Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG136

Atrás

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1999-жылдын 8-октябры N 108 Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1999-жылдын 8-октябры N 108 Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 8-октябры N 108

Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54, 2012-жылдын 10-октябрындагы N

170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Илимий техникалык маалымат (мындан ары - ИТМ) тутумунун уюштуруучулук, экономикалык жана укуктук негиздери белгиленет.
Мыйзамда ИТМ тутумундагы объектилердин жана субъектилердин мамилелери, ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаттары жана багыттары: ИТМдин улуттук тутумунун уюштуруучулук структурасын, анын ресурстарын калыптандыруунун жана пайдалануунун ыкмалары менен жолдору, ИТМдин продуктылар рыногунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иштөө принциптерин аныкталат.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн, аракеттери ИТМ жыйноого, топтоого, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга байланыштуу болгон бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат. Мыйзамдын күчү мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды камтыган ИТМге колдонулбайт.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-Глава

Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

ИТМдин автору (тең автору) - интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы катары өзүнүн

(өздөрүнүн) чыгармачыл эмгеги менен ИТМди жараткан жак (жактар);

илимий-техникалык маалыматтар базасы - анда болгон маалыматты автоматташтырып, кайтадан иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү, машиналык алып жүрүүчүдө көрсөтүлүп белгиленген максат үчүн жетиштүү маалыматтардын топтому;

илимий-техникалык маалыматтар банкы - бир же бир нече илимий-техникалык маалыматтар базаларынан жана алардагы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана издөө тутумунан турган автоматташкан маалыматтык-издөө тутуму;

документтештирилген ИТМ - сактоону, топтоону, көчүрмөлөөнү издөөнү, таратууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу, аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү, реквизиттери бар материалдык алып жүрүүчүдө чагылдырылган ИТМ;

маалымат борбору - тармакта же региондо илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюм;

илимий-маалыматтык ишмердүүлүк - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, талдоо- синтетикалык иштеп чыгуу, белгилөө, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысы;

илимий-техникалык маалыматтар продукциясы - ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) маалыматка болгон муктаждыктарын камсыздоого арналган маалыматтык илимий-техникалык ишмердүүлүктүн материалдашкан жыйынтыгы;

илимий-техникалык маалымат (ИТМ) - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, долбоорлоо-технологиялык, уюштуруу-башкаруу, өндүрүштүк-экономикалык, инновациялык жана коомдук ишмердүүлүк процессинде алынуучу маалыматтардын бардык түрлөрүн камтыган документтер жана фактылар тууралу маалыматтар;

ИТМдин объектисине болгон өзгөчө укуктардын ээси (мындан ары укук ээси) - мамлекет, илимий-техникалык маалымат тармагында укуктук мамилелердин субъектиси катары, документтештирилген ИТМге, анын ресурстарына жана түзүмүнө болгон менчик укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар;

ИТМ органдары - ушул тармакта илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жана илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдар же ишкананын же уюмдун түзүмдүк бөлүктөрү;

ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) - справкалык-маалымат фондуларга, илимий- техникалык маалыматтардын тутумдарына же ортомчуларга документтештирлген керектүү ИТМди алуу үчүн кайрылуучу ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;

ИТМ тармагындагы ортомчу - укук ээсинин тапшыруусу боюнча илимий-техникалык маалыматтык продукцияны таратуу, сатуу жана пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү боюнча ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;

ИТМди иштеп чыгуучу - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысын камсыз кылуу боюнча укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;

ИТМдин ресурстары - документтештирилген ИТМи бар справкалык-маалымат фонд жана илимий-техникалык маалыматтар базасы;

ИТМ тутуму - ИТМнын ресурстарынын жана мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, издөө жана берүү процесстерин жүзөгө ашыруучу уюштуруу-технологиялык каражаттардын ирээтке келтирилген жыйындысы;

справкалык-маалымат фондулары - кагаз, аудиовизуалдык, машина жана башка материалдык алып жүрүүчүлөрдө чагылдырылып, ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) муктаждыктарына арналып, ирээтке келтирилген алгачкы документтердин жыйындысы (китептер, брошюралар, мезгилдүү басылмалар, патенттик документтер, ченемдик- техникалык документтер, өнөр жай каталогдору, конструктордук документтер, илимий-изилдөө. тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык жумуштар боюнча отчеттук илимий- техникалык документтер, депонирленген колжазмалар, илимий-техникалык адабияттар менен документтердин котормолору, жарыяланган жана жарыяланбаган дагы башка илимий-техникалык документтер).

