About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG067

Back

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Автордук Жана Чектеш Укуктар Жөнүндө» (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 Автордук Жана Чектеш Укуктар Жөнүндө Кр Мыйзамы

АВТОРДУК ЖАНА ЧЕКТЕШ УКУКТАР ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 14-январы N 6

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын

6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын,

2001-жылдын 20-июнундагы N 54 Мыйзамынын,

2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,

2004-жылдын 11-майындагы N 57 Мыйзамынын,

2008-жылдын 5-августундагы N 197 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Автордук укук

III бөлүм. Чектеш укуктар

IV бөлүм. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу

V бөлүм. Автордук жана чектеш укуктарды коргоо

VI бөлүм. Корутунду жоболор

I бөлүм

Жалпы жоболор

1-статья. Жөнгө салуу мамилелери

Ушул Мыйзам илим, адабият жана искусство чыгармаларын (автордук укук), фонограммаларды,

аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн (чектеш

укуктар) жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

2-статья. Кыргыз Республикасынын автордук укук жана чектеш

укуктар жөнүндө мыйзамдары жана эл аралык келишимдер

1. Кыргыз Республикасынын автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыз

Республикасынын граждандык мыйзамдарынын бир бөлүгү болуп эсептелген ушул Мыйзамдан жана

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга ылайык чыгарылуучу башка ченемдик-укуктук

актыларынан турат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан

башка нормалар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

3-статья. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо

чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

1. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салууну

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органы (мындан ары Кыргызпатент) жүзөгө ашырат.

2. Кыргызпатент - ушул автордук жана чектеш укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну

жүзөгө ашыра турган, илим, адабият жана искусство жагында чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн

укуктук шарттарды түзүүгө, авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин толук укуктуулугун, анын

ичинде сотко кайрылуу, автордук укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү укугун ишке

ашырууга көмөк көрсөтүүчү, ошондой эле автордук сый акыны жыйноону жана төлөп берүүнү ишке

ашыруучу орган.

Кыргызпатенттин негизги милдеттери аткарган кызматтары жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам

жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актылары менен аныкталат.

Кыргызпатент жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүү жана авторлордун чыгармачылык ишине көмөк

көрсөтүү максатында Интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фонд түзүлөт. Интеллектуалдык

менчик боюнча Мамлекеттик фонд тууралу Жобо Кыргызпатент тарабынан бекитилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ:

автор - чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан жеке адам;

аудиовизуалдык чыгарма - тийиштүү техникалык жабдуулардын жардамы аркылуу көрүүгө жана

угууга (үн менен коштолгон учурда) арналган кадрлардын өз ара байланышкан (үн менен коштолгон

же коштолбогон) белгиленген сериясынан турган чыгарма;

аудиовизуалдык чыгармалар кинематографиялык чыгармаларды жана кинематографиялык

каражаттарга окшош каражаттар аркылуу көрсөтүлгөн бардык чыгармаларды (теле жана көргөзмө

фильмдерди, диафильмдер менен слайдфильмдерди) алардын алгачкы же андан кийинки

белгиленгендерине карабастан, өзүнө камтыйт;

маалыматтар базасы - маалыматтардын (макалалардын, эсептөөлөрдүн дагы ушул сыяктуулардын)

жыйындысын электрондук эсептөө машиналарынын (ЭЭМ) жардамы аркылуу табылгыдай жана кайра

иштетилгидей кылып тутумга салынган берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү формасы;

чыгарманы кайра чыгаруу - чыгарманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан ашык нускаларын

кандай гана болбосун материалдык формада, анын ичинде үн жана көргөзмө жазма түрүндө даярдоо;

эки өлчөмдүү чыгарманын бир же андан көп нускасын үч өлчөмдө жана үч өлчөмдүү чыгарманын бир

же андан көп нускасын эки өлчөмдө даярдоо; чыгарманы ЭЭМдин эсине жазуу да кайра чыгаруу

болуп саналат;

фонограмманы кайра чыгаруу - фонограмманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан көп нускасын

каалагандай материалдык алып жүрүүчүдө даярдоо;

жазуу - техникалык каражаттардын жардамы аркылуу үндөрдү жана (же) сүрөт-келбетти көп жолу

кабылдоону, кайра көчүрүүнү же кабарлоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бере турган кандайдыр-бир

материалдык формада белгилөө;

аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу - аудиовизуалдык чыгарманы даярдап чыгаруунун

демилгесин көтөрүп, жоопкерчилигин алган жеке же юридикалык жак, мында ушул адам аны же

даярдап, же ага буюртма берип, анын чыгарылышын төлөп берүүгө тийиш;

башка далилдер болбосо ал чыгармада ысмы жөн эле көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жак

аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу болуп саналат;

аткаруу - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды ойноо, декламация,

ырдоо, бийлөө аркылуу түздөн-түз аткарып же техникалык каражаттардын жардамы менен

(телерадиоберүүлөр, кабелдик телевидение жана башка техникалык каражаттар) көрсөтүү;

аудиовизуалдык чыгармалардын кадрларын алардын өз ыраатында (үн менен коштолгон же

коштолбогон) көрсөтүү;

аткаруучу - адабияттын же искусствонун чыгармаларын (анын ичинде эстрадалык, цирктик же куурчак

номерлерин) роль кылып аткарган, ырдаган, музыкалык аспапта ойногон же башкача түрдө аткарган

актер, ырчы, музыкант, бийчи же дагы башка адам, ошондой эле спектаклдин режиссер-коюучу жана

дирижеру;

контрафактылык нускалар - даярдалышы жана таратылышы автордук укукту жана чектеш укуктарды

бузууга алып келе турган чыгарманын же фонограмманын нускалары, ошондой эле ушул чыгармалар

эч качан корголбогон же корголуудан калган өлкөлөрдөн автордук укуктун жана чектеш укуктардын

ээлеринин уруксатысыз Кыргыз Республикасында импорттололуп жаткан, Кыргыз Республикасында

ушул Мыйзамга ылайык сактала турган чыгармалардын жана фонограммалардын нускалары;

автордук жана (же) чектеш укуктардын ээси - автор же аткаруучу мүлктүк укуктарга ээ болгон

учурларда автор же аткаруучу;

мүлктүк укуктар өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;

алгач ирет мүлктүк укуктарга жеке же юридикалык жак ээ болгон учурларда автордон же

аткаруучудан башка жеке же юридикалык жак;

чыгарманы жалпыга жарыялоо - автордун макулдугу менен чыгарманы жарыялоо, жалпыга көрсөтүү,

эл алдында аткаруу, эфирде берүү аркылуу же башка жол менен жалпыга маалым кылуу үчүн ишке

ашырылган алгачкы ирет жалпы элге жеткирүү аракети;

жарыялоо (жарыкка чыгаруу) - жалпы элдин муктаждыгын канааттандыруу үчүн чыгарманын

авторунун, фонограмманы чыгаруучунун макулдугу менен чыгарманын, фонограмманын нускаларын

жарыкка чыгаруу. Жарыкка чыгаруу деп ошондой эле чыгармага, фонограммага электрондук

маалымат системалары аркылуу элге жол ачууну да түшүнсө болот;

эфирге берүү - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же

кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн аларды радио же телекөрсөтүү (кабелдик телекөрсөтүүнү

кошпогондо) аркылуу жалпыга маалымдоо үчүн (көрсөтүүнү же аткарууну кошо эсептегенде)

кабарлоо. Чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же

кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн эфирге спутник аркылуу бергенде эфирге берүү деп

жердеги станциянын кабарлагычтарын спутникке кабыл алуу жана спутниктен кетүүчү чыгармалар,

фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын

берүүлөрү жалпы маалымдуулукка жетишин мүмкүн кылган кабарлагычтарды берүүнү жалпы эл

аларды факты катары кабыл алган-албаганына карабастан түшүнсө болот;

эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүсү - эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун өзү

тарабынан, ошондой эле анын буюртмасы боюнча анын каражатынын эсебинен башка уюмдар

тарабынан түзүлгөн берүү;

чыгарманы көрсөтүү - чыгарманын түп нускасын же бир нускасын түздөн-түз же экранда пленканын,

диапозитивдин, телекөрсөтүү кадрынын же башка техникалык каражаттардын жардамы аркылуу

