Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы
№ 517 токтому менен бекитилди
Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө
ЖОБО
I бөлүк Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамында каралган салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү менен байланыштуу юридикалык маанилүү иштерди жүргүзүү үчүн алымдарды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана мөөнөтүн белгилейт.
2. Ушул Жободо каралган алымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен белгиленген.
3. Бул Жобо менен белгиленген алымдар Кыргыз Республикасынын Мам- лекеттик патент кызматынын алыш-бериш эсебине тийиштүү суммаларды кото- руу жолу менен белгиленген тартипте төлөнөт.
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ болуп өздүк эсептен накта акчалай же которуу менен төлөгөндүгү жөнүндө банктын штампы коюлган төлөм тапшырманын көчүрмөсү же төлөгөндүгү жөнүндө банктын квитанциясы эсептелинет.
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн каттоо номерин же каттоодон өткөрүлгөн салттуу билимди (мындан ары - салттуу билимге өтүнмө) катто- ого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн номерин же салттуу билим- дин каттоодон өткөндүгү жана пайдаланууга укук берилгендиги жөнүндө күбөлүктүн номерин же каттоодон өткөрүлгөн салттуу билимдин каттоодон өткөндүгү жана пайдаланууга укук берилгендиги жөнүндө күбөлүктүн (мын- дан ары - күбөлүк) номерин жана ага алым төлөнгөн юридикалык иштин ата- лышын камтышы керек. Салттуу билимге карата берилген өтүнмөнүн каттоо номери ыйгарылбаган учурда, ага алым төлөнгөн иштин аталышы менен катар көрсөтүлгөн документ салттуу билимдин аталышын жана өтүнүүчүнүн атын камтышы зарыл. Көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган документ анык эмес болуп эсептелинет.
4. Белгиленген өлчөмгө карата төлөнгөн алымдын өлчөмүнүн ылайык келгендиги ал төлөнгөн күнгө белгиленет.
5. Бул Жобо менен белгиленген өлчөмдөн жогору төлөнгөн учурдан тышкары же ага алым төлөнүп, иш аткарылбаган учурларда төлөнгөн алымдын суммасы кайтарылып берилбейт.
6. Ашыкча төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет же өтүнмө берүүчү жактын өтүнүчү боюнча ушул жободо караштырыл- ган башка алымдарды төлөөнүн эсебине чегерилет, аларды төлөө өтүнмө берген күнгө туура келиши мүмкүн.
II бөлүк Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга
укук берүү үчүн алымдардын өлчөмү
-----------------------------------------------------------------------| N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |1|Салттуу билимге өтүнмө берүү жана аны карап | 1080,0 | | |чыгууну жүргүзүү | | -----------------------------------------------------------------------
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына салттуу билимге берилген өтүнмө менен бир убакта берилет. -----------------------------------------------------------------------
|N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |2|Салттуу билимди каттоодон өткөрүү жана күбөлүк| 900,0 | | |берүү | | -----------------------------------------------------------------------
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өтүнүүчү салттуу билимди каттоо жана/же пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ эки айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде берилсе болот. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт.
Белгиленген өлчөмдөгү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, салттуу билимдерди каттоо жана жарыялоо жүргүзүлбөйт, күбөлүк берилбейт. ----------------------------------------------------------------------- |N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |3|Салттуу билимдер жөнүндө маалыматты расмий | 540,0 | | |бюллетенде жарыялоо | | -----------------------------------------------------------------------
Салттуу билимдер жөнүндө маалыматты расмий бюллетенде жарыялоо салттуу билимдин ээсинин каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ Салттуу билимдердин мам- лекеттик реестрине маалыматтарды киргизген күндөн тартып, үч айдын ичинде көрсөтүлөт.
Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлбөгөн учурда, салттуу билимдер жөнүндө маалымат расмий бюлле- тенде жарыяланбайт. ----------------------------------------------------------------------- |N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |4|Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу | 863,0 | -----------------------------------------------------------------------
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу тууралуу арыз менен бир убакта берилет.
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ арыз менен бирге берилбе- ген учурда, арыз берилбеген болуп эсептелет. ----------------------------------------------------------------------- |N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |5|Күбөлүктүн күчүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн | 575,0 | | |узартуу үчүн алты ай мөөнөт берүү | | -----------------------------------------------------------------------
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ каттоонун күчүнүн акыркы жылы өткөн күндөн тартып, алты айдын ичинде узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен бир убакта берилет.
Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өтүнүч кат менен бирге берилбеген учурда, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет. ----------------------------------------------------------------------- |N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |6|Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине | 251,0 | | |жана күбөлүккө өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча | | | |өзгөртүүлөрдү жана оњдоолорду киргизүү | | -----------------------------------------------------------------------
Өзгөртүүлөрдү киргизгендиги үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.
Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ арыз менен бирге берилбесе, Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине жана
күбөлүккө өзгөртүүлөр киргизилбейт. ----------------------------------------------------------------------- |N| Алымдын арналышы | Алымдын өлчөмү | | | | сом менен | |-|----------------------------------------------|--------------------| |7|Салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоо | 1080,0 | | |жана Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине| | | |жана күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүү | | |-|----------------------------------------------|--------------------| |8|Салттуу билимди пайдалануу үчүн катталган | 251,0 | | |келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү | | -----------------------------------------------------------------------
Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ салттуу билимди пайдала- нууга келишимди каттоо жөнүндө арыз менен, салттуу билимди пайдалануу үчүн катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыкта- ган документ берилбеген учурда, салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоо жүргүзүлбөйт жана катталган келишимге өзгөртүүлөр киргизилбейт.