About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG232

Back

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-июлу № 117

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелерин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20- январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун тиркелген Эрежелери бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9- июлундагы
№ 117 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 , 2017-жылдын 20- январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп эсептелет, ошондой эле бул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен Апелляциялык кеңештин компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы уюмдарынын эң компетенттүү кызматкерлеринин 7 мүчөсүнөн түзүлөт жана Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

II. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар
3. Апелляциялык кеңешке Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык төмөнкүдөй каршы пикирлер жана арыздар берилиши мүмкүн:
1) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;
2) товардык белгини, тейлөө белгисин жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала экспертизанын чечимине;
3) 1900-жылдын 14-декабрында Брюсселде, 1911-жылдын 2-июнунда Вашингтондо, 1925-жылдын 6-ноябрында Гаагада, 1934-жылдын 2-июнунда Лондондо, 1957-жылдын 15-июнунда Ниццада жана 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кайра каралып чыккан 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна (мындан ары - Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
4) 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго (мындан ары - Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протокол) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
5) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдык же алдын ала экспертизанын чечимине;
6) селекциялык жетишкендикке өтүнмө берүүгө каршы;
7) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге;
8) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;
9) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;
10) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө жана товарлар чыгарылган жерлердин катталган аталышын пайдаланууга укук берүүнү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге;
11) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товардык белгини, тейлөө белгисин каттоо жөнүндө чечимге, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
- экспертиза тарабынан белгинин бир же бир нече элементтерин коргоодон чыгарганда;
- белгини каттоо суралып, өтүнүүчү берген товарлардын тизмеси экспертиза тарабынан өзгөргөндө;
12) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

13) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

14) ойлоп табууга патентти, анын ичинде Евразия патенттик конвенциясына ылайык алынган ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;
15) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
16) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
17) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата
Протоколго ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
18) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;
19) товарлар келип чыккан жерлеринин аталыштарын каттоонун же товарлар келип чыккан жерлеринин аталышына пайдаланууга укук берүү күбөлүгүнүн күчүн токтотуу жөнүндө;
20) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй арыздар берилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө;
2) жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин жалпыга белгилүү статусун жоготкондугу жөнүндө.
III. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүүнүн шарттары жана тартиби
5. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 7-11-пунктчаларында жана 4-пунктунун 1- пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар өтүнүүчү тарабынан тикелей же анын өкүлү аркылуу берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 6, 14-19-пунктчаларында жана 4-пунктунун 2- пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар кайсыл жак болбосун тикелей же анын өкүлү аркылуу берилет.
Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, каршы пикирлерин, алар боюнча Апелляциялык кеңешке кат алышат жана Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу отурумдарга катышышат.
Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлдөөгө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним катты ушул өтүнүүчү өзү же өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү бере алат. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге, тейлөө белгисине жана товар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номуру, ал эми коргоо документи тууралуу талаш-тартыш болгондо, документтин номуру, каршы пикирди берген жеке жактын фамилиясы, аты же юридикалык жактын аталышы жана кат алышуу үчүн дареги;
- даттануу берилген чечимге карата талаш-тартыштын мааниси;
- сунушталган жана бардык ага каршы көрсөтүлгөн объектилердин салыштыруу талдоосун кошкондо, өтүнүүчүнүн бардык далилдерин жана жүйөлөрүн толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);
- өтүнүүчүнүн пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи болгон жүйөлүү далилдер жана негиздүү жагдайлар;
- талаш-тартыш предмети боюнча өтүнүүчүнүн так билдирилген талаптары. Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз эки нускада берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 1-4, 7-11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер өтүнүүчү чечимди алган күндөн тартып, үч айдын ичинде берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирлер өтүнүүчү чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикирлер өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаган күндөн тартып, алты айдын ичинде берилет.

(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(5-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 14-пунктчасында каралган каршы пикирлер патенттин колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет.
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4- беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда ушул Эрежелердин 3- пунктунун 15-пунктчасында каралган каршы пикир каттоону колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет, ал эми "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген негиздемелер боюнча - расмий бюллетенге каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялаган күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 16-17-пунктчаларында каралган каршы пикирлер товардык белгини, тейлөө белгисин каттоонун бардык мөөнөтүндө берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 18-пунктчасында каралган каршы пикирлер товар чыгарылган жердин аталышын каттоону, товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүнүн күбөлүгүн колдонуу мезгилинде берилет.
Бул Эрежелердин 3-пунктунун 19-пунктчасында каралган каршы пикирлер товарлар келип чыккан жерлердин аталыштарын каттоонун же товарлар келип чыккан жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү күбөлүгүн колдонуу мөөнөтүндө берилет.