көрсөтүү, ошондой эле аудиовизуалдык чыгармалардын айрым кадрларын алардын ыраатын

сактабастан көрсөтүү;

автордук жана (же) чектеш укуктарды пайдалануучулар - автордук укуктун жана чектеш укуктардын

объекттерин пайдалануучу ар кандай жеке жана юридикалык жактар;

эфирге кийин берүү - мурда эфирге берилген чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды,

коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн эфирге кийин берүү;

ЭЭМ үчүн программа - ал пайда кылган аудиовизуалдык сүрөттөмөлөрдү кошо эсептегенде белгилүү

бир максатка же натыйжага жетишүү үчүн ЭЭМдин жана башка компьютердик түзүлүштөрдүн

иштешине арналган сөздөр, цифралар, коддор, символдор, белгилер жана башка объективдүү

форма аркылуу көрсөтүлгөн нускамалардын жана эрежелердин жыйындысы;

ЭЭМ үчүн программа ошондой эле ЭЭМ үчүн программаны иштеп чыгуунун жүрүшүндө алынган

даярдык материалдарды да өзүнө камтышы мүмкүн;

жасалга-колдонмо искусствосунун чыгармалары - көркөм өнөрдүн чыгармасын же өнөр жай ыкмасы

менен даярдалган чыгарманы кошо эсептегенде иш жүзүндө колдонулуучу буюмдарга көчүрүлгөн эки

өлчөмдүү жана үч өлчөмдүү искусство чыгармасы;

фонограмманы чыгаруучу - аткаруунун жана башка үндөрдүн алгачкы ирет добушу менен жазылышы

боюнча демилгени жана жоопкерчиликти өз мойнуна алган жеке же юридикалык жак, мында ушул жак

аны жеке өзү даярдап чыгышы, же ага буюртма берип, анын даярдалышы үчүн акы төлөөгө тийиш;

башка далилдер жок болсо, аты же аталышы ал фонограммада же ал салынган кутуда кадимки ыкма

менен белгиленген жеке же юридикалык жак фонограмманы чыгаруучу катары таанылат;

туунду чыгарма - башка чыгармага негизделген интеллектуалдык чыгармачылыктын жемиши

(котормо, көнүгүү, инсценирлөө, кайра түзүү ж.б.);

жалпыга көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпы маалымат үчүн кабарлоо - ээн-эркин кирүү

үчүн ачык жерлерде же үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйласы

катышуучу жерлерде чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды эфирдик

же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн түздөн-түз же техникалык каражаттардын жардамы

аркылуу ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо, мында чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар,

коюлган оюндар эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү бир жерден кабарланып

жатканы, же башка бир жерде бир эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, көрмө

чыгармалар (постановкалар), эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү кабарланып

жатканы эске алынбайт;

спектаклдин (оюндун) коюучу-режиссеру - театр, цирк, куурчак, эстрада спектаклдерин же башка бир

спектаклди (оюнду) коюуну ишке ашыруучу адам;

репродукциялоо (репрографиялык кайра чыгаруу) - фото көчүрмөлөө же басуудан башка техникалык

каражаттардын жардамы менен жазма жана башка графикалык чыгармалардын түп нускаларынын

же көчүрмөлөрүнүн бир же андан көп нускаларын ар кандай өлчөмдө жана формада факсимилдик

кайра көчүрүү;

репрографиялык кайра көчүрүү, көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү электрондук (цифралыкты кошо),

оптикалык же машиналык-окуу формасында сактоону же кайра чыгарууну өзүнө камтыбайт;

ретрансляция - бир уктуруу уюмунун берүүсүн башка бир уктуруу уюмунун бир эле мезгилде эфирге

(кабель боюнча) берүүсү;

прокатка (жалдоого) берүү - түздөн-түз же кыйыр түрдө коммерциялык пайда алуу максатында

чыгарманын же фонограмманын нускасын убактылуу пайдаланууга берүү;

кабарлоо - көрсөтүү, аткаруу, эфирге берүү же чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды,

коюлган оюндарды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн, жалпы эл тарабынан

факт жүзүндө кабыл алынышына карабастан угууга жана (же) көрүүгө жеткиликтүү кыла турган

аракеттер (чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын таркатууну кошпогондо);

кабель боюнча жалпыга кабарлоо - кабель, зым, оптикалык байланыш аркылуу же ушуларга окшогон

каражаттардын жардамы менен чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган

оюндарды, эфирдик же кабелдик уюмдардын берүүлөрүн жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоо;

фонограмма - ар кандай материалдык алып жүрүүчүдө кайра чыгарылышы мүмкүн болгон

аткаруулардын же башка үндөрдүн ар кандай жалаң гана үн жазмасы;

чыгарманын нускасы - ар кандай материалдык формада даярдалган чыгарманын көчүрмөсү;

фонограмманын нускасы - түздөн-түз же кыйыр түрдө фонограммадан даярдалган жана ошол

фонограммада жазылган үндөрдүн барын же алардын бир бөлүгүн камтыган фонограмманын ар

кандай материалдык алып жүрүүчүдөгү көчүрмөсү.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын, 2001-жылдын 20-июнундагы N 54

Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм

Автордук укук

5-статья. Автордук укуктун аракет чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук:

авторлордун жана алардын укук мураскерлеринин граждандуулугуна карабастан, жарыяланган же

жарыяланбаган, бирок кандайдыр-бир объективдүү формада Кыргыз Республикасынын аймагында

болгон чыгармаларга;

жарыяланган же жарыяланбаган, бирок кандайдыр бир объективдүү формада Кыргыз

Республикасынын чегинен тышкары жакта болуп, Кыргыз Республикасынын гражданы болгон

авторлордун жана алардын укук мураскерлеринин чыгармалары деп таанылган чыгармаларга;

жарыяланган же жарыяланбаган, бирок кандайдыр-бир объективдүү формада Кыргыз

Республикасынын чегинен тышкары жакта болуп жана Кыргыз Республикасынын эл аралык

келишимдерине ылайык башка мамлекеттердин гражданы болгон авторлордун жана алардын укук

мураскерлеринин чыгармалары деп таанылган чыгармаларга жайылтылат.

2. Эгерде чыгарма Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта биринчи ирет жарыяланган

күндөн тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланса, ал Кыргыз

Республикасында да жарыяланган деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чыгармага Кыргыз Республикасынын

аймагында коргоо берүүдө чыгарманын автору автордук укукка ээ болуу үчүн негиз болуп кызмат

кылган юридикалык факт орун алган аймактагы мамлекеттин мыйзамы боюнча аныкталат.

6-статья. Автордук укук тарабынан корголуучу чыгармалар (автордук

укуктун объектилери)

1. Автордук укук арналышына жана татыктуулугуна, ошондой эле аларды билдирүү ыкмаларына

карабастан чыгармалчыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана искусство

чыгармаларына жайылтылат.

2. Чыгарма аны кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген оозеки, кат жүзүндө же башка объективдүү түрдө

болууга тийиш.

Кат жүзүндөгү же башкача ыкма менен материалдык алып жүрүүчү аркылуу (кол жазма, машинкага

басылган, ноталык жазуу, техникалык каражаттар аркылуу жазуу, анын ичинде үн жазуу же көргөзмө

жазуу, элестерди эки өлчөмдө же көлөмдүү - мейкиндик түрүндө көрсөтүү жана башкалар) берилген

чыгармалар, алардын үчүнчү жактарга түшүнүктүү болгондугуна карабастан, объективдүү түргө ээ

болгон деп эсептелет.

Эгерде оозеки же материалдык алып жүрүүчүдө көрсөтүлбөгөн башка чыгарма үчүнчү жактарга

түшүнүктүү болсо (калк алдында сүйлөө, калк алдында аткаруу жана башкалар) ал объективдүү түргө

ээ болгон деп эсептелет.

3. Автордук укук элге белгилүү болгон, ошондой эле элге белгилүү болбогон чыгармаларга да

жайылтылат.

4. Автордук укук идеяларга, концепцияларга, принциптерге, тутумдарга, сунуш кылынуучу

чечимдерге, табигый болуп келген көрүнүштөрдү ачууга карата жайылтылбайт.

