About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG240

Back

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом 2015-жылдын 7-сентябры № 619 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 Decree of Government of the Kyrgyz Republic No. 619 of September 7, 2015 on the amendments and supplements to certain resolutions of the Government of the Kyrgyz Republic

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015­жылдын 7­сентябры № 619

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17­беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011­жылдын 27­октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:

­ бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамкомиссия" жана "Мамасылтукуминспекциясы", "Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Мамборбор" жана "Мамасылтукумборбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

­ 1­пункттун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамборбор ­ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбору;

Мамасылтукумборбору ­ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция ­ асыл тукум борбору;";

­ 3­пункттун үчүнчү абзацы жана 12­пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу патент алуу жана аны күчүндө калтыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.";

­ 30­пунктта: ­

экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; ­

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: ­

"Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан ­ тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012­жылдын 29­февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 8­тиркемесинин 4­пунктунда:

­ бешинчи абзацтагы "толук же жарым­жартылай" деген сөздөр алып салынсын;

­ 1­пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

­ 2­пунктчада:

үчүнчү абзацтагы "патенттин түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

3­пунктчанын биринчи жана экинчи абзацтарындагы "толук же жарым­ жартылай" деген сөздөр алып салынсын;

­ 6­пунктчанын он үчүнчү абзацы:

"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал бар болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Т.А.Сариев