Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG149

Atrás

Эрежелери Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн берүүнүн жана кароонун (бекитилген № 153 токтому менен 2012-жылдын 29-февралындагы)

Эрежелери Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн берүүнүн жана кароонун (бекитилген N 153 токтому менен 2012-жылдын 29-февралындагы)

Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-февралындагы N 153 токтому менен бекитилген

Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

Бул Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты.

1. Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү же катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүү жана берүү

1. Өтүнмө берүүгө укугу бар жактар.
Товарлар чыгарылган жерлердин аталышына/кызмат (мындан ары - товар) көрсөтүүгө өтүнмө берүү жана каттоо жана/же товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугун алууга географиялык объектисинде болгон юридикалык же жактар ээ болот, эгер алар чыгарган товар Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп берсе, анын аталышы товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында пайдаланылат.
2. Өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
(мындан ары - Кыргызпатент) түздөн-түз берилет же почта аркылуу жиберилет.
3. Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берүү.
Өтүнмө Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилет.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкулдөрү эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишим менен башка тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана аларды пайдаланууга укук берүүгө же катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүшөт.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген өтүнмөгө ага өтүнмө ээси берген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же тийиштүү түрдө тастыкталган ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин астында өкүлчүлүк кылууга ишеним кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат ал жүргүзүлүүчү өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт, ал эми анын ишеним катына
шектенүүлөр келип чыккан учурда - Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге байланыштуу белгиленген мыйзам тартибинде же өз-ара түшүнүшүү принцибинин негизинде легалдаштыруу талап кылынбаган учурдан тышкары, Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринде легалдаштырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыгына өкүлчүлүк кылууга Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ушул жактын өзү тарабынан, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү тарабынан берилет. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак тарабынан кол коюлат;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүл катарында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт;
- ишеним катта ал берилген күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз.
Эгер ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөргө берилсе, анда товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугун берүү боюнча иштер алардын кимиси менен болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген, патенттик ишенимдүү өкүлдүн кандай аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.
4. Товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги географиялык объектинин расмий заманбап аталышы, ушул объектинин тарыхый аталышы боло алат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги кошумча түрүндө товардын түрдүк (жайлык) белгисине, фантазиялык белгисине көрсөтмөнү камтый алат, алар өз алдынча укуктук коргоого ээ болбойт.
Белгилер эгерде алар анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды белгилөө үчүн пайдаланылган шартта гана товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталат.
5. Географиялык объектинин аталышы болуп саналган же анын аталышын камтыган менен, анын чыгарылган жерине байланышы жок болгон, белгилүү бир түрдүн товарын белгилөө катары Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга киргизилген белги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында таанылбайт.
6. Өтүнмөлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө;
- катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө.
7. Өтүнмө товар чыгарылган жерлердин аталышынын бирине тийиштүү болушу керек.
8. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- өтүнмө ээсин (өтүнмө ээлерин), ошондой эле анын (алардын) турган ордун же жашаган ордун көрсөтүү менен товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө же катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө арыз (мындан ары - арыз);
- билдирилүүчү белги;
- аны белгилөө үчүн анын чыгарылган ордун көрсөтүү менен (географиялык объектинин чектерин) товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү же катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товарды көрсөтүү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы.
9. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде тургандыгы жана анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары жана адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;
- чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - жогоруда көрсөтүлгөн абзацта берилген документтин ордуна товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товар чыгарылган жерлердин аталышына анын укугун тастыктаган документ тиркелет;
- белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
10. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер бул документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тирелет. Котормонун тактыгына өтүнмө ээси жооптуу.
Башка тилде берилген документтер Кыргызпатентке алардын берилген күнү берилген күн катары эсептелет, эгерде алардын котормосу башка тилдеги документтерди берген күндөн тартып эки айдын ичинде келип түшсө, анда документтер алардын котормосу келип түшкөн күнү алынган болуп эсептелет.
11. Өтүнмө эки нускада берилет. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер бир нускада берилет. Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер басылган түрүндө берилет.
12. Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга өтүнмө ушул
Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.
Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө ушул
Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.
"Өтүнмө" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт. Эгер кайсы бир маалыматтарды толугу менен тийиштүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени карагыла" деген жазууну көрсөтүү менен өзүнчө баракка ошол эле форма боюнча беришет.
71 кодунун астындагы графада өтүнмө ээси (ээлери) тууралуу маалыматтар берилет: юридикалык жактын толук расмий аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты (атасынын аты, эгер бар болсо), мында фамилиясы атынын астында көрсөтүлөт.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоону сураган жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүнү сураган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы үчүн ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (ИУЖК коду) көрсөтүлөт.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоону сураган жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүнү сураган чет өлкөлүк юридикалык жак же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жак үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ИМБДУ) SТ.3 стандарты боюнча турган ордуна же жашаган ордуна ылайык өлкөсүнүн коду, дареги көрсөтүлөт.
71 коду менен белгиленген графадан кийинки графада өлкөнүн расмий аталышын, ошондой эле телефон, телекс, факстын номурларын, е-mailын (эгер бар болсо) камтуу менен, өтүнмө ээсинин толук почта дареги (юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке жактын жашаган ордунун дареги) көрсөтүлөт.
98 кодунун астындагы графада кат жазышуу үчүн дареги, адресаттын аты же аталышы, телефон, телекс, факстын номурлары, е-mailы (эгер бар болсо) көрсөтүлөт.
Кат жазышуу үчүн адресат катарында Кыргыз Республикасындагы өтүнмө ээсинин- юридикалык жактын турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган өтүнмө ээсинин-жеке жактын жашаган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү
өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дарек көрсөтүлсө болот.
Качан өтүнмө ээси патенттик ишенимдүү өкүлдү дайындаган учурда гана толтурула турган 74 кодунун астындагы графада, ал тууралуу маалымат берилет: фамилиясы, аты-жөнү (эгер бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номуру, Кыргыз Республикасындагы турган орду, телефон, телекс, факстын номурлары, е-mail (эгер бар болсо) көрсөтүлөт.
54 кодунун астындагы графада билдирилүүчү белги көрсөтүлөт.
"Товарды көрсөтүү" жана "Чыгарылган жери" графаларында ал (алар) үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы арналган товар (товарлар) көрсөтүлүшү керек. Мында алардын өзгөчө касиеттери географиялык объектинин жаратылыш шарттарынан же адам факторлорунан (өзгөчө же негизинен) же болбосо бир эле мезгилде жаратылыш шарттарынан жана адам факторунан алынган чыныгы чыгарылган товарлар гана көрсөтүлүшү керек.
Өтүнмө товар чыгарылган жердин көрсөтүлүшүн камтышы керек. Товар чыгарылган жер географиялык объектинин чектерин көрсөтүү аркылуу баяндалышы керек. Географиялык объектинин чектери координаталардын, жердин табигый чектеринин - суулардын, тоолордун, көлдөрдүн; административдик чектердин; узакка созулган курулмалардын, коммуникациялардын ж.у.с. жардамы менен баяндалат.
"Товардын өзгөчө касиеттерин баяндоо" графасында бул товарды окшош товарлардан айырмалоочу, ал үчүн белги катталган товардын касиеттери келтирилет. Баяндоодон ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарынан же адам факторлорунан же бир эле мезгилде жаратылыш шарттарынан жана адам факторлорунан товардын өзгөчө касиеттеринин милдеттүү, объективдүү түрдө көз карандылыгы келип чыгууга тийиш.
Товардын касиети жалпы кабыл алынган атайын терминологияга (товар таануу, техникалык)
ылайык ачык жана так баяндалышы керек.
Баяндоо маалыматтык мүнөздө болушу керек, негизинен, ушул географиялык объектиде климаттык, геологиялык же башка жаратылыш шарттарынын, салттуу ыкма менен товар даярдоого жөндөмдүү адамдарга (жамааттын) ылайык келген чыгарылган баштапкы заттын болушу көрсөтүлөт.
Катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген учурда, өтүнмө ээсинин чыгарган товарынын өзгөчө касиеттерин баяндоо Мыйзамдын
28-беренесинин төртүнчү бөлүгүнөн улам, ага байланыштуу ушул товар чыгарылган жерлердин аталышы катталган товардын негизги касиеттерин баяндоо менен дал келиши керек.
"Тиркелүүчү документтердин тизмеси" графасы тийиштүү клеткаларга "X" белгисин коюу жана тиркелген документтердин ар бир нускасында нускалардын жана барактардын санын көрсөтүү аркылуу толтурулат. Алардын түрү өтүнмөнүн формасы менен караштырылбаса ("башка документ") тиркелген документтер үчүн алардын арналышы ачык көрсөтүлөт.
Мыйзамдын 29-беренесинин бешинчи бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык өтүнмөгө тиркелүүчү компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунда (корутундулары) өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде экендигин жана анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгын тастыктоо камтылышы керек.
Корутунду өз компетенциясынын, адистештирүүсүнүн күчүндө товарга карата квалификацияланган корутунду берүүгө жөндөмдүү органдан берилиши керек жана анын жасап чыгаруучу анын аталышы товарды белгилөө үчүн пайдаланыла турган географиялык объектинин чектеринде тургандыгын тастыктайт. Корутунду (корутундулар) эгер ал Мыйзам менен талап кылынган бардык маалыматтарды камтыса, бир компетенттүү органдан же бир нече компетенттүү органдан (мисалы, өтүнмө ээсинин турган орду жана товардын өндүрүш чектери жөнүндө жергиликтүү бийлик органынын корутундусу жана товардын өзгөчө касиеттери тууралуу башка компетенттүү органдын корутундусу) берилиши мүмкүн.
Мыйзамдын 29-беренесинин бешинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык товар чыгарылган өлкөдө товар чыгарылган жерлердин аталышына өтүнмө берген чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун
тастыктаган документ катарында, мисалы, товар чыгарылган өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдалануу укугуна берилген күбөлүк же сертификат, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү көрсөтүлүшү мүмкүн.
"Колу" деген графа бардык учурларда милдеттүү түрдө кол коюлган датаны көрсөтүү менен толтурулат.
Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коет. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө анын кызмат орду көрсөтүлүп, уюмдун жетекчиси кол коет, колу мөөр менен тастыкталат.
Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берүүдө өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.
Колу кол койгон жактын фамилиясы жана аты-жөнү көрсөтүлүп чечмеленет. Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга дагы ушундай тартипте кол коюлат.

2. Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө боюнча жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө боюнча иш жүргүзүү

13. Өкүлдү дайындоо.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү үчүн аны бергенден жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын билдиргенден кийин өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын өкүлү Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана боло алат.
Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат өтүнмө берүүдө, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү процессинде дагы көрсөтүлөт. Ишеним кат өтүнмөгө кошулат.
Ага берилген ыйгарым укуктардын чектериндеги өкүлдүн кайсы болбосун аракеттери же ага карата Кыргызпатенттин кайсы болбосун аракети өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата аракеттин натыйжаларына ээ болот.
Өкүлчүлүк кылуу ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды, алардын күчүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу. Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү аркылуу ишке ашырылат.
14. Кыргызпатент менен кат алышуу өтүнмө ээси же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жиберилүүчү материалдар анын номурун жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колунун коюлушун камтышы керек.
Өтүнмөнүн номурун камтыбаган материалдар, эгерде номурду кыйыр түрдө белгилөөгө мүмкүн болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилген материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгер мөөнөтү "...ичинде" деген сөздөр менен берилсе жана мөөнөтүнүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күнү эсептелет. Эгер меөнөтүнүн бүткөн күнү тийиштүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөтү ушул айдын акыркы күнү бүтөт.
Эгер өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинүн өкүлү жүргүзсө, Кыргызпатенттин кат- кабарларына байланыштуу материалдарды берүүнүн мөөнөтү алар ушул кат-кабарлары алган күндөн тартып эсептелет.
15. Кыргызпатентте иш мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилде котормосу тиркелиши керек.
16. Мыйзамдын 30-беренесинин экинчи бөлүгүндө караштырылган тартипте өтүнмө ээси өз демилгеси менен толуктоого, тактоого жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Өтүнмөнүн материалдарын толуктоо, тактоо жана өзгөртүү өтүнмө ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө арыз берүү аркылуу ишке ашырылат.
Өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын аталышы же өтүнмө ээсинин - жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү өзгөргөн учурда, ушул өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтер көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар ушул Эрежелердин 27-пунктуна ылайык каралып чыгат.
17. Өтүнмө ээси (анын өкүлү) берген өтүнмөсү жана документтер менен алдын ала датасын жана таанышуу убактысын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте, ошондой эле документтерге же алардын бөлүктөрүнө тийиштүүлөрдү өтүнмөнүн көчүрмөсүнө сурам жиберүү аркылуу тааныша
алат.
18. Өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу, эксперт тарабынан анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары жана адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды белгилөөгө байланыштуу кошумча түшүндүрүүлөрдү алуунун зарылчылыгы келип чыкканда, ошондой эле өтүнмө берилген белгинин коргоо жөндөмдүүлүгүнө, товар келип чыкан жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча экспертизанын жана өтүнмө ээсинин позицияларын түшүнүктүү кылуу максатында жүргүзүлөт.
Мындай карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу боюнча же эки тарап тең ушул маселелер менен таанышкандан кийин, өтүнмө ээсинин сунушу боюнча жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн суроолору сурамда берилет, анда кошумча түрдө жолугушуунун максатка ылайыктуулугу, өтүнмө ээсинин аны жүргүзүү тууралуу өтүнүчү жөнүндө билдирилет.
Суралган материалдар өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууда катышууга ниеттенгендигине карабастан, сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилиши керек.
Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убакыты алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап бул тууралуу башка тарапка билдирет.
Алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке өтүнмө ээси же анын өкүлү келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын сунушун канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Ушул Эрежелердин 3 жана 13-пункттарынын шарттарын сактоо менен өтүнмөнү карап чыгууда өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
19. Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу Мыйзамдын 30-беренесинин 4- бөлүгүнө ылайык ишке ашырылат.
Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурамды алгандан тартып, эки ай өткөнгө чейин берилиши керек.
Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтү эгер жүйөлүү себептери болбостон, белгиленген мөөнөтү бузулуп жана алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбеген же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбей өтүнүч кат берилсе, узартылбайт.
Мындай учурда өтүнмө ээсине өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартылгандыгы тууралуу билдирилет.
20. Өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилет:
- эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- өтүнмө берилген белгиге экспертизанын алдын ала чечимине же экспертизанын чечимине карата Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине макул эместигин билдирүүнүн мөөнөтү;
Өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери тастыкталган шартында, өткөрүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин эки айдан кем болбогон убакытта берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тийиштүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптар сакталбагандыгы аныкталганда, өтүнүч кат канааттандырылбайт, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
21. Өтүнмө ээси аны карап чыгуунун кайсы этабында болбосун өтүнмөнү кайра сурап ала алат. Өтүнмөнү кайра сурап алуу жөнүндө арыз товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө жазуу киргизилген датадан кеч эмес убакытта берилиши керек.
Өтүнмө ушул өтүнмөнү көңүлгө алуу жөнүндө кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген күндөн тартып кайра сурап алынган болуп эсептелет.
22. Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча экспертиза жүргүзүлбөйт, товар чыгарылган жерлердин аталышы катталбайт жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилбейт.
23. Ушул Эрежелердин 22-пунктунун жобосу кайра сурап алынды деп эсептелген өтүнмөлөргө карата дагы колдонулат.
Мында өтүнмөнүн кайра сурап алынган күнү болуп өтүнмө кайра сурап алынгандыгы тууралуу кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген күн эсептелет. Кабарлоодо тийиштүү негиздемелер көрсөтүлөт.

