About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG282

Back

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 'Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө' токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу' токтому

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 'Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө' токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу' токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 5-январы № 4

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29- ноябрындагы № 747 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү

аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Патенттик ишенимдүү өкүлгө талапкерлерди аттестациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартибинде:

1) 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Талапкерлерди патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнө аттестациялоо Кыргызпатентте арыз катталган учурдан тартып жылдын ичинде өткөрүлөт.";

2) 5-пунктундагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;

3) 6-пунктундагы "директору" деген сөз "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;

4) 9-пунктунун тогузунчу абзацындагы "директоруна" деген сөз "жетекчисине" деген сөз менен алмаштырылсын;

5) 14-пунктунда:

- үчүнчү абзацындагы "дипломдун көчүрмөсү" деген сөздөр "нотариалдык күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"аттестациялоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.";

6) 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Экзамен төмөнкү багыттар боюнча иштин билдирилген түрлөрүнө ылайык аттестациялык комиссия тарабынан бекитилген экзамендик тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт:

- ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер;

- өнөр жай үлгүлөрү;

- товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары;

- селекциялык жетишкендиктер.

Талапкер жогоруда саналган иш багыттарынын ичинен тандалып алынган ар бир түрү боюнча бир экзамендик билет боюнча тапшырат.

Суроолорго жооптор жана төрт теориялык суроодон жана бир практикалык маселеден турган экзамендик билеттердин тапшырмаларынын аткарылышы суммаланып беш баллдуу система боюнча бааланат. Экзаменге жалпы баа орточо арифметикалык баадан чыгарылат, мында өтө турган балл 3,7 ден кем эмес баллды түзөт.

Даярдануу үчүн убакыт талапкер билдирген келечектеги ишинин чектөөлөрүнүн көлөмүнө жараша аттестациялык комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленет жана 120 минутадан ашпоого тийиш.";

Тартиптин 1-тиркемесиндеги "директоруна" деген сөз "жетекчисине" деген сөз менен алмаштырылсын;

Тартиптин 2-тиркемесиндеги "директоруна" деген сөз "жетекчисине" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 26-январында N 7 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаков