КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2011-жылдын 5-январы N 7
Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери;
- Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 11-январында N 2 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
А.Атамбаев |