуучулардын кимдир-бирөөсү ыктыярдуу баш тарткан учурда аткаруучу кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмышка аракеттенүү үчүн, анын жосуну бул стадиялардын кайсынысында үзгүлтүккө учураганына жараша жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ БОЛУП САНАЛБАГАН ЖОСУНДАР 8-глава. Жосундун жазык укуктук каршылыктуугун алып салуучу

жагдайлар 49-берене. Зарыл коргонуу 1. Кол салган адамга, эгерде коргонуучу же башка адамдын өмүрүнө жана ден

соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен бул кол салуу коштолсо, коргонуучу же башка адамдардын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомго коркунуч келтирген кол салуудан коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо, башкача айтканда, зарыл коргонуу абалда келтирилген зыян кылмыш деп саналбайт.

2. Эгерде мында зарыл коргонууда чегинен аша чаап кетүүгө, башкача айтканда, кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна туура келбеген атайылап жасалган аракеттерге жол берилбесе, коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен коштолбогон кол салуудан коргонуу, ошондой эле бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу үчүн кол салуудан коргонуу укук ченемдүү болуп саналат.

3. Зарыл коргонуу чектеринен аша чаап кетүү деп, кол салуунун мүнөзүнө жана коомго коркунуч келтирген даражасына анык ылайык келбеген коргонуунун, анын натыйжасында кол салуучуга жагдай талап кылбоочу, ашыкча, оор зыян келтирүү таанылат.

4. Эгерде бул адам күтүлбөгөн кол салуунун айынан кол салуунун коркунуч келтирүү даражасына жана мүнөзүнө калыс баа бере албаганда, коргонуучу адамдын аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу деп саналбайт. Мында күтүлбөгөн кол салууга байланыштуу, же болбосо этиятсыздык себебинен улам кол салуучу адамдын денесине жаракат келтирүү, анын ичинде аны өлүмгө дуушар кылуу жазык жоопкерчилигине алып келбейт.

5. Коргонуучу адамдын турак жайында мыйзамдуу негиздерде жашап жаткан (болгон) адамдардын эркине каршы жасалган, кол салган адамдардын мыйзамсыз жана зомбулук менен алардын турак жайына кирип келүүсүнөн, коргонууда кол салуучунун денесине жаракат келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө дуушар кылган аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп саналбайт.

6. Кол салуучуга келтирилген зыяндын оордугуна карабастан, куралды же ар кандай башка каражаттарды, же болбосо төмөнкүлөр үчүн куралды колдонуу да зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп саналбайт жана жазык жоопкерчилигине алып келбейт:

1) куралчан адамдын кол салуусунан коргонуу; 2) топтук кол салуудан коргонуу. Ушул беренеде топтук кол салуу деп, кош бойлуулугу айкын көрүнүп турган

аялдардын, же болбосо жаш балдар экени айкын көрүнүп турган адамдардын кол салуусун кошпогондо, эки же андан ашык адамдардын кол салуусу эсептелет.

7. Ушул берененин жоболору алардын кесиптик же башка атайын даярдыгына жана кызмат абалына карабастан, ошондой эле коомго коркунуч келтирген кол салуудан качуу же башка адамдарга же бийлик органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан, бардык адамдарга тең мерчемде жайылтылат.

50-берене. Аргасыз зарылдык 1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда, ушул адамдын же башка

адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун, мамлекеттин жана адамзаттын кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн, эгерде ошол жагдайларда бул коркунучту башка каражаттар менен жоюуга болбосо жана алдын алгандагы зыянга караганда келтирилген зыян анча олуттуу эмес болсо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде коркунучтун алдын алууга ак ниеттүүлүк менен умтулган адамдын аракетине карабастан, коркунучту алдын алуу максатында жасалган аракеттери өзүнүн максатына жетпей калган жана зыян келтирилген учур дагы аргасыз зарылдык абалы деп таанылат.

3. Келтирилген коркунучтун тиешелүү мүнөзүнө жана даражасына, коркунуч жоюлган жагдайларга ачыктан ачык туура келбеген зыянды атайылап келтирүү, алдын алынган зыянга тең же андан кыйла олуттуу зыян аталган кызыкчылыктарга келтирилсе, аргасыз зарылдыктан аша чабуу деп таанылат. Мында этиятсыздыктан зыян келтирүү жазык жоопкерчилигине алып келбейт.

4. Адам эгерде келтирилген коркунучтуу кооптуулуктан улам катуу толкундоого алдырып, келтирилген зыяндын ошол коркунучка туура келүүсүн баалай албаса, аргасыз зарылдыктан аша чапкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга жатпайт.

51-берене. Күч колдонуу же психикалык мажбурлоо 1. Түздөн-түз күч колдонуп, адамды мажбурлоонун таасиринде жасалган, анын

айынан өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) жетектей албай калган адамдын укук коргоочу кызыкчылыктарга зыян келтирген аракети же аракетсиздиги кылмыш болуп саналбайт.

2. Психикалык жана (же) күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында, адам өзүнүн аракеттерин жетектөө мүмкүндүгүн сактаса, укук коргоочу кызыкчылыктарга зыян келтиргендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 50- беренесинин жоболорун эске алуу менен чечилет.

52-берене. Кылмыш жасаган адамды кармоо 1. Жазык-укукка каршы кол салуу (кылмыш же ушул Кодекске ылайык курагына,

акыл-эси жайында эместигине же башка жагдайларга байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болбогон адамдын укукка каршы жосуну) жасаган

учурда же ал түздөн-түз жасагандан кийин кармалганда, эгерде алар кармалганды бийлик органдарына берүү максатында жасалса жана эгерде мындай адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүнчүлүк болбогондо жана мында кармоо чараларынын кармалган адам тарабынан жасалган жазык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына анык ылайык келбегендигине жол берилбесе, жабырлануучунун же башка адамдардын ошол адамга зыян келтирген аракеттери кылмыш болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана усулдарынын кармалган адам жасаган жазык- укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына анык ылайык келбегендиги, анын айынан адамга кармоонун зарылдыгы талап кылбаган зыян атайылап келтирилсе, ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу ушул Кодекстин 132- жана 140-беренелеринде каралган учурларда гана кылмыш үчүн жоопкерчиликке алып келет. Мында, этиятсыздыктан зыян келтирүү жоопкерчиликке алып келбейт.

53-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу

1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматы менен каралган милдеттерди мыйзамдуу аткарууда келтирилген зыян кылмыш болуп саналбайт.

2. Анык кылмыштуу буйрукту (тескемени) аткарууда кылмыш жасаган адам жалпы негизде жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Адам буйрукту (тескемени) же кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, же болбосо башка бузгандыгы үчүн, эгерде алар укук ченемсиз жүктөлгөн болсо, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

54-берене. Негизделген тобокелдик 1. Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн негизделген тобокелдик болгондо

укук корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүү кылмыш болуп саналбайт. 2. Эгерде жасалган жосун заманбап илимий-техникалык билимдерге жана

тажрыйбага туура келсе, коюлган максат тобокелдик менен байланышпаган аракеттерден улам жетүүгө мүмкүн болбогондо жана мында тобокелдикке жол берген адам укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негизделген деп саналат.

3. Эгерде тобокелдик алдын ала билип туруп, адамдардын өлүмү, экологиялык кыйроо коркунучу, же болбосо башка оор кесепеттердин башталышы менен коштолсо, тобокелдик негизделген деп таанылбайт.

55-берене. Атайын тапшырманы аткаруу 1. Уюшкан топко же болбосо кылмыштуу уюмга катышып, алардын кылмыштуу

ишин алдын алуу же бетин ачуу максатында атайын тапшырманы аткарган адамдын укук менен корголгон кызыкчылыктарга аргасыздан зыян келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун курамында адамдын өлүмүнө, оор зыянга алып келген оор же өзгөчө оор кылмышты атайылап жасагандыгы үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Сот, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындай албайт. Мындай адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза чоң мөөнөткө, ушул кылмыш үчүн мыйзамда каралган эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнүн жарымынан көп мөөнөтүнө дайындалышы мүмкүн эмес.

9-глава. Кылмыш болуп саналбаган башка жосундар 56-берене. Кылмыш болуп саналбаган жосундар Ушул Кодекске ылайык анчалык маанилүү эмес жосун (57-берене), кылмыш

жасоодон ыктыярдуу баш тартуу (40, 48-беренелер), анча оор эмес кылмышка даярдык көрүү (38-берененин 2-бөлүгү), кокустук (34-берене), түркөй адам тарабынан жараксыз каражаттарды колдонуу (58-берене) кылмыш болуп саналбайт.

57-берене. Анча маанилүү эмес жосун 1. Ушул Кодексте каралган кандайдыр-бир жосундун белгилерин формалдуу

түрдө камтыса да, бирок олуттуу зыян келтирбеген же келтирбей турган аракет (аракетсиздик) анча маанилүү эмес жосун деп таанылат.

2. Жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган жосун анча маанилүү эмес жосун деп таанылууга мүмкүн эмес.

58-берене. Түркөй адамдын жараксыз каражаттарды колдонуусу Эгерде адамдын түркөй экендигинин айынан ал жосун жасоо үчүн колдонгон

каражаттан зыян келтирилбесе, кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмыш далалаты үчүн адам жазыктык куугунтуктоого алынбайт.

IV БӨЛҮМ. ЖАЗЫК-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ

10-глава. Мажбурлоочу мүнөзгө ээ эмес жазык-укуктук таасир этүү чаралары

59-берене. Жосундун кылмыштан арылтылгандыгына байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу

Жосун кылмыштан арылтылган учурда, башкача айтканда ушул Кодексте каралган жосундун жазык жазалануусун алып салган мыйзам күчүнө киргенде, адам сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен токтоосуз бошотулат.

60-берене. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жазык жоопкерчилигинен бошотуу

Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда адам сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

61-берене. Жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу

1. Анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген зыяндын ордун толтурса, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин тиешелүү беренелер тизмегинде көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

2. Кылмыштуу топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасаган адам ушул берененин 1-бөлүгү боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотууга жатпайт.

62-берене. Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу

1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, ал сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен бошотулат:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда; 2) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда; 3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш

уюшкан топтун, кылмыштуу уюмдун курамында жасалса. 2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү

токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра улантылат. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып он беш жыл өтсө, мында адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр өткөнгө чейин адам кайра жаңы кылмыш жасаса, эскирүүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Мында эскирүү мөөнөтүнүн эсеби жаңы кылмыш жасалган күндөн тартып кайтадан башталат. Мында эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш үчүн өзүнчө эсептелет.

4. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мүмкүн болгон өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

5. Эгерде иммунитетке ээ болгон адамга карата жазык иши козголсо жана ал иммунитеттин болгонуна байланыштуу токтотулуп турса, анда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.

6. Ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 143-беренесинде, 161- берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 3- бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 239-беренесинде, 314-беренесинде, 319- беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 320-беренесинин 4-бөлүгүндө, 323- беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 380-390, 392 жана 393-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

11-глава. Кылмыш үчүн жаза жана анын максаттары. Кылмыш үчүн жазалардын түрлөрү

63-берене. Кылмыш үчүн жаза түшүнүгү жана анын максаттары 1. Кылмыш үчүн жаза кылмыш жасаганына күнөөлүү деп таанылган адамга

карата соттун өкүмү боюнча колдонулуучу жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат жана соттолгондун ушул Кодексте каралган укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөнү билдирет.

2. Адамды жазалоонун максаты болуп күнөөлүүнү түзөтүү жана ресоциалдаштыруу, жаңы кылмыштарды жасоонун алдын алуу, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат.

64-берене. Кылмыш үчүн жазанын түрлөрү

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан негизги жазанын жеңилирээгинен катуураагына чейинки градациядагы түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган: а) коомдук иштер; б) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен

алектенүү укугунан ажыратуу; в) түзөтүү жумуштары; г) айып. Мында, түзөтүү жумуштарынын жана айыптын салыштырмалуу катуулугу

алардын конкреттүү өлчөмү менен аныкталат; 2) коомдон обочолонтуу менен байланышкан: а) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо; б) эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу; в) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу. 2. Сот тарабынан төмөнкүлөр кошумча жаза катары колдонулушу мүмкүн: 1) кызматтык абалын же кызматтык абалда берилген мүмкүндүктөрдү

пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда - атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу;

2) оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда - мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу.

Эгерде тиешелүү наам, чен, же болбосо сыйлык кызматтык жасалмачылыктын же башка кылмыштын натыйжасында ыйгарылса, адам ошондой эле сот тарабынан атайын, аскердик, ардак наамдарынан, дипломатиялык рангынан, класстык чендеринен, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат.

Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу негизги гана эмес кошумча жаза катары да колдонулушу мүмкүн.

3. Бир кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкцияларында каралган негизги бир гана жаза дайындалат. Негизги жазага ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте бир же бир нече кошумча жаза кошулушу мүмкүн.

4. Адамдын өлүмүнө алып келген кылмыштар үчүн негизги жаза катары коомдук иштер, түзөтүү жумуштары, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, ошондой эле айып мыйзамда белгиленбейт жана сот тарабынан колдонулбайт.

5. Жазанын түрлөрү ушул Кодекске карата баяндалган 2-тиркемедеги эрежелерге ылайык катуулук даражасы боюнча өз ара байланышта болот.

65-берене. Коомдук иштер 1. Коомдук иштер соттолгон адам тарабынан негизги иштен жана окуудан бош

убакытта коомдун пайдасына акысыз иштерди аткаруудан турат, алардын конкреттүү түрлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык пробация органдары менен бирдикте муниципалдык кызмат тарабынан аныкталат.

2. Коомдук иштер иштен жана окуудан бош убакытта - күнүнө 4 сааттан ашпаган убакытка, ал эми иштебегендер жана окубагандар үчүн - күнүнө 8 сааттан ашык убакытка чейин аткарылат.

3. Коомдук иштер төрт категорияга бөлүнөт: 1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 40тан 60 саатка чейин, башка адамдар

үчүн - 60тан 120 саатка чейин; 2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 60тан 80 саатка чейин, башка адамдар

үчүн - 120дан 200 саатка чейин; 3) III категория: жашы жетелектер үчүн - 80ден 100 саатка чейин, башка адамдар

үчүн - 200дөн 280 саатка чейин; 4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - 100дөн 120 саатка чейин, башка

адамдар үчүн - 280ден 360 саатка чейин. 4. Коомдук иштер мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына, I жана II топтогу

майып деп таанылган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, пенсия курагына жеткен адамдарга, ошондой эле коомдук иштердин мөөнөтү аяктагандан мурдараак пенсия курагына келип калган адамдарга дайындалбайт.

5. Адам коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда, жаза аткарууну алып баруучу органдын сунушу менен, сот бул боюнча адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка жаза менен алмаштырат.

6. Сот өкүмүнүн токтому чыккандан кийин баланы багуу боюнча өргүүгө чыккан коомдук иштерге соттолгон адамга карата сот коомдук иштерди төмөнкүдөй айып салууга алмаштырат:

1) I категориядагы коомдук иштер - I категориядагы айыптын 25 пайызы; 2) II категориядагы коомдук иштер - II категориядагы айыптын 25 пайызы; 3) III категориядагы коомдук иштер - III категориядагы айыптын 25 пайызы; 4) IV категориядагы коомдук иштер - IV категориядагы айыптын 25 пайызы. Айыпты төлөөдөн баш тартканда, адам ушул Кодекстин 351-беренесинин

негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат. 7. Коомдук иштерге соттолгон адамга карата, соттун өкүмүнүн токтому

чыккандан кийин I же II топтогу майып деп таанылса, ошондой эле кош бойлуу аялга карата, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин билинсе, анда ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат

66-берене. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу

1. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кылмыш жасаган адамга мамлекеттик кызматынын же муниципалдык кызматынын кызмат ордун ээлөөгө, же болбосо белгилүү бир кесиптик же башка иш менен алектенүүгө тыюу салынгандыгын билдирет.

2. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана төрт категорияга бөлүнөт:

1) I категория - бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө;

2) II категория - эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө; 3) III категория - үч жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө; 4) IV категория - төрт жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө. 3. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен

алектенүү укугунан ажыратуу, эгерде адам белгилүү бир кызмат ордун ээлебегенде же белгилүү бир иш менен алектенбегенде жасалмак эмес кылмышты жасаган мүнөзүнөн улам бул жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде (беренесинин бөлүгүндө) каралбаса, жазанын кошумча түрү катары алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

4. Кылмыштын өзгөчө субъектти тарабынан кызматтык абалын пайдаланып жасалган, жашы жетелек адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна же жыныстык кол тийбестигине каршы атайылап кылмыш жасалган учурда белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын кошумча түрү катары сот тарабынан милдеттүү түрдө дайындалат. Мында жазанын бул түрүнүн максималдуу мөөнөтү төрт эсеге, бирок жыйырма жылдан көп эмес жалпы мөөнөткө көбөйтүлөт.

5. Жазанын негизги түрү катарында коомдук иштер же айып дайындалганда, ошондой эле пробациянын шарттарын колдонуу менен жазадан бошотулганда жазанын кошумча түрү катары дайындалган белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

6. Түзөтүү жумуштарына, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазанын кошумча түрү катары белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу дайындалганда, ал жазанын негизги түрүн өтөөнүн бүткүл мөөнөтүнө жана мындан тышкары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген мөөнөткө да жайылтылат.

67-берене. Түзөтүү жумуштары 1. Түзөтүү жумуштары соттолгон адамдын иштеген жери боюнча, ал эми

айкалыштырып иштеген учурда, соттолгондун негизги иштеген жери боюнча өтөлөт.

2. Түзөтүү жумуштары төрт категорияга бөлүнөт: 1) I категория: жашы жетелектер үчүн - эки айдан төрт айга чейин, башка

адамдар үчүн - бир жылдан бир жыл алты айга чейин; 2) II категория: жашы жетелектер үчүн - төрт айдан алты айга чейин, башка

адамдар үчүн - бир жыл алты айдан эки жылга чейин; 3) III категория: жашы жетелектер үчүн - алты айдан тогуз айга чейин, башка

адамдар үчүн - эки жылдан эки жыл алты айга чейин; 4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - тогуз айдан бир жылга чейин, башка

адамдар үчүн - эки жыл алты айдан үч жылга чейин. 3. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун эмгек акысынын (акчалай үлүшүнүн)

суммасынан мамлекеттин кирешесине соттун өкүмү менен белгиленген өлчөмдө, 20 пайыздан 25 пайызга чейинки чектеги сумманы чегерүү жүзөгө ашырылат.

4. Түзөтүү жумуштары туруктуу жумуш орду жок адамдарга, кош бойлуу аялдарга, бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, мөөнөттүү

кызматтын аскер кызматчыларына, ошондой эле түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү аяктагандан мурдараак пенсия курагына келип калган адамдарга дайындалбайт.

5. Түзөтүү жумуштарына соттолгон адам түзөтүү жумуштарын өтөөдөн кыянаттык менен качса, сот пробация органынын сунушу боюнча түзөтүү жумуштарын, адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка катуураак жаза менен алмаштырат.

6. Соттун өкүмү чыгарылгандан кийин адам ишин жоготсо жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпосо, сот түзөтүү жумуштарын төмөнкүдөй эсеп менен айып салууга алмаштырат:

1) I категориядагы түзөтүү жумуштары - I категориядагы коомдук иштер менен; 2) II категориядагы түзөтүү жумуштары - II категориядагы коомдук иштер менен; 3) III категориядагы түзөтүү жумуштары - III категориядагы коомдук иштер

менен; 4) IV категориядагы түзөтүү жумуштары - IV категориядагы коомдук иштер

менен. Коомдук иштерге соттолгон адам коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен

качса, сот жазаны өтөө карамагында болгон органдын сунушу боюнча сот бул жазаны адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка жаза менен алмаштырат.

7. Түзөтүү жумуштарына соттолгон адам соттун өкүмүнүн токтому чыккандан кийин баланы багуу боюнча өргүүгө чыкса, сот түзөтүү иштерин төмөнкүдөй эсеп менен айып салууга алмаштырат:

1) I категориядагы түзөтүү жумуштары - I категориядагы айыптын 50 пайызы; 2) II категориядагы түзөтүү жумуштары - II категориядагы айыптын 50 пайызы; 3) III категориядагы түзөтүү жумуштары - III категориядагы айыптын 50 пайызы; 4) IV категориядагы түзөтүү жумуштары - IV категориядагы айыптын 50 пайызы. Айыпты төлөөдөн качканда, адам ушул Кодекстин 351-беренесинин негизинде

жазык жоопкерчилигине тартылат. 8. Түзөтүү ишине соттолгон адам соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин

I же II топтогу майып деп таанылса, ошондой эле кош бойлуу аял, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин билинсе, аларга карата ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат.

68-берене. Айып пул 1. Айып пул - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте

акча түрүндө сот тарабынан дайындалуучу жаза. 2. Айып пулдун эсептик көрсөткүч менен эсептелет. 3. Айып пулдун өлчөмү боюнча алты категорияга бөлүнөт: 1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 200дөн 400 эсептик көрсөткүчтөргө

чейин, башка адамдар үчүн - 600дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин; 2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 400дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө

чейин, башка адамдар үчүн - 1000ден 1400 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

3) III категория: жашы жетелектер үчүн - 600дөн 800 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 1400дөн 1800 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 1800дөн 2200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

5) V категория: жашы жетелектер үчүн - 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 2200дөн 2600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

6) VI категория: жашы жетелектер үчүн - 1200дөн 1400 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 2600дөн 3000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин.

4. Айып кошумча жаза катары сот тарабынан ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде каралган учурларда гана дайындалат жана тиешелүү категориядагы акчалай айыптын өлчөмүнүн жарымынан ашык эмес өлчөмүндө колдонулат.

5. Адам негизги жаза катары дайындалган айыпты бир айдын ичинде төлөбөгөн учурда айып пулдун суммасы эки эсеге өсөт. Айып пулду андан ары эки айдан ашык мезгилдин ичинде төлөөдөн качкан учурда, сот айып пулду ошол адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган мөөнөттүн чегинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырат. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында эркиндигинен ажыратуу каралбаса, анда сот айып пулду I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырат.

69-берене. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо мөөнөттүү кызматтагы аскер

кызматчыларына ушул Кодексте каралган учурларда үч айдан бир жылга чейинки мөөнөттө колдонулат.