3. Өтүнмөнү карап чыгуу

24. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдары кириш номуру коюлуп жана алардын келип түшкөн датасын көрсөтүү менен кабыл алынат.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын саны жана келип түшкөн күнү көрсөтүлүп, өтүнмөнүн материалдарынын кабыл алынгандыгы жөнүндө тилкат берилет.
25. Алдын ала экспертиза.
1) Алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү.
Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде алдын ала эксперттөө жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси бир айдын ичинде алдын ала эксперттөө жүргүзүүнү баштоо жөнүндө жазуу түрүндө өтүнө алат. Мында өтүнүч кат берген күндөн тартып, өтүнмө ээси кошумча акысыз өз демилгеси боюнча толуктоо, тактоо жана өзгөртүү киргизүү укугун жоготот.
2) Алдын ала эксперттөөнүн милдеттери.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 7-11-пункттарында караштырылган өтүнмөнүн керектүү документтеринин курамы, анын туура таризделиши, алым төлөнгөндүгү текшерилет. Ушул текшерүүнүн натыйжалары боюнча өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
3) Алдын ала эксперттөөнүн мазмуну.
Алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүдө берилген материалдардын төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши жана туура келиши текшерилет:
а) товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүүгө арызын жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө арызын;
б) өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) аталышын, же аты-жөнүн анын (алардын) дарегин
(даректерин) көрсөтүү;
в) булар болсо, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн аты-жөнү жана дареги;
г) билдирилген белгини;
д) ал чыгарылган орду (географиялык объектинин чектери) көрсөтүлүп, аны белгилөө үчүн товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана анны пайдаланууга укук берүү жана
катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товарды көрсөтүү;
е) товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасын;
ж) өтүнмө бергендиги, алдын ала эксперттөө жана билдирилген белгиге эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн алым төлөгөндүгү тууралуу документти;
з) патентик ишенимдүү өкүлгө, өтүнмө ээсенин өкүлүнө берилген ишеним катты;
и) өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн географиялык объектиде болгондугу көрсөтүлүп анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгы тууралуу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундуну (корутундулары);
к) товар чыгарылган өлкөдө ал өтүнмө берген товар чыгарылган жерлердин аталышына чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун тастыктаган документти;
л) мамлекеттик же расмий тилде берилбеген өтүнмөгө тиркелген документтердин котормосун.
Алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө ушул пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин толук экендиги жана ушул пункттун "а", "б", "г", "д", "е" пунктчаларында аталган документтерге туура келиши текшерилет.
Өтүнмө берүүнүн күнү ушул Эрежелердин 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күнү боюнча белгиленет, эгер документтер бир убакта берилбесе, анда - акыркы документтер берилген күнү белгиленет.
Ушул Эрежелердин "л" пунктчасында көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилдерине котормосу берилгенге чейин документтер берилбеген болуп эсептелинет.
Өтүнмөнүн материалдарында ушул пункттун "в", "и", "к" пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын болбогондугу же алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келбегендиги өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жана өтүнмө берилген күндү белгилөө жөнүндө чечим чыгаруу үчүн тоскоолдук келтирбейт.
Алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн этабында өтүнмөнүн туура эмес таризделишин жана/же материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын/документтердин жок экендиги белгиленгенде өтүнмө ээсине аларды көрсөтүүнүн зарылдыгы жана/же өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүүдө тактоосу, оңдоосу тууралуу билдирилет.
5) Кошумча материалдарды суроо.
Эгер алдын ала экспертиза жүргүзүү процессинде өтүнмө ушул Эрежелерде белгиленген анын документтерине карата талаптары бузулгандыгы менен таризделсе, өтүнмө ээси алган күндөн тартып эки айдын ичинде табылган бузулган жерлери көрсөтүлүп жана жетишсиз же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди көрсөтүү сунушу менен өтүнмө ээсине сурам жиберилет.