5. Автордук укуктун келип чыгышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка жол-жоболорду

сактоо талап кылынбайт.

7-статья. Автордук укуктун объектилеринин түрлөрү. Туунду жана

курамдуу чыгармалар

1. Төмөндөгүлөр:

адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу);

драмалык жана сценалык чыгармалар;

тексти бар жана тексти жок музыкалык чыгармалар;

музыкалык-драмалык чыгармалар;

хореографиялык чыгармалар жана пантомималар;

аудиовизуалдык чыгармалар (кино, теле, жана көргөзмө фильмдер, слайдфильмдери жана башка

кино, теле жана көргөзмө чыгармалар);

живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү искусствонун башка

чыгармалары;

декоративдик-прикладдык сценалык искусствонун чыгармалары;

архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак искусствосунун чыгармалары;

фото чыгармалар жана фото сүрөткө окшош ыкмалар менен алынган чыгармалар;

географиялык, геологиялык жана башка карталар, географияга, топографияга жана башка илимдерге

таандык кылынган пландар, эскиздер жана чыгармалар;

ар кандай түрдөгү электрондук-эсептөө машиналары (ЭЭМ), анын ичинде прикладдык программалар

жана операциялык системалар;

ушул Кодекстин 6-статьясында белгиленген талаптарга жооп берген башка чыгармалар автордук

укуктун объектилерине таандык кылынат.

2. Ушул Кодекстин 6-статьясында белгиленген талаптарды канааттандырган чыгармалардын

бөлүктөрү, алардын аталыштары жана туунду чыгармалар автордук укуктун объектилери болуп

эсептелет.

Туунду чыгармаларга:

башка чыгармаларды кайра иштеп чыгуунун натыйжасында жаратылган чыгармалар (котормолор

кайра иштеп чыгуу, анноттациялар, рефераттар, резюме, обзорлор, инсценировкалар,

аранжировкалар жана илимдин, адабияттын жана искусствонун ушул сыяктуу башка чыгармалары);

курамдуу чыгармаларга;

чыгармачыл эмгектин натыйжаларынын материалдарын тандап алуу же жайгаштыруу аркылуу

жаратылган жыйнактар (энциклопедиялар, антологиялар, маалыматтар базасы) жана

чыгармалардын башка курамдары таандык кылынат.

3. Туунду жана курамдуу чыгармалар өздөрү негизделген жана аларга киргизилген чыгармалар

автордук укуктун объектилери болгон же болбогондугуна карабастан, автордук укук тарабынан

корголот.

(КР 2004-жылдын 11-майындагы N 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Автордук укуктун объектилери болуп эсептелбеген

чыгармалар жана ошол сыяктуу иштин натыйжалары

Төмөндөгүлөр:

расмий документтер (мыйзамдар, токтомдор, чечимдер жана башкалар), ошондой эле алардын

расмий котормолору;

расмий символдор жана белгилер (желектер, гербдер, гимндер, ордендер, акча белгилери жана

башкалар);

элдик чыгармачылыктын чыгармалары;

кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар

же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр;

белгилүү бир нерсени өндүрүү үчүн арналган техникалык каражаттын жардамы менен, адам

тарабынан чыгармачыл ишти жүзөгө ашырбастан алынган натыйжалар автордук укуктун объектилери

болуп эсептелбейт.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Чыгарманын автору. Автордуктун презумпциясы

1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан граждан чыгарманын автору деп таанылат.

Эгерде башкача далилденбесе, чыгарма биринчи жарыяланганда анын автору катары белгиленген

адам анын автору деп эсептелет.

2. Чыгарма автору аталбастан же тергеме ат менен жарыяланганда (автордун тергеме аты анын

инсандыгынан шектенүүнү пайда кылбагандан башка учурларда), башкалардын далилдери жок

болгон учурда чыгармада ысымы же аталышы көрсөтүлгөн бастырып чыгаруучу автордун өкүлү

катары эсептелет жана автордук укукту коргоого жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу

болот. Ушул жобо мындай чыгарманын автору өзүнүн инсандыгын ачыкка чыгарып жана өзүнүн автор

экендигин билдирмейинче колдонулат.

3. Өзүнүн бөтөнчө мүлктүк укуктары жөнүндө жарыялоо үчүн анын ээси автордук укукту коргоо

белгисинен пайдалана алат, мындай белги чыгарманын ар бир нускасына коюлат жана сөзсүз

төмөндөгүдөй үч элементтен турат:

айланага алынган латындын “С” тамгасынан - ( С );

бөтөнчө мүлктүк укуктун ээсинин атынан (аталышынан);

чыгарма биринчи жолу жарыяланган жылынан.

4. Чыгарманын автору же башка укук ээси өз чыгармасын автордук укукту коргоо колдонулган

мөөнөттүн ичинде каалаган учурда мамлекеттик реестрлерде каттатууга укуктуу. Автордук укук

объектисин каттаган адамга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Мындай адамдын каалоосу

боюнча чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатенттин

расмий басылмаларында жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана

мазмуну автор же укуктун ээси менен макулдашуу боюнча Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

Каттагандык жана жарыялагандык үчүн каттоо жана жарыялоо үчүн чыгымдалган каражаттардын

наркынын өлчөмүндө жыйым алынат.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын, 2001-жылдын 20-июнундагы N 54

Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Авторлоштук

1. Эки же андан ашык автордун чыгармачыл эмгеги менен түзүлгөн чыгармага автордук укук мындай

чыгарма бир бүтүн чыгарманы түзгөндүгүнө же ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн

тургандыгына карабастан авторлошторго бирдей таандык болот.

Эгерде чыгарманын бир бөлүгү ушул чыгарманын башка бөлүктөрүнө карабастан пайдаланылышы

мүмкүн болсо, ал өз алдынча мааниге ээ деп таанылат.

Эгерде алардын ортосундага макулдашууда башкача каралбаса, авторлоштордун ар бири өз

алдынча мааниге ээ болгон чыгарманын өзү түзгөн бөлүгүн өзүнүн кароосу боюнча пайдаланууга

укуктуу.

2. Авторлоштордун ортосундагы мамилелер, эреже катары, макулдашуунун негизинде аныкталат.

Мындай макулдашуу жок болгон учурда чыгармага автордук укук бардык авторлор тарабынан чогуу

жүзөгө ашырылат, ал эми акчасы алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

Эгерде авторлоштордун чыгармасы бир бүтүндүктү түзсө, анда буга жетиштүү негиздер болбогондо

авторлоштордун бири чыгарманы пайдаланууга тыюу салууга укуксуз.

11-статья. Жыйнактарды жана башка курамдуу чыгармаларды

түзүүчүлөрдүн автордук укугу

1. Жыйнактын жана башка курамдуу чыгармалардын авторуна (түзүүчүгө) чыгармачыл эмгектин

натыйжасы (түзүүчүлүк) болгон материалдарды тандап алуу же жайгаштыруу боюнча автордук укук

таандык.

Түзүүчү курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын ар биринин авторунун укуктарын сактаган

шартта гана ал автордук укуктан пайдаланат.

Түзүүчүнүн автордук укугу курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын авторлорунун укуктарына

залал келтирүүгө тийиш эмес.

Эгерде автордук келишимде башкача көрсөтүлбөсө, курамдуу чыгармага кирген чыгармалардын

авторлору, өзүнүн чыгармасын курамдуу чыгармага көз карандысыз пайдаланууга укуктуу.

Түзүүчүнүн автордук укугу башка адамдарга өзүнүн курамдуу чыгармаларын түзүү үчүн ошол эле

материалдарды өз алдынча тандап алууга же жайгаштырууга тоскоолдук кылбайт.

2. Энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана

улантылма жыйнактарын, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды басып

чыгаруучуга мындай басылмаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктар таандык.

Басып чыгаруучу мындай басылмаларды кандай гана түрдө болбосун пайдаланууда өзүнүн

аталышын көрсөтүүгө же көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

Эгерде келишимде башкача шарттар каралбаса, мындай басылмаларга кошулган чыгармалардын

авторлору өз чыгармаларын бүтүндөй басылмага көз карандысыз пайдалануу боюнча өзгөчө

укуктарды өздөрүнө сактап калтырышат.