70-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу 1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон

адамды коомдон мажбурлап обочолонууну жана аны өкүмдө белгиленген мөөнөткө жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жайгаштырууну билдирет.

2. Эркиндигинен ажыратуу алты айдан он беш жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

3. Эркиндигинен ажыратуу жазанын мөөнөттөрү боюнча алты категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - бир жыл алты айга чейин, башка адамдар үчүн - эки жыл алты айга чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка адамдар үчүн - эки жыл алты айдан беш жылга чейин;

3) III категория: жашы жетелектер үчүн - эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, башка адамдар үчүн - беш жылдан жети жыл алты айга чейин;

4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - төрт жылдан алты жылга чейин, башка адамдар үчүн - жети жыл алты айдан он жылга чейин;

5) V категория: жашы жетелектер үчүн - алты жылдан сегиз жылга чейин, башка адамдар үчүн - он жылдан он эки жыл алты айга чейин;

6) VI категория: жашы жетелектер үчүн - сегиз жылдан он жылга чейин, башка адамдар үчүн - он эки жыл алты айдан он беш жылга чейин.

4. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды дайындоодо эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурунда эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү жыйырма жылдан ашпоого тийиш.

5. Эркиндигинен ажыратуу жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде өтөлөт. Жазаны өтөө орду жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде аныкталат.

71-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу 1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгон адамды жазык аткаруу

тутумунун мекемелерине жөнөтүү жолу менен коомдон мажбурлап обочолонууну билдирет жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 161- беренесинин 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 4-бөлүгүндө, 239-беренесинин 3- бөлүгүндө, 380, 381, 383, 384, 386-беренелеринде, 389-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгиленет.

2. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ушул Кодекстин тиешелүү беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында атайын каралган учурларда гана дайындалат.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге дайындалбайт.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

12-глава. Жазаны дайындоо 72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы 1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул

Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен жосун күнөөнүн даражасына жана келтирилген зыяндын даражасына жараша жазанын шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.

3. Ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган жазанын катуураак түрү качан жазанын жеңилирээк түрү максатка жетүүнү камсыз кыла албаган учурда гана дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде адам жазык жоопкерчилигине тартылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда бул жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.

73-берене. Жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар 1. Жазаны дайындоодо жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар болуп төмөнкүлөр

таанылат: 1) ак ниети менен өкүнүү кылмышты ачууга жигердүү көмөк көрсөтүү; 2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же келтирилген

зыянды четтетүү;

3) жеке, үй-бүлөлүк, экономикалык жана топтолгон башка оор жагдайлардан улам кылмыш жасоо;

4) материалдык, кызматтык же башка көз карандылыктан улам кылмыш жасоо; 5) жашы жетелектердин кылмыш жасашы; 6) кош бойлуу абалдагы аялдын кылмыш жасашы. 2. Сот жазаны дайындоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка

жагдайларды да жеңилдетүүчү деп таанышы мүмкүн. 74-берене. Жеңилдетүүчү жагдайлардын жыйындысында жазаны

дайындоо 1. Эгерде адам кылмыш жасагандан кийин анын бетин ачууга активдүү көмөк

көрсөтсө, келтирилген мүлктүк залалды жарым-жартылай же толугу менен ордун толтурса, же болбосо жымсалдаса, анда болбогон оордотуучу жагдайларда, жазанын мөөнөтү жана өлчөмү бул кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн өлчөмүнөн же максималдуу мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн ашык болбоого тийиш. Мында ошол жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын бул түрүнүн минимумунан аз болбоого тийиш.

2. Ушул берененин жоболору кылмыштардын жыйындысында колдонулбайт. 75-берене. Жазаны оордотуучу жагдайлар 1. Жазаны дайындоодо төмөнкүлөр жазаны оордотуучу жагдайлар деп

таанылат: 1) адамдардын тобу же адамдардын тобу тарабынан сүйлөшүүлөр боюнча

кылмыш жасоо; 2) кылмышты расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык

касташуунун (араздашуу) айынан жасоо; 3) кылмыш аркылуу оор зыян келтирүү; 4) жаш бала, жашы жетелек экендигин, майып экендигин, карыган адам же

алсыз абалдагы адам экендигин билип туруп, аларга карата кылмыш жасоо; 5) аялдын кош бойлуу экендигин билип туруп, күнөөлүү тарабынан ага карата

кылмыш жасоо; 6) күнөөлүүдөн материалдык, кызматтык же башка көз карандылыкта болгон

адамга карата кылмыш жасоо; 7) жин оорусунун, убактылуу психикасынын бузулушунун, акыл-эси кемдигинин

же психикасынын оорулуу абалынын айынан өзүнүн аракетин (аракетсиздигин) биле албаган же жетектей албаган адамды кылмыш жасоого азгыруу (шыкактоо), ошого тете мындай адамды кылмыш жасоо үчүн пайдалануу;

8) жабырлануучуга өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасоо; 9) өзгөчө кырдаал же согуштук абал шарттарында же коомдук кырсыктын

шарттарында кылмыш жасоо; 10) жалпыга коркунуч келтирген ыкма менен кылмыш жасоо; 11) мас абалындагы адам тарабынан кылмыш жасоо. Сот кылмыштын мүнөзүнө

жараша бул жагдайды жазаны оордотуучу жагдай катары тааныбай коюуга укуктуу.

2. Сот жазаны дайындоодо ушул Кодексте көрсөтүлбөгөн жагдайларды жазаны оордотуучу жагдайлар деп таанууга мүмкүн эмес.

76-берене. Кылмышка даярдык көргөндүгү жана кылмышка аракеттенүү үчүн жазаны дайындоо

1. Сот аякталбаган кылмышка жазаны дайындоодо кылмыштуу ниетти ишке ашыруу даражасын жана аны аягына чыгарбаган себептерди, ошондой эле күнөөлүү жасаган жосундун мүнөзүн эске алат.

2. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү жазанын ушул түрүнүн ушул Кодексте каралган минимумунан аз болбоого тийиш.

3. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын ушул түрүнүн минимумунан ашык болбоого тийиш.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмышка даярдык көргөндүгү же кол салгандыгы үчүн дайындалбайт.

77-берене. Кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоо 1. Сот кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоодо кошо катышуунун

мүнөзүн жана кылмыш жасоодогу ар бир кошо катышуучунун ролун эске алат. 2. Сот кошо катышуучуларга жаза дайындоодо ар бир кошо катышуучуга

тиешелүү болгон жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды эске алат. 3. Уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун уюштуруучусуна жана

жетекчисине анын калган мүчөлөрүнө караганда катуураак жаза дайындалат. 78-берене. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо 1. Ушул Кодекстин ар кандай беренелери (беренелеринин бөлүктөрү), ошондой

эле бир беренеси (беренесинин бөлүгү) катары каралган эки же андан көп кылмыш бир эле адам тарабынан жасалганда, алардын бири боюнча да адам соттолбосо жана жазык куугунтуктоосунун эскирүү мөөнөтү аяктабаса, кылмыштуу жосундардын жыйындысы деп таанылат.

2. Кылмыштардын жыйындысы болгондо, сот ушул главанын жоболоруна ылайык ар бир кылмышка өзүнчө жаза (негизги жана кошумча) дайындайт, андан кийин катуураак эмес жазаны катуураагына сиңирүү жолу менен же дайындалган жазаларды толук, же болбосо жарым-жартылай бириктирүү жолу менен акыркы жазаны аныктайт.

3. Сот төмөнкүдөй эрежелерди жетекчиликке алып, жазаны дайындайт: 1) эгерде жасалган кылмыштар оор же өзгөчө оор болсо - сиңирүү

колдонулбайт; 2) эгерде жасалган кылмыштардын бардыгы этиятсыздыктан болсо - толук

бириктирүү колдонулбайт;

3) эгерде жасалган анча оор эмес жана оор кылмыштар этиятсыздыктан болсо - жарым-жартылай бириктирүү колдонулат, ал эми бардык анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар атайылап жасалган болсо - толук бириктирүү колдонулат, бирок дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө эркиндигинен ажыратууда беш, он беш жана жыйырма жылдан ашпоого тийиш.

4. Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кандай гана катуураак эмес болбосун жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат.

5. Кылмыштардын жыйындысы болгондо негизги жаза менен кошумча жаза колдонулушу мүмкүн. Жазаларды жарым-жартылай же толук бириктирүү менен дайындалган кошумча жазанын акыркы мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө кошумча жазанын бул түрү үчүн каралган максималдуу мөөнөттөн же өлчөмдөн ашпоого тийиш.

6. Эгерде өкүмдү чыгаргандан кийин соттолгон адам биринчи иш боюнча өкүм чыгарылганга чейин башка дагы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп аныкталса, жаза ушул эле тартипте дайындалат. Бул учурда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жазага биринчи өкүм боюнча толугу менен же жарым- жартылай өтөлгөн жаза кошуп эсептелет.

79-берене. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо 1. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо сот акыркы өкүм

боюнча дайындалган жазага мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн жарым-жартылай же толугу менен кошот.

2. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү же өлчөмү, эгерде ал эркиндигинен ажыратууга караганда жеңилирээк болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган максималдуу мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш.

3. Өкүмдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жаза кайрадан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жаза катары, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгү катары көбүрөөк болууга тийиш.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жана башка кандай гана болбосун катуураак эмес жазаларды кошкондо, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган жазанын жалпы мөөнөтү катуураак эмес жазаларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасына сиңирүү жолу менен аныкталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө эки же андан ашык жазалар дайындалган учурда ал бир жолу өтөлөт.

6. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазалардын кошумча түрлөрүн бириктирилиши ушул Кодекстин 66 жана 68-беренелеринде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

80-берене. Күнөөсүн мойнуна алуу же кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда жазаны дайындоо

1. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө адам менен макулдашуу түзүлгөн учурда, сот ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү конкреттүү берененин (берененин бөлүгүнүн) санкцияларында каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чектеринде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Санкцияларда эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар беренеси болбогон учурда, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн

конкреттүү беренесинде (берененин бөлүгүндө) каралган санкциялардан бир категорияга төмөн дайындалат.

2. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө адам менен макулдашуу түзүлгөн учурда пробациялык көзөмөл колдонулбайт.

3. Кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда, сот ушул Кодекстин 64- беренесинде каралган жазалардын түрүнө ылайык кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган жазаны дайындайт.

81-берене. Камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери

1. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды толук же жарым-жартылай бириктирүүдө эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө төмөнкүлөр барабар болот:

1) түзөтүү жумуштарынын үч күнү; 2) коомдук иштердин сегиз сааты; 3) үй камагынын бир күнү. 2. Түзөтүү жумуштары түрүндө кылмыштардын жыйындысы жана өкүмдөрдүн

жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо бул жазалардын мөөнөттөрү гана кошулууга жатат. Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай үлүшүнөн) чегерүүлөрдүн өлчөмү бириктирүүгө жатпайт жана ар бир өкүм боюнча өз алдынча эсептеп чыгарылат.

3. Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү негизги жазалар кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо жазанын башка түрлөрү менен бириктирүүгө жатпайт жана өз алдынча аткарылат.

4. Ар кандай түрдөгү кошумча жазалар бардык учурларда өз алдынча аткарылат.

5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камактагы бир күн эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп эсептелинет.

6. Эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып, же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот.

7. Эгерде адам жасаган жоругу үчүн соттолбогон болсо же соттолсо, бирок жазаны толук өтөбөсө, андан кийин кылмыш жасаса, сот жорук жана кылмыш үчүн дайындалган жазаларды, эгерде алар бир түрдөгү болсо, жазанын ушундай категориялары учун каралган мөөнөттүн максималдуу чегинде, же болбосо жазанын мындай түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн чектеринде жазаларды кошуп бириктириши мүмкүн. Сот тарабынан кылмыш жана жорук үчүн жазалардын ар кандай түрлөрү дайындалган учурда алар өз алдынча аткарылат.

8. Эгерде адам жасаган кылмышы үчүн соттолбогон болсо же соттолсо, бирок жазаны толук өтөбөсө, андан кийин жорук жасаса, сот жорук жана кылмыш үчүн дайындалган жазаларды, эгерде алар бир түрдөгү болсо, жазанын ушундай категориялары үчүн каралган мөөнөттүн максималдуу чегинде, же болбосо жазанын мындай түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн чектеринде жазаларды кошуп

бириктириши мүмкүн. Сот тарабынан кылмыш жана жорук үчүн жазалардын ар кандай түрлөрү дайындалган учурда алар өз алдынча аткарылат.

82-берене. Жаза мөөнөттөрүн эсептеп чыгаруу 1. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү

укугунан ажыратуу, түзөтүү жумуштардын, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо, эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрү айлар жана жылдар менен, ал эми коомдук иштердин мөөнөттөрү сааттар менен эсептеп чыгарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жазаларды алмаштырууда жана бириктирүүдө, ошондой эле жазаны эсепке алууда жазалардын мөөнөттөрү күндөр менен эсептелип чыгарылышы мүмкүн.

13-глава. Пробациялык көзөмөл 83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу 1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза

дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

2. Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин, эгерде бар болсо, эске алышы мүмкүн.

3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөттөрүн эсептеп чыгаруусу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып башталат.

4. Пробациялык көзөмөл белгиленгенде ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.

5. Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамга карата жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоочу чараларын (коопсуздук чараларын) колдонуудан бошотпойт.

84-берене. Көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер 1. Сот пробациялык көзөмөл белгиленген соттолгонго карата төмөнкүдөй

көзөмөл талаптарын аткарууну жүктөйт: 1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде

жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө; 2) пробация органынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен чыкпоого; 3) пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар

өзгөргөндүгү тууралуу кабарландырууга; 4) пробация органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабынын негизинде

жумуш убактысында пробация органына мезгил-мезгили менен келип турууга;

5) жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүү зарылдыгы болгондо, пробация органынан уруксат алууга.

2. Пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен адамды жаза өтөөдөн бошоткон учурда сот төмөнкүдөй милдеттердин бирин же андан көбүрөөгүн соттолгон адамга жүктөйт:

1) соттун өкүмү чыгарылганга чейин алдын ала макулдугу алынган, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсун өтүү;

2) алкоголду ичпөө, баңгилик, психотроптук же уулуу заттарды колдонбоо; 3) белгилүү бир адамдар менен байланышпоо; 4) кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот

аныктаган мөөнөттө толтуруу; 5) белгилүү бир жерлерге барбоо; 6) сутканын сот аныктаган убактысында жашаган жеринде болуу; 7) сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуу же окууга өтүү; 8) пробация органы тарабынан дайындалган ресоциализация

программаларына катышуу; 9) багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин жүзөгө ашыруу; 10) пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди

аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо. 3. Сот өз ыктыяры боюнча соттолгон адамга аткарууну жана соттолгон адамды

түзөтүүгө түрткү берүүчү башка пробациялык милдеттерди жүктөй алат. 4. Пробация көзөмөлү пробация органы, ал эми аскер кызматчыларына карата

аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунуштамасы боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы, же болбосо толукташы мүмкүн. Соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 5 жана 6- пункттарында каралган пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып сала алат.

85-берене. Пробациялык көзөмөлдүн укуктук кесепеттери 1. Пробациялык мөөнөтү өткөндөн кийин көзөмөлдүк талаптарды жана

жүктөлгөн милдеттерди аткарган жана жаңы кылмышты же жорукту жасабаган соттолгон жазаны өтөгөн деп эсептелет.

2. Эгерде соттолгон бир жылдын ичинде эки жолу жана андан ашык жүйөөсүз себептер менен көзөмөлдүк талаптарды жана ага жүктөлгөн пробациялык милдеттерди бузса, анда пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама киргизет.

3. Соттолгон адам пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш же жорук жасаса, сот ага ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындайт.

14-глава. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун башка түрлөрү. Жазаны жеңилдетүү жана аны жеңилирээги менен алмаштыруу

86-берене. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун, жазаны жеңилдетүүнүн негиздери

1. Соттолгонду жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу, ошондой эле дайындалган жазаны жеңилдетүү, ырайым кылуу тууралуу актынын негизинде жазаны жеңилдетүүнү же аны жеңилирээгине алмаштырууну кошпогондо, ушул Кодексте каралган учурларда гана сот тарабынан колдонулат.

2. Жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

87-берене. Жосунду кылмыштан арылтууда жана мыйзамдын санкциясы менен жеңилдетүүдө жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү

1. Ушул Кодексте каралган жосун үчүн соттолгон адамдын жазык жазалуулугу күчүнө кирген мыйзам менен четтетилгенде, ал сот тарабынан дайындалган жазадан токтоосуз бошотулууга жатат.

2. Соттолгонго дайындалган, жаңы мыйзамдын санкциясынан ашкан жаза чарасы, жаңы мыйзамдын санкциясында белгиленген жазанын максималдуу чегине чейин сот тарабынан төмөндөтүлөт.

88-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу 1. Ушул Кодекстин 89-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо,

эркиндигинен ажыратууга же аскер бөлүгүнүн тартиптик бөлүгүндө кармоого соттолгон адамдар сот тарабынан жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

2. Соттолгонго карата шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу төмөндө саналып өткөн шарттардын бардык жыйындысында колдонулат:

1) түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжасына жетишкенге; 2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын жарымынан кем эмесинин ордун

толтурганга; 3) тындырылбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо; 4) жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганга; 5) эгерде алкоголдон, баңгиден, психотроптук же уулануудан көз карандылыгы

бар болсо, алардан арылууга дарылануу курсун өтүүгө макулдук бергенге. 3. Шарттуу мөөнөтүнөн мурда жазадан бошотуу соттолгон адам жазасын өтөп

жаткан жери боюнча анын өзүнүн жеке арызы боюнча, же болбосо жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.

4. Жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн эки мөөнөтүн;

2) оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде төрттөн үч мөөнөтүн, ошондой эле мурда шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга, эгерде аны шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу жокко чыгарылса, дайындалган жазанын төрттөн үч мөөнөтүн.

5. Шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулгандын жүрүм-турумуна көзөмөлдөө пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

89-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонбоо

Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу төмөнкүдөй соттолгон адамга колдонулбайт:

1) жашы жетелектердин өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга;

2) кыйноолор үчүн; 3) тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштары, ошондой

эле аскер кылмыштары үчүн; 4) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн; 5) терроризм актысын жасагандыгы же экстремисттик уюм түзгөндүгү үчүн; 6) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга. 90-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууда сыноо

мөөнөтүн дайындоо 1. Жазаны өтөөдө шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда

сыноо мөөнөтү сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып башталат. 2. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга сот жазанын

өтөлө элек бөлүгүнүн чегинде, бирок үч жылдан ашпаган сыноо мөөнөтүн дайындайт.

3. Сот шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга сыноо мөөнөтү ичинде пробация органы тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.

4. Соттолгон адамга көзөмөл белгиленгенде, сот сыноо мөөнөтү мезгилинде ага, ушул Кодекстин 84-беренесинде каралган милдеттерди жүктөй алат.

5. Эгерде соттолгон адам сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгон адамды дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтүү жөнүндө токтом чыгара алат.

6. Соттолгон сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда, сот, ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча ага жаза дайындайт.

91-берене. Оорусу боюнча жаза өтөөдөн бошотуу 1. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен

ажыратууга соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин катуу жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оору менен ооруп калганда, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулат. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын, оорусунун мүнөзүн жана жазанын иш жүзүндө өтөлгөн мөөнөтүн эске алат. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам жазанын дайындалган мөөнөтүнүн үчтөн экисинен көбүн (жашы жетелектердин - жарымынан көбүн) өтөгөн болсо, ал эми өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам, эгерде эркиндигинен ажыратуунун жыйырма жылын өтөгөн болсо, оор жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оорусуна байланыштуу жасаган кылмышынын оордугуна, инсандыгынын мүнөздөмөсүнө жана оорусунун мүнөзүнө карабастан, жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмү чыгарылгандан кийин билинсе, сот кош бойлуу аялдын коомдук иштер жана түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны андан ары өтөөсүнөн бошотот.

Айып салууга соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгондун инсандыгын жана алган майыптуулугун эске алуу менен анын иш жүзүндөгү жазаны аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алат.

2. Эгерде адам өкүм чыгарылгандан кийин жин оорусу менен ооруп калса, анда сот аны врач-психиатрлардын медициналык корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 19-главасынын жоболорун жетекчиликке алып, жаза өтөөдөн бошотот.

3. Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган мезгилдин ичиндеги медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуунун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар болгон жаза мөөнөтү катары эсепке алынат.

4. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон аскер кызматчысы андан ары ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп таанылса, жаза өтөөдөн бошотулат.

92-берене. Айыптоо өкүмүн аткаруунун эскириши 1. Эгерде мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө

аткарылбаса, соттолгон адам негизги жазалар сыяктуу эле, кошумча жазаларды өтөөдөн бошотулат:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондо; 2) беш жыл - оор кылмыш үчүн соттолгондо; 3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо. 2. Эскирүү мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептеп

чыгарылат. 3. Эгерде жазаны өтөөдөн качкан соттолгон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө

каралган мөөнөт өткөнгө чейин жаңы кылмыш жасаса, эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат.

4. Жаңы кылмыш жасалган учурда эскирүү мөөнөтүнүн эсептеп чыгарылышы ал жасалган учурдан тартып башталат, жазаны өтөөдөн качкан учурда - жазаны өтөөдөн качкан адамды кармаган учурдан тартып башталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.

6. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштарды, же болбосо аскердик кылмыштарды, жашы жетелектерге карата жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды, ошондой эле кыйноолор, коррупция, терроризм акт, экстремисттик уюмду түзүү - кылмыштары жасалганда эскирүү колдонулбайт.

93-берене. Ырайым кылуу

1. Жеке аныкталган соттолгонго карата ырайым кылууну Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ырайым кылуу жөнүндө акт аркылуу соттолгонго сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза берилген же жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурларда кошпогондо, сот тарабынан дайындалган өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жыйырма жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы, ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жеңилдетилиши мүмкүн

3. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен соттолгон ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө кайталап расмий өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы көңүлгө алуучу жагдайлар жок болсо, он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгонго сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

15-глава. Соттолгондук жана аны жоюу 94-берене. Соттолгондук жана аны жоюу 1. Кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин соттолгондугу жок, ал эми

соттолгондугу жоюлган деп төмөнкүдөй мезгил өткөндө эсептелинет: 1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда; 2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда; 3) он беш жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда. 2. Адам жазадан же аны өтөөдөн бошотулган учурда, соттолгондук жазадан же

аны өтөөдөн толук бошотулган күнү, же болбосо пробациялык же сыноо мөөнөтү ийгиликтүү аякталган күнү жоюлат.

