Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 27-апрелиндеги N 297
токтому менен бекитилди
Рационализатордук сунушту каттоо
үчүн жыйымдар жөнүндө
ЖОБО
I бөлүк. Жалпы жоболор
II бөлүк. Жыйымдын арналышы жана өлчөмү
I бөлүк
Жалпы жоболор
1. Бул Жободо "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы N 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жободо каралган юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн жыйым төлөөнүн тартиби, анын өлчөмү жана мөөнөтү белгиленет.
2. Бул Жободо каралган жыйымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын улуттук акчасы менен белгиленет.
3. Бул Жободо белгиленген жыйымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосунун (Кыргызпатент) эсептик счетуна белгиленген тартипте которуу жолу менен төлөнөт.
Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ болуп жыйымдын төлөнгөндүгү жөнүндө банктын штампы бар төлөө барагынын көчүрмөсү, же жыйымдын накталай акча каражаттары менен, же болбосо өздүк эсептен которуу менен төлөнгөндүгү жөнүндө банктын дүмүрчөгү саналат.
4. Жыйымдар ушул Жобонун II бөлүгүндө келтирилген өлчөмдөрдө төлөнөт.
5. Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Жободо каралган жыйымдарды төлөө боюнча төмөнкү жеңилдиктер берилет:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, I топтогу майыптар, ошондой эле авторлор жамааты, эгерде андагылардын бирөөсү ушул пунктчада көрсөтүлгөндөрдүн бири болуп саналса, жыйым төлөөдөн толугу менен бошотулушат;
б) пенсионерлер, II жана III топтогу майыптар, билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттер, аспиранттар, ошондой эле авторлор жамааты, эгерде андагылардын бирөөсү ушул пунктчада көрсөтүлгөндөрдүн бири болуп саналса, ар бир жыйымдын белгиленген өлчөмүнүн 50 % өлчөмүндө жыйым төлөшөт;
Ушул пункттун а) жана б) пунктчаларында каралган жеңилдиктер өтүнмө ээсинин расмий өтүнүчү боюнча берилет. Жеңилдик берүү үчүн тиешелүү документтин: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгүнүн, согуштун катышуучусунун жалданма курамдагы адамдар үчүн күбөлүгүнүн, Улу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта иштегендиги (же кызмат өтөгөндүгү) үчүн берилген күбөлүктүн, врачтык-эмгектик эксперт комиссиясынын маалымкатынын, пенсиялык күбөлүктүн, билим берүү мекемеси берген документтин көчүрмөсү негиз болуп саналат.
Лицензиялык келишим, рационализатордук сунушту ыктыярдуу өткөрүп бергендиги жөнүндө келишим түзүлгөн учурда ушул пункттун а) жана б) пунктчаларында каралган жеңилдиктерди колдонуу токтотулат.
Эгерде өтүнмө ээсинин жыйымды төлөө үчүн каражаты болбогон өзгөчө учурларда Кыргызпатент жыйым төлөөнү артка жылдыра алат.
Жыйым төлөө боюнча жеңилдик берүү жөнүндө расмий өтүнүч Кыргызпатентке тийиштүү жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин ордуна же аны менен бирге берилет.
6. Белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтерди же жыйым төлөө боюнча жеңилдик берүү жөнүндө расмий өтүнүчтөрдү тапшырбоо рационализатордук сунушту каттоого байланышкан иштерди токтотууга алып келет.
7. Төлөнгөн жыйым, эгерде ал ушул Жободо белгиленген өлчөмдөн ашып кеткен өлчөмдө төлөнгөн учурдан, же жыйым кайсы бир иш-аракет үчүн төлөнүп, бирок ал аткарылбай калган учурдан бөлөк учурларда, кайтарылып берилбейт.
Мындай учурларда өтүнмө ээсинин тигил же бул иш-аракет үчүн жыйым төлөгөн жактын өкүлүнүн расмий өтүнүчү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же болбосо расмий өтүнгөн жактын суранычы боюнча ушул Жободо каралган башка иш-аракеттер үчүн төлөөлөрдүн эсебине киргизилет.
II бөлүк
Жыйымдын арналышы жана өлчөмү
┌──┬──────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│N │ Жыйымдын арналышы │ Жыйымдын өлчөмү │
│ │ │ (сом менен) │
├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│1.│Арыз бергендиги жана анын каралып чыккандыгы │ 70 │
│ │үчүн. │ │
│ │Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ Кыргыз-│ │
│ │патентке арыз берүү учурунда аны менен кошо │ │
│ │берилет. Белгиленген өлчөмдө жыйым төлөнгөн- │ │
│ │дүгүн ырастоочу документ тапшырылбаса, арыз │ │
│ │берилген жок деп эсептелет. │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│2.│Рационализатордук сунушту каттагандыгы жана │ 80 │
│ │анын катталгандыгы жөнүндө күбөлүк бергендиги │ │
│ │үчүн. │ │
│ │Жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ сунушту│ │
│ │рационализатордук деп таануу жөнүндө чечимди │ │
│ │автор (алган күндөн тартып 14 күндүн ичинде │ │
│ │тапшырылат. │ │
│ │Белгиленген өлчөмдө жыйым төлөнгөндүгүн │ │
│ │ырастоочу документ тапшырылбаса, сунуш │ │
│ │каттоого алынбайт жана ага күбөлүк берилбейт │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────┼───────────────────┤
│3.│Рационализатордук сунуш катталгандыгы жөнүндө │ 80 │
│ │маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн Белгиленген │ │
│ │өлчөмдө жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ│ │
│ │тапшырылбаса ал жөнүндө маалымат жарыяланбайт.│ │
└──┴──────────────────────────────────────────────┴───────────────────┘