Сурам үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өтүнмөнүн материалдарында ушул пункттун "а", "б", "г", "д", "е" жана "ж" пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын жана/же документтердин жок экендиги;
- документте алым ыйгарым укуктуу уюмдун белгиленген эсебине төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтын жок экендиги;
- белгиленген өлчөмгө төлөнгөн алымдын суммасынын туура келбегендиги.
Эгер өтүнмө ээси тарабынан берилген жооп толугу менен сурам жиберилген маалыматтарды жана/же документтерди камтыбаса, ага кайрадан сурам жиберилиши мүмкүн.
Экспертизанын сурамына жооп берилбесе, өтүнмө ээси тарабынан жооп берүүнүн белгиленген мөөнөтү бузулса жана ушул мөөнөттө аны узартуу тууралуу өтүнүч кат жиберилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине сурам жиберилген күндөн тартып, төрт айдын ичинде билдирилет.
6) Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечим.
Өтүнмөнүн материалдары ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келгенде, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан суралган маалыматтар жана документтер өз убагында жиберилген учурда өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылат жана өтүнмө берилген күндү көрсөтүү менен бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарлоо жиберилет.
Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоодо өтүнмө ээсине Мыйзам жана ушул Эрежелер менен караштырылган башка маалыматтарды жана/же документтерди берүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарланат.
7) Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим.
Эгер экспертизанын сурамына өтүнмө ээсинин берген жообунда сурам жиберилген маалыматтар жана/же документтер камтылбаса, өтүнмө боюнча өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат жана өтүнмө ээсине бул тууралуу кабарлоо жиберилет.
Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоодо эмне үчүн чечим чыгарылгандыгынын негиздери келтирилет. Ушундай негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- арызда өтүнмө ээсинин көрсөтүлбөгөндүгү;
- ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга өтүнмө ээсинин көрсөтмөлөрүнүн туура келбегендиги;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында каттоо үчүн арналган жана/же ага карата товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган белгинин жоктугу;
- өтүнмөдө аны белгилөө үчүн товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын көрсөтүлбөгөндүгү;
- өтүнмөдө товар чыгарылган жердин (географиялык объектинин чектери)
көрсөтүлбөгөндүгү;
- өтүнмөдө товардын өзгөчө касиеттеринин баяндоосунун жоктугу.
26. Өтүнмө берилген белгиге экспертиза жүргүзүү.
1) Карап чыгууга кабыл алынган өтүнмө боюнча билдирилген белгинин Мыйзамдын 27- беренеси менен белгиленген талаптарына анын ылайык келишине экспертиза жүргүзүлөт.
Эксперттөө жүргүзүүнүн аягында Кыргызпатент товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим же катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө чечим же аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
2) Билдирилген белгинин экспертизасынын мазмуну.
Билдирилген белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзүлөт:
- алдын ала экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерүү жүргүзүлүүчү өтүнмөнүн материалдарынан тышкары, өтүнмөнүн материалдарынын өтүнмөнүн мазмунуна жана таризделишине жана ага тиркелген документтерге коюлган талаптарына туура келгендиги;
- Мыйзамдын 27-беренесинде белгиленген ага коюлган талаптарга билдирилген белгинин туура келгендиги;
- өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн географиялык объектиде болгондугу көрсөтүлүп анын өзгөчө касиеттери болгон жаратылыш шарттары же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору өзгөчө же негизинен ушул географиялык объекти үчүн мүнөздүү болуп аныкталган товарды чыгаргандыгы тууралуу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунун (корутундуларынын) болгондугу жана мазмуну;
- эгер билдирилген белги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталган учурда, аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын өзгөчө касиеттеринин баяндоосунун Кыргыз Республикасынын Товарлар
чыгарылган жерлеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) камтылган маалыматтарга туура келгендиги.
3) Товар чыгарылган жерлердин аталышына карата талаптарга билдирилген белгинин туура келишин текшерүү.
Мыйзамдын 27-беренесинде белгиленген товар чыгарылган жерлердин аталышына карата талаптарга билдирилген белгинин туура келишин аныктоодо төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 6-пунктунун жоболорун эске алып, билдирилген белгинин географиялык объектинин расмий заманбап аталышына же анын тарыхый аталышына туура келиши;
- анын аталышы өтүнмөдө анын чектери көрсөтүлгөн анык ошол жердеги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилген, географиялык объектинин жайгашкан жерин тастыктаган маалыматтардын бар экендиги;
- ушул географиялык объектинин жаратылыш шарттары жана/же адам факторлору же бир эле убакта жаратылыш шарттары же адам факторлору менен шартталган өзгөчө касиеттерине ээ болгон товарды жекелештирүү үчүн пайдаланылуучу белги катарында өтүнмө берилген күнгө географиялык объектинин аталышынын болушу.
Эгер географиялык объектинин аталышы мурун товарды жекелештирүү үчүн колдонулса, бирок өтүнмө берген учурда товардын чыныгы келип чыккан жерлеринин жана анын өзгөчө касиеттерин көрсөтө турган өзүнүн баштапкы жөндөмдүүлүгүн жоготкон болсо, ал аны даярдаган ордуна байланыштуу болбогон белгиленген түрдүн (түрдүк түшүнүк) товарын белгилөө катарында Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга киргизилген белги болуп эсептелинет;
- товардын көрсөтмөсүнүн болушу, аны белгилөө үчүн анын чыгарылган жерин көрсөтүү менен (географиялык объектинин чектери) товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралат;
- товардын өзгөчө касиеттерин баяндоонун болушу жана компетенттүү органдын корутундусуна туура келиши.
4) Компетенттүү органдын корутундусун текшерүү.
Компетенттүү органдын корутундусунун мазмунун текшерүүдө төмөнкүлөрдү тастыктаган маалыматтардын болушу белгиленет:
- ошол жерде өтүнмө ээсинин болушу, анын аталышы товарлар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилет;
- өтүнмө ээси өтүнмөдө көрсөткөн жердин аймагында товардын чыгарылышы, анын аталышы товарлар чыгарылган жерлердин аталышы катарында билдирилет;
- өтүнмө ээси чыгарган товарда өтүнмөдө көрсөтүлгөн жаратылыш шарттары жана/же адам факторлору же болбосо бир мезгилде жаратылыш шарттары жана адам факторлору менен географиялык объектиси үчүн өзгөчө же негизинен мүнөздүү болуп аныкталган өзгөчө касиеттеринин болушу.
5) Кошумча материалдарга сурам жиберүү.
Эксперттөөнү жүргүзүү мезгилинде Кыргызпатент билдирилген белгиге эксперттөөнү жүргүзүү аларсыз мүмкүн болбосо, өтүнмө ээсине кошумча материалдарга сурам жиберүүгө укуктуу. Сурам үчүн төмөнкүдөй кырдаалдар негиз болуп эсептелет:
- билдирилген белгини тактоонун зарылчылыгы;
- ушул Эрежелердин 9-пунктунда жана 1 жана 2-тиркемелердин "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" графасында көрсөтүлгөн документтерди көрсөтүүнүн зарылчылыгы;
- товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган белги үчүн товарды тактоонун зарылчылыгы;
- аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана пайдаланууга укук берүү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын чыгарылган жерин тактоонун зарылчылыгы;
- өтүнмөдө көрсөтүлгөн товардын өзгөчө касиеттеринин баяндоосун тактоонун зарылчылыгы;
- компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусунда камтылган жана ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарды, атап айтканда өтүнмөдө көрсөтүлгөн географиялык объектинин жаратылыш шарттарына же адам факторлоруна мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарынан жана/же адам факторлорунан же болбосо бир мезгилде жаратылыш шарттары жана адам факторлору алардын өзгөчө касиеттеринин туруктуу көз карандылыгынын товарда бар экендигин тастыктаган маалыматтарды тактоонун зарылчылыгы.
Өтүнмөнү карап чыгууда башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле эскертүүлөр жана сунуштар жогоруда көрсөтүлгөн негиздерде жиберилүүчү сурамга киргизилиши мүмкүн.
Сурамда келтирилген кайсы бир суроо боюнча экспертизанын пикири Мыйзамдын, ушул Эрежелердин жана башка нормативдик укуктук актылардын жоболоруна шилтеме кылуу менен негизделиши керек.
Эксперттөөнүн сурамы боюнча өтүнмө ээсинин берген кошумча материалдары ушул
Эрежелердин 15-пунктуна ылайык каралып чыгат.
Эксперттөөнүн сурамына жооп берилбей, жооп берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өтүнмө ээси бузганда жана ушул мөөнөттө аны узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабар берилет.
6) Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим. Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим.
Билдирилген белги Мыйзамдын 27-беренесинде белгиленген талаптарга туура келгендигин белгилөөдө, бул белги Реестрде катталбаса, товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Билдирилген белги Мыйзамдын 27-беренесинде белгиленген талаптарга туура келгендигин белгилөөдө, бул белгинин Реестрде катталгандыгы аныкталган учурда, катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде ошондой эле катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет:
- ага карата пайдалануу укугу берилүүчү товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталуучу белги же ага карата пайдалануу укугу берилген товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында катталган белги;
- ага (аларга) товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилүүчү жак
(жактар) жөнүндө маалымат;
- күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүнүн башталган күнү болуп эсептелген өтүнмөнүн берилген күнү;
- товардын өзгөчө касиеттеринин көрсөтмөсү жана баяндоосу, аны белгилөө үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы катталат жана/же товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берилет.
7) Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим. Катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим.
Эгер билдирилген белгиге жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында, белги Мыйзамдын 27- беренеси менен караштырылган талаптардын эң кеминде бирине туура келбесе (Реестрде ушул белги катталбаган болсо), товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Эгер билдирилген белгиге жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында, белги Мыйзамдын 28- беренесинин төртүнчү бөлүгү жана 27-беренеси менен караштырылган талаптарынын эң кеминде бирине туура келбесе (Реестрде ушул белги катталган болсо), катталган товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде ошондой эле катталган товар чыгарылган жерлердин
аталышын пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизделген товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоодон жана аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу үчүн жүйөлөр келтирилет.
27. Кошумча материалдарды текшерүү.
1) Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси тарабынан жиберилген кошумча материалдар келип түшкөндө, өтүнмө ээсинин аларды беришинде белгиленген мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.
Көрсөтүлгөн материалдар өтүнмө ээси сурам алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жиберилиши керек.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердии 14- пунктунун төртүнчү абзацын жетекчиликке алуу керек.
Эгер өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттү бузса жана ушул Эрежелердин 19-пунктуна ылайык аны узартуу жөнүндө өтүнүчтү жибербесе же экспертизанын сурамын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
2) Өз демилгеси боюнча же Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси жиберген жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртпөйбү, ушулары текшерилет.
Кошумча материалдар өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртө турган болуп таанылат, эгер алар негизинен төмөнкүлөрдү камтыса:
- товардын касиетине көрсөтмө, аларга бул товар компетенттүү органдын корутундусунан улам ээ эмес;
- башка товарга көрсөтмө, эгер билдирилген белги товардын өзүнүн аталышын камтыса, ал үчүн товар чыгарылган жерлердин аталышы арналган.
3) Өтүнмөнү маңызы боюнча өзгөртө турган кошумча материалдарды тааныган учурда, өтүнмө ээсине эксперттөөнүн чечимин кабыл алганга чейин (эксперттөөнүн ага жиберген кезектеги документинде) кошумча материалдарга киргизилген кайсы маалыматтар эксперттөөнүн ушундай жыйынтык чыгаруу үчүн негиз болгондугу жөнүндө билдирилет. Башка маалыматтар экспертиза жүргүзүүдө эске алынат.
28. Эксперттөөнүн чечиминин негизинде Кыргызпатент товар чыгарылган жерлердин аталышын жана/же Реестрде товар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды каттоону жүргүзөт.
Товар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана укук берүүгө тийиштүү маалыматтар
Кыргызпатент тарабынан "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде жарыяланат.
Тиркеме 1
Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине
1-ТИРКЕМЕ