3. Соттолгондордун жана соттолгондугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Соттолгондукту жоюу кылмыш жасоонун бардык жазык-укуктук кесепеттерин жоёт.

16-глава. Жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чаралары (коопсуздук чаралары)

95-берене. Жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларын колдонуу

Жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чаралары адамдын жазык жоопкерчилигине тартылуусуна, же болбосо анын жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотулуусуна карабастан, ушул главанын жоболорунда каралган негиздер бар болгондо, сот тарабынан колдонулат.

96-берене. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу) 1. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу) (мындан ары - конфискация) - айыптоочу

өкүмдүн негизинде төмөнкүдөй мүлктөрдү соңунда мамлекеттин менчигине айландыруу үчүн кайтарымсыз алып коюу:

1) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;

2) кылмыш жасоону каржылоо үчүн пайдаланылган же багышталган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;

3) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлк, ал мүлктөн түшкөн кирешелерди жарым-жартылай же толугу менен айландырылган же кайра өзгөртүлгөн акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;

4) кылмыш жасоонун куралдарын, жабдууларын же башка каражаттарын. 2. Эгерде кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлк жана (же) ал мүлктөн

түшкөн кирешелер мыйзамдуу жол менен алынган мүлккө кошулса, кошулган мүлктүн жана андан түшкөн кирешенин наркына туура келген мүлктүн бөлүгү конфискацияланууга (алып коюлууга) тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн, кылмыш жасаган адам тарабынан башка адамга (уюмга) өткөрүп берилген мүлк, эгерде мүлктү кабыл алган адам ал кылмыштуу аракеттердин натыйжасында алынгандыгын билсе же иштин жагдайлары боюнча билүүгө тийиш болсо, конфискацияланууга (алып коюлууга) жатат. Мүлк, соттун чечими боюнча коопсуздук чарасы катары, менчик ээсинен конфискацияланышы мүмкүн.

4. Конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

97-берене. Конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлктү конфискациялоо

1. Эгерде ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлккө кирген белгилүү бир предметти конфискациялоо, сот бул предметти конфискациялоо тууралуу чечим кабыл алган учурда, аны пайдалануу, сатуу же башка себептердин айынан алып коюуга мүмкүн болбосо, анда сот бул предметтин наркына туура келген акчалай сумманы конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

2. Конфискацияланууга жаткан ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- 3-пункттарында көрсөтүлгөн мүлккө кирген предметтин ордуна берилүүчү акча каражаттары болбогон, же болбосо жетишсиз болгон учурда, сот конфискацияланууга жаткан предметтин наркына туура келген, же болбосо мыйзамдарга ылайык өндүрүп алуу колдонулбай турган мүлктөрдү кошпогондо, бул предметтин наркына салыштырмалуу келген нарктагы башка мүлктү конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

98-берене. Конфискациялоодо (алып коюуда) келтирилген зыяндын ордун толтуруу

1. Ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелерине ылайык мүлктү конфискациялоо жөнүндө маселени чечүүдө, биринчи кезекте жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилет.

2. Күнөөлүүдө өндүрүп алына турган башка мүлк болбогондо, ушул Кодекстин 97-беренесинде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, анын наркынан мыйзамдуу ээлик кылуучуга келтирилген залалдын орду толтурулат, ал эми калган бөлүгү мамлекеттин кирешесине айландырылат.

99-берене. Материалдык залалдын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо

1. Материалдык залалдын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо сот тарабынан адамдын жазык жоопкерчилигинен, же болбосо ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жазадан бошотулгандыгына карабастан, колдонулат.

2. Моралдык зыян келтирүүнү компенсациялоо учурунда сот акчалай компенсацияны белгилейт. Бул компенсация келтирилген зыяндын оордугуна

жараша эсептик көрсөткүчтөрдүн 50 эседен 1000 эсеге чейинки өлчөмүндө дайындалат.

3. Ушул берененин жоболорун колдонууда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эскирүү мөөнөттөрү колдонулбайт.

100-берене. Чыгарып салуу Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жазаны өтөгөндөн кийин, эгерде

аларда Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү үчүн мыйзамда белгиленген негиздер жок болсо, эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш.

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА ЖАЗЫК- УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

17-глава. Жашы жетелектерге колдонулуучу тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары

101-берене. Жашы жетелектердин жазык жоопкерчилиги Кылмыш жасаган жашы жетелекке ушул Кодекстин 111 жана 112-беренелерине

ылайык жаза дайындалышы, же болбосо тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу, же болбосо пробациялык көзөмөл белгилениши мүмкүн.

102-берене. Тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жазадан бошотуу

Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелек, эгерде аны тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен түзөтүүгө болот деп таанылса, сот тарабынан жазадан бошотулат.

103-берене. Тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү 1. Сот тарабынан төмөнкүдөй тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары

дайындалышы мүмкүн: 1) эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү; 2) эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө. 2. Жашы жетелектерге ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында

каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү эки мажбурлоо чарасы бир мезгилде дайындалышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү алты айдан тартып үч жылга чейин узактыгы белгиленет.

3. Эгерде жашы жетелек тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларында каралган шарттарды дайыма эле бузса, анда сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча мындай чараны тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жаза колдонуу тууралуу маселени чечет.

104-берене. Эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү 1. Эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү деп, жашы жетелекке тарбиялык

таасир этүү жана анын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча милдеттерди ата- энесине, же аларды алмаштырган адамдарга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөөнү билдирет.

2. Жашы жетелек, эгерде көзөмөл мезгилинде бузууларды жасаган болсо, ага карата тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы же жазык жазасы колдонулушу тууралуу алдын ала эскертилет.

105-берене. Алдын ала эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө 1. Жашы жетелектерге төмөнкүдөй тыюу салынышы мүмкүн: 1) белгилүү бир жерлерге барууга; 2) белгиленген бир мезгилдин ичинде турак жайдан кетүүгө; 3) белгилүү бир адамдар менен байланыш түзүүдөн карманууга; 4) эс алуунун белгилүү бир формаларын пайдаланууга. 2. Жашы жетелектерге төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн: 1) билим берүү мекемесинде окуусун улантууга; 2) сот белгилеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы

аркылуу жумушка орношууга. 3. Сот ушул беренеде каралган тыюу салуулардан жана милдеттерден

тышкары, өз байкоосу боюнча жашы жетелектердин жүрүм-турумун башкача түрдө чектей алат.

4. Жашы жетелек, эгерде белгиленген тыюу салууларды жана милдеттерди аткарбаса, ага карата тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы же жазык жазасы колдонулушу тууралуу алдын ала эскертилет.

18-глава. Жашы жетелектерге карата колдонулуучу жазалардын өзгөчөлүгү

106-берене. Жашы жетелектерге карата колдонулуучу жазалардын түрлөрү

1. Жашы жетелек балдарга жазалардын төмөнкүдөй түрлөрү дайындалат: 1) коомдук иштер; 2) түзөтүү жумуштары; 3) айып; 4) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу. 2. Жашы жетелектерге карата айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө кошумча жазалар колдонулушу мүмкүн.

107-берене. Коомдук иштер 1. Коомдук иштер ушул Кодекстин 65-беренесинде каралган категориялардын

чегинде он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге окуудан же негизги ишинен бош мезгилде дайындалат.

2. Коомдук иштерди аткаруунун узактыгы окуган же иштеген адамдар үчүн күнүнө эки сааттан, ал эми калган адамдар үчүн күнүнө төрт сааттан ашпоого тийиш.

108-берене. Түзөтүү жумуштары 1. Түзөтүү жумуштары ушул Кодекстин 67-беренесинде каралган

категориялардын чегинде он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге дайындалат.

2. Түзөтүү жумуштарына соттолгон жашы жетелектин эмгек акысынан, соттун өкүмүндө белгиленген 5 пайыздан 10 пайызга чейинки чектеги өлчөмдө чегерүүлөр мамлекеттин кирешесине жүзөгө ашырылат.

109-берене. Айып 1. Айып он алты жашка жетелек балдарга дайындалат. 2. Айып өндүрүп алууга мүмкүн болгон өз алдынча кирешеси же өздүк

каражаттары бар жашы жетелектерге колдонулат. 3. Айыптын өлчөмү жасалган кылмыштын оордугуна жараша жана жашы

жетелектин мүлктүк абалын эске алуу менен, ушул Кодекстин 68-беренесинде көрсөтүлгөн айыптардын категориясынын чегинде сот тарабынан белгиленет.

110-берене. Эркиндигинен ажыратуу 1. Кылмыш жасаганга чейин он сегиз жашка жете адамдарга эркиндигинен

ажыратуу түрүндөгү жаза алты айдан он жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

2. Жашы жетелекке эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул Кодекстин 70- беренесинде каралган өлчөмдөрдө дайындалат.

3. Жашы жетелектерге кылмыштардын жыйындысы же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо жазанын максималдуу мөөнөтү он жылдан, ал эми кылмыштардын жыйындысы боюнча жасалган кылмыштардын бири же андан ашыгы өзгөчө оор болсо, он эки жылдан ашпоого тийиш.

4. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелек соттолгонго, аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат.

5. Өкүм чыгарылган учурда курагы он сегиз жашка жетелек адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөнүн түрү жана режими Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык дайындалат.

111-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу 1. Эгерде сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү

жаза дайындоодо, кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алып, жашы жетелек соттолгонго жаза өтөөсүз эле түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Эгерде пробациялык көзөмөл мөөнөтүнүн ичинде жашы жетелек соттолгон жаңы кылмыш же жорук жасабаса жана ушул Кодекстин 84-беренесинин негизинде сот тарабынан белгиленген өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарса, сот дайындалган жаза өтөөдөн аны бошотот.

3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. 112-берене. Пробациянын укуктук натыйжалары 1. Пробациялык мөөнөт аякталганда өзүнө жүктөлгөн пробациялык

милдеттерди аткарган жана жаңы кылмыш жасабаган жашы жетелек соттолгон ага дайындалган жазадан сот тарабынан бошотулат.

2. Эгерде соттолгон жашы жетелек өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди жыл ичинде жүйөсүз себептер менен эки жолу же андан ашык бузса, анда сот

пробация органынын сунуштамасы боюнча аны дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтөт.

3. Жашы жетелек соттолгон пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш же жорук жасаган учурда, сот ага ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындайт.

113-берене. Эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен жана жаза өтөөдөн бошотуу

Ушул Кодекстин 62 жана 92-беренелеринде каралган эскирүү мөөнөттөрү жашы жетелектерди жазык жоопкерчилигинен же жаза өтөөдөн бошотууда жарымына кыскартылат.

114-берене. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу 1. Он сегиз жашка чейинки куракта жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен

ажыратууга соттолгон адамдарга ушул Кодекстин 88-беренесинин 2, 4- бөлүктөрүндө жана 90-беренесинде каралган шарттарда жана тартипте жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.

2. Жашы жетелек, иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин, ага жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулат:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин;

2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин; 3) өзгөчө оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын. 19-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап

дарылоо 115-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түшүнүгү жана

максаттары 1. Ушул Кодексте каралган кылмыш белгилерине туура келген жосунду жасаган

адамга амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүү жана атайын дарылоо мекемесине жайгаштыруу, ошондой эле кылмыш жасаган адамды мажбурлап дарылоо медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары болуп саналат.

2. Адамды милдеттүү түрдө дарылоо жана анын жаңы кылмыштарды жасоосун болтурбай коюу медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын максаты болуп эсептелет.

116-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларды колдонулуучу адамдар

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан төмөнкүдөй адамга колдонулушу мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган укукка каршы жосунду акыл-эси жайында болбогон абалда жасаган;

2) кылмышты чектелүү акыл-эси жайында абалда жасаган; 3) кылмышты акыл-эси жайында абалда жасаган, бирок өкүмдү чыгарганга

чейин, же жазаны өтөп жатканда жин оорусу менен ооруган же убактылуу психикасы айныган.

117-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

Адамдын оорусунун мүнөзүнөн жана катуулугунан, ошондой эле ушул Кодексте каралган жосунду жасоонун оордугунан улам, жин оорусу менен ооругандын өзү үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирген даражасын эске алып, сот медициналык мүнөздөгү төмөнкүдөй мажбурлоо чараларын көрө алат:

1) мажбурлоо тартибинде амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүү (мажбурлап диспансерлештирүү);

2) адаттагыдай байкоого алуу менен психиатриялык госпиталдаштыруу; 3) күчөтүлгөн байкоого алуу менен психиатриялык госпиталдаштыруу; 4) катуу байкоого алуу менен психиатриялык госпиталдаштыруу. 118-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоонун

негиздери 1. Милдеттүү түрдө амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо

(мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөгөндүктүн белгилери байкалбаган психикалык оорулууларга, ошондой эле убактылуу психикасын айныткан оорудан сакайган адамдарга карата, жигердүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөткө айланышынын жана ушул Кодексте каралган жаңы жосундарды жасоосунун алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

2. Адаттагыдай байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулуу адамга карата дайындалышы мүмкүн.

3. Күчөтүлгөн байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу ушул Кодексте каралган жарандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган жосунду жасаган, бирок психикалык абалы боюнча айланадагыларга коркунуч келтирүү мүмкүн болгон оорулуу адамга дайындалат.

4. Катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча коомго жана айланадагылар үчүн өзгөчө коркунуч келтирген оорулуу адамга дайындалат.

5. Күчөтүлгөн жана катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканаларга госпиталдаштырылган адамдар ушул Кодексте каралган жаңы жосунду жасоо мүмкүндүгүн болтурбагандай шарттарда кармалат.

119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында өтүнүчтү козгоо мүмкүндүгү тууралуу маселени чечүү үчүн врач-психиатрлардын комиссиясынан алты айда кеминде бир жолу күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өзгөртүү же алып салуу үчүн негиздер болбогондо, врач-психиатрлардын комиссиясы ушул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан жылына бир жолудан кем эмес сотто кароо үчүн жөнөтүлөт.

120-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө

Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, аны өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүүгө жана/же аларды жетектөөгө жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын айнытуучу ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүүчү жана аларды жетектөөгө жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтпөгөн болсо, же аны жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер болбосо, сот тарабынан жаза колдонулушу мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда өткөн бир күнү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар болгон эсептен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

121-берене. Акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбаган, психикасы айныган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

Эркиндигинен ажыратууга соттолгонго, акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбаган, психикасы айныган адамдарга карата колдонулуучу медициналык мүнөздөгү чаралар врач-психиатрдын амбулатордук байкоо жүргүзүүнү, психиатриялык стационарда дарылоону, ошондой эле жаза өтөө убагында психикалык-терапиялык жана психикалык-коррекциялык чараларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттарды түзүүнү камтыйт. Стационардык дарылоо адамдын психикалык абалы начарлап өзгөргөн учурда врач-психиатрдын сунуштамасы менен жүргүзүлөт. Аталган адамдарды эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чарага соттолгондо, дарылоо жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

122-берене. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан, жыныстык дарттан жана ВИЧ-иифекциясынан же СПИДден жапа чеккен адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу

1. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан, жыныстык дарттан жана ВИЧ-инфекциясынан же СПИДден жапа чеккен адамдар кылмыш жасаган учурда, сот мындай адамдарга медициналык корутунду болсо, жаза менен, мажбурлап дарылоону дайындайт. Соттолгондун дарыланууга карата болгон мамилеси аны ушул Кодекстин 91-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө сот тарабынан эске алынат.

2. Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чараларына соттолгон, көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга жатат. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда, жазасын өтөгөн жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болгон учурларда, медициналык мекемелерде дарыланууга жатат.

20-глава. Юридикалык жактарга карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары

123-берене. Юридикалык жакка жазык-укуктук таасир этүүнүн чараларын колдонууга негиздер

1. Юридикалык жак - бул Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн уюм, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жак. Мамлекет, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, муниципалдык кызмат органдары, мыйзамда жүктөлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк

мамлекеттин мамлекеттик бийлик органдары жана айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар, эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү юридикалык жактар болуп саналбайт.

2. Эгерде жосун юридикалык жактын атынан же ал аркылуу жеке жак тарабынан ушул юридикалык жактын кызыкчылыктарында жасалса, жеке жак жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына карабастан, ушул Кодекске ылайык юридикалык жакка жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулат.

3. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу ошол эле жосун үчүн жеке жактын жазык жоопкерчилигин жокко чыгарбайт.

4. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерден, жоопкерчиликтин мазмуну ушул Кодекстин 124-беренесинде каралган жазык-укуктук таасир этүүнүн чараларынын мазмуну менен дал келген учурларда, мыйзамда белгиленген анын кандай гана башка формасы болбосун жоопкерчиликтен бошотпойт. Юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу адилеттүүлүк принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

5. Ушул Кодекстин 171, 213-215, 219, 233-235, 237-242, 282, 288-292, 294, 324, 327 жана 328-беренелеринде каралган жосундар жасалган учурда, юридикалык жакка карата жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулат.

124-берене. Юридикалык жакка карата колдонулуучу жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын түрлөрү

1. Юридикалык жакка карата сот тарабынан жазык-укуктук таасир этүүнүн төмөнкүдөй мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) айып; 2) укуктарды чектөө; 3) юридикалык жакты жоюу. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында, ошондой эле 1 жана 3-

пункттарында каралган жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары бир убакта колдонулушу мүмкүн.

3. Юридикалык жактын мүлкүн конфискациялоо жазык-укуктук таасир этүүнүн кошумча чарасы катары колдонулушу мүмкүн.

125-берене. Юридикалык жакка салынуучу айып 1. Юридикалык жакка салынуучу айыптар акчалай түрдө сот тарабынан

дайындалат, эсептик көрсөткүчтөр менен эсептеп чыгарылат жана өлчөмү боюнча үч категорияга бөлүнөт:

1) I категория - анча оор эмес кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 2000ден 5000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө;

2) II категория - оор кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 5000ден 10000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө;

3) III категория - өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 10000ден 15000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө.

2. Айыпты бир айдын ичинде төлөбөгөн учурда, айыптын суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Юридикалык жак андан ары үч айдан ашык мезгил ичинде айып төлөөдөн качса, ал соттун чечими менен жоюлууга жатат.

3. Материалдык залал келтирилген учурда, айып залалдын орду толтурулгандан кийин өндүрүлөт.

126-берене. Юридикалык жактын укуктарын чектөө 1. Юридикалык жактын укуктарын чектелиши ага төмөнкүлөргө тыюу салууну

белгиленишинде турат: 1) иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга; 2) тендерлерге же аукциондорго катышууга; 3) насыяларды, салыктык жеңилдетүүлөрдү, субсидияларды, субвенцияларды

республикалык же жергиликтүү бюджеттен алууга. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мындай чектөөлөрдүн бири же бир

нечеси бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө сот тарабынан белгилениши мүмкүн.

127-берене. Юридикалык жакты жоюу 1. Соттун чечиминин негизинде юридикалык жактын ишин мажбурлап токтотуу

аны жоюу дегенди билдирет. 2. Оор же өзгөчө оор кылмыш белгилери бар жосун жасалган гана учурда,

эгерде сот жасалган жосундун оордугу бул юридикалык жакты сактап калууга жана андан ары иштетүүгө мүмкүн эместигин тааныганда, ошондой эле ушул Кодекстин 125-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда гана юридикалык жакты жоюу дайындалат.

128-берене. Юридикалык жактын мүлкүн конфискациялоо 1. Юридикалык жактын мүлкүн конфискациялоо ушул Кодекстин 96 жана 97-

беренелеринде каралган негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат. Мында тийиштүү кылмыш жасаган жеке жактын ошол эле мүлкүн кайталап конфискация кылууга жол берилбейт.

2. Юридикалык жактын мүлкүн толук конфискация кылууга ал жоюлган учурда гана жол берилет.

129-берене. Эскирүү мөөнөттөрү Юридикалык жакка, эгерде жосун жасалган күндөн тартып беш жыл өтсө, же

соттун айыптоо өкүмүн аткарган күндөн тартып он жыл өтсө, ушул главада каралган жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулбайт.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК VI БӨЛҮМ. ИНСАНГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

21-глава. Өмүргө каршы кылмыштар 130-берене. Киши өлтүрүү 1. Киши өлтүрүү - башка кишинин өмүрүн кыюу - V категориядагы айып менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган киши өлтүрүү:

1) көп кишинин өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен; 2) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан; 3) өзгөчө мыкаачылык менен; 4) бейбаштык максатта; 5) пайда көздөө максатында же жалдоо менен; 6) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында; 7) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн; 8) ошол адамдын кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгы же коомдук

милдетин аткаргандыгы менен байланыштуу адамды же анын жакындарына карата;

9) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата;

10) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде;

11) эки же андан ашык адамга карата; 12) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; 13) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын

кандыруу менен коштолуп; 14) каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолуп; 15) адамды уурдоо, же болбосо барымтага алуу менен коштолуп, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып менен

өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 131-берене. Аффект абалында киши өлтүрүү 1. Жабырлануучу тарабынан укукка каршы зомбулуктан же катуу мазактоосунан,

башка укукка каршы жабырлануучунун аракеттери келип чыккан, ошого тете жабырлануучунун дайыма кайталануучу укукка каршы же моралга туура келбеген жүрүм-турумуна байланыштуу пайда болгон, психикасын узак убакыт бою жабыркатып келген жагдайлардан улам, капысынан келип чыккан катуу жаны кыйналган абалда (аффект) киши өлтүрүү -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Капысынан келип чыккан катуу жаны кыйналган абалда (аффект) эки же

андан көп киши өлтүрүү - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 132-берене. Зарыл коргонуунун чектеринен аша чабууда, же болбосо

кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабууда киши өлтүрүү

Зарыл коргонуунун чектеринен аша чабууда, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуудагы киши өлтүрүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 133-берене. Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү

Энеси жаңы төрөлгөн баласын төрөт учурунда же төрөттөн кийин дароо өлтүрсө, ошого тете энеси акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбаган, психикалык травма алган жагдайлардын шарттарында же психикасы бузулган абалда жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 134-берене. Боорукердиктен киши өлтүрүү (эвтаназия) Курман болгондун көптөн-көп өтүнүчү боюнча жана анын чыныгы өз эркине

ылайык, өлүм алдында жаткан адамды жанын кыйнаган катуу оорудан кутултуу максатында өлтүрүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 135-берене. Этиятсыздыктан киши өлтүрүү 1. Этиятсыздыктан киши өлтүрүү, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жасалган жосун: 1) өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан адам тарабынан; 2) эки же андан көп адамды - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

136-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү 1. Этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө

аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Күнөөлүүдөн материалдык, же болбосо башкадан көз каранды болгон адамга

карата, же билип туруп жашы жетелекке карата жасалган ошол эле жосундар, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келген адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу, же катаал мамиле кылуу, же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 137-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү 1. Жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга

алып келген өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, башкача айтканда, көндүрүү, алдоо жолу же башка ыкма менен адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн козгоо, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүдөн материалдык, же болбосо башкадан көз каранды болгон адамга карата же билип туруп жашы жетелекке карата жасалган ошол эле жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

22-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар 138-берене. Ден соолукка оор зыян келтирүү 1. Келтирүү учурунда өмүргө коркунучтуу болгон дене-бойго зыян келтирүү

түрүндөгү ден соолукка оор зыян келтирүү; же көрүүсүн, сүйлөөсүн, угуусун же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү; эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен, же болбосо билип туруп кесиптик эмгек жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү; боюнан түшүрүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өзгөчө мыкаачылык менен; 3) бейбаштык максатта; 4) пайда көздөө максатында же жалдануу аркылуу; 5) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында; 6) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн; 7) кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин

аткаргандыгына байланыштуу ушул адамга же анын жакындарына карата; 8) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке

карата; 9) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун

(араздашуунун) негизинде, - 10) эки же андан көп адамга карата; 11) күнөөлүү билип туруп, кош бойлуу аялга карата; 12) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын

кандыруу менен коштолуп; 13) каракчылык, опузалап талап кылуу менен коштолуп; 14) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолуп, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жосундар: 1) этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же

болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген; 2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу

жагдайлардын жыйындысында жасалган, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

139-берене. Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 1. Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 138-беренесинде

каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) эки же андан көп адамга карата; 2) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы адамга карата; 3) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өзгөчө мыкаачылык менен - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) бул адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыргандыгына же коомдук

милдетин аткаргандыгына байланыштуу ушул адамга же анын жакындарына; 2) ушул берененин 2-бөлүгүндө жана ушул берененин ушул бөлүгүнүн 1-

пунктунда каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалган, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

140-берене. Зарыл коргонуу чектеринен аша чаап, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен ден соолукка оор зыян келтирүү

Зарыл болгон коргонуунун чектеринен аша чабуудагы, ошого тете, кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуудагы ден соолукка оор зыян келтирүү -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

141-берене. Аффект абалда ден соолукка оор зыян келтирүү Жабырлануучу тарабынан зомбулук көрсөтүүсүнөн же катуу мазактоосунан

келип чыккан, ошого тете жабырлануучунун дайыма кайталануучу укукка каршы же моралга туура келбеген жүрүм-турумуна байланыштуу психикасын узак убакыт бою жабыркатып келген жагдайлардан пайда болгон капысынан келип чыккан катуу жаны кыйналган абалда (аффект) ден соолукка оор зыян келтирүү, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

142-берене. Ден соолукка этиятсыздыктан оор зыян келтирүү Адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан оор зыян келтирүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

143-берене. Кыйноолор 1. Кимдир бирөөгө, андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна

алдыруу максатында адамды дене-бойлук жана психикалык жапа чегүүнү келтирүү; ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо; ал эми ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоо үчүн аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан, же болбосо анын шыкактоосу боюнча, анын жетегинде же унчукпаган макулдугу менен жасалган жосун -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга же билип туруп жашы жетелекке

карата; 2) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы майыпка же башка адамга карата; 3) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өзгөчө мыкаачылык менен; 5) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү, - IV категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

144-берене. Уруп-согуп кыйноо 1. Дайыма кайталануучу уруп-согуп кыйноо жолу менен, же болбосо башка

зомбулук аракеттер менен дене-бойлук же психикалык жапа чегүү келтирүү, эгерде бул ушул Кодекстин 138 жана 139-беренелеринде көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; 2) күнөөлүү билип туруп жашы жетелекке, алсыз абалдагы, же болбосо

күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган, же болбосо барымта катары кармалган адамга карата;

3) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

145-берене. Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу

1. Коркутууну жүзөгө ашырууга жетиштүү коркунучтуу негиз болгон өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Адам кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу адамды же анын жакындарына карата жасалган ошол эле жосун -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

23-глава. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кылмыштар

146-берене. Трансплантация үчүн адамдын органдарын же ткандарын алууга мажбурлоо

Ушул Кодекстин 138 жана 139-беренелеринде каралган кесепеттери жок болгон, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу менен, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо алдоо жолу менен адамды өзүнүн же анын жакындарынын органдарын же ткандарын трансплантация үчүн алууга мажбурлоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

147-берене. Адамдын органдарын же ткандарын трансплантация жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, ошого тете аларды мыйзамсыз соода кылуу

1. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген адамдын органдарын жана (же) ткандарын алуунун шарттарын жана тартибин, же болбосо мыйзамда каралган трансплантациянын шарттарын жана тартибин атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адамдын органдарын же ткандарын мыйзамсыз сатуу, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

148-берене. Мыйзамсыз боюнан алып салуу 1. Кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, гинеколог тарабынан

мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кеч жасалса, эгерде бул этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзам боюнча боюнан алдыруу укугуна ээ болбогон адам тарабынан жасалган, этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

149-берене. Айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу 1. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас

инфекциялык ооруну жуктуруу коркунучуна башка адамды туш кылуу, эгерде оору жуга элек болсо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзүндө бул оору бар экендигин билген адамдын башка адамга кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруусу, этиятсыздыктан жасалса, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам

биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого өз ыктыяры менен макул болгон учурда, ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

150-берене. Коркунучта калтыруу 1. Өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген абалда болгон жана жашы

жетелектиктин, карылыктын, оорунун, же алсыз абалда экендигин, эгерде күнөөлүү анын өмүрү үчүн коркунучтуу абалга калтырып, анын ичинде транспорттук жол кырсыгынын кесепетинен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн болбогондо, же башка себептерден улам жабырлануучуга кам көрүүгө милдеттүү болгондо жана жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгондо, жардам бербестен, адамды билип туруп калтыруу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген жосун, -

VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

151-берене. Жардам көрсөтпөй коюу Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, жашы жетелектигине,

карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жана өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда калган адамга, эгерде күнөөлүүнүн жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болуп, жардам көрсөтпөй коюу, же жабырлануучунун мындай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же болбосо адамдарга билдирбей коюу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

24-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар

152-берене. Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, жардам көрсөтүүгө милдеттүү болгон жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себептери боюнча оорулууга медициналык жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулуктун же этирбасыздыктын айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

153-берене. Адамга сыноону мыйзамсыз жүргүзүү 1. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген дары каражаттарын

клиникалык сыноону пациенттин (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жасоо же башка мыйзамсыз түрдө өткөрүү, ошого тете адамга медициналык-биологиялык, психологиялык, же башка сыноолорду, же болбосо изилдөөлөрдү жүргүзүү, -

VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүү билип туруп жашы жетелекке же аракетке жөндөмсүз адамга же алсыз абалдагы адамга карата жасалган ошол эле жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

154-берене. Өлгөн адамдын ткандарын жана органдарын мыйзамсыз алуу Медициналык кызматкер тарабынан жасалган, медицинада пайдалануу

максатында өлгөн адамдын ткандарын жана органдарын мыйзамсыз алуу, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат

ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

155-берене. Бөлөк урук клеткасын аялга жалгаштыруу 1. Белгиленген эрежелерди бузуу менен аялга бөлөк урук клеткасын

жалгаштыруу же андан түйүлдүктү жаратуу, ошого тете бөлөк урук клеткасын жалгаштырууга же андан жаратылган түйүлдүккө карата жеке ортомчулук кылуу, -

III категориядагы коомдук иштерге же II категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же II категориядагы түзөтүү жумуштарына же III категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Анын макулдугусуз жасалган аялга бөлөк урук клеткасын жалгаштыруу же андан түйүлдүктү жаратуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге, же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

156-берене. Түйүлдүк менен тыюу салынган аракеттер Аялды жасалма уруктандыруу боюнча же денеден тышкары сакталган адамдын

түйүлдүгү менен жүргүзүлүүчү аракеттердин жүрүшүндө жасалган: 1) жыныстык хромосомасы боюнча тандалган сперматозоид менен аялдын урук

клеткасын жасалма уруктандыруу, жыныс белгиси боюнча берилүүчү тукум кууган оор ооруу менен баланын ооруп калуусун болтурбоо максатында, жыныстык клетка тандалган учурларды кошпогондо, же

2) уруктандырылган урук клеткасынын ядросун башка тирүү же өлгөн кишинин түйүлдүгүнүн, уругунун клеткасы менен ошол түйүлдүккө, урукка, тирүү же өлгөн кишиге, тукум куучу маалыматка окшош кишинин түйүлдүгүн жаратуу максатында алмаштыруу, же

3) ар кандай тукум кууган маалыматы бар түйүлдүктөргө кошуу, эгерде алардын жок дегенде бири кишинин түйүлдүгү болсо, ошого тете клеткалардагы түйүлдүктөрдөн айырмаланган тукум кууган маалыматты камтыган жана аны менен бирге өсүүгө жөндөмдүү клетканы кишинин түйүлдүгүнө кошуу, же

4) адамдын урук клеткасын жаныбардын сперматозоиди менен же жаныбардын урук клеткасын адамдын сперматозоиди менен уруктандыруу жолу аркылуу өсүүгө жөндөмдүү түйүлдүктү жаратуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

157-берене. Донордук канды жүгүртүү тартибин бузуу Донордук канды жана анын компоненттерин алып келүүнүн жана алып чыгуунун

тартибин бузуу, - III категориядагы коомдук иштерге же II категориядагы белгилүү бир кызмат

ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же II категориядагы түзөтүү жумуштарына, же III категориядагы айып салууга жазаланат.

158-берене. Күч колдонуу менен донорлук кылуу 1. Донор катары пайдалануу максатында адамдан күч колдонуп же алдоо жолу

менен кан алуу, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир

иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүү билип туруп жашы жетелекке, же аракетке жарамсыз адамга, же алсыз абалдагы адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

159-берене. Мыйзамсыз дарылоо иши Мыйзамсыз дарылоо иши, тиешелүү түрдөгү медициналык билими жок адам

тарабынан жасалса, этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

160-берене. Врачтык сырды ачыкка чыгаруу Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, кесиптик же кызматтык

милдеттерин аткарууга байланыштуу билип калган адамдын врачтык сырды ачыкка чыгаруусу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жана I категориядагы айып салууга жазаланат.

25-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар

161-берене. Зордуктоо 1. Зордуктоо, башкача айтканда, өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес

зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, же аны жабырлануучуга же башка адамдарга колдоном деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жосун: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан жасалган; 2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу

менен коштолгон; 3) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен

жасалган, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган; 2) каалабаган кош бойлуулукка алып келген; 3) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирилген, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосун, билип туруп жаш

кызга карата жасалса: VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою

ажыратууга жазаланат. 162-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер 1. Өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же

аны жабырлануучуга же башка адамдарга колдонуу менен коркутуу, же болбосо

жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан жасалган; 2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу

менен коштолгон; 3) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен

жасалган, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген; 2) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Жаш экендигин билип туруп жаш балага (кызга) карата ушул берененин 1, 2

же 3-бөлүктөрүндө каралган жасалган жосун, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо өмүр бою эркиндигинен

ажыратууга жазаланат. 163-берене. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо Ушул Кодекстин 161 жана 162-беренелеринде каралган кылмыштардын

белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен, же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

26-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар

164-берене. Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер

Ушул Кодекстин 161 жана 162-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан билип туруп он алты жашка жетелек менен жасалган жыныстык катнашуусу, бачабаздыгы, лесбияндыгы же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттери, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 165-берене. Ыплас аракеттер Ушул Кодекстин 161, 162 жана 164-беренелеринде каралган кылмыштардын

белгилери болбогондо, билип туруп он алты жашка жетелекке карата сексуалдык байланышсыз ыплас аракеттер жасалса, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

166-берене. Сойкулук кылууга тартуу 1. Ушул Кодекстин 161 жана 162-беренелеринде каралган кылмыштардын

белгилери болбогондо, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу жолу же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу, же зыян келтирүү менен коркутуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган сойкулук кылууга тартуу, же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) билип туруп жашы жетелекке карата; 2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 3) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 167-берене. Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү 1. Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо же

болбосо ыпластыкка көмөктөшүү, же болбосо сутенёрдук, - V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 2. Билип туруп он алты жашка жетелекти пайдалануу менен жасалган ошол эле

жосундар, - VI категориядагы айып салууга, же болбосо II категориядагы эркиндигинен

ажыратууга жазаланат. 168-берене. Билип туруп жашы жетелекти порнобизнеске тартуу 1. Порнография мүнөзүндөгү предметтерди даярдоо менен байланышкан

аракеттерге же порнография мүнөзүндөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары билип туруп жашы жетелекти тартуу, ошого тете жашы жетелекти эротикалык же порнографиялык жагдайда сүрөттөгөн чыгармаларды даярдоо, же мындай чыгарманын көчүрмөсүн даярдоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу жолу менен, же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу же болбосо зыян келтирүү менен коркутуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган ошол эле жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган

жосундар: 1) ата-энесинин бири менен же жашы жетелекке мыйзам менен тарбиялоо

боюнча милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо жашы жетелекке көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин башка кызматкери тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу;

3) билип туруп жаш балага карата; 4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

169-берене. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу Омурткалууларга таандык болгон жаныбарга, анын өлүмүнө же жаракатка алып

келген, бейбаштык, же болбосо пайда көздөө менен, ошого тете жаш баланын көзүнчө жасалган ырайымсыз мамиле кылуу, -

III категориядагы коомдук иштерге же II категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же II категориядагы түзөтүү жумуштарына, же III категориядагы айып салууга жазаланат.

27-глава. Кишинин жеке эркиндигине каршы кылмыштар 170-берене. Киши уурдоо 1. Ушул Кодекстин 244-беренесинде каралган кылмыштын белгилери

болбогондо, аны ал туруктуу же убактылуу турган жеринен которуп, ал турган жерден айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолуучу, кармап алуу, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине каршы уурдоо, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) билип туруп жашы жетелекке карата; 3) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; 4) төлөм алуу, же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында; 5) эки же андан көп адамга карата; 6) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген; 7) адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарды же ткандарды

алуу максатында, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган

жосундар, эгерде күнөөлүү 72 саат өткөндөн кийин уурдалган адамды ыктыярдуу бошотсо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

Эскертүү: Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5- пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

171-берене. Кишилерди соода кылуу

1. Кишилерди соода кылуу, башкача айтканда, аларды эксплуатациялоо же башка пайда алуу максатында же болбосо ансыз, алардын макулдугу менен же макулдугусуз жүзөгө ашырылган коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо жолу менен аларды азгырып жалдоо, ташуу, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) эки же андан көп адамга карата; 2) жашы жетелекке карата; 3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өз кызматтык абалынан пайдалануу менен адам тарабынан; 5) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан

өткөрүү же аны чет жерде мыйзамсыз кармоо менен; 6) күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга карата, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарын же ткандарын

алуу максатында; 2) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; 3) жаш балага карата; 4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Эксплуатациялоо же башка пайда алуу максатында же болбосо ансыз,

алардын макулдугу менен же макулдугусуз жүзөгө ашырылган коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн, шантажды, уурдоону, кесепчиликти, алдоону колдонбостон жаш баланы же жашы жетелекти жалдоо, ташуу, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Азгырып жалдоо деп кандайдыр бир иштерди аткаруу, жалдоочунун

же башка адамдардын кызыкчылыктарында кызмат көрсөтүүлөр үчүн материалдык сыйакы үчүн издөө, тандап алуу, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүндүрүлөт.

Эксплуатация деп адамды сойкулукка же сексуалдык иштин башка формаларына, мажбурлап иштетүүгө же кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди, материалдык жана башкадан көз карандылыкты, ошондой эле алардын жалданма абалын пайдалануу аркылуу ишке тартуусу түшүнүлөт.

Кишилерди соода кылуунун курмандыгы болгон адам, эгерде ал кишилерди соода кылуу процессинин уюштуруучуларын, аткаруучуларын жана кошо аткаруучуларын табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, кылмыш жоругу же анча оор эмес кылмыш болуп саналуучу жосундарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

172-берене. Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

1. Кишини күч колдонуп кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө, - I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жосун, эгерде ал төмөнкүдөй жасалса: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) билип туруп жашы жетелекке карата; 3) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, этиятсыздыктан

ден соолукка оор зыян келтирсе, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү

жабырлануучуну ыктыярдуу бошотсо, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына,

же IV категориядагы айып салууга жазаланат. 173-берене. Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги) 1. Ага карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган

адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу, эгерде адам андан көз каранды болбогон себептер боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруудан баш тарта албаса, -

II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) билип туруп жашы жетелекке карата; 2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген шантажды, зомбулукту

колдонуу менен же мындай зомбулукту колдонуу менен коркутуу менен; 3) жабырлануучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу,

жашыруу, же болбосо жок кылуу менен, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар: 1) билип туруп жаш балага карата; 2) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген, - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 174-берене. Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу 1. Адамды психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир

иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун, этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

28-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

175-берене. Адамды никеге туруу максатында уурдоо 1. Адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Он сегиз жашка жетелек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу үчүн

же болбосо анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо, - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен бошотууга

жазаланат. 176-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо Он сегиз жашка жетелек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга

мажбурлоо, - VI категориядагы айып салууга, же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 177-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени

улантууга мажбурлоо, же адамды никеге турбастан чогуу жашоого адамды мажбурлоо, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

178-берене. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адамдан ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган адам, ошого тете жашы жетелек менен никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдарды жасаган жашы жеткен адам -

II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. 179-берене. Эки жана андан көп аял алуу Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, эркектин жалпы чарба

жүргүзүү менен эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоосу, - II категориядагы коомдук иштерге, же I категориядагы түзөтүү жумуштарына, же

II категориядагы айып салууга жазаланат. 180-берене. Кылмыш жасоого жашы жетелекти тартуу 1. Билип туруп жашы жетелекти он сегиз жашка жеткен адам тарабынан кандай

гана болбосун ыкма менен кылмыш жасоого тартуу, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир

иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү

жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири, педагог, же болбосо мыйзам менен жашы жетелекке камкордук көрүү милдети жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосун,

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Билип туруп жашы жетелекти уюшкан топко, кылмыштуу уюмга же оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан ушул берененин 1 же 2- бөлүгүндө каралган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

181-берене. Жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу 1. Он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан жасалган, билип туруп жашы

жетелекти жорук жасоого, аракечтикке, селсаяктыкка же тилемчиликке тартуу, же болбосо аны селсаяктыкта же тилемчиликте пайдалануу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири, педагог же жашы жетелекке камкордук көрүү милдети мыйзам менен жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

182-берене. Жашы жетелектерди чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин чөлкөмүнө алып чыгуу

1. Жашы жетелектерди чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин чөлкөмүнө алып чыгуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ата-эненин бири же мыйзам менен жашы жетелектерди тарбиялоо боюнча

милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан, ошого тете мыйзамда жашы жетелектерди көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же башка билим берүү, тарбиялоо, дарылоо, же болбосо башка мекемелердин кызматкерлери тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 183-берене. Ымыркайды алмаштырып коюу Пайда көздөп же башка кызыкчылыкта жасалган жаңы төрөлгөн баланы

алмаштырып коюу, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

184-берене. Асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген, асырап алуучунун эркине каршы

асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

29-глава. Адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар 185-берене. Адамдын тең укуктуулугун бузуу 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген адамдын тең укуктуулугун бузуу,

тактап айтканда жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша укуктарды тикелей, же болбосо кыйыр чектөө же тикелей же кыйыр артыкчылыктарды белгилөө, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

186-берене. Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу 1. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, адамдын жеке жашоосу

жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Жеке же үй-бүлөлүк сырды чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыкканда, же болбосо башка жалпыга чыгууларда мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

187-берене. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу 1. Мыйзамсыз кармоо, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же эки

жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2- бөлүктөрүндө каралган жосундар -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Шектелгендин туугандарына анын кармалган фактысы жана турган жери жөнүндө кабарлабоо, адамдын камакта кармалган жери жөнүндө маалыматты, мындай маалыматты алууга укугу бар жаранга берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошого тете иш жүзүндө кармоонун протоколун түзүүнүн убактысын же иш жүзүндө кармоонун убактысын бурмалоо, -

III категориядагы коомдук иштерге же II категориядагы түзөтүү жумуштарына, же III категориядагы айып салууга жазаланат.

188-берене. Кыйноолорду болтурбоо максатында медициналык кызматкерге күбөлөндүрүү жана башка аракеттерди жүргүзүүдө тоскоолдук кылуу

Сотко чейинки, соттук териштирүү же жазаны өтөө стадиясында кароону, күбөлөндүрүүнү же медициналык экспертиза жүргүзүүдө медициналык кызматкерге тоскоолдук кылуу, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

189-берене. Кат алышуу жашыруундуулугун бузуу 1. Кат алышуунун, телефондук же башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, байланыш

каражаттарын же компьютерди пайдалануу менен берилүүчү телеграф, электрондук же башка кабарламалардын жашыруундуулугун бузуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Маалыматты жашырын алуу үчүн багышталган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

190-берене. Турак жайга кол тийбестикти бузуу Адамдын менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объекттерге

ал адамдын эркине каршы мыйзамсыз кирүү, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына,

же IV категориядагы айып салууга жазаланат. 191-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу 1. Жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин

жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине же болбосо алардын өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөсүнүн ишине тоскоолдук кылуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

192-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер жана башка мамлекеттик бийликтин шайлануучу органына жана муниципалдык кызматка талапкер, ошого тете анын жубайы, алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же болбосо таратуу же кандайдыр бир кызматты же башка байгерчиликти алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

193-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу Талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү

боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:

1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү;

2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;

3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;

4) алмаштыруучу адамдар аркылуу шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө

мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.