(11-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бул Эрежелердин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган арыз товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.
Бул Эрежелердин 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Каршы пикирге же арызга каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Бир түрдүү товарларга карата, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 3, 4, 7, 8, 9- пунктчаларында караштырылган каршы пикирге, берилген белгилемени каттоого "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин макулдугу тиркелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20- январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9. Каршы пикир же арыз берген күн болуп Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен бул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз берген күн эсептелет.
Берилген каршы пикири же арызы ушул Эрежелердин талаптарына туура келбесе же каршы пикир же арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.
Алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тариздөө тартибин бузуу менен берилсе жараксыз болуп эсептелет, ал эми каршы пикир же арыз өтүнүүчүгө оңдогонго кайтарылып берилет. Каршы пикирди же арызды карап чыгуунун мөөнөтү оңдолгон документ берилген күндөн тартып эсептелет.
10. Каршы пикир же арыз берген жак же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин бүтүмү жарыяланганга чейин берген каршы пикирин же арызын кайра сурап ала алат. Мында каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
11. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же берилбеген болуп эсептелген каршы пикирди же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
12. Өтүнүүчү тарабынан каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтү өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.
Өтүнүч кат каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кетишинин жүйөлүү себептерин тастыктоону камтышы керек жана ага каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым жана каршы пикир үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.
Өтүнүч кат менен бирге каршы пикирди берүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктаган, белгиленген өлчөмдө көрсөтүлгөн алымдарды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнүч кат жана каршы пикир берилбеген болуп эсептелет.
Эгер алым белгиленгенден аз төлөнгөн жана/же анын төлөгөндүгүн тастыктаган документ болбогон учурда, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.
13. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же каршы пикир берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин калыбына келтирүү жана өтүнүч кат менен бирге каршы пикир берилбеген деп таанылган учурда каршы пикир үчүн алымдардын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
IV. Каршы пикирлерди жана арыздарды каттоо жана кабыл алуу
14. Бул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикир же арыз болуп Апелляциялык кеңешке келип түшкөн бул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган каршы пикир же арызды берүүнүн шарттарын канааттандырган жазуу түрүндөгү каршы пикир же арыз таанылат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Апелляциялык кеңешке келип түшкөн каршы пикир же арыз катталат жана ага каршы номуру ыйгарылат.
16. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 14-19-пунктчалары жана 4-пунктунун 2- пунктчасында каралган каршы пикирди же арызды карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээсине каршы пикирдин же арыздын көчүрмөлөрүн тиркөө менен кабарлоо жиберилет.
Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна же Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык катталган товардык белгинин, тейлөө белгисинин ээсине жиберилүүчү кабарлоо белгинин ээсинин дарегине тикелей жөнөтүлөт. Мында мындан ары каршы пикир же арыз менен байланыштуу ишти жүргүзүү ушул Эрежелердин III бөлүмүнө ылайык Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Эгер каршы пикир же арызды берүү ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган шарттарды канааттандырбаса, каршы пикир же арыз кайтарылып берилип, берилбеген болуп эсептелет.
V. Каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуунун мөөнөтү
18. (1-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өтүнүч кат жүйөлүү себептери көрсөтүлүп, жазуу түрүндө берилет жана эгер ал даттанууну же арызды кароонун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндөн мурда келип түшсө, кабыл алынат.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 14-пунктчасында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, алты айдын ичинде каралып чыгат.
Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-2-пунктчаларында каралган арыздар Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде каралып чыгат.
19. Каршы пикирин же арызын кабыл алуу жөнүндө Апелляциялык кеңеш тарабынан кабарлоо жиберилген кайсы жак болбосун Апелляциялык кеңешке жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен коллегиянын отурумунун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу өтүнүч кат менен кайрыла алат.
Өтүнүч кат жазуу түрүндө берилиши керек жана эгер ал даттанууну карап чыгуунун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндүн ичинде келип түшсө, эске алынат.
Бул учурда Апелляциялык кеңештин отурумун өткөрүүнүн жаңы датасы дайындалат, бул тууралуу каршы пикирди же арызды кароонун бардык катышуучуларына билдирилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Апелляциялык кеңеш иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотууга милдеттүү:
- эгер талаш-тартышка түшкөн укук мамилеси укук мураскорлукка уруксат берсе, каршы пикирди же арызды карап чыгуунун катышуучусу болуп эсептелген жаран (жеке жак) каза болсо же юридикалык жак жоюлганда же кайра өзгөртүлүп түзүлсө - чыгып калган жактын укук мураскорун аныктаганга чейин;