К (22) Берилген датасы Кириш N
ы Келип түшкөн датасы

(21) Мамлекеттик каттоо N

р г ы з п
а
т е н т т о л т у р а т

[ ] Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым

укуктарын күбөлөндүрүүчү ишеним кат

[ ] Башка документ (көрсөтүлөт)

Колу:__ _

(өтүнмө ээсинин же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу. Юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт)

20_ _ " " (кол койгон датасы)

Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине
2-ТИРКЕМЕ
К
ы р
г ы з п а т е н т
т о л т у р а т

(юридикалык жактын толукталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке

жактын аты-жөнү көрсөтүлөт)

Өтүнмө ээсинин толук почта дареги:

Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:_

(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты-жөнү же аталышы):

Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:_

(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты-жөнү, каттоо номуру, турган жери):

Телефону:________ Телекси:_______ Факсы:________ е-mail:_

Товарды көрсөтүү:

Товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы:

Чыгарылган жери (географиялык объектилердин чегараларын көрсөтүү менен):

Тиркелүүчү документтердин тизмеси:

Барактардын саны 1

нуска

Нускалардын

саны

[ ] Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү

жөнүндө документ

[ ] Компетенттүү органдын корутундусу

[ ] Өтүнмөгө тиркелген документтердин

мамлекеттик же расмий тилге котормосу

[ ] Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым

укуктарын күбөлөндүрүүчү ишеним кат

[ ] Башка документ (көрсөтүлөт)

Колу:__ ____________

(өтүнмө ээсинин же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу. Юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт)

20_ _ " " (кол койгон датасы)