194-берене. Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

Талапкердин, саясий партиянын талапкеринин же референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй жолдор менен жасаган аракеттери:

1) шайлоо фондуна, референдум фондуна түшпөгөн каржы же материалдык каражаттарды шайлоо өнөктүгүн өткөрүү же референдумду өткөрүү демилгесин жылдыруу максатында ири өлчөмдө пайдалануу;

2) шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондусунун атайын эсебине которулган кайрымдуулук каражаттарын ири өлчөмдө чыгымдоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

195-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо 1. Шайлоо документтерин, референдум документтерин бурмалоо, добуштарды

билип туруп туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын билип туруп туура эмес белгилөө, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошого тете саясий партиянын, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укукту өкүлү тарабынан жасалса, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүлөр жасалган ошол эле жосундар: 1) шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын

төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы тарабынан; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

196-берене. Мыйзамсыз диний топту уюштуруу 1. Топту уюштуруу же жетектөө, анын иши диний окууларды жайылтуу жана

диний каадаларды аткаруу түрүндө жүргүзүлүп, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу зыян келтирүү менен, жарандарды коомдук иштерден же жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга түртүү менен, ошого тете бул топко жашы жетелек балдарды тартуу менен коштолсо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү

жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете мындай топтун ишин дайыма пропагандалоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

197-берене. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же

болбосо мындай зомбулукту колдонуу менен коркутуп жасалган тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же ага катышууга мажбурлоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

198-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду төлөбөө Менчигинин формасына карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат

адамынын эмгек акыга, пенсияга, жөлөк пулга жана башка социалдык төлөмдөргө багышталган акчалай каражаттардын дайындалышы боюнча эмес пайдалануусу, аларды алтымыш күндөн ашык мезгилдин ичинде өз убагында эмес төлөнүүгө алып келсе, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

199-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

1. Эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында келтирилген болсо, автордук укукту, аралаш укуктардын, ЭВМ программалардын, маалыматтар базасынын объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатып алуу, сактоо, ташып чыгаруу жасатууга ЭВМ, маалыматтар базалар үчүн программалардын, чыгармалардын, фонограммалардын контрафактык нускаларын даярдоо, ошондой эле ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдашылбастан ойлоп табуунун маңызын маалыматтарды расмий жарыялаганга чейин пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн ачыкка чыгарууга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, -

V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыш тобу тарабынан, же өзгөчө ири залал келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосун, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосун, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса, ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса, өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР 30-глава. Менчикке каршы кылмыштар

200-берене. Уурдоо 1. Уурдоо, башкача айтканда олуттуу өлчөмдө жасалган бирөөнүн мүлкүн

жашыруун уурдап кетүү, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) ири өлчөмдө; 2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 3) адамдын менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектке

кирүү менен, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган, ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган

жосундар, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 201-берене. Тоноо 1. Тоноо, башкача айтканда бөтөн мүлктү ачык ээлеп алуу, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун төмөнкүдөй жасалса: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) олуттуу өлчөмдө, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Төмөнкүдөй жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган

жосундар 1) ири өлчөмдө; 2) турак жайга кирүү менен;

3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган, ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосун, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

202-берене. Каракчылык 1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен, же

болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган каракчылык, башкача айтканда бөтөн мүлктү ээлеп калуу максатында кол салуу, -

II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында; 2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, төмөнкүдөй

жасалса: 1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында; 2) турак жайга кирүү менен; 3) куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен; 4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 203-берене. Опузалап талап кылуу 1. Шантаж кылуу же жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден

соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен опузалап талап кылуу, башкача айтканда бөтөн мүлктү, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген; 2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында жасалган, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 204-берене. Алдамчылык 1. Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу

менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) ири өлчөмдө; 2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган

жосундар, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 205-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу 1. Ишенип берилген мүлктү олуттуу өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) ири өлчөмдө, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй

жасалса: 1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) мүлк жана (же) акча каражаттары кызматтык милдеттерин аткарууга

байланыштуу ишенип берилген адам тарабынан, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 206-берене. Автотранспорт каражаттарын айдай качуу

1. Ээлөөнүн (айдай качуунун) максаттарына карабастан автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу жана аны айдоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же

болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-

бөлүгүндө каралган жосундар, - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 207-берене. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу 1. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка

коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка предметтерди колдонуу

менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Жер участогун мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 208-берене. Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп

алуу же басып алуу 1. Менчигинин формасына карабастан турак жана (же) турак эмес жайды,

имаратты же курулманы зомбулук колдонуу менен же анын колдоном деп коркутуу менен жасалган өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) жайды, имаратты же курулманы бузуу менен, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка предметти колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 4. Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп

алууну уюштуруу же жетектөө, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 209-берене. Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен мүлктүк залал

келтирүү 1. Менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине газды, электр же болбосо жылуулук

энергиясын эсепке алуу приборлору жок (эгерде аларды пайдалануусу милдеттүү болуп саналса) же эсепке алуу приборлорун атайлап бузуунун кесепетинен, ошого тете уурдоонун белгилери болбогондо башкача алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен олуттуу мүлктүк зыян келтирүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун: 1) ири залал келтирүү менен; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Өзгөчө ири залалды келтирүү менен жасалган ушул берененин 1 же 2-

бөлүктөрүндө каралган жосундар, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. Эскертүү: Менчик ээсине же башка ээсине келтирилген залалдын ордун

ыктыярдуу түрдө толук толтурган учурда, залалды келтирген адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

210-берене. Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу 1. Олуттуу зыян келтирген бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу, ошого тете

мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый эстеликти же жаратылыш объекттин жок кылуу же бузуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар өрттөө же жалпы коркунучтуу ыкма менен жасалса же ири зыян келтирсе, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири залалды келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

31-глава. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар

211-берене. Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш 1. Эгерде бул жосун ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, мындай

лицензия жана (же) уруксат милдеттүү болгон учурларда ишкердик же банк ишин же болбосо банктык операцияларды каттоосуз, же болбосо атайын лицензиясы жана (же) уруксаты жок, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен жүзөгө ашыруу, -

I категориядагы коомдук иштерге же I категориядагы айып салууга жазаланат. 2. Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолсо, - II категориядагы коомдук иштерге же I категориядагы белгилүү бир кызмат

ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же I категориядагы түзөтүү жумуштарына же II категориядагы айып салууга жазаланат.

212-берене. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү

1. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн тотализаторлорду, букмекердик контораларды жана көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, ошого тете оюн жабдууларын пайдалануу менен, же болбосо компьютердик, маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдарды, анын ичинде "Интернет" тарамын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

213-берене. Жалган ишкердик 1. Жалган ишкердик, башкача айтканда насыя алуу, салыктардан бошонуу,

башка мүлктүк пайданы табуу же тыюу салынган ишти жашыруу максатында, эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен бул жосун коштолсо, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу ниетисиз юридикалык жакты түзүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

214-берене. Каржы пирамидаларын уюштуруу Эгерде ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, каржы пирамидасынын

иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ага катышууга сунуш кылуу же каржы пирамидасынын жардамы менен каржылык активдерди тартуу (алуу), каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, -

II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар: 1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон; 2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же

тарамдарды, же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу жолу менен жасалган;

3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. Эскертүү: Ушул беренеде каржы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же

керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумун түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.

215-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)

1. Эгерде мүлк кылмыш жасоодон түшкөн кирешелерден жаралгандыгы белгилүү болсо, мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булактарын жашыруу же жазгыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундары үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, эгерде мүлк кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди билдирсе, мүлктүн же анын таандыктыгынын анык мүнөзүн, булагын, жайгашкан ордун, тескөө ыкмасын, ага болгон укуктарды жашыруу же катуу; же эгерде мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы ошол адамга белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же аны алган учурда адамга мүлк кылмыштан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ээлик кылуу же пайдалануу, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча бардык аракеттерди (операцияларды же сүйлөшүүлөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерди ээлөөгө, пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү, -

- эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адамдар тарабынан, -

- үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар жасалса: 1) уюшкан топ тарабынан; 2) ири өлчөмдө, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш

менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан сумма ири өлчөмдөгү деп ушул беренеде таанылат.

Кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чегерилген бардык экономикалык пайда же мүлк кылмыштуу киреше деп ушул беренеде түшүндүрүлөт.

Кандай болбосун түрдөгү материалдык же материалдык эмес (сезилген же сезилбеген) мүлк, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк насыяларын, жол кире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда, ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай болбосун формада (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт.

216-берене. Монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө 1. Монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же

кармап туруу, же ошого тете эле рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган сүйлөшүү же макулдашылган аракеттер аркылуу атаандаштыкты чектөө, эгерде бул жосундар ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар: 1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен

же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган; 2) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 217-берене. Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо 1. Шантаж кылууну колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч

келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, опузалап алуу белгилери жок болсо, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө

каралган жосундар, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 218-статья. Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди,

кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу 1. Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же

окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категорияда эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, товарды тейлөө же келип чыккан жеринин белгисине карата алдын ала маркировкалоону мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -

IV категориядагы айып салуу менен жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашкан суммадагы зыян ири зыян деп таанылат.

219-берене. Рейдерлик 1. Рейдерлик, башкача айтканда төмөнкү жол менен жасалган жосун: 1) чогулуштун, жыйналыштын протоколдоруна, андан көчүрмөлөргө добуш

берүүчүлөрдүн саны, кворум же добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү же добуштарды эсепке алууну же добуш берүү үчүн бюллетендерди эсепке алууну билип туруп туура эмес түзүү, акционердин, катышуучунун, жогорку башкаруу органынын мүчөсүн же аткаруу органынын мүчөсүн добуш берүүдө иш жүзүндө болушуна бөгөт коюу же чектөө жолу менен жогорку башкаруу органынын чечимин кабыл алууда добуш берүүлөрдүн натыйжаларын бурмалоо же укуктарды эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;

2) чогулушту, жыйналышты өткөрүү жөнүндө маалыматтарды билдирбөө же чогулушту, жыйналышты өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, билип туруп жалган ишеним кат боюнча акционердин, катышуучунун же жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн атынан добуш берүү;

3) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун бузуу, чектөө же чек коюу;

4) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук түзүү;

5) башка мыйзамсыз аракеттер, - юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө менчик укугун мыйзамсыз алууга же

юридикалык жактын үстүнөн контролдоону орнотууга алып келсе, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар кызмат абалын колдонуу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

220-берене. Коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу

1. Документтерди уурдоо, коммерциялык же банктык сырды билген адамдарга же алардын жакындарына карата коркутууларды же сатып алууну колдонуу, байланыш каражаттарынан маалыматты алып калуу, компьютердик системага же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен, аларга тете башка мыйзамсыз ыкмалар менен коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматтарды жыйноо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакты контролдоону орнотконго алып келген ошол эле жосундар, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

221-берене. Коммерциялык, банктык жашыруун сырды, салык төлөөчүнүн жашыруун сырын ачыкка чыгаруу

Кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган же ишенип берилген адамдын коммерциялык, банктык жашыруун сырды же салык төлөөчүнүн маалыматтарынын жашыруун сырын түзгөн маалыматтарды алардын ээсинин макулдугусуз мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу же пайдалануусу, эгерде бул жосундар пайданы көздөп жасалса же юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакты контролдоону орнотконго алып келсе, -

V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же ансыз жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

222-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр 1. Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда

төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо: 1) инсайдер же анын аффилирленген жагы тарабынан инсайдердик

маалыматтарды пайдалануу менен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жайылтуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүккө мыйзамсыз берүү, ошого тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жасалса, же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин жак билсе,

V категориядагы айып салууга, же болбосо I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар: 1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан

жасалган; 2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон, - VI категориядагы айып салууга, же болбосо II категориядагы эркиндигинен

ажыратууга жазаланат. 223-берене. Экономикалык контрабанда 1. Контрабанда, башкача айтканда бажы контролунан тышкары же андан

жашыруу менен, же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалган, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка предметтерди ири өлчөмдө өткөрүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) кызмат абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан; 3) бажы контролун жүргүзгөн адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч

келтирбеген зомбулукту колдонуу менен; 4) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде өткөрүлгөн товарлардын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашса - ири өлчөмдө, ал эми эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.

Эгерде адам бул кылмышты биринчи жолу жасаса жана айыптарды жана туумдарды кошуу менен тиешелүү болгон бажы төлөмдөрүн ыктыярдуу төлөсө,

контрабанданын предмети болгон товарларга жана башка предметтерге карата бажы жол-жоболоштуруусу менен жасаса, ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

32-глава. Акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар 224-берене. Насыяны мыйзамсыз берүү Жеке же юридикалык жактарга мамлекеттик максаттуу насыяларды мыйзамсыз

берүү же жеңилдетилген шарттарды мыйзамсыз берүү, кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

225-берене. Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо 1. Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет

өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ошого тете сатуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) ири өлчөмдө; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан кылмыш предметинин наркы ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

226-берене. Төлөм документтеринин жасалмасы 1. Жасалма насыялык же эсептешүү карталарын, ошого тете баалуу кагаз болуп

саналбаган башка төлөм документтерин сатуу максатында даярдоо же сатып өткөрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

33-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар 227-берене. Акциздик маркаларды жасалма жасоо Жасалма акциз маркаларын сатуу максатында даярдоо, ошого тете сатуу

максатында сактоо же ири өлчөмдө же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу же пайдалануу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Беш жүз же андан ашык жасалма акциздик маркалар ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

228-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү

Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз ири өлчөмдө жасалган өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда милдеттүү акциз салынууга тийиш болгон продукциянын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан суммадагы өлчөмү ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

229-берене. Спиртти жана спиртти камтыган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү

1. Мыйзамсыз өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же спирт камтыган ичимдиктерди ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ошого тете сатуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген этиятсыздыктан оор зыянга алып келген спиртти же спирт камтыган ичимдиктерди сатуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эки жүз же андан ашык литр спирт жана спирт камтыган ичимдиктер ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

230-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу 1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, же аларды жок

кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо башка салык салуунун объекттерин ири өлчөмдө жашыруу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өзгөчө ири өлчөмдө, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 230-232-беренелеринде ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн, салык карыздарын же башка милдеттүү бюджетке төлөмдөрдү төлөөдөн качуу деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу, ал эми өзгөчө ири өлчөмдө деп эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу таанылат.

Айыптарды жана туумдарды кошкондо, бардык салык же бажы карыздары ыктыярдуу түрдө тындырылган учурда адамды ушул Кодекстин 230-232- беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин кандай гана болбосун стадиясында токтотулууга тийиш.

231-берене. Бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

1. Эгерде бул жосун бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканда, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

232-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

1. Эгерде бул жосун бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен уюмдардан бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качканда, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ушул эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча. VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же ансыз жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

34-глава. Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

233-берене. Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу

1. Коммерциялык же башка уюмда башкаруу функциясын аткарган адамдын өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыгына каршы жана пайда көздөө же өзү же башка адамдар же уюмдар үчүн артыкчылыктарды алуу же башка адамдарга же уюмдарга зыян келтирүү максатында колдонуусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталында акциясына (үлүшүнө) ээлик кылган чарбакер коомдун кызматчысы жасаган ошол эле жосун, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салуу менен, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде ушул беренеде же ушул главанын башка беренесинде каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык ишкана, мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталында акциясына (үлүшүнө) ээлик кылган чарбакер коом болбогон коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыштык куугунтуктоо ошол уюмдун арызы жана анын макулдугу жүргүзүлөт.

234-берене. Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу

1. Ачык тооруктарды, аукционду же тендерди өткөрүүнүн тартибин атайылап же этиятсыз бузуу, ошого тете мүлктүн менчик ээсине, тоорукту же аукционду уюштуруучуга, сатып алуучуга же башка чарбакер субъектке ири өлчөмдөгү зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

235-берене. Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуусу

1. Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өз ишинин милдеттерине каршы жана өзү же башка адамдар үчүн пайда көздөө же артыкчылык алуу же башка адамдарга зыян келтирүү максатында кыянаттык менен пайдалануусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун билип туруп жашы жетелекке же аракетке жөндөмсүзгө карата жасалса, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

236-берене. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу

1. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын жетекчилеринин же кызматчыларынын лицензияга ылайык аларга берилген ыйгарым укуктарынан өз ишинин милдеттерине каршы аша чабуусу, эгерде бул жосун күч колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

237-берене. Коммерциялык паралап сатып алуу 1. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын

кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамга акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз берүү, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамдын акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз алуусу, ошого тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган; 2) акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же мүлктүк мүнөздөгү кызмат

көрсөтүүлөрдү опузалап алуу менен коштолгон, - III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде адамга карата акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же болбосо мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу жасалса, же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө тергөөчүгө же прокурорго билдирсе, адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

238-берене. Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу 1. Мамлекеттик органдын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик жана

муниципалдык мекеменин кызмат адамы болуп саналбаган кызматчы тарабынан паралап сатып алууну жүзөгө ашыруучу адамды кызматчы тарабынан өзүнүн ээлеген кызматтык абалын пайдалануу менен жасаган же жасоого тийиш болгон белгилүү аракеттерди аткаруу же аткарбоо үчүн олуттуу өлчөмдө акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө сый акы мыйзамсыз алуусу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) ири өлчөмдө, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I

категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан өлчөм - олуттуу өлчөмдөгү, бир миң эсе ашкан өлчөмү - ири өлчөмдөгү, он миң эсе ашкан өлчөмү - өзгөчө ири өлчөмдөгү сыйакы деп ушул беренеде таанылат.

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

35-глава. Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар 239-берене. Терроризм актысы 1. Терроризм актысын жасайм деп коркутуу, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдарынын, же болбосо эл аралык уюмдардын чечимдерин кабыл алууга таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй

жасалса: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу,

ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;

3) стратегиялык объекттерге карата; 4) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою

ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик

органдарын өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен терроризм актысын болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

240-берене. Террордук ишти каржылоо 1. Террордук ишти каржылоо, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын

аймагында же анын чегинен тышкары аймакта каржылоо үчүн террорчуну жана (же) террордук уюмду, же болбосо террордук ишти каржылоо, даярдоо же жасоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталган же пайдалана турган, ага ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө каражаттарды мыйзамсыз берүү, каржылык кызмат көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражаттарды жыйноо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле

жосун, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды даярдаган же жасаган адамдарга

таандык болгон каражаттарды же террордук уюмдун контролунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (сүйлөшүүлөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүүлөр деп ушул беренеде таанылат.

241-берене. Террордук ишке көмөктөшүү Ушул Кодекстин 239, 240, 244, 248, 312, 387-беренелеринде каралган

кылмыштарды жасоого адамды тартуу же террордук уюмдун ишине катышууга адамды көндүрүү же аталган кылмыштардын жок дегенде бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, окутуу, же болбосо даярдоо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде адам өз убагында бийлик органдарына эскертүү менен же башка ыкма менен ушул беренеде көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбоого, же болбосо ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

242-берене. Террордук ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар 1. Террордук ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар же терроризмди ачык

актоо, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тарамдарын колдонуу

менен жасалган ошол эле жосундар, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

243-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү

Терроризм актысын жасоо үчүн жалдануунун же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо, Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 244-берене. Барымтага алуу 1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын

тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп

коркутуу менен; 3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен; 4) эки же андан көп адамга карата; 5) билип туруп жашы жетелекке карата; 6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата; 7) пайда көздөө менен же жалдануу менен, - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян

келтирген жосундар, - V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 саатын ичинде

ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

245-берене. Имараттарды жана курулмаларды басып алуу 1. Имараттарды, курулмаларды, жолдорду же катнашуу жана байланыш

каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу, же болбосо аларды кармап туруу, аларды жок кылуу же бузуу коркунучу менен, же болбосо жарандарды өлтүрүү же алардын ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу менен коштолгон, коркунучтарды аткарбоонун шарты катары мамлекеттик же башка органды, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого, же болбосо жасабоого мажбурлоо максатында жасалса, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 246-берене. Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо Жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор

кесепеттердин болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттердин даярдалып жаткандыгы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

247-берене. Адамды кылмыштуу ишке катышууга мажбурлоо Адамга же анын жакындарынын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес

шантажды же күч колдонуу коркунучун колдонуу менен аны кылмыш жасоого, же болбосо уюшкан топко, мыйзамсыз куралдуу түзүлүшкө же кылмыштуу уюмга катышууга мажбурлоо;

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 248-берене. Уюшкан топту түзүү же ага катышуу 1. Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ошого тете мындай топту

жетектөө, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Уюшкан топко катышуу, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик

бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда башка адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

249-берене. Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу 1. Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу уюмду түзүү, ошого

тете мындай уюмду же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ошого тете оор

же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Кылмыштуу уюмга катышуу, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик

бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда, же болбосо ага кирген түзүмдөрү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшулган топтордун уюштуруучуларын, жетекчилерин же башка өкүлдөрүн бирикмелерин түзүүдө адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

250-берене. Куралдуу кошуундарды мыйзамсыз түзүү же ага катышуу 1. Куралдуу кошуундарды (бирикмени, отрядды, дружинаны же башка топту)

мыйзамсыз түзүү, ошого тете мындай кошуунду жетектөө, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Куралдуу кошуунга мыйзамсыз катышуу, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Куралдуу кошуундуга мыйзамсыз катышууну ыктыярдуу токтоткон

жана куралды өткөрүп берген адам ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

251-берене. Кемени айдай качуу же басып алуу 1. Аба же суу кемесин, же болбосо темир жол кыймылдуу курамын айдай качуу,

ошого тете мындай кемени же курамды айдап качуу максатында басып алуу, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян

келтирген жосундар, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 252-берене. Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз жасап чыгаруу

жана жүгүртүү Маалыматты жашырын алуу үчүн багышталган атайын техникалык

каражаттарды сатуу максатында мыйзамсыз жасап чыгаруу, сатып өткөрүү же сатып алуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Маалыматты жашырын алуу үчүн багышталган атайын техникалык каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

253-берене. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү 1. Дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу, газдуу, сайсыз куралды, ошого тете

травмалык аракеттеги патрондор менен атуу үчүн багышталган куралды мыйзамсыз сатып алуу, сатып өткөрүү же алып жүрүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Эки же андан ашык автоматтык куралга же эки же андан ашык адамга бир эле убакта жок кылууга багытталган куралга карата ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдар тобу тарабынан жасалган ушул

берененин 2 жана 3-бөлүгүндө каралган жосундар, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн предметтерди ыктыярдуу өткөрүп берген

адам, ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде жана ушул Кодекстин 254-беренесинде көрсөтүлгөн

предметтерди адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алып коюу ыктыярдуу өткөрүп берүү деп таанылбайт.

254-берене. Куралды мыйзамсыз даярдоо 1. Трамвалык аракеттеги патрондор менен атуу үчүн багышталган газдык,

сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралды мыйзамсыз даярдоо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды кошпогондо) мыйзамсыз оңдоо же даярдоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Атууну катары менен жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бергендей кылып атуучу куралдын, же болбосо сайлуу куралдан атуу үчүн багышталган патрондор менен аткандай кылып сайсыз же газдык куралдын конструкциясын мыйзамсыз өзгөртүү,

ошого тете стандарттагы талаптарга жооп бербегендей кылып куралдын жалпы узундугун кыскартуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн предметтерди ыктыярдуу тапшырып

берген адам ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

255-берене. Куралды этибарсыз сактоо Атуучу куралды, ошого тете газдуу куралды же травмалык аракеттеги патрондор

менен атууга багышталган куралды, бул курал менен башка адам тарабынан колдонууга үчүн шарттар түзүлгөн жана андан этиятсыздыктан оор зыян келтирилген, жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан талаптагыдай эмес сактоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

256-берене. Куралды сактоо боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды кайтаруу тапшырылган адамдын жеңил ойлуулугунан же текебердигинен өзүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарылышы, эгерде бул аларды уурдоого же жок кылууга алып келсе, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Оор зыян келтирген ошол эле жосун, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

257-берене. Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу 1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап

алуу, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосунду төмөнкүлөр жасаган: 1) атуучу курал, ок-дарылар же жарылуучу заттар кызматтык абалына

байланыштуу ишенип берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

36-глава. Өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар

258-берене. Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген тоо-кен, курулуш же жарылуу кооптуулугу бар жумуштарды алып барууда коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

259-берене. Сапатсыз курулуш Этиятсыздыктан оор зыян келтирген, сапатсыз курулган, бүтүрүлбөгөн же

келишимдин шарттарына жана долбоордук документтерге туура келбеген имаратты, же болбосо курулманы, электр станциясын, турак үйдү, жолду, көпүрөнү же курулуштун башка объектин подрядчы тарабынан пайдаланууга берүү жана (же) кабыл алуу, курулуш уюмунун жетекчиси же курулуштун сапатын контролдоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан жасалса, ошого тете аларды ишти жүргүзүүчү тарабынан сапатсыз оңдоо, -

VI категориядагы айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

260-берене. Жарылуучу, тез күйүүчү заттарды жана пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүү

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген жарылуучу, тез күйүүчү заттарды жана пиротехникалык буюмдарды эсепке алуу, сактоо, ташуу жана пайдалануу, ошого тете бул заттарды почта же кол жүк менен мыйзамсыз жөнөтүү эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

261-берене. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу Өрт коопсуздугун эрежелерин аткарылышы үчүн жооптуу болгон адамдын өрт

коопсуздугунун эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуусу, эгерде ал этиятсыздыктан оор зыянга учураткан өрттүн пайда болушуна алып келсе, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

262-берене. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз колдонуу Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пайдалануу,

берүү, сатып өткөрүү же бузуу этиятсыздыктан оор зыян келтирсе, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

263-берене. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алуу 1. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) кызматтык абалына байланыштуу радиоактивдүү материалдар ишенип

берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан; 3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же

мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга же ансыз жана III категориядагы айып салуу менен жазаланат.

37-глава. Коомдук тартипке каршы кылмыштар 264-берене. Массалык баш аламандыктар 1. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу

заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган массалык баш аламандыктарга

катышуу, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана

массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 265-берене. Жолдорду мыйзамсыз тосуу 1. Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосууну, башкача айтканда жол

төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка предметтерди орнотуу жолу менен узактыгы 24 сааттан ашкан, адамдардын, автомобилдик, темир жол же башка транспорт каражаттарынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу зыян келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосууга катышуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

266-берене. Ээнбаштык 1. Ээнбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп

коркутуу менен, же болбосо караөзгөйлүгү менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, өзгөчө оройлук менен жасалган, башкача айтканда башка

бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузган аракеттер -

VI категориядагы айып салуу же II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ээнбаштык: 1) адамдардын тобу же алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка

дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуу аракети менен;

3) бийлик өкүлдөрүнө, же болбосо коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткаруучу башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

4) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

38-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар 267-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын

аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо 1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун

сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү,

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) ири өлчөмдө - IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган

жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, билип туруп жашы жетелекке сатуу, -

V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңги заттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеги, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен

алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда. баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.

268-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо

1 Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун сатып өткөрүүгө максатысыз мыйзамсыз, ири өлчөмдө жасалган даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же берип жиберүү, сатып өткөрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар, - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 269-берене. Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо 1. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды өндүрүү же даярдоо үчүн

багышталгандыгын билип туруп прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, берип жиберүү же сатып өткөрүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) ири өлчөмдө, - VI категориядагы айып салуу менен же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган

жосундар - III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. Эскертүү. Ушул берене, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери

боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниси бар прекурсорлордун тизмеги жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

270-берене. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы

1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун; күчтүү таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралданууну, жардыруучу түзүлүштөрдү, атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдардын башка түрлөрүн; массалык жок кылуучу куралдарды жаратууда колдонулушу мүмкүн болгон жана аларга Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы

аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү чийки зат товарларын жана маданий баалуулуктарын, эгерде бул жосун бажы контролун кыйчап өтүү менен же бажы контролунан жашыруу менен, же документтерди, же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалса, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолсо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун: 1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан; 2) бажы контролун жүзөгө ашыруучу адамга карата өмүргө жана ден соолукка

коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен; 3) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

271-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алуу

1. Уурдоо же опузалап алуу жолу менен жасалган баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз ээлеп алуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) кызматтык абалына байланыштуу баңгизат каражаттары же психотроптук

заттар ишенип берилген же кайтарууга берилген адамдар тарабынан, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

272-берене. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү

1. Бацгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү,- IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) билип туруп жашы жетелекке же болбосо эки же андан ашык адамга карата; 3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен

же аны колдоном деп коркутуу менен; 4) билим берүү мекемелеринде, оюн-зоок жайларында, спорт объекттеринде,

ошондой эле оюн-зоок (эс алуу) чөйрөсүндө пайдаланылуучу жайларда, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө

каралган жосундар, III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 273-берене. Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана

өстүрүү 1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду

камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү ири өлчөмдө же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан себүү же өстүрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар: III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын,

психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

274-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин бузуу

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, же болбосо баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды даярдоо үчүн колдонулуучу, атайын контролдо турган жабдууларды мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан аларды жоготууга алып келген, милдетине аталган эрежелерди сакталышы кирген адам тарабынан жасалган этиятсыз бузуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

275-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун керектөө үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо

1. Баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды керектөө үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, ошого тете ошол эле максаттарда орун жайды берүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

276-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга укук берүүчү рецепти же башка документти мыйзамсыз берүү, же болбосо жасалма жасоо, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

39-глава. Калктын саламаттыгына каршы кылмыштар 277-берене. Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу

заттарды мыйзамсыз жүгүртүү 1. Баңгизат каражаттары же психотроптук заттар болуп саналбаган, күчтүү

таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же берип жиберүү, ошого тете аларды мыйзамсыз сатып өткөрүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

278-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды өндүрүүнүн, сатып алуунун, сактоонун,

эсепке алуунун, берүүнүн, ташуунун же берип жиберүүнүн эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, эгерде бул алардын уурдалышына, же болбосо башка олуттуу зыяндын келтирилишине алып келсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

279-берене. Дары каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу Дары каражаттарын, диагностикалык, профилактикалык, дарылоо-

косметикалык буюмдарын, медициналык багыттагы техниканы, дарылоо-алдын алуу тамактануу продуктыларын же тамак-аш кошундуларын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу этиятсыздыктан адамдардын уулануусуна же башка оор зыянга алып келсе, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып менен эки жылга чейинки мөөнөттө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууну, адамдардын уулануусун же

башка оор зыянды келтирген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

281-берене. Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо

Мамлекеттик органдын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кызмат адамы тарабынан жасалган жана этиятсыздыктан оор зыян келтирген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, же болбосо айлана-чөйрөгө коркунуч түзгөн окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

282-берене. Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден-

соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүүлөр, ошого тете аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу расмий документти мыйзамсыз берүү же пайдалануу, -

III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар: 1) жаш балдарга багышталганын билип туруп товарларга, жумуштарга же

кызмат көрсөтүүлөргө карата жасалган; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирилген, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

40-глава. Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар

283-берене. Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген өнөр жай, чарбалык, илимий жана башка объекттерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга киргизүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоого жооптуу болгон адамдар тарабынан ал эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

284-берене. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана калдыктарды пайдалануу эрежелерин бузуу

1. Белгиленген эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу менен радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды ташуу, көмүү же керекке жаратуу, этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, ошого тете экологиялык апаат чөлкөмүндө же өзгөчө экологиялык кырдаалдын чөлкөмүндө радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды көмүү же утилдештирүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, - VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

285-берене. Биологиялык агенттерди же токсиндерди колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же токсиндерди колдонууда коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, - VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

286-берене. Ветеринардык эрежелерди бузуу 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген ветеринардык эрежелерди атайылап

же этиятсыз бузуу, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир

иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан эпизоотиянын жайылышына же башка оор зыян алып келген ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

287-берене. Токойду жок кылуу же бүлүнтүү 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген, өрттөө жолу менен же башка жалпы

коркунучтуу ыкма менен токойду, чым көңдү же жаратылыштын башка объекттерин жок кылуу же бүлүнтүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

288-берене. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу 1. Олуттуу залал келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо

же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрдө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете кандай гана болбосун өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ири залал келтирген ошол эле жосундар, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

289-берене. Сууларды булгоо 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген суу көлмөлөрүн (жер бетиндеги же

жер астындагы сууларды) саркынды суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана калдыктардын жана таштандылардын башка түрлөрү менен булгоо же ошого тете тыюу салынган шаймандар менен балыктарды жана суу жаныбарларын уулоо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

290-берене. Атмосфераны булгоо

1. Булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу же орнотмолорду, курулмаларды жана башка объекттерди пайдалануудагы бузуулар этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

291-берене. Жерди бузуу 1. Этиятсыздыктан жерди ууландырууга, булгоого же башкача түрдө бузууга,

чоң аянттарда түшүмдүү жерди жок кылууга же болбосо башка олуттуу зыян келтирген уу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоодо, пайдаланууда жана ташууда колдонуу эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Чоң аянттар деп ушул беренеде өлчөмү 1 гектардан ашык аянттар түшүнүлөт.

292-берене. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген тоо-кен казуучу ишканаларды же

пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер алдындагы курулмаларды долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга киргизүүдө жана пайдаланууда жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, ошого тете пайдалуу кендер жаткан аянтка өзү билип курулма куруу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

293-берене. Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу 1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, сейрек кездешүүчү

жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарларды же өсүмдүктөрдү жок кылуу же мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн санынын кескин азайышына алып келиши мүмкүн болгон башка аракеттерди жасоо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга,

же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

294-берене. Балык корун коргоо эрежелерин бузуу Балык корун коргоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу менен суу топтоо

курулмасын же суу соруучу механизмди пайдалануу, ошого тете көпүрөнү, дамбаны куруу, жардыруу жана башка иштерди жүргүзүү этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

295-берене. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо

1. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо, эгерде бул жосундар механикалык транспорттук каражатты, өзү жүрүүчү транспорттук сүзүүчү каражатты же аба кемесин, жарылуучу заттарды же химиялык заттарды, электр тогун, газды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен жасалса же ири зыян келтирсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык апаат

зонасында, же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында; 2) жаныбарлардын жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү

түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата; 3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ишенип берилген же коргоого

берилген адам тарабынан; 4) өзгөчө ири залалды келтирген; 5) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 41-глава. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн

кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар

296-берене. Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген темир жол, аба, суу транспортунун кыймылынын жана/же эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин аткарган иштерине же ээлеген кызматына ылайык сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан ушул эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

297-берене. Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген транспорт каражатын башкарган адам тарабынан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 206, 298 жана 301-беренелеринде автомототранспорт каражаттары деп автомобилдердин бардык түрлөрү, троллейбустар, тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар, мотоциклдер жана башка механикалык транспорттук каражаттар түшүнүлөт.

298-берене. Транспорт каражаттарын сапатсыз ремонттоо Транспорттук абалы үчүн жооптуу болгон адам тарабынан этиятсыздыктан оор

зыян келтирген транспорт каражаттарын, катнашуу жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын же башка транспорт жабдууларын сапатсыз ремонттоосу, ошого тете бузук экенин билип туруп транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруусу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

299-берене. Транспорт каражаттарын же катнашуу жолдорун жараксыз абалга келтирүү

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген транспорт каражаттарын, катнашуу жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорттук жабдууларды бузуу, талкалоо же башка ыкма менен пайдаланууга жараксыз абалга келтирүү, ошого тете транспорт коммуникацияларына бөгөт коюу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

300-берене. Mac абалындагы адамдын автомототранспорт каражатын айдоого жол берүү

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген алкоголдон, баңгизаттан же башкадан мас болгон абалдагы адамга, же болбосо бул каражаттар менен айдоого укугу жок адамга мындай транспорттук каражатты пайдаланууга жооптуу адам тарабынан автомототранспорт каражатын башкарууга берүүсү, ошого тете айдоочу же автомототранспорттук каражаттын ээси тарабынан аны мас абалындагы адамга, же болбосо бул каражатты айдоого укугу жок адамдын айдоосуна жол берүүсү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

301-берене. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген жүргүнчү, жөө жүрүүчү же кыймылдын башка катышуучусу тарабынан кыймылдын же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануунун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

302-берене. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же ремонттоодо коопсуздук эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же ремонттоодо коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

303-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген, автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, башкача айтканда автомобиль жолдорунда, же болбосо аларды бөлүү тилкелеринде жер алдындагы же жер бетиндеги коммуникацияларды тиешелүү уруксаты жок төшөө, ремонттоо, бул иштерди аткаруунун белгиленген шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо, аркаларды, тосмолорду, шлагбаумдарды же башка курулмаларды өзү билип тургузуу, жолдорго материалдарды же предметтерди жыйноо, жол төшөлмөсүн бузуу -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

42-глава. Маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар 304-берене. Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк 1. Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка, аны жок кылуу, бөгөт коюу,

модификациялоо же көчүрүү менен коштолгон, жана атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген укук ченемсиз жеткиликтүүлүк, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири залал же башка оор зыян келтирүү менен, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

305-берене. Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү 1. Компьютердик маалыматка санкцияланбаган жеткиликтүүлүккө, жок кылууга,

тосууга, модификациялоолого, компьютердик маалыматты көчүрүүгө же, компьютердик маалыматын коргоо каражаттарын нейтралдаштырууга, компьютердин тутумунун же компьютердик тарамдын, же электр байланыш тарамынын ишин бузууга багышталгандыгын билип туруп пайдалануу, же болбосо зыяндуу компьютердик программаларды жайылтуу максатында компьютердик программаларды түзүү же бар болгон программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) этиятсыздыктан ири залал же башка оор зыян келтирүү менен, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

306-берене. Компьютердик саботаж 1. Компьютердик саботаж, башкача айтканда буга укугу жок туруп компьютердик

маалыматты же программаны атайылап өзгөртүү, жок кылуу, бөгөт коюу, жараксыз абалга келтирүү, же болбосо компьютердик же телекоммуникациялык тутумунун иштөөсүнө тоскоолдук кылуу ниети менен компьютердик тутумунун иштөөсүнө кийлигишүү, ошондой эле компьютердик жабдууну катардан чыгаруу же компьютердик тутумду же тарамды бузуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) этиятсыздыктан ири залал же башка оор зыян келтирүү менен, - VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР 43-глава. Конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин

коопсуздугуна каршы кылмыштар 307-берене. Мамлекеттик чыккынчылык кылуу

1. Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан жасалган, мамлекеттик же аскердик сырды берүү, тыңчылык же болбосо Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна залал келтирген ишти жүргүзүүдө чет өлкөлүк мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга жардам көрсөтүү, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Согуш убагында жасалган ошол эле жосун, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин ушул беренесинде же 308-беренесинде каралган

кылмыш жасаган адам, эгерде ал Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына залал келтирүүнү ыктыярдуу түрдө жана өз убагында билдирүү менен же башка ыкма менен болтурбай коюуга көмөктөшсө, ушул беренелерде каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

308-берене. Тыңчылык 1. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган

мамлекеттик же аскердик сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берүү максатында өткөрүп берүү чогултуу, уурдоо же сактоо, ошого тете чет өлкөлүк чалгындоонун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө колдонуу үчүн башка маалыматтарды берүү, чогултуу же уурдоо, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Согуш убагында жасалган ошол эле жосун, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 309-берене. Бийликти күч менен басып алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуп, бийликти күч менен басып

алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттер, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 310-берене. Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар 1. Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете

конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат

ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык

тарамдарды колдонуу менен; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 311-берене. Сепараттык иш

Сепараттык иш, башкача айтканда мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде аймактын бөлүгүн андан бөлүүгө же мамлекетти дезинтеграциялоого багытталган күч колдонуу жолу менен жасалган жосун, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 312-берене. Куралдуу козголоң Конституциялык түзүлүштү кулатуу, же болбосо күч колдонуп өзгөртүү

максатында куралдуу козголоңду уюштуруу же ага жигердүү катышуу, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 313-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы

кастыкты (араздашууну) козутуу 1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты

(араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен

же аны колдоном деп коркутуу менен; 2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 314-берене. Экстремисттик уюмду түзүү 1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты

(араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине тартуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же V категориядагы айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган

экстремисттик уюмдун ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон адам, эгерде ал мындай уюмдун уюштуруучуларын табууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

315-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу 1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү,

же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдалануу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан

же чет өлкөлүк жарандардан алынган каржылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

316-берене. Мамлекеттик же аскердик сырды ачыкка чыгаруу 1. Мамлекеттик же аскердик сырды түзгөн маалыматтарды ушул маалыматтар

ишенип берилген же кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган адам тарабынан ачыкка чыгаруусу, мамлекеттик чыккынчылыктын же тыңчылыктын белгилери болбогондо, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

317-берене. Мамлекеттик же аскердик сырды камтыган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү жоготуу

1. Мамлекеттик же аскердик сырды түзгөн маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү колдонууга карата белгиленген эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, мамлекеттик же аскердик сырды камтыган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү кызматы, иши, же болбосо мыйзамда каралган башка негиздер боюнча ишенип берилген адам тарабынан этиятсыздыктан жоготууга алып келсе, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

318-берене. Кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу

Кызматтык сырды түзгөн экономикалык, илимий-техникалык же башка маалыматтарды ушул маалыматтар кызматы же иши боюнча ишенип берилген же башка жол менен билип калган адам тарабынан этиятсыздыктан оор зыян келтирген чет өлкөлүк уюмдарга же алардын өкүлдөрүнө берүү же берүү максатында чогултуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

44-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар

319-берене. Коррупция 1. Коррупция - материалдык, кандай гана болбосун башка дөөлөттөрдү жана

артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон айрым адамдар же топтор менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүүдөн турган атайлаган жосундары, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган,

же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 1. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына

каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, - IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир

иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга, же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосун -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, -

IV категориядагы айып салуу менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

321-берене. Бийликтен аша чабуу 1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же

мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо (ушул Кодекстин 143-беренесинде каралган кыйноолордон башка), -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен, - VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

322-берене. Билип туруп пайдасыз контракт түзүү 1. Кызмат адамы тарабынан мамлекет үчүн билип туруп пайдасыз контракт

(келишим) түзүү, ошого тете мындай кызмат адамы тарабынан ири зыян келтирилген мамлекеттик сатып алуулар жүзөгө ашыруу, -

VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өзгөчө ири залалды келтирүү менен, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

323-берене. Мыйзамсыз баюу 1. Толук эки жыл үчүн мыйзамдуу булактар аркылуу тастыкталган расмий

кирешелерден наркы ашып кеткен мүлктү кызмат адамы тарабынан менчикке

(пайдаланууга) сатып алуусу же ал адамдын мындай мүлктү жакын туугандарына өткөрүп берүүсү, -

VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар: 1) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамдары тарабынан жасалса; 2) эгерде мүлктүн наркы кызмат адамынын толук беш жыл үчүн мыйзамдуу

булактар менен тастыкталган расмий кирешелеринен ашса, - III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

324-берене. Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу Эгерде бул жосундар мындай уюмга жеңилдиктерди, артыкчылыктарды берүү

же ага башка формадагы колдоо көрсөтүү менен байланышса, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан уюмду уюмдаштыруусу, же мындай уюмду жеке өзү, же болбосо ишенимдүү адамы аркылуу башкарууга катышуусу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

325-берене. Пара алуу 1. Кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык

уюмдун кызмат адамынын пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына кылган өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн; 2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги

үчүн; 3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) ири өлчөмдө, - III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалса:

1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жана IV категориядагы айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 325-328 жана 343-беренелеринде пара деп, пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына аракеттер (аракетсиздик) үчүн берилүүчү же алынуучу акчалар, баалуу кагаздар, башка мүлктөр же мүлктүк мүнөздөгү пайдалар түшүнүлөт.

Кылмыш жасоо учурунда ушул Кодекстин 325-328-беренелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмү эсептик көрсөткүчтөрдөн бир миң эсе ашкан ири өлчөмдөгү пара деп, ал эми он миң эсе ашкан өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп эсептелет.

326-берене. Опузалап пара алуу 1. Берүүчүнүн кызыкчылыгында анын мыйзамдуу укуктарын бузган аракеттерди

(аракетсиздикти) аткаруу же аткарбоо үчүн кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу параны талап кылуусу, ошого тете укук тарабынан корголуучу кызыкчылыктарына зыяндуу кесепеттерди болтурбоо максатында пара берүүчүнү пара берүүгө мажбурлаган шарттарга коюу, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) ири өлчөмдө; 2) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, - IV категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир

кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

V категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

327-берене. Пара алууда ортомчулук кылуу 1. Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча параны өткөрүп

берүү боюнча аракеттерди жасоо, же болбосо алардын ортосундагы параны берүү жана алуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга, же болбосо жетишүүгө башкача көмөк көрсөтүү, -

V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: 1) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен; 2) ири өлчөмдөгү пара берүүдө же алууда, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган өзгөчө ири өлчөмдөгү параны берүүдө же алууда жасалган жосундар, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Паракорлукта ортомчулук кылууга убада берүү же сунуш кылуу, - IV категориядагы коомдук иштерге же IV категориядагы айып салууга

жазаланат. Эскертүү. Эгерде пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу болгон

адам жазык ишин козгоо укугу бар органга бул жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана кылмышты ачууга жана (же) бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал, ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

328-берене. Пара берүү 1. Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун

кызмат адамына же ошол кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына пара берүүнүн ортомчусу аркылуу аракеттери (аракетсиздиги) үчүн пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына кылган кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алуучу, ошого тете пара берүү сунушун же пара алуу убадасын алуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) ири өлчөмдө; 2) билип туруп мыйзамсыз аракетти (аракетсиздикти) жасаса, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө

каралган жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде кызмат адамы тарабынан пара опузалап алынса же эгерде

адам жазык ишин козгоого укугу бар органга пара берүү жөнүндө ыктыярдуу билдирсе, пара берген адам, ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

329-берене. Кызматтык жасалмачылык 1. Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, же болбосо

мамлекеттик кызматчы, же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматчы тарабынан расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, ошого тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү

жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 330-берене. Паспортту мыйзамсыз берүү 1. Атайылап же этиятсыздыктан Кыргыз Республикасынын жарандыгын

мыйзамсыз алууга алып келген же башка олуттуу зыян келтирген кызмат адамы, же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы же болбосо мамлекеттик кызматчы тарабынан же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматчы тарабынан документтерге билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатып өткөрүү жана пайдалануу, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. 331-берене. Шалаакылык 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген шалаакылык, башкача айтканда

кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

45-глава. Сот бийлигине каршы кылмыштар 332-берене. Сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу Сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу максатында соттун

ишине кандай гана формада болбосун кийлигишүү, - IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына,

же IV категориядагы айып салууга жазаланат. 333-берене. Коргоочунун кесиптик ишине тоскоолдук кылуу Жазык-процесстик мыйзамдарда каралган коргоочунун укуктарын ишке

ашырууга жана милдеттерин аткарууга кандай гана формада болбосун тоскоолдук келтирүү, -

IV категориядагы коомдук иштерге, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

334-берене. Сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу менен байланыштуу коркутуу же зомбулук

1. Ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга, сот арачысына, ошого тете жубайына, жакын туугандарына карата шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга, сот арачысына, жубайына, жакын туугандарына карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

335-берене. Билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу

1. Судья (сот) тарабынан билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка соттук акт чыгаруу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген, адамды камакка алуу жөнүндө чечимди же эркиндигинен ажыратууга өкүмдү билип туруп адилетсиз чыгаруу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

336-берене. Жазык процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

Маалыматтар кызматтык ишине байланыштуу ишенип берилген же белгилүү болгон адам тарабынан жасалган жана этиятсыздыктан оор зыян келтирген сот адилеттигин жүргүзүүгө катышкан судьяга же сот адилеттигин аткарган башка адамга, соттук аткаруучуга, жабырлануучуга, күбөгө, же жазык процессинин башка катышуучуларына карата, ошого тете жубайына, кайсынысы болбосун жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

46-глава. Далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар 337-берене. Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын

ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу Сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылуу максатында прокурордун,

тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине кандай гана формада болбосун кийлигишүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

338-берене. Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу

1. Сотко чейинки өндүрүшкө, ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу тергөөчүгө, прокурорго, алгачкы тергөө органынын кызматкерине, коргоочуга, мыйзамдуу өкүлгө же өкүлгө, ошого тете анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес шантаж же зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Сотко чейинки өндүрүшкө, тергөөгө, ишти же материалдарды сотто кароого байланыштуу тергөөчүгө, прокурорго, алгачкы тергөө органынын кызматкерине, коргоочуга, мыйзамдуу өкүлгө же өкүлгө, ошого тете анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу же өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу зомбулук колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

339-берене. Жазык жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу Кылмыш жасоодо шектелүүчү же айыпталуучу адамды прокурор же сотко

чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам тарабынан жазык жоопкерчилигинен билип туруп мыйзамсыз бошотуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

340-берене. Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо 1. Алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү же

прокурор тарабынан жасалган кылмышты жасады деп билип туруп мыйзамсыз айыптоо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен бириктирилген ошол эле жосун, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 341-берене. Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам тарабынан шантаж кылуу же

өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же башка мыйзамсыз аракеттерди жасоо жолу менен (ушул Кодекстин 143- беренесиндеги кыйноолордон башка) шектелгенди, айыпталганды, жабырланганды, күбөнү жалган көрсөтмө берүүгө, же болбосо экспертти, адисти жалган корутунду же көрсөтмө берүүгө мажбурлоо, -

V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

342-берене. Далилдерди бурмалоо

1. Ишке катышуучу адамдын же анын өкүлүнүн жарандык иш боюнча далилдерди бурмалоосу, ошого тете Жоруктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган жосундар боюнча далилдерди бурмалоосу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ыкчам издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери тарабынан атайын тергөө аракеттерин, алардын протоколдорун же аларга тиркелген тиркемелерди бурмалоо, же болбосо жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам, жазык-процесстик аракеттерге катышуучу прокурор, адис же коргоочу тарабынан далилдерди бурмалоо, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

343-берене. Пара алуу же коммерциялык сатып алууга чагымчылык Пара алууга же коммерциялык сатып алууга чагым жасоо, башкача айтканда

кызмат адамына, же болбосо коммерциялык же башка уюмдарда башкаруу функцияларын аткаруучу адамга, анын макулдугусуз кылмыш жасоо далилдерин жасалма түзүү, же болбосо шантаж кылуу максатында пара берүү аракети, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Төмөнкүлөр пара же коммерциялык сатып алуу чагымчылыгы болуп эсептелбейт:

пара алууга (же болбосо коммерциялык сатып алууга) умтулгандыктын белгилери жок болсо, анын алгандыгынын бетин кийин ачуу максатында мындай ниетти аныктоо (ишке ашыруу) үчүн мүмкүндүктү түзүү менен коштолгон, пара алуу ниети адамда бар экендигин алгачкы тергөө органынын кызматкери, тергөөчү же прокурор тарабынан аныкталуусу жана документтештирилиши;

кызмат адамынын коррупцияга ниеттенгендигине мыйзамга ылайык текшерүүнү жүргүзүү, ал адам өзүнө карата ушундай текшерүүнү жүргүзүүгө алдын ала макулдугун берсе.

344-берене. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо

1. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү, - III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга, же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жосун: 1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен жасалганда: 2) айыптоонун далилдерин жасалма түзүү менен коштолгондо; 3) пайда табуу ниетинде жасалганда; 4) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун кызыкчылыктарында жасалганда, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же II

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

I

345-берене. Эксперттин жалган көрсөтмөлөрү, корутундусу же туура эмес котормосу

1. Күбөнүн, жабырлануучунун билип туруп берген жалган көрсөтмөлөрү, же болбосо эксперттин корутундусу же көрсөтмөлөрү, адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете жарандык, же болбосо жазык сот өндүрүшүндө же сотко чейинки өндүрүштө билип туруп туура эмес которуу адам кылмыш же жосун жасады деп шектелгендиги же айыпталгандыгы менен коштолсо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундусу же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуусу, -

III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга же IV категориядагы коомдук иштерге жазаланат.

Эскертүү. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүдө соттун өкүмү же соттун чечими чыгарылганга чейин берген көрсөтмөлөрүнүн, корутундуларынын жалгандыгы жөнүндө же билип туруп туура эмес которгондугу жөнүндө ал билдирсе, күбө, жабырлануучу, эксперт, адис же котормочу ушул беренеде каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

346-берене. Көрсөтмө берүүдөн баш тартуу же качуу Сот отурумунда, же болбосо сотко чейинки өндүрүштө күбөнүн же

жабырлануучунун көрсөтмө берүүдөн же эксперттин корутунду же көрсөтмө берүүдөн баш тартуусу же качуусу, -

II категориядагы коомдук иштерге же I категориядагы түзөтүү жумуштарына, же II категориядагы айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Өзүнө, жубайына же өзүнүн жакын туугандарына каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн күбө же жабырлануучу жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт.

347-берене. Жалган күбө болууга мажбурлоо Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө, же көрсөтмө берүүдөн

качууга мажбурлоо, ошого тете экспертти жалган корутунду, көрсөтмө берүүгө, же адисти жалган көрсөтмө берүүгө же котормочуну туура эмес котормо жасоого шантаж кылуу менен, ошол адамдардын же алардын жубайларынын, жакын туугандарынын кимисиники болбосун мүлкүн жок кылуу, же болбосо талкалоо менен же аталган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон мажбурлоо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

348-берене. Кылмышты жаап-жашыруу 1. Оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Өзгөчө оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Мурда убадалашпаган жаап-жашыруу үчүн кылмыш жасаган адамдын жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучусу, асырап алынганы, бир тууган же аталаш-жатындаш ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, таятасы, чоң энеси, таенеси, небереси жоопкерчиликке тартылбайт.

47-глава. Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар

349-берене. Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу 1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөп жаткан же алдын ала камакка

алынган адам тарабынан жасалган түзөтүү мекемелеринен же кайтаруудан качуу, - I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле

жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган курал колдонуу же

предметтерди курал катары пайдалануу менен жасалган жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Качкан учурдан тартып үч күндүк мөөнөт ичинде эркиндигинен

ажыратуу жайларына же камакка ыктыярдуу кайтып келген, качууну биринчи жолу жасаган адам ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

350-берене. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу Эркиндигинен ажыратуу жайынын чегинен тышкары жерге баруусуна кыска

мөөнөткө уруксат берилген эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын кайтып келбегендиги, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 351-берене. Айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу 1. Жорукту жасагандыгы үчүн соттолгон адамдын же жоруктары же

кылмыштары үчүн жазанын башка түрлөрү айып салууга алмаштырылган учурда, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга соттолгон адам тарабынан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткарбоосу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Кызмат адамынын анын баш ийүүсүндөгү адамды белгилүү бир кызмат ордун

ээлөө укугунан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүн аткарбоосу, -

III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

352-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага карата зомбулук кылуу

1. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын кызматкерине же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына, көрсөтүлгөн кызматкердин кызматтык ишине байланыштуу, ошого тете соттолгон адамга карата анын

түзөтүлүшүнө тоскоолдук кылуу же анын коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу максатында шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга өмүргө жана ден

соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

353-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин талаптарына тобу менен баш ийбөө

1. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына топтолуп баш ийбөөнү уюштуруу, же болбосо өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен коштолгон мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоо, ошого тете мындай тобу менен баш ийбөөнү же болбосо мажбурлоону уюштуруу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 354-берене. Сот аткаруучусун коркутуу же ага карата зомбулук кылуу 1. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча сот аткаруучусунун ишине

байланыштуу сот аткаруучусуна, же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген шантаж кылуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

48-глава. Башкаруу тартибине каршы кылмыштар 355-берене. Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук 1. Бийлик өкүлүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу,

бийлик өкүлүнө же анын жубайына, жакын туугандарына карата шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

356-берене. Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

Эгерде кызмат адамынын кызматтык ишине тоскоолдук кылуу максатында, бул маалыматтар кызматтык ишине байланыштуу ишенип берилген же билип алган адам тарабынан жасалса, этиятсыздыктан оор зыян келтирген укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына, же анын жубайына, жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

357-берене. Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон жашырып коюу

1. Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон жашырып коюусу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен V категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Жасалган, же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон жашырып коюусу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен VI категориядагы айып салууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган олуттуу же оор зыянга алып келген жосундар, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

358-берене. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү 1. Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасынан

мыйзамсыз өтүү, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Чек ара кызматын өтөп жаткан адамга карата өмүргө жана ден соолукка

коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берененин күчү чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын баш калкалоо укугун пайдалануу үчүн келген учурларына колдонулбайт.

359-берене. Документтердин жасалмасы 1. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында

укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документтин жасалмасы,

башкача айтканда расмий документке, билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды, оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу, - VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат. 3. Башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында

жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 360-берене. Документти, мөөрдү же штампты уурдоо Расмий документти, мөөрдү же штампты, ошого тете адамга тиешелүү

паспортту же башка маанилүү өздүк документти уурдоо, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I

категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 361-берене. Тизмектен өткөрүлгөн же камак салынган, же болбосо

конфискациялоого жаткан мүлктөргө карата мыйзамсыз аракеттер 1. Мүлк ишенип берилген адам тарабынан жасалып, тизмектен өткөрүлгөн же

камак салынган мүлктү коротуу, ажыратуу, жашыруу же мыйзамсыз берүү, ошого тете камак салынган акча каражаттары (салымдар) аркылуу насыя уюмдун кызматчысынын банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Соттун өкүмү боюнча конфискацияга алынууга жаткан мүлктү жашыруу же өзүмдүк кылып алуу, ошого тете мүлктү конфискациялоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн аткаруудан качуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

362-берене. Мажбурлоо Адамды кандайдыр бир аракеттерди жасоого, же болбосо кандайдыр бир

аракеттерди жасабоого мажбурлоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолсо, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Х БӨЛҮМ. АСКЕР КЫЗМАТЫНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР 49-глава. Чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге

милдеттүүлөрдүн кылмыштары 363-берене. Мобилизациялоо боюнча чакыруу иш-чараларынан качуу

Согуш мезгилинде мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу иш- чараларынан же согуш мезгилинде аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 50-глава. Баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы

кылмыштар 364-берене. Буйрукту аткарбоо 1. Кызматтык кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген баш ийүүдөгү адамдын

начальниктин буйругун ачыктан-ачык аткарбоосу, ошого тете аны аткаруудан качуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан жасалган ошол эле жосундар, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же

өзгөчө абалда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Баш ийген адам кылмыштуу экендигин билип туруп буйрукту же

тескемени аткаруудан баш тарткан учурларга ушул берене жайылтылбайт. Ушул Кодекстин 50 жана 51-главаларында каралган, Кыргыз Республикасынын

Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде жана аскердик кошуундарында; мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында; ошого тете аскер кызматын чакыруу боюнча же контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары тарабынан, ошого тете запаста турган жарандар тарабынан аскер жыйымдарын өтөгөн мезгилинде жасалган кылмыштар баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине же аскердик мүлктү сактоого жана пайдаланууга каршы кылмыштар деп таанылат.

Ушул эскертүүнүн экинчи абзацында эскертилбеген адамдар кошо катышкандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

365-берене. Начальникке карата зомбулук аракеттери 1. Начальникке карата анын аскер кызматы боюнча милдеттерин аткаруусуна

байланыштуу же аларды аткарып жаткан мезгилде, ошого тете өзүнө жүктөлгөн аскер кызматы боюнча милдеттерин аткарып жаткан башка адамга карата ага каршылык көрсөтүү же ушул милдеттерди бузууга мажбурлоо максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жосундар: 1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан жасалган; 2) курал колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүген

зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган; 3) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 366-берене. Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер

кызматчыларынын ортосундагы уставдык эрежелерди бузуу 1. Аскер кызматчысы деген статусу таркатылган адамды мазактоо, же ага

катаал мамиле кылуу же аны эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, же жеке кызыкчылыгында мажбурлап пайдалануу, ошого тете же аскерге керектүү болгон предметтерин андан опузалап алуу же тартып алуу, жабырлануучу менен баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчысы деген статусу бар адам тарабынан жасалган, -

тартиптик бөлүктө алты айдан бир жылга чейин кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: 1) эки же андан көп адамга карата; 2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен,

- II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) курал колдонуу менен жасалса; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирсе, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 367-берене. Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү 1. Чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын бөлүктү

же кызмат өтөө жайын өзү билип таштап кетүүсү, ошого тете бөлүктөн бошотулганда, дайындалганда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашпаган мезгилде кызмат өтөөгө жүйөсүз себептер менен келбегендиги, -

тартиптик бөлүктө үч айдан алты айга чейин кармоого жазаланат. 2. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук же өзгөчө абал

шарттарында жасалган ошол эле жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 368-берене. Дезертирдик 1. Дезертирдик, башкача айтканда бөлүктү же кызмат өтөө жайын узактыгы 30

суткадан ашык мезгилге же аскер кызматын андан ары өтөөдөн таптакыр эле качуу максатында өзү билемдик менен калтырып кетүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат боюнча ишенип берилген куралды алуу менен дезертирдик, ошого тете алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган дезертирдик, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдагы шарттарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 369-берене. Аскер кызматынын милдеттерин өтөөдөн баш тартуу 1. Аскер кызматчысынын аскер кызматынын милдеттерин өтөөдөн баш тартуу,

ошого тете документтерин жасалма жолу менен аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан качуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдагы шарттарда жасалган ошол эле жосундар, - IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 370-берене. Күжүрмөн нөөмөттү өтөө эрежелерин бузуу 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн

кол салууну өз убагында табуу жана анын мизин майтаруу боюнча, анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күжүрмөн нөөмөттү (күжүрмөн кызматты) өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого, же болбосо I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдагы шарттарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 371-берене. Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу 1. Адамдардын же транспорт каражаттарынын, контрабандалык жүктөрдүн

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз мыйзамсыз өткөрүүгө этиятсыздыктан алып келген, же болбосо башка олуттуу зыян келтирген, чек ара нарядынын курамына кирген же чек ара кызматынын башка милдеттерин аткарган адам тарабынан чек ара кызматын өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 372-берене. Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу

1. Кароол (вахта) курамына кирген адам тарабынан жасалган, этиятсыздыктан оор зыян келтирген кароол (вахталык) кызматын өтөөнүн уставдык эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдагы шарттарда жасалган ошол эле жосундар, - III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 373-берене. Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз

кылуу боюнча кызмат өтөөнүн эрежелерин бузуу 1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген коомдук тартипти сактоо жана

коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аскердик наряддын курамына кирген адам тарабынан кызмат өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 374-берене. Гарнизондо ички кызматты же кайгуулду өтөө эрежелерин

бузуу 1. Бөлүктүн суткалык нарядына (кароолдон жана вахтадан башка) кирген адам

тарабынан ички кызматтын уставдык эрежелерин, ошого тете кайгуул нарядынын курамына кирген адам тарабынан этиятсыздыктан оор зыян келтирген гарнизондо кайгуул өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуусу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө кармоого жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 51-глава. Аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине

каршы кылмыштар 375-берене. Аскердик мүлктү жок кылуу же аларга зыян келтирүү 1. Куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын предметтерин же башка аскер

мүлкүн жок кылуу же бузуу, - тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого

же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө

абалдагы шарттарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 376-берене. Этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу, бузуу же

болбосо жоготуу

1. Куралды, ок-дарыларды, аскер техникасынын предметтерин, же болбосо башка аскердик мүлктү жеңил ойлуулуктун, же болбосо этибарсыздыктан жок кылуу же бузуу, ошого тете этиятсыздыктан ири зыян келтирген аларды жоготуу, -

IV категориядагы айып салууга же тартиптик аскер бөлүгүндө үч айдан алты айга чейинки мөөнөттө кармоого жазаланат.

2. Этиятсыздыктан өзгөчө ири залалды келтирген ошол эле жосун, - II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 377-берене. Курал колдонуу эрежелерин бузуу Куралды, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу жана башка заттарды жана

айланадагылар үчүн этиятсыздыктан оор зыян келтирген өтө коркунуч келтирүүчү предметтерди колдонуу эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 378-берене. Машиналарды айдоо же эксплуатациялоо эрежелерин бузуу Этиятсыздыктан оор зыян келтирген аскердик, атайын же транспорттук

машинаны айдоо же эксплуатациялоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

379-берене. Учуу эрежелерин бузуу Этиятсыздыктан оор зыян келтирген учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин,

ошого тете учуучу аппараттарды эксплуатациялоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

XI БӨЛҮМ. ЭЛ АРАЛЫК УКУКТУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР 52-глава. Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар 380-берене. Тынчтыкка каршы кылмыштар Куралдуу агрессияны пландоо, даярдоо, аны баштоо, ага катышуу, агрессивдүү

согушту эл аралык келишимдерди бузуу менен жүргүзүү, ошого тете ушул беренеде аталган жосундарды жасоо максатында кутумга катышуу, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

381-берене. Адамгерчиликке каршы кылмыштар Жарандык калкты жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы,

туткан дини, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо максатында жасалуучу мыйзамсыз депортациялоо, камакта мыйзамсыз кармоо, кулчулукка айландыруу, массалык же туруктуу түрдө сотсуз өлүм жазасына тартуу, кандай гана жарандык адам болбосун ага билип туруп туруктуу түрдө кеңири масштабдагы кол салуу, күч колдонуп орун котортуу, адамдарды уурдоо, кыйноо же куугунтуктоо актылары, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

382-берене. Зомбулук менен жок кылдыруу Мамлекет, саясий уюмдар же алардын уруксаты менен, алардын колдоосу же

макулдугу менен, узак мезгил аралыгында мыйзам тарабынан адамдарды коргоодон ажыратуу максатында, соңунда мындай эркинен ажыратууну таануудан же бул адамдардын тагдыры же турган жери жөнүндө билдирүүдөн баш тартуу менен адамдарды зомбулук менен жок кылдыруу, башкача айтканда камоо, камап туруу же уурдоо, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. 383-берене. Геноцид Улуттук, этностук, расалык же диний топторду ушул топтордун мүчөлөрүн

өлтүрүү, алардын ден соолугуна оор зыян келтирүү, балдардын төрөлүшүнө зомбулук менен тоскоолдук кылуу, балдарды мажбурлап бердирүү, күч колдонуп көчүрүү, же болбосо ушул топтун мүчөлөрүн күч менен жок кылууга эсептелген башка жашоо шарттарын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган жосундар, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

384-берене. Массалык жок кылуу куралын өндүрүү, сатып алуу, өткөрүп берүү, топтоо, колдонуу же жайылтуу

Массалык жок кылуунун ядролук, химиялык, биологиялык, бактериологиялык, уулуу же башка куралдарын, согуш жүргүзүүнүн башка тыюу салынган каражаттарын же алардын курамдарын өндүрүү, сатып алуу, өткөрүп берүү, топтоо, колдонуу же жайылтуу, же болбосо эл аралык келишимдерди бузуу менен жасалган мындай каражаттарды же алардын курамдарын даярдоого же колдонууга багытталган эл аралык келишимдерди бузуу менен жасалган изилдөөлөрдү өткөрүү -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

385-берене. Согушту пропагандалоо 1. Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө

агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды кандай гана формада болбосун жайылтуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган

согушту пропагандалоо - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо

белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

386-берене. Апартеид Расалык, диний, улуттук, этностук, саясий же башка социалдык топту мындай

топтун жана анын мүчөлөрүнүн үстүнөн үстөмдүк кылуусун орнотуу жана колдоо максатында кеңири масштабдагы же такай куугунтуктоонун алкагында жасалган жосундар, төмөнкүдөй жолдор менен жасалган:

1) анклавдарды жана геттолорду түзүү, андагы жашоо шарттары ал топторду жарым-жартылай жок кылууга эсептелген;

2) аларды мыйзамсыз депортациялоо же зомбулук менен орун котортуу; 3) аларды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу; 4) аларды уурдоо; 5) аларды кулчулук эмгекте колдонуу; 6) аларды соода кылуу; 7) аларды мыйзамсыз кармоо, камакка алуу же камакта кармоо; 8) аларды катуу кыйноо; 9) аларды сойкулукка тартуу; 10) аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген

негизги укуктарынан ажыратуу; 11) аларды өлтүрүү; 12) алардын ден соолугуна оор зыян келтирүү; 13) зордуктоо, аларга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди

кылуу, ошого тете аларды мажбурлап кош бойлуу кылуу, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен

ажыратууга жазаланат. 387-берене. Эл аралык коргоону пайдаланган адамдарга же мекемелерге

кол салуу Эл аралык коргоодон пайдаланган чет өлкөлүк мамлекеттин өкүлүнө же эл

аралык уюмдун кызматкерине, аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошого тете эл аралык коргоодо турган адамдын кызматтык же турак жайына, же болбосо транспорт каражатына кол салуу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 388-берене. Экоцид Флораны же фаунаны массалык жок кылуу, атмосфераны же суу ресурстарын

ууландыруу, ошого тете экологиялык кыйроого алып келиши мүмкүн болгон же алып келген башка аракеттерди жасоо, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 53-глава. Аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарынын

жана салттарынын башка бузуулары 389-берене. Согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын бузуу 1. Куралын тапшырган жана коргоо каражаттары жок адамдарды,

жарадарларды, бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди, санитардык жана диний персоналды, аскер туткундарын, басып алынган аймактагы же согуштук аракеттердин районундагы жарандык калкты, согуш мезгилинде эл аралык коргоону пайдаланган башка адамдарды каршылаштын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө же орун которууга мажбурлоо, же болбосо алардын көз карандысыз жана калыс сотко болгон укугунан ажыратуу, же болбосо жазык сот өндүрүшүндө бул адамдардын коргоого болгон укуктарын чектөө, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган адамдардын ден соолугуна оор зыян

келтирүү, же болбосо катуу кыйноо, кыйноо же мыкаачылык кылуу; же алардын

макулдугу менен болсо деле, аларга медициналык, биологиялык жана башка эксперименттерди өткөрүү, азап чегүүгө, психикасынын бузулушуна, олуттуу майып болуусуна атайылап алып келүү; согуштук зарылдык болбосо деле мүлктү өзү билип бүлүндүрүү же өзүмдүк кылып алуу; же болбосо аларды өзүнүн аскерлерин же объекттерди согуш аракеттеринен жашыруу үчүн колдонуу; же болбосо мындай адамдарды барымта катары кармап алуу же кармап туруу; же болбосо жарандык калкты мажбурлоо иштери үчүн пайдалануу - адамзатка каршы кылмыштардын жана геноциддин белгилери жок болсо, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн киши өлтүрүү, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу

менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 390-берене. Согуш аракеттери жүрүп жаткан райондун тургундарына

карата зомбулук 1. Согуш аракеттери жүрүп жаткан райондун тургундарына карата күч колдонуп

жана психикалык зомбулук кылуу, ошого тете аларды мүлкүнөн мыйзамсыз күч колдонуу менен ажыратуу же аларды жок кылуу, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Адамкерчиликке каршы кылмыштын жана геноциддин белгилери болбогондо,

согуш аракеттеринин районунун тургундарына карата согуштук аракеттерди жүргүзүү усулу катары зордуктоо, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 391-берене. Мародёрлук Мародёрлук, башкача айтканда буюмдарды уурдоо, анын ичинде согуш

аракеттеринин, жаратылыш кырсыктарынын, техногендик, авиа, темир жол жана башка аламаттардын, өзгөчө кырдаалдардын же массалык башаламандыктын учурунда каза болгондорго же жарадарларга таандык болгон буюмдарды ээлөө максатында уурдоо, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 392-берене. Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин кылмыштуу

бузуулар Куралдуу жаңжал мезгилинде эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин

бузуу: 1) чектен тышкары бүлгүнгө учуратууну же болбосо азап-кайгы алып келүүчү же

ылгабай турган аракеттерге ээ деп эсептелиши мүмкүн болгон согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана усулдарын колдонуу;

2) жаратылыш чөйрөсүнө кеңири, узак убакытка жана олуттуу зыян келтирүү; 3) коргонуу максатында кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл

кристаллдын айырмалоочу эмблемалары бар персоналга, курулмаларга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына кол салуу;

4) кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл кристаллдын айырмалоочу эмблемаларын кыянаттык менен колдонуу;

5) жарандык калкка ачкачылыкты согуш аракеттерин жүргүзүүнүн усулу катары колдонуу;

6) курагы он сегиз жашка жетелектерди куралдуу күчтөргө азгырып тартуу (азгыруу), же болбосо аларга согуш аракеттерине катышууга уруксат берүү;

7) курагы он сегиз жашка жетелектерди мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн айырмаланган куралдуу топторго азгырып тартуу (азгыруу) же аларды ушул куралдуу топтордун курамында согуш аракеттеринде колдонуу;

8) согуш зарылдыгы болбосо деле чоң масштабдагы мүлктү каалагандай талкалоо же өзүмдүк кылып алуу;

9) корголбогон жерлерди жана демилитаризация кылынган чөлкөмдөрдү кол салуу объекттерине айлантуу;

10) коргоодо турган элдин маданий же руханий мурасы болуп саналган ачык таанымал тарыхый эстеликтерди, искусство чыгармаларын же жөрөлгө жасоо жерлерин кол салуу объектке айлантуу, же болбосо аларды жок кылуу же уурдоо, ошого тете согуш зарылдыгы жок болсо, бул баалуулуктарга карата вандализм актыларын жасоо -

11) күчөтүлгөн коргоодо турган маданий баалуулуктарды, же болбосо аларга жакын жаткан жерлерди согуштук аракеттерди колдоо үчүн пайдалануу - буга согуш зарылдыгы жок болсо, ошого тете бул баалуулуктарды же аларга жакын жаткан жерлерди кол салуу объекттерине айлантуу;

12) согуш талаасында калган жарадарларды жана каза болгондорду ташып чыгуу, алмашуу же ташуу максатында түзүлгөн жарашуу, согуш аракеттерин токтотуп туруу же жериндеги макулдашууларды бузуу;

13) жарандык калкка же айрым жарандык адамдарга кол салуу; 14) мындай кол салуу жарандык адамдардын арасында көп жоготууларга алып

келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп тандабаган мүнөздө, жарандык калкка же жарандык объекттерге таасири этүүчү кол салууну жасоо;

15) мындай кол салуу жарандык адамдардын арасында көп жоготууларга алып келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп коркунучтуу күчтөрдү камтыган түзүлүштөргө же курулмаларга кол салуу;

16) күнөөлүүнүн билип туруп согуш аракеттерине тикелей катышуусун токтоткон адамга кол салуу;

17) өздүк жарандык калктын бөлүгүн басып алынган аймакка орун котортуу же депортация кылуу, басып алынган аймактын чегинде, же болбосо анын чегинен тышкары жерге бардык калкты же анын бөлүгүн орун котортуу;

18) аскер туткундарын жана жарандык адамдарды репатриация кылууну негизсиз кармап туруу;

19) эл аралык келишимдерде тыюу салынган согуш жүргүзүүнүн башка каражаттарын жана усулдарын куралдуу жаңжалда колдонуу, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 393-берене. Согуш аракеттеринин убагында кылмыштуу аракетсиздик, же

болбосо кылмыштуу буйрук берүү 1. Согуш аракеттеринин убагында баш ийген адамдардын ушул Кодекстин 382,

387, 390-беренелеринде каралган кылмыштарды даярдоосун болтурбоо же аларды жасоосуна бөгөт коюу үчүн начальниктин же башка кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде бардык мүмкүн болгон чараларды көрбөгөндүгү, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Согуш аракеттеринин мезгилинде эч кимди тирүү калтырбоо тууралуу өзүнө

баш ийген адамга начальниктин же башка кызмат адамынын буйрук берүүсү же ушул Кодекстин 382, 387, 390-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого багытталган билип туруп кылмыштуу буйруктарды же тескемелерди берүү, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 394-берене. Эл аралык келишимдер менен корголуучу белгилерди

мыйзамсыз пайдалануу Согуш аракеттеринин мезгилинде кызыл кресттин, кызыл жарым айдын, кызыл

кристаллдын эмблемаларын же маданий баалуулуктар үчүн коргоо белгилерин же эл аралык укук тарабынан корголуучу башка белгилерди эл аралык келишимдерге карабай пайдалануу, же душмандын, бейтарап мамлекеттин мамлекеттик туусун же мамлекеттик айырмачылык белгилерин, эл аралык уюмдун туусун же белгисин пайдалануу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 395-берене. Жалдануучулук 1. Башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга же мамлекеттик бийликти

кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр- чатактарда же аракеттерде пайдалануу, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Материалдык сыйлык алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу

жаңжалдарына мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз катышуу, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалганда: 1) адамдардын тобу же алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу

тарабынан; 2) жашы жетелекке карата, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Материалдык сыйакы алуу же башка кызыкчылыкты көздөө

максатында аракеттенген жана куралдуу жаңжалга же согуштук аракеттерге катышып жаткан мамлекеттин жараны болуп саналбаган, анын аймагында туруктуу жашабаган адам, ошондой эле расмий милдеттерди аткаруу үчүн жөнөтүлгөн адам болуп саналбаган жалдануучу адам деп таанылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев

Ушул Кодексте колдонулуучу терминдердин мааниси 1-тиркеме

Эгерде өзгөчө көрсөтмөлөр жок болсо, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелериндеги терминдер, төмөнкүдөй маанилерди билдирет:

1. Олуттуу зыян - ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын белгиси катары көрсөтүлбөгөн учурда, төмөнкү кесепеттер кирет:

1) эки же андан көп адамдын ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирүү; 2) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин

бузуу; 3) айлана-чөйрөнү олуттуу булгоо, ууландыруу же ага зыян келтирүү; 4) олуттуу материалдык (мүлктүк) залал келтирүү; 5) мамлекеттик органдын, менчигинин формасына карабастан ишкананын,

мекеменин же уюмдун ченемдүү иштөөсүн узак убакыт бою бузуу; 6) мамлекеттин коопсуздугун начарлатуу; 7) келтирилген зыяндын олуттуу экендигин ачык айгинелеген башка кесепеттер,

эгерде алар мыйзамда оор же өзгөчө оор зыян деп көрсөтүлбөсө. 2. Оор зыян - ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын белгиси катары

көрсөтүлбөгөн учурда, төмөнкү кесепеттер кирет: 1) бир адамдын, ошого тете эки же андан көп адамдардын ден соолугуна оор

зыян келтирүү, анын ичинде массалык оорунун (эпидемиянын), оору жугузуунун, нурлануунун же уулануунун натыйжасында зыян келтирүү;

2) адамдын иммундук-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну адамга жуктуруу;

3) адамды узак убакытка (отуз күндөн ашык) эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу;

4) техногендик катастрофанын, экологиялык апааттын же өзгөчө экологиялык кырдаалдын жаралышы;

5) ири же өзгөчө ири залалды келтирүү, анын ичинде эпизоотиянын же жаныбарлардын же болбосо өсүмдүктөрдүн массалык кырылуусунун кесепетинен;

6) күжүрмөн тапшырманы аткарууну үзгүлтүккө учуратуу. Оор зыянга өзгөчө оор зыян да кирет (ушул тиркеменин 3-пунктун кара). 3. Өзгөчө оор зыян - кишинин өлүмү, анын ичинде жабырлануучунун өзүн өзү

өлтүрүүсү, ошого тете эки же андан көп адамдын өлүмү. Өзгөчө оор зыян келтирилгенде, кылмыштарды квалификациялоонун атайын

эрежелери ушул Кодекстин 24-беренесинде белгиленген. 4. Олуттуу залал - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача

белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан материалдык (мүлктүк) залал.

5. Олуттуу өлчөм - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашкан мүлктүн өлчөмү.

6. Ири залал - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан материалдык (мүлктүк) залал.

7. Ири өлчөм (ири өлчөмдөгү киреше) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача белгиленбесе, мүлктү уурдоо же мыйзамсыз кирешени алуу

учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан өлчөм.

8. Өзгөчө ири залал - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача белгиленбесе, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе ашкан материалдык (мүлктүк) залал.

9.Өзгөчө ири өлчөм (өзгөчө ири өлчөмдөгү киреше) - эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө башкача белгиленбесе, мүлктү уурдоо же мыйзамсыз кирешени алуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан өлчөм.

10. Жашы жетелек - он сегиз жашка жетелек адам. 11. Жаш бала - он төрт жашка жетелек бала. 12. Улгайган адам - алтымыш жашка чыккан адам. 13. Кызмат адамдары - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча

бийликтин өкүлүнүн функцияларын жүзөгө ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик кошуундарында уюштуруу-тескөөчү, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүүчүлүк функцияларды аткаруучу адамдар.

Уюштуруу-тескөөчү функциялар кызматы боюнча баш ийген адамдарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет.

Административдик-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну билдирет.

Контролдук-эсептик текшерүүчү функциялар жеке же юридикалык жактарды текшерүү, эсептик текшерүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет.

Кызмат адамынын өзүнүн кызматтык абалын колдонуу менен жасаган кылмыштарын квалификациялоонун атайын эрежелери ушул Кодекстин 24- беренесинде белгиленген.

14. Бийлик өкүлү - өзүнө кызматтык көз карансыздыкта же ведомстволук баш ийүүдө турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте берилген адам, ошого тете сот арачылары катары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышуучу адамдар.

15. Жооптуу орунду ээлеген кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адам.

16. Чет өлкөлүк жалпыга ачык кызмат адамы - чет өлкөлүк мамлекет үчүн, анын ичинде ачык ведомство же ачык ишкана үчүн жалпыга ачык функцияны аткаруучу ар кандай дайындалуучу же шайлануучу адам.

17. Жалпыга ачык эл аралык уюмдун кызмат адамы - эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюм тарабынан анын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укук берилген кандай болбосун адам.

18. Коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функциясын аткаруучу адам - менчигинин формасына карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп саналбаган коммерциялык эмес уюмда туруктуу, убактылуу, же болбосо атайын ыйгарым

укуктары боюнча уюштуруу-тескөөчү же административдик-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам.

19. Уурдоо - менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтирүүчү, укукка каршы, күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына бөтөн мүлктү, кайтарымсыз ээлеп алуу.

20. Турак жай - турак жана турак эмес жайлары бар жеке турак үй, менчигинин формасына карабастан турак фондго кирген жана туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн жарактуу турак жай, ошого тете турак фондго кирбеген, бирок убактылуу жашоо үчүн багышталган башка жай же курулма.

21. Көмүскө жай - жашоо үчүн багышталган (үй, батир), ошондой эле ал үчүн багышталбаган (казино, сауна, массаж кабинети, гараж, сарай, чатыр, жер төлө, каюта, вагон ж.б.), ал жерде аны ыңгайлаштырган, же болбосо аныкташкан уюштуруучулар же аны кармаган же контролдогон адамдар баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун, башка маң кылуучу заттарды туруктуу түрдө, же болбосо эпизоду менен мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо же пайдалануу үчүн, кумар оюндарын өткөрүү жана/же сойкулук кылуу үчүн. жай же орун.

22.Шантаж - жабырлануучунун (анын жакындарынын) мүлкүн, же болбосо анын карамагында же коргоосунда турган мүлктү жок кылам же талкалайм деп; жабырлануучуну (анын жакындарын) уурдап кетем же эркиндигинен ажыратам деп; жаман аттуу кылган маалыматтарды же жабырлануучу (анын жакындары) сыр кылып сактоону каалаган башка маалыматтарды ачыкка чыгарам деп; же башкача түрдө жабырлануучунун (анын жакындарынын) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектейм деп коркутуу.

23. Жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир тууган же аталаш-жатындаш ага-инилери жана эже-сиңдилери (карындаштары), чоң атасы, тайатасы, чоң энеси, таенеси, неберелери.

24. Расмий документ - төмөнкүдөй белгилерге туура келген документ: 1) белгилүү бир окуяларды, кубулуштарды же фактыларды тастыктоочу же

күбөлөндүрүүчү маалыматтарды түшүрүп алган кандай болбосун материалдык алып жүрүүчүлөрдү өзүнө камтыган;

2) укуктарды берүүгө, милдеттерден бошотууга же укуктук мүнөздөгү башка кесепеттерди түзүүгө жөндөмдүү;

3) мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардагы ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан түзүлгөн, берилген же күбөлөндүрүлгөн;

4) мыйзамда белгиленген форманы сактоо менен түзүлгөн жана мыйзамда каралган реквизиттерди камтыган.

25. Өмүр жана саламаттык үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу - өлтүрөм, ден соолукка оор зыян келтирем, адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу болгон айыкпас инфекциялык ооруну жуктурам деп коркутуу, ошого тете зордуктайм же сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасайм деп коркутуу.

26. Билип туруп - аракеттенген адамдын шектенүүгө жатпаган белгилүү бир фактыны, жагдайды ачык сезип тургандыгы.

27. Оюн-зоок жайлары - оюн-зоок-эс алуучу, театралдык-көркөм, спорттук, маданий багыштагы кызмат көрсөтүлгөн коомдук тамактануу ишканалары, кинотеатрлар, театралдык-көркөм багыштагы объекттер жана башка имараттар, жайлар, курулмалар.

28. Турак жайга же башка объектке кирүү - ачкычты же тоскоолдуктарды өтүүнүн башка каражаттарын колдонуу менен же аларды колдонбостон, алдоо, ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен, жасалма документтерди жана башкаларды колдонуу менен мүлктү уурдоо мүмкүндүгүн адамга берүүчү кандай гана болбосун ыкмада турак жайга же башка объектке мыйзамсыз жулунуп кирүү ж.б.

29. Күжүрмөн жагдай - убактын белгилүү бир кесилиштеринде согуштук аракеттер жүрүп жаткан райондо түзүлгөн факторлордун жана шарттардын жыйындысы.

30. Түркөй адам - аз сабаттуу же билимден кабары жок адам. 31. Жараксыз каражат - мында ичтеги ойлонгон жосунду эч кандай шарттарда

аткарууга мүмкүн болбогон жана каалагандай натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк болбогон тандап алынган каражат.

2-тиркеме Санкцияларды бирдейлештирип түзүүгө кылмыш үчүн жазалардын

түрлөрүнүн жана өлчөмдөрүнүн шайкештик таблицасы Негизги жазалар Кошумча

жазалоо

Жазан ын түрү, анын катего риясы

Коомду к иштер

Белгилү ү бир кызмат ордун ээлөө/б елгилүү бир иш менен алектен үү укугунан ажырату у

Түз өтү ү жум у- тар ы

Ай ып

Тарт иптик аскер дик бөлү ктө карм оо

Белгил үү мөөнөт кө эркинд игинен ажырат уу

Өмү р бою эрк ин- диг ине н ажы - рату у

Белг илүү бир кызм ат орду н ээлө ө же белг илүү бир иш мене н алект енүү укугу нан ажыр атуу

Ай ып

I X X I категор кате иядагы го-

рия даг ы

II I I II категор категори кате кате иядагы ядагы - 2

жылга чейин

го- рия даг ы

го- рия даг ы

III II II III X категор категори кате кате иядагы ядагы - 3

жылга чейин

го- рия даг ы

го- рия даг ы

IV III III IV 3 X X X категор категори кате кате айдан иядагы ядагы - 4

жылга чейин

го- рия даг ы

го- рия даг ы

6 айга чейин

X IV категори ядагы - 5 жылга чейин

IV кате го- рия даг ы

V кате го- рия даг ы

6 айдан бир жылг а чейин

I категор иядагы (2 жыл 6 айга чейин)

2 жылг а чейин

I кате го- рия даг ы

X VI кате г- рия даг ы

X II категор иядагы (2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин)

II кате г- рия даг ы

III категор иядагы (5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин)

III кате го- рия даг ы

IV кате го- рия даг

IV 3 IV категор жылг кате иядагы а го- (7 жыл 6 чейин рия айдан

10 жылга чейин)

даг ы

V категор иядагы (10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин)

X V кате го- рия даг ы

VI Өмү VI категор р кате иядагы бою го- (12 жыл эрки рия 6 айдан н- даг 15 диги ы жылга нен чейин) ажы

- рату у