- жарандык сот ишинде же административдик тартипте каралып чыгуучу башка иш чечилгенге чейин бул ишти карап чыгуу мүмкүн эмес болгондо.
Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин мыйзамдарда каралган бардык мөөнөттөрдүн ичинде токтотулат.
Иш боюнча өндүрүш иштин бүтүшүнө кызыкдар болгон юридикалык жактын арызы боюнча же анын токтоп калышына негиз болуп калган кырдаалды четтеткенден кийин Апелляциялык кеңештин демилгеси боюнча кайтадан башталат.
VI. Апелляциялык кеңештин отурумунда каршы пикирди же арызды карап чыгуу
21. Каршы пикирди же арызды карап чыгуу курамында бештен кем эмес мүчөсү бар Апелляциялык кеңештин отурумунда жүргүзүлөт.
22. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда каршы пикир же арыз берген жак, талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээси жана/же өкүлү жана Кыргызпатенттин экспертизасынын тийиштүү бөлүмүнүн төрагасы катыша алат.
Каршы пикир же арыз берген жак, коргоо документинин ээси өзү, ошондой эле анын ыйгарым укугу тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат менен тастыкталган өкүлү аркылуу каршы пикирди же арызды карап чыгууга катыша алат.
Апелляциялык кеңеш башка жактарга добуш берүү укуксуз катышууга уруксат бере алат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда катышууга укугу бар жана Апелляциялык кеңештин отурумунун өткөрүлө турган күнү жана орду жөнүндө кабарлоо алган кайсы болбосун жактын келбей калышы каршы пикирди же арызды карап чыгууга тоскоолдук келтирбейт.
Апелляциялык кеңеш ошол отурумда тараптардын келбегендигине байланыштуу, каршы пикирди же арызды карап чыгуу мүмкүн эместигин таанып, отурумду өткөрүү мөөнөтүн жылдырууга укуктуу.
24. Апелляциялык кеңеште иш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Иш жүргүзүлүп жаткан тилдерди билбеген талаш-тартыштарга катышкан жактарга котормочу аркылуу талаш-тартыштын материалдары менен таанышууга жана Апелляциялык кеңештин ишине катышууга укук берилет.
Апелляциялык кеңештин отурумунда жаздыруу аппаратурасы Апелляциялык кеңештин макулдугу менен гана пайдаланылат.
25. Апелляциялык кеңештин отурумун төрага жетектейт.
Төрага Апелляциялык кеңештин отурумун ачат жана каршы пикирди же арызды кароого катышуучу адамдарды, Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыгууда төрага тарабынан каршы пикирди же арызды жарыялоодон башталат.
Ишти андан ары карап чыгуу, эреже катары төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
- тараптарды жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жоопторду угуу;
- зарыл болгон учурда, эксперттер чыгып сүйлөшөт.
27. Апелляциялык кеңештин отурумунун протоколу Апелляциялык кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Отурумдун протоколуна Апелляциялык кеңештин төрагасы жана катчысы кол коет.
28. Зарыл учурда Апелляциялык кеңеш өз чечими менен атайын таанууну талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн көзкарандысыз экспертизаны дайындоого укуктуу. Бул адистерге карап чыгууга берилүүчү материалдар өтүнүүчү жана каралуучу талаш-тартыштын маңызы жөнүндө маалыматтарды камтыбашы керек.
Көзкарандысыз экспертизаны жүргүзүү зарыл болгон билими бар компетенттүү адистерге тапшырылышы керек.
Көзкарандысыз эксперт зарыл учурда Апелляциялык кеңештен кошумча материалдарды суроого укуктуу.
Көзкарандысыз эксперттин корутундусу төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- жүргүзүлгөн изилдөөлөргө толук баяндоо;
- жыйынтыгы боюнча чыгарылган корутунду;
- Апелляциялык кеңеш тарабынан берилген суроолорго негизделген жооптор. Апелляциялык кеңешке корутунду жазуу түрүндө берилет. Көзкарандысыз
эксперт корутундуну толук жана так бербеген учурда, Апелляциялык кеңеш кайрадан экспертизаны жүргүзүүнү белгилөөгө укуктуу, аны жүргүзүүнү ошол эле экспертке же башка көзкарандысыз экспертке же эксперттик комиссияга тапшырылат.
VII. Чечимдин күчүнө кириши
29. Апелляциялык кеңештин чечими маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыккандан кийин Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн кеңешүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Чечим Апелляциялык кеңештин катышуучу мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Апелляциялык кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Апелляциялык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдин корутундусун каршы пикирди же арызды карап чыгууга катышкан тарапка төрага жарыялайт.
30. Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнүн болбосун өзгөчө пикири болсо, ал чечимге тиркелет.
31. Апелляциялык кеңештин чечими жазуу түрүндө баяндалат, төрага жана талаш-тартыштарды карап чыгууга катышкан Апелляциялык кеңештин бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Ушул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикирди же арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча каршы пикирди же арызды канааттандыруу, жарым- жартылай канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
32. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими түзүлөт жана каршы пикирин же арызын берген жакка, ошондой эле коргоо документи же каттоо талаш-тартышка түшкөн учурда - коргоо документинин ээсине чечим чыгарылган датадан кийин бир айдын ичинде жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда чечимдин көчүрмөсү Кыргызпатенттин тийиштүү бөлүнүштөрүнө жиберилиши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Апелляциялык кеңештин чечими аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

34. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, каршы пикирди билдирген тарап чечимди алган учурдан тартып, алты айдын ичинде сотко даттанууга укугу бар.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)