12-статья. Котормочулардын жана башка туунду чыгармалардын

авторлорунун автордук укуктары

1. Котормочуларга жана башка туунду чыгармалардын авторлоруна алар жүзөгө ашырган котормого,

кайра оңдоого, аранжировкалоого жана башка кайра иштеп чыгууга карата автордук укук таандык.

Котормочу жана башка туунду чыгарманын автору котормого, кайра оңдоого, аранжировкалоого же

башка кайра иштетүүгө дуушар болгон чыгарманын авторунун укуктарын сактаган шартта, өзү

жараткан чыгармага карата автордук укуктан пайдаланат.

2. Котормочулардын жана башка туунду чыгармалардын авторлорунун автордук укугу башка

адамдардын ушул эле чыгармаларды которуусуна жана кайра иштеп чыгуусуна тоскоолдук кылбайт.

13-статья. Аудиовизуалдык чыгармага карата автордук укук

1. Төмөндөгүлөр:

сценарийдин автору (сценарист);

ошол аудиовизуалдык чыгарма үчүн атайын түзүлгөн музыкалык чыгарманын (тексти менен же

текстсиз) автору (композитор);

режиссер-коюучу;

оператор-коюучу;

сүрөтчү-коюучу аудиовизуалдык чыгарманын авторлору болуп саналышат.

2. Аудиовизуалдык чыгарманы жаратууга автордук келишим түзүү ушул чыгарманын авторлорунун

аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочуга аудиовизуалдык чыгарманы кайра чыгарууга, таратууга, эл

алдында аткарууга, жалпы маалымдама үчүн кабель боюнча кабарлоого, эфирде берүүгө же дагы

башка маалымдоого, ошондой эле, эгерде келишимде башкача шарт каралбаса, аудиовизуалдык

чыгарманын текстин субтитрлөөгө же дубляждоого өзгөчө укукту өткөрүп берүүсүнө алып келет. Ушул

көрсөтүлгөн укуктар автордук укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.

Аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу ушул чыгарманы ар кандай пайдалануу учурунда өз атын же

аталышын атоого, же ушундай атоону талап кылууга укуктуу.

3. Аудиовизуалдык чыгарма үчүн атайын чыгарылган (тексти бар же тексти жок) музыкалык

чыгарманын автору аудиовизуалдык чыгарманын эл алдында ар бир аткарылышы, анын

жарыяланышы, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын нускаларын прокатка берүү үчүн сый акы

алуу укугун сактап калат.

4. Аудиовизуалдык чыгармага курамдуу болуп кирген, мурда болгон чыгармалардын да (сценарийге

негиз болгон романдын автору ж. б.), анын үстүндө иштөө процессинде пайда болгон чыгармалардын

да (оператор-коюучу, сүрөтчү-коюучу ж. б.) авторлору ар кимиси өзүнүн чыгармасына автордук

укуктан пайдаланышат.

5. Фильмдин авторунун жана фильмге карата башка мүлктүк укуктардын ээлеринин макулдугусуз

фильмдин бүткөн вариантын (негативдерин, түп нускадагы жазып алууларды) жок кылып жиберүүгө

тыюу салынат.

14-статья. Кызматтык чыгармаларга карата автордук укук

1. Жумуш берүүчүнүн кызмат тапшырмасын (кызматтык чыгарма) аткаруу иретинде жаралган

чыгармага болгон жекече мүлктүк эмес укук кызматтык чыгарманын авторуна таандык болот.

2. Кызматтык чыгарманын тапшырманын максаты жана андан келип чыккан чектер менен шартталган

ыкмада пайдаланууга карата өзгөчө укук, эгерде алардын ортосунда түзүлгөн келишимде башкача

аныкталбаса, автор менен эмгек мамилелеринде турган адамга (жумуш берүүчүгө) таандык.

Кызматтык чыгарманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн автордук сый акынын өлчөмү жана аны

төлөөнүн тартиби автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен аныкталат.

3. Жумуш берүүчү кызматтык чыгарманы ар кандай түрдө пайдалануу учурунда өз аталышын

көрсөтүүгө же көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Чыгарманы көрсөтүү учурунан он жыл өткөн соң, ал эми жумуш берүүчүнүн макулдугу менен андан

да мурда автордун чыгарманы пайдаланууга жана автордук сый акыны алууга карата болгон укугу

жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге карабастан толугу менен авторго таандык болот.

5. Кызмат милдетин же жумуш берүүчүнүн кызмат тапшырмасын аткаруу иретинде

энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана

улантылуучу жыйнактарды, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды

жаратууга (ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 2-пункту) ушул статьянын жоболору жайылтылбайт.

15-статья. Жекече мүлктүк эмес укуктар

1. Авторго анын чыгармасына карата төмөндөгү жекече мүлктүк эмес укуктар:

автордук укук - чыгарманын автору деп таанылуу укугу;

ысымга карата укук - чыгарманы автордун чыныгы аты менен, жашыруун аты менен же атын атабай,

башкача айтканда анонимдүү колдонуу же колдонууга уруксат берүү укугу;

жарыялоо укугу - чыгарманы кайра чакырып алуу укугун кошо эсептегенде өзүнүн чыгармасын ар

кандай формада жарыялоо же жарыялоого уруксат берүү укугу;

кол тийбестик укугу - чыгарманын, анын аталышын кошо эсептегенде ар кандай бурмалоолордон же

автордун ар намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүгө жарамдуу башка кол салуулардан

коргоо укугу таандык.

2. Автор чыгармасын жарыялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимден, мындай чечим аркылуу

пайдалануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурган шартта баш тартууга (кайра чакырып алуу

укугу) укугу бар. Эгерде чыгарма мурда жарыяланса, автор аны кайра чакырып алуу жөнүндө

жалпыга кабарландырууга милдеттүү. Мында ал чыгарманын мурда даярдалган нускаларын

колдонуудан алып таштоону өз эсебинен жүргүзүүгө акылуу. Кызматка байланыштуу чыгармаларды

жаратууда ушул пункттун жоболору колдонулбайт.

3. Жекече мүлктүк эмес укуктар автордун мүлктүк укуктарына карабастан ага таандык жана

чыгармаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктарды бирөөгө берген кезде ал укуктар сакталып

кала берет.

16-статья. Мүлктүк укуктар

1. Авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада

пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык.

2. Чыгармаларды пайдаланууга карата автордук өзгөчө укуктар төмөндөгү иш-аракеттерди:

чыгарманы кайра чыгарууну (кайра чыгаруу укугун);

чыгарманын нускаларын кандай жол менен болбосун таркатууну: прокатка берүүнү жана дагы ушул

сыяктууларды (таркатуу укугун);

чыгарманы таркатуу максатында анын нускаларын, анын ичинде өзгөчө автордук укуктардын ээсинин

уруксаты менен даярдалган нускаларды кошо импорттоону (импорт укугун);

чыгарманы жалпы элге көрсөтүүнү (жалпы элге көрсөтүү укугун);

чыгарманы жалпы эл алдында аткарууну (жалпы эл алдында аткаруу укугун);

чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн эфирге берүү жана (же) кийин эфирге берип туруу (эфирге

берүү укугун) жолу аркылуу кабарлоону;

чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн кабель, зым же башка ушуга окшогон каражаттардын жардамы

менен кабарлоону (кабель боюнча жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоо укугун);

чыгарманы которууну (которуу укугун);

чыгарманы кайра оңдоону, же чыгарманы башкача түрдө кайра иштеп чыгуу (иштеп чыгуу укугу)

жүзөгө ашыруу, аларга уруксат берүү же тыюу салуу укугун билдирет;

бардык адамдар чыгармага ар кандай жерден жана ар кайсы учурда өз каалоосу менен ээ боло ала

турган негизде чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн жеткирүү керек (жалпыга жеткирүү үчүн).

Автордун дизайнердик, архитектуралык, шаар-курулуштук жана бакча-сейил бак долбоорлорун

пайдалануу боюнча өзгөчө укуктары, ошондой эле мындай долбоорлорду практика жүзүндө ишке

ашырууну да өзүнө камтыйт. Кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору буюртмачыдан

курулуш үчүн документтерди иштеп чыгууда жана имаратты же курулушту курууда, эгерде

келишимде башкача көрсөтүлбөсө, өзүнүн долбоорун жүзөгө ашырууга катышууга укук берүүнү талап

кылууга акылуу.

3. Эгерде мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын нускалары аларды сатуу аркылуу граждандык

карым-катнашка киргизилсе, анда аларды автордун макулдугусуз жана ага сый акы төлөбөстөн андан

ары таркатууга жол берилет.

Аудиовизуалдык чыгарманы, ЭЭМ программасын, маалыматтар базасын, фонограммага жазылган

чыгарманы, ноталык текст түрүндөгү музыкалык чыгарманы прокатка берүү жолу аркылуу

чыгарманын түп нускасын же нускаларын таркатуу укугу ушул нускаларга болгон менчиктөө укугуна

карабастан, авторго таандык болот.

4. Чыгарманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн автордук сый акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби

автордук келишимде, ошондой эле авторлордун мүлктүк укугун жамааттык негизде башкаруучу уюм

менен пайдалануучулардын ортосунда түзүлгөн келишимде да көрсөтүлөт.

5. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн авторлордун укуктарына карата чектөөлөр мындай

пайдалануу чыгарманы нормалдуу түрдө пайдаланууга негизсиз зыян келтирбей турган жана

автордун мыйзамдуу таламдарын негизсиз түрдө кемсинтпей турган шартта, ушул Мыйзамдын 18-26-

статьялары тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы N 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Сүрөт искусствосунун чыгармасына жол берүү укугу. Жолун

жолдоо укугу

1. Сүрөт искусство чыгармасынын автору чыгарманын менчик ээсинен өз чыгармасын көчүрүп алуу

үчүн мүмкүндүк берүүнү талап кылууга укуктуу (мүмкүндүк алуу укугу). Мында чыгарманын менчик

ээсинен чыгарманы авторго жеткирип берүүнү талап кылууга болбойт.

2. Сүрөт искусство чыгармасына карата менчик укугунун автордон башка адамга өтүүсү (акы төлөө

менен же бекер) ушул чыгарманын алгачкы сатылышы дегенди билдирет.

Сүрөт искусство чыгармасынын түп нускасын сүрөт искусствосунун мындай чыгармасына карата

укуктун алгач ирет башкага өтүшүнөн кийин ачык сатуунун ар бир учурунда (аукцион, сүрөт

искусствосунун галереясы, көркөм салон, дүкөн жана дагы ушул сыяктуу) автор же анын

мураскорлору сатуучудан ашыра сатуудагы баанын 5 проценти өлчөмүндө сый акы алууга укугу

(колдонуу укугу) бар. Ушул көрсөтүлгөн укук автордун көзү тирүүсүндө ээликтен ажыратылбай турган

болуп саналат жана автордук укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде анын мураскерлерине гана мыйзам

же мурас аркылуу өтүшү мүмкүн.

18-статья. Чыгармаларды автордун макулдугусуз жана автордук сый

акыны төлөбөстөн жекече максатта кайра чыгаруу

1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп ушул Мыйзамдын 26-статьясында

каралган учурлардан тышкары жалаң гана жекече максаттарда мыйзамдуу түрдө жарыяланган

чыгарманын айрым нускасын кайта чыгарууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-пунктундагы жобо:

имараттар жана аларга окшош курулуштар түрүндөгү архитектуралык чыгармаларды кайра

чыгарууга;

маалымат базаларын же алардын ичинен олуттуу бөлүктөрүн кайра чыгаруу;

ЭЭМ үчүн программаларды, ушул Мыйзамдын 25-статьясында каралган учурлардан тышкары кайта

чыгарууга;

китептерди (толугу менен) жана ноталык тексттерди репродукциялоого карата колдонулбайт.

19-статья. Чыгармаларды автордун макулдугусуз жана автордук сый

акы төлөбөстөн туруп пайдалануу

1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп, бирок чыгармасы пайдаланылып

жаткан автордун ысмын жана өздөштүрүү булагын сөзсүз көрсөтүү менен төмөндөгүлөргө:

1) илимий, изилдөөчүлүк, талаш-тартыш, сын жана маалымдоо максатында мыйзамдуу түрдө

жарыяланган чыгармалардан, газета-журналдардын басма сөзгө баяндама түрүндөгү макалаларынан

үзүндүлөрдү келтирүү менен кошо эсептегенде, цитаталоонун максатын актай тургандай көлөмдө

анын өз тилинде жана котормо түрүндө цитата келтирүүгө;

2) мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгармаларды жана алардын үзүндүлөрүн окуу мүнөзүндөгү

басылмаларда, радио жана теле берүүлөрдө, үн жана көргөзмө жазмаларда, окуунун максатын

актаган көлөмдө иллюстрация катары пайдаланууга;

3) учурдагы экономикалык, саясий, социалдык жана диний маселелер боюнча газеталарда же

журналдарда жарык көргөн макалаларды же ушундай эле мүнөздөгү эфирге берилген чыгармаларды

мындай кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель аркылуу кабарлоого автор тарабынан атайын

тыюу салынбаган учурларда, аларды газетеларда кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель

аркылуу кабарлоого;

4) эл алдында чыгып сүйлөнгөн саясий маанидеги сөздөрдү, кайрылууларды, докладдарды жана

ушуга окшош дагы башка чыгармаларды маалымдоо максатын актаган көлөмдө газеталарда кайра

чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель аркылуу кабарлоого. Мында автордо мындай чыгармаларды

жыйнактарда жарыялоо укугу сакталып кала берет;

5) учурдагы окуяларга берилген баяндамаларда фотографиялык каражаттардын жардамы менен,

эфирге берүү же жалпыга кабарлоо үчүн кабель аркылуу таратуу жолу менен мындай окуялардын

жүрүшүндө көрүнүп же угулуп кала турган чыгармаларды, маалыматтын максатын актаган көлөмдө

кайра чыгаруу же жалпыга кабарлоого жол берилет. Мында автордо ушундай чыгармаларды

жыйнактарда жарыялоого укугу сакталып кала берет;

6) киреше көздөбөй рельефтүү-чекит шрифттер (тамгалар) менен, же сокур адамдар үчүн атайын

башка ыкмалар менен мыйзамдуу жарык көргөн, кайра чыгаруунун мындай ыкмалары үчүн атайын

жаратылган чыгармалардан тышкаркы чыгармаларды, кайра чыгарууга жол берилет.

2. Автордун же автордук укуктун бөлөк ээсинин макулдугусуз жана сый акы төлөбөстөн туруп,

тизмеси белгиленген тартипте аныкталуучу, алып кетүү республиканын улуттук таламдарына залал

келтире турган чыгармалардан тышкаркы чыгармалардын нускаларын чет өлкөгө жеке адамдын жеке

максаттар үчүн гана алып кетишине жол берилет.

20-статья. Чыгармаларды репродукциялоо жолу менен пайдалануу

Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн, бирок чыгармасы пайдаланылып жаткан

автордун ысмын жана өздөштүрүү булагын сөзсүз көрсөтүү менен, пайда табууну көздөбөй бирден

нускада:

1) китепканаларга жана архивдерге мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын нускаларын

калыбына келтирүү, алмаштыруу үчүн кандайдыр-бир себептер менен өз фондуларынан

чыгармаларды жоготуп алган башка китепканаларга чыгармаларды берүү үчүн;

2) окуу жана изилдөө максаттарында китепканалар жана архивдер тарабынан жеке адамдардын

суроолору боюнча, жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда мыйзамдуу

түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдөгү чыгармаларды, мыйзамдуу түрдө

жарык көргөн жазма чыгармаларынын (сүрөттүү же сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн;

3) аудиториялык сабактар үчүн жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда

мыйзамдуу түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдүү чыгармаларды, билим

берүү мекемелеринин мыйзамдуу түрдө жарыяланган жазма чыгармаларынын (сүрөттүү жана

сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн репродукциялоого жол берилет.

21-статья. Эркин катышуу үчүн ачык жерлерге туруктуу

жайгаштырылган чыгармаларды эркин пайдалануу

Чыгарманын сүрөттөлүшү кайра чыгаруунун, эфирге берүүлөрдүн же жалпы маалымат үчүн кабель

аркылуу кабарлоонун негизги объектиси болгон же чыгарманы сүрөттөө коммерциялык максаттар

үчүн пайдаланылгандан башка учурларда, автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн

эркин катышуу үчүн ачык жерге туруктуу жайгашкан архитектуранын, фотография өнөрүнүн, сүрөт

искусствосунун чыгармаларын кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же жалпыга маалымдоо үчүн кабель

аркылуу кабарлоого жол берилет.

22-статья. Жалпы эл алдында эркин аткаруу

Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн расмий жана диний аземдер учурунда,

ошондой эле сөөк коюуда, ушундай аземдердин мүнөзүн актаган көлөмдө музыкалык чыгармаларды

жалпы эл алдында аткарууга жол берилет.

23-статья. Соттук жана административдик максаттар үчүн эркин түрдө

кайра чыгаруу

Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн чыгармаларды сот жана администрация

иштери үчүн ушул максатты актаган көлөмдө кайра чыгарууга жол берилет.

24-статья. Эфирдик уктуруу уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн, кыска

мөөнөткө пайдаланыла турган эркин жазма

Эфирдик уктуруу уюму автордун макулдугусуз жана кошумча сый акы төлөбөстөн жазма эфирдик

уктуруу уюму тарабынан анын өзүнүн жабдуусунун жардамы менен жана өзүнүн берүүлөрү үчүн

жүргүзүлүп жаткан шартта ушул уюм эфирге берүүгө укук алган чыгарманы кыска мөөнөткө

пайдалануу үчүн жазма көчүрүп ала алат. Эгерде андан кыйла узагыраак мөөнөт жазылган

чыгарманын автору менен макулдашылбаган болсо, мында уюм аны жазып алгандан кийин алты

айдын ичинде мындай жазманы жок кылууга мидеттүү. Эгерде мындай жазма документалдык

мүнөздө болсо анда ал чыгарманын авторунун макулдугусуз расмий архивдерге сакталып

турушу мүмкүн.

25-статья. ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын

эркин кайра чыгаруу. ЭЭМ үчүн программаларды

декомпиляциялоо

1. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасына толук укуктуу ээ болгон адам

автордун же чыгарманы пайдаланууга карата болгон өзгөчө укуктардын башка бир ээсинин

уруксатысыз жана кошумча сый акы төлөбөстөн:

1) ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына пайдалануучунун техникалык каражаттарында

анын иштешинин максатында гана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ЭЭМ үчүн программанын же

маалыматтар базасынын иштешине байланыштуу бардык аракеттерди, анын ичинде ЭЭМдин эсине

жазууну жана сактоону(бир ЭЭМ же тармактын бир пайдалануучусу үчүн) анын милдетине ылайык

ишке ашырууга, ошондой эле, эгерде автор менен келишимде башкача каралбаса, көрүнөө

каталарды оңдоого;

2) көчүрмө архивдик максаттарга жана ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын түп

нускасы жоголуп же пайдаланууга жараксыз болуп калган учурда ЭЭМ үчүн программанын же

маалыматтар базасынын көчүрмөсүн даярдоого жана негиздүү алынган нускага алмаштырууга

акылуу. Мында ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын көчүрмөсү ушул пункттун 1-

пунктчасында көрсөтүлгөндөн башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн эмес жана ушул ЭЭМ үчүн

программанын же маалыматтар базасынын нускасына ээ болуу мыйзамдуу болбой калган учурда жок

кылынууга тийиш.

2. ЭЭМ үчүн программанын нускасына мыйзамдуу түрдө ээлик кылган адам автордун же өзгөчө

укуктардын бөлөк ээсинин макулдугусуз жана кошумча сый акы төлөбөстөн ушул адам тарабынан

эркин иштелип чыккан ЭЭМ үчүн программанын декомпиляцияланган программалар менен өз ара

аракеттене ала турган башка программалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүнө жетишүү максатын

көздөгөн учурда объектилүү кодду баштапкы текстке кайра жазууга жана өзгөртүүгө (ЭЭМ үчүн

программаны декомпиляциялоого) же ушул иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну башка кишиге

тапшырууга төмөндөгү шарттар сакталган учурда акылуу:

1) өз ара аракеттенүү жөндөмүнө жетишүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды башка булактардан

билүүгө мурда ушул адамга жол жабык болсо;

2) көрсөтүлгөн иш-аракеттер, ЭЭМ үчүн декомпиляцияланган программанын өз ара аракеттенүү

жөндөмүнө жетишүү үчүн зарыл болгон бөлүгүнө карата гана жүзөгө ашырылса;

3) декомпиляциянын натыйжасында алынган маалымат ЭЭМ үчүн көз карандысыз иштелип чыккан

программанын башка программалар менен өз ара аракеттенүү жөндөмүнө жетишүү үчүн гана

колдонула алат, ушул көз карандысыз иштелип чыккан программанын башка программалар менен өз

ара аракеттенүү жөндөмүнө жетишүү үчүн зарыл болгон учурлардан башка учурда бөлөк адамдарга

өткөрүлүп берилбейт, ошондой эле өзүнүн түрү жагынан ЭЭМ үчүн декомпиляцияланган программага

кыйла окшош ЭЭМ үчүн программаны иштеп чыгыш үчүн жана автордук укукту бузуучу башка иш-

аракеттердин кайсынысын болбосун жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбайт.

3. Ушул статьянын жоболорун колдонуу ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын кадыресе

колдонууга негизсиз залал келтирүүгө тийиш эмес жана автордун же ЭЭМ үчүн программага же

маалыматтар базасына карата болгон өзгөчө укуктардын бөлөк ээсинин мыйзамдуу таламдарына

негизсиз түрдө залал келтирүүгө тийиш эмес.

26-статья. Чыгарманы автордун макулдугусуз автордук сый акы төлөө

менен жекече максаттарда кайра чыгаруу

1. Ушул Мыйзамдын 16, 37 жана 38-статьяларынын жоболорунан четтөө менен чыгарманын

авторунун, аткаруучунун жана фонограммаларды өндүрүүчүнүн макулдугун албастан, бирок аларга

сый акы төлөө менен аудиовизуалдык чыгарманы жана чыгарманын үн жазмасын өңчөй жекече

максатта кайра чыгарууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра чыгаруу үчүн сый акы төлөө мындай кайра чыгаруу

үчүн пайдаланылуучу жабдууну (аудио- жана көргөзмө магнитофондор, башка жабдуулар) жана

материалдык каражаттарды (үн жана/же көргөзмө тасмаларды жана кассеталарды, лазердик

дискаларды, компактдискаларды, башка материалдык алып жүрүүчүлөрдү) даярдоочулар же

импортточулар тарабынан төлөнөт.

Ушул сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү авторлордун, фонограммаларды даярдоочулардын жана

аткаруучулардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдардын бири тарабынан ал

уюмдардын ортосундагы келишимдерге ылайык (ушул Мыйзамдын 45-статьясы) иш жүзүнө

ашырылат. Эгер ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда көрсөтүлгөн сый акы

төмөндөгүчө тартипте бөлүштүрүлөт: авторлорго кырк процент, аткаруучуларга - отуз процент жана

фонограммаларды даярдоочуларга отуз процент төлөнөт.

Сый акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн шарттары бир тараптан, көрсөтүлгөн даярдоочулар жана

импортточулар менен, экинчи тараптан, авторлордун, фонограммаларды даярдоочулардын жана

аткаруучулардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ортосундагы

келишим менен, ал эми эгерде тараптар мындай келишимге жетише алышпаса, анда Кыргызпатент

тарабынан аныкталат.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн, экспорттун предмети болгон

жабдууларга жана материалдардык алып жүрүүчүлөргө карата, ошондой эле үй шартында аткарууга

арналбаган кесиптик жабдууларга карата сый акы төлөнбөйт.

27-статья. Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү

1. Автордук укук анын бүткүл өмүрүнүн аралыгында жана автор өлгөндөн кийинки жылдын 1-

январынан тартып эсептегенде дагы 50 жыл бою күчүндө болот.

2. Авторлоштук менен түзүлгөн чыгармага автордук укук авторлоштордун бүткүл өмүрүнүн

аралыгында жана башка авторлоштордон көп жашаган акыркы автор өлгөндөн кийин 50 жыл бою

күчүндө болот.

3. Тергеме ат менен же автору аталбастан биринчи жолу жарык көргөн чыгармаларга автордук укук

чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып элүү жыл бою күчүндө болот.

Эгерде аталган убакыттын ичинде аты белгисиз автор же тергеме ат билинсе, анда ушул статьянын

биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр колдонулат.

4. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде автордук укук автордун

мураскорлоруна таандык болот жана мурастоо боюнча өтүп турат.Ушул эле мезгилдин ичинде

автордук укук ушул укукту автор менен келишим боюнча алган укуктук жолун жолдоочуларга, анын

мураскорлоруна жана андан кийинки укуктук жолун жолдоочуларга таандык болот.

5. Автор өлгөндөн кийин элүү жылдын ичинде алгачкы жолу жарык көргөн чыгармага автордук укук

чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде элүү жыл бою

күчүндө болот.

6. Автордук, автордун ысымы жана чыгарманын кол тийгистиги мөөнөтсүз корголот.

28-статья. Коомдук энчи

1. Чыгармага автордук укуктун күчүндө болуу мөөнөтүнүн бүтүшү алардын коомдук мүлктүн

карамагына өткөндүгүн билдирет.

Кыргыз Республикасынын аймагында эч качан коргоого алынбаган чыгармалар да коомдук мүлктүн

карамагына өттү деп эсептелет.

2. Коомдук мүлктүн карамагына өткөн чыгармаларды автордук сый акы төлөбөстөн эле ар кандай

адам эркин пайдалана алат. Мында авторлукка болгон укук, ысым алып жүрүүгө укук жана автордун

кол тийгистик укугу сакталууга тийиш (ушул Мыйзамдын 15-статьясы).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коомдук кенчке өткөн чыгармаларды Кыргыз

Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик

фондуга чегериле турган каражаттардын чен-өлчөмдөрү белгиленет.

29-статья. Автордук укуктун мурас боюнча өтүшү

Автордук укук мурас боюнча өтөт.

Автордун ушул Мыйзамдын 15-статьясында көрсөтүлгөн жекече мүлктүк эмес укуктары мурас боюнча

өтпөйт. Автордун мураскерлери көрсөтүлгөн укуктарды сактоону иш жүзүнө ашырууга акылуу.

Мураскерлердин ушул ыйгарым укуктары мөөнөт менен чектелбейт.

Автордун мураскерлери жок болгон учурда көрсөтүлгөн укуктарды коргоону Кыргызпатент иш

жүзүнө ашырат.

30-статья. Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү. Автордук келишим

1. Ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн мүлктүк укуктар ушул Мыйзамдын 18-26-

статьяларында каралгандан башка учурларда, автордук келишим боюнча гана өткөрүлүп берилиши

мүмкүн.

Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө автордук келишимдин

негизинде же өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишимдин негизинде иш

жүзүнө ашырылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишим чыгарманы белгилүү ыкмада жана

келишим менен белгиленген чекте ушул укуктар өткөрүлүп берилүүчү адамга гана пайдаланууга

уруксат берет жана мындай адамга чыгарманы башка адамдардын андай пайдаланышына тыюу

салуусуна укук берет.

Эгерде чыгарманы башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугун өзгөчө укуктар өткөрүлүп

берилген адам иш жүзүнө ашыра албаса, ал укукту чыгарманын автору иш жүзүнө ашыра алат.

3. Өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишим пайдалануучуга мындай

укуктарды өткөрүп берген өзгөчө укуктардын ээси менен жана (же) ушул чыгарманы ушундай эле

ыкма менен пайдаланууга уруксат алган башка адамдар менен бирдей укукта пайдаланууга уруксат

берет.

4. Автордук келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктар, эгерде келишимде башкача жагдайлар

каралбаса, өзгө эмес укук болуп эсептелет.

31-статья. Автордук келишимдин шарттары

1. Автордук келишим:

1) чыгарманы пайдалануунун ыкмаларын (сөз болуп жаткан келишимге ылайык өткөрүлүп бериле

турган айкын укуктар);

2) укуктун өткөрүлүп берилген мөөнөтүн жана аймагын;

3) чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасы үчүн сый акынын өлчөмүн жана (же) сый акынын

өлчөмүн аныктоонун тартибин, аны төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн;

4) тараптар көрсөтүлгөн келишим үчүн маанилүү деп эсептеген башка шарттарды эсепке алууга

тийиш.

Укуктун өткөрүлүп берилип жаткан мөөнөтү тууралуу шарттар автордук келишимде жок болгон

шартта эгерде пайдалануучу келишимди жокко чыгарууга чейин алты ай мурда кат жүзүндө кабардар

болгон болсо, келишим аны түзгөндөн беш жыл өткөн соң автор тарабынан жокко чыгарылышы

мүмкүн.

Узак мөөнөткө түзүлгөн автордук келишим эгерде пайдалануучу келишим жокко чыгарылганга чейин

алты ай мурда ушул туурасында кат жүзүндө кабардар болсо, келишим түзүлгөн күндөн он жыл өткөн

соң автор тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Мындай укук автордо ар бир он жылда пайда

болот.

Автордук келишимде укуктун өткөрүлүп бериле турган аймагы тууралу шарт көрсөтүлбөгөн болсо,

анда келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктун аракети Кыргыз Республикасынын аймагы менен

чектелет.

2. Чыгарманы пайдалануу боюнча автордук келишим аркылуу түздөн-түз өткөрүлүп берилбеген

укуктар өткөрүлүп берилген жок деп эсептелет.

Келишим түзүү учурунда белгилүү болбогон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин заты

боло албайт.

3. Сый акы автордук келишимде чыгарманы пайдалануунун тиешелүү ыкмасы үчүн келип түшкөн

кирешенин проценти түрүндө, же эгерде чыгарманын мүнөзүнө же аны пайдалануунун

өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу андай кылууга мүмкүн болбосо келишимде так көрсөтүлгөн суммада

же башка жолдор менен аныкталат.

Автордук сый акынын минималдуу өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

аныкталат. Автордук сый акынын минималдуу өлчөмдөрү эмгек акынын минималдуу өлчөмдөрү

менен кошо индекстелет.

Эгерде чыгарманы басып чыгаруу же дагы башкача чыгаруу туурасындагы автордук келишимде сый

акы так сумма түрүндө аныкталса, анда келишимде чыгарманын максималдуу тиражы белгиленүүгө

тийиш.

4. Автордук келишим аркылуу өткөрүлүп берилген укуктар келишимде түздөн-түз көрсөтүлгөн учурда

гана башка адамдарга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

5. Автор келечекте жаратышы мүмкүн болгон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин

заты боло албайт.

6. Автордун көрсөтүлгөн темада же көрсөтүлгөн тармакта чыгарма жаратуусуна чек койгон автордук

келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.

7. Автордук келишимдин ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы келген шарттары жараксыз деп

табылат.

8. Автордук келишим боюнча бекитилген милдеттерин аткарбаган же тиешелүү түрдө аткарбаган

тарап башка тарапка келтирилген чыгашанын ордун толтурууга милдеттүү.

32-статья. Автордук келишимдин формасы

1. Автордук келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Чыгарманы мезгилдүү басма сөздө пайдалануу

жөнүндөгү автордук келишим ооз эки түрдө түзүлүшү мүмкүн.

2. ЭЭМ үчүн программалардын жана маалымат базаларынын нускаларын сатууда жана жалпы

пайдалануучулар үчүн аларды пайдаланууга жол ачып берүүдө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген келишим түзүүнүн өзгөчө тартибине уруксат берилет.

3. Автордук келишим тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргызпатентте катталышы мүмкүн.

Келишимдерди каттоо үчүн каттоо төлөмдөрү алынат алардын өлчөмдөрү жана төлөө тартиби

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргызпатент автордук келишимдердин үлгүлөрүн иштеп чыгат.

33-статья. Буюртманын автордук келишими

1. Буюртма келишими боюнча жаратылган чыгармага карата жекече мүлктүк эмес укуктар авторго

таандык.

2. Буюртмалык чыгарманы пайдаланууга карата өзгөчө укуктар буюртманын автордук келишиминде

көрсөтүлгөн тарапка таандык.

3. Буюртманын автордук келишими боюнча автор чыгарманы келишимдин шарттарына ылайык

жаратууга жана аны буюртмачыга берүүгө милдеттенет.

4. Буюртмачы келишим менен шартталган сый акынын эсебинен авторго аванс төлөп берүүгө

милдеттүү. Аванстын өлчөмү, тартиби жана аны төлөп берүүнүн мөөнөтү тараптардын макулдашуусу

боюнча белгиленет.

5. Эгерде автор буюртма чыгарманы буюртма келишиминин шарттарына ылайык өткөрүп бербесе ал

буюртмачыга келтирген чыныгы зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

III бөлүм

Чектеш укуктар

34-статья. Чектеш укуктардын аракет чөйрөсү

Эгерде:

1) аткаруучу Кыргыз Республикасынын гражданы болуп эсептелсе;

2) аткаруу, коюлган оюн алгачкы ирет Кыргыз Республикасынын аймагында болсо;

3) аткаруу, коюлган оюн ушул статьянын 2-пунктунун жоболоруна ылайык корголо турган

фонограммага жазылса;

4) фонограммага жазылбаган аткаруу, коюлган оюн ушул статьянын 3-пунктунун жоболоруна ылайык

корголо турган эфирге же кабель боюнча берүүгө киргизилген болсо, аткаруучунун укуктары ушул

Мыйзамга ылайык таанылат.

2. Эгерде:

1) фонограмманы жасап чыгаруучу Кыргыз Республикасынын гражданы болсо же Кыргыз

Республикасынын аймагында расмий турган жери бар юридикалык жак болсо;

2) фонограмма алгачкы ирет Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланса фонограмманы жасап

чыгаруучунун укуктары, ушул Мыйзамга ылайык таанылат. Фонограмма ошондой эле эгерде Кыргыз

Республикасынын чегинен тышкары жакта жарыяланган күндөн кийин 30 күн ичинде Кыргыз

Республикасынын аймагында жарыяланса, ал фонограмма Кыргыз Республикасынын аймагында

алгач ирет жарыяланган деп эсептелинет.

3. Эгерде ал уюмдун расмий турган жери Кыргыз Республикасынын аймагында болсо жана өз

берүүлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылган бергичтердин жардамы аркылуу

иш жүзүнө ашырып жатса, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун укуктары, ушул Мыйзамга ылайык

ага таандык деп таанылат.

4. Чет өлкөлүк аткаруучулардын, фонограмма жасап чыгаруучулардын, эфирдик жана кабелдик

уктуруу уюмдарынын укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын эл

аралык келишимдерине ылайык таанылат.

35-статья. Чектеш укуктардын объектилери

Чектеш укуктар коюлган оюндарга, аткарууларга, фонограммаларга, эфирдик жана кабелдик уктуруу

уюмдарынын берүүлөрүнө, алардын арналышына, мазмунуна жана кадыр-баркына, ошондой эле

туюнтуунун ыкмасына жана формасына карабастан жайылтылат.

36-статья. Чектеш укуктардын субъектилери

1. Чектеш укуктардын субъектилери болуп аткаруучулар, фонограммаларды чыгаруучулар, эфирдик

же кабелдик уктуруу уюмдары саналат.

2. Фонограмманы чыгаруучу, эфирдик же кабелдик уктуруу уюму өздөрүнүн ушул бөлүмдө

көрсөтүлгөн укуктарын фонограммага жазылган же эфирде же кабель боюнча берилүүчү чыгарманын

аткаруучусу жана автору менен түзүлгөн келишим боюнча алган укуктарынын чегинде иш жүзүнө

ашырышат.

Коюлган оюнду пайдаланууга спектаклдин коюучу режиссерунан-алынган уруксат коюлган оюнга

катышкан башка аткаруучулардан, ошондой эле аткарылуучу чыгарманын авторунан уруксат алуу

зарылдыгын шарттайт.

3. Аткаруучу аткарылып жаткан чыгарманын авторунун укуктарын сактаган шартта гана ушул

бөлүмдө көрсөтүлгөн укуктарды иш жүзүнө ашыра алат.

4. Чектеш укуктардын пайда болушу жана аларды иш жүзүнө ашыруу үчүн кандайдыр-бир жол-

жоболорду сактоо талап кылынбайт. Фонограмманы чыгаруучу жана аткаруучу өздөрүнүн укуктарын

маалымдоо үчүн фонограмманын ар бир нускасына жана (же) ал сакталып турган ар бир кутуда

жазылып, үч элементтен:

тегерекчедеги “P” латын тамгасынан - Р ;

өзгөчө чектеш укуктардын ээсинин атынан (аталышынан);

фонограмманын биринчи жарыяланган жылы турган чектеш укуктардын коргоо белгисин колдонууга

укуктуу.

5. Фонограмманы аткаруучу, даярдоочу, эфирдик же кабелдик уктуруу уюму чектеш укуктарды

коргоонун аракет мөөнөтүнүн ичинде каалаган учурда аткарууну, коюлган оюнду, фонограмманы,

берүүнү мамлекеттик реестрлерде каттатууга укугу бар. Чектеш укуктардын объектисин каттаткан

адамга белгилүү бир үлгүдөгү күбөлүк берилет. Каттоо Кыргызпатент тарабынан жүргүзүлөт.

Чектеш укуктун объектилерин каттоого кеткен каражаттын наркынын өлчөмүндө каттоо жыйымы

алынат.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Аткаруучунун укуктары

1. Аткаруучуга ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, анын аткаруусуна жана койгон оюнуна

карата төмөндөгү жекече мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктар таандык; ысымга болгон укук;

аткарууну же коюлган оюнду ар кандай бурмалоодон же аткаруучунун аброюна жана беделине зыян

келтирүүгө жөндөмдүү башка кол салуудан коргоо укугу;

аткарууну же коюлган оюнду пайдалануунун ар бир түрү үчүн сый акы алуу укугун кошо эсептегенде

аткарууну же коюлган оюнду ар кандай формада пайдаланууга укугу.

2. Аткарууну же коюлган оюнду пайдаланууга карата өзгөчө укук төмөндөгү:

1) эгерде берүү үчүн пайдаланылуучу аткаруу же коюлган оюн мурда эфирге берилбесе же жазманы

пайдалануу менен жүзөгө ашырылбаса, аткарууну же коюлган оюнду эфирге берүү же кабель

аркылуу жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоо;

2) мурда жазылбаган аткарууну же коюлган оюнду жазуу;

3) аткаруунун же коюлган оюнду жазмасын кайра чыгаруу;

4) аткаруунун же коюлган оюндун жазмасын, эгерде ушул жазма алгач ирет коммерциялык максаттар

үчүн чыгарылбаса, эфирге же кабель аркылуу берүү;

5) аткаруучунун катышуусу менен аткаруу же коюлган оюн жазылган, коммерциялык максатта

жарыяланган фонограмманы прокатка берүү сыяктуу аракеттерди иш жүзүнө ашыруу, иш жүзүнө

ашырууга уруксат берүү же тыюу салуу укугун билдирет. Ушул укук аткарууну же коюлган оюнду

фонограммага жазуу боюнча келишим түзүлгөн учурда фонограмманы чыгаруучуга өтөт; мында

аткаруучу мындай фонограммалардын нускаларын прокатка бергендиги үчүн сый акы алуу укугун

өзүнө сактап калат (ушул Мыйзамдын 39-статьясынын 2-пункту);

6) бардык адамдар аткарылганды ар кандай жерлерден жана ар кайсы учурда өз каалоосу менен ээ

боло ала турган негизде аткарылганды жалпыга маалымдоо үчүн жеткирүү керек.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында каралган аткаруучунун өзгөчө укугу:

аткаруунун же коюлган оюндун алгачкы жазмасы аткаруучунун макулдугу боюнча жазылган;

аткарууну же көрмө чыгарманы кайра чыгаруу аткарууну же коюлган оюнду жазууда аткаруучунун

макулдугун алууга себеп болгон максат үчүн иш жүзүнө ашырылган;

аткарууну же коюлган оюнду кайра чыгаруу ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык

жазууну жүргүзүүгө себеп болгон максаттар үчүн иш жүзүнө ашырылган учурларга карата

колдонулбайт.

4. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн уруксаттар аткаруучу тарабынан берилет, ал эми

аткаруучулардын жамааты тарабынан аткарылган учурда пайдалануучу менен жазуу жүзүндө

келишим түзүү аркылуу мындай