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Илимий-маалымат ишмердүүлүгү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсүндө илимий-маалымат иштеринде эмгектенишкен юридикалык жана жеке жактар ИТМди издөө, жыйноо, кайра иштетүү, сактоо, жайылтуу жана керектөөчүлөргө аларды маалымат булактары жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө берүү аркылуу коомдун керектөөлөрүн канааттандырышат.
2. ИТМди талдоонун, ага баа берүүнүн жана жалпылоонун негизинде даярдалган илимий- техникалык маалыматтык продукциянын бардык түрлөрү маалымат булагына таандык.
3. Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу керектөөчүлөргө ИТМдин бардык түрлөрүн жана булактарын, кайра иштетүү, маалыматтарды берүү, жайылтуу жана билим берүү каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

1. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат илимий-техникалык саясаттын курамдык бөлүгү катарында Кыргыз Республикасынын эл чарбасында Ата Мекендик жана чет өлкөлүк илимдин, техниканын жана алдыңкы өндүрүштүк тажрыйбанын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды жалпы коомдун социалдык-экономикалык таламдарына ылайык пайдалануусун камсыз кылууга багытталган.
2. Мамлекет бул максаттарда:
- ИТМ тутумун түзөт жана өнүктүрөт, анын айрым звенолорунун мазмунун жана ишинин мүнөзүн аныктайт, аларга жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- ИТМ тутумун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди бюджеттик каржылоону жүзөгө ашырат;
- ИТМдин ресурстарынын жалпыга мүмкүн болушу, аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзөт;
- ИТМ чөйрөсүндөгү рыноктук мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт, атаандаштыкты кубаттайт, ишкердүүлүккө түрткү берет;
- ИТМ чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрөт, ИТМдин улуттук уюмдарынын чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жана структуралар менен эркин жана тең укуктуу мамилелерди жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтөт.
3. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жалпы компетенциядагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, ошондой эле атайын компетенциядагы тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт жана жүзөгө ашырат.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. ИТМ тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. ИТМ тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан башка мыйзам актыларынан, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдерден, макулдашуулардан жана эл аралык укуктун ченемдеринен турат.
2. Маалымат булактарын чогултуу, сактоо, жайылтуу, берүү интеллектуаддык менчиктин объектиси болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө Мыйзамы менен жөнгө салынат.
3. Мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ченемдик укук актыларын жетекчиликке алат.

2-Глава

Илимий-техникалык маалыматтын укуктук режими

5-статья. Илимий-техникалык маалыматка укук

Кыргыз Республикасынын бардык жеке жана юридикалык жактары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ачык ИТМди, маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. ИТМге болгон менчик укугу

1. ИТМ менчиктин, ээлик кылуунун, пайдалануунун же тескөөнүн укуктук объектиси болушу мүмкүн. ИТМди түзүүгө катышууга жараша, ал мамлекеттин, бардык жеке жана юридикалык жактардын менчиги болушу мүмкүн.
2. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан түзүлгөн ИТМ мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
3. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан алардын өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн, болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жолдор менен ээ болгон ИТМ алардын менчиги болуп саналат.
4. Бир нече жеке, болбосо юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн
ИТМге менчик укугу алардын ортосундагы келишим менен аныкталат.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. ИТМдин субъектилеринин ортосундагы укуктук мамилелер

1. ИТМ тармагындагы укуктук мамилелер "Автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
2. ИТМдин менчик ээси (укук ээси) аны сатууга же аны керектөөчүлөргө акысыз берүүгө укуктуу.
3. Менчик ээси (укук ээси) ИТМге болгон өзүнүн укугун өз алдынча же ортомчу аркылуу жүзөгө ашырат.
4. ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) менчик ээсинин (укук ээсинин) укуктарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Авторлордун (тең авторлордун), укук ээлеринин, иштеп чыгуучулардын, ортомчулардын, пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алардын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүлөт.
6. Талаш маселелер сот тартибинде чечилет.
7. ИТМдин менчик ээси (укук ээси) же ортомчу анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава

Кыргыз Республикасындагы ИТМдин улуттук тутумун уюштуруу

8-статья. ИТМдин улуттук тутумунун максаттары жана милдеттери

1. Кыргыз Республикасында жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ИТМге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу ИТМдин улуттук тутуму тарабынан камсыз кылынат.
2. ИТМдин улуттук тутуму - бул анын жардамы менен ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ишке ашыра турган уюштуруучулук-укуктук тутум.
3. Төмөндөгүлөр:
- Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк илимдин, техниканын жана өндүрүштүк тажрыйбанын алдыңкы жетишкендиктерин эл чарбасында кеңири пайдаланууну камсыз кылуу;
- Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк китепканалык жана справкалык-маалыматтык фондулардын булактарынын негизинде автоматташтырылган жалпы мамлекеттик жана коммерциялык маалымат базаларын жана банктарын калыптандыруу;
- маалымат маркетинги, маалымат булактарын, кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтар банктарын, базаларын берүү жана аларды жарыялоо ИТМдин улуттук тутумунун негизги милдеттери болуп эсептелет.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. ИТМдин улуттук тутумунун курамы

1. ИТМдин улуттук тутуму:
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ИТМ тутумунун мамлекеттик бөлүмүн түзгөн ИТМдин адистештирилген мамлекеттик ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен, илимий жана илимий-техникалык китепканалардан;
- ишинин заты коомдун ИТМге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле ИТМ чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктыларды берүү болгон жеке менчик же жамааттык менчикке негизделген ар кандай уюштуруу-укуктук түрдөгү ишканалар менен уюмдардан турат.
2. ИТМдин улуттук тутумун түзүп тургандардын биримдиги мамлекеттик башкаруунун атайын бөлүнгөн орган тарабынан стандарттардын, маалымат продуктыларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын сертификациясынын сакталышына контролдук жүргүзүү, алдыңкы технологияларды пайдаланууга түрткү берүү жана артыкчылык берилген программалар менен долбоорлорго катышуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу ИТМ чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик башкарууга жана жөнгө салууга негизделет.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54, 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. ИТМдин улуттук тутумундагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИТМдин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзгөн жана жүзөгө ашырган, ИТМдин улуттук тутумун уюштурууну жана иштешин камсыздаган ыйгарым укуктуу органды дайындайт, ошондой эле ал төмөнкүлөрдү:
- илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын ИТМдин тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат;
- ИТМ чөйрөсүндө стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды сактоону коргойт;
- Кыргыз Республикасында ИТМдин бардык уюмдарынын жана мекемелеринин иш-аракетин координациялайт.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. ИТМдин улуттук тутумунун ресурстары

1. Кыргыз Республикасынын ИТМдин улуттук тутумунун ресурстарына:
- илимий-техникалык китептердин, журналдардын жана китепчелердин, мезгилдүү жана улама басылмалардын, патенттик жана ченемдик-техникалык документтердин фондуларынын жыйындысы;
- илимий-изилдөөлөр жана техникалык иштеп чыгуулар жөнүндө отчеттор, диссертациялар, чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин котормолору жана көчүрмөлөрү;
- маалымат базалары жана банктары, анын ичинде зарыл болгон справкалык-издөө аппараттары жана ИТМдин, ишмердүүлүгү ИТМ менен байланышкан илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, уюмдардын менчигинде, тескөөсүндө, пайдалануусунда болгон маалыматтарды сактоонун, кайра иштетүүнүн жана берүүнүн тиешелүү техникалык каражаттары Кыргыз Республикасынын улуттук ИТМ тутумунун ресурстарына кирет.
2. Мамлекеттин каражаттарынан түзүлгөн улуттук ИТМ тутумунун ресурстары ИТМдин мамлекеттик ресурстарын түзөт, алар коомдун энчи болуп эсептелет жана менчиктештирилүүгө жатпайт.
3. Улуттук ИТМ тутумунун ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынууга жана катталууга тийиш.
4. ИТМдин мамлекеттик ресурстарын калыптандыруунун, алмаштыруунун, берүүнүн жана пайдалануунун тартиби мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан регламенттештирилет.
5. Менчигинин түрүнө карабастан, улуттук ИТМ тутумунун бардык структуралары эл чарбасынын тутумунда "Информатика" ("Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр") деген кошумча тармак катары эсепке алынат.

(КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. ИТМдин улуттук тутумунун маалымат ресурстарын пайдалануу

1. ИТМдин бардык керектөөчүлөрү маалымат ресурстарын пайдаланууда бирдей укуктарга ээ болот. Башкаларга берүү чектелген маалыматтар гана буга кирбейт.
2. ИТМдин мамлекеттик тутумун уюштуруу ИТМдин керектөөчүлөрүнө аларды издөөнү жана берүүнү кирешесиз негизде жүзөгө ашырат.
3. ИТМдин мамлекеттик тутумунун уюмдары ИТМди талдоонун, баа берүүнүн жана жалпылоонун негизинде даярдаган баяндамалары, аналитикалык жана далилдүү справкалары
коммерциялык негизде ишке ашырылат, аларды мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарына берүү акысыз жүзөгө ашырылат.
4. Илим жана техника жагындагы басылма чыгармаларды агартуу максаттарында репродукциялоо пайда албастан жүзөгө ашырылат.
5. ИТМдин өзүнүн эсебинен калыптандырылган ресурстары бар менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар жана мекемелер маалымат продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү келишимдик негизде беришет.

13-статья. Чет өлкөлүк ИТМди алуу жана пайдалануу

1. ИТМдин улуттук ресурстарын калыптандыруу үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк илимий- техникалык адабияттарды жана документтерди, маалыматтар базасын, банктарын алуу, өз ара алмашуу же болбосо маалымат ишин жүзөгө ашыруучу ишканалар менен мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалар менен уюмдардын чет өлкөлүк ИТМ ресурсун түзүү үчүн валюталык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде максаттуу багыт менен каралат.

4-Глава

ИТМ рыногу

14-статья. ИТМ товардык мамилелердин объектиси катарында

1. ИТМ, ИТМ чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырган ишканалардын, уюмдардын жана жарандардын маалымат продукциялары жана кызмат көрсөтүүлөрү колдонуудагы жана кызмат көрсөтүүлөрү колдонуудагы мыйзамдар тарабынан жөнгө салынуучу товардык мамилелердин объектилери болушу мүмкүн.
2. ИТМ менен соода-сатык кылууда интеллектуалдык менчикти, автордук укукту, коммерциялык сырды, ИТМдин менчик ээлеринин жана маалымат продуктыларын берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү уюмдардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.

15-статья. ИТМ рыногун калыптандыруу

1. ИТМди сатып - өткөрүү, өздөрүнүн маалымат продукцияларын берүү жана кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары жана жарандары товар өндүрүүчүлөрдүн тармагын түзөт, алар ИТМди керектөөчүлөр менен биргелешип жалпы негиздерде менчигинин түрүнө карабастан, ИТМдин рыногун түзүүгө катышат.
2. Товар өндүрүүчү маалымат продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын, маалыматтын ыкмаларын жана түрлөрүн тандап алууда эркин болот, ал өзүнүн продукциясын сатып өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай юридикалык аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу болот.
3. Менчигинин түрүнө карабастан, ИТМди керектеген ишканалар, мекемелер менен уюмдар өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда маалыматты жөнөтүүчүлөрдү жана алар менен мамилелердин түрлөрүн тандап алууда эркин болот.
4. ИТМди өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилелерди регламенттөөчү негизги документ алардын ортосундагы мыйзамга ылайык түзүлгөн келишим болуп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасында ИТМ чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын монополиясына тыюу салынат.

16-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын ИТМ рыногуна катышуусу

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар ИТМ рыногуна Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жана ишкердүүлүктү жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын жана ченемдик актылардын негизинде катышат.

17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууда күнөөлүү болгон же болбосо аларга ушул мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткан юридикалык жана жеке жактар жана жарандыгы жок адамдар менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жазыктык жоопкерчиликке тартышат.

5-Глава

Корутунду жоболор

18-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 20-октябрындагы N 82 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн укуктук-ченем актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Акаев

1999-жылдын 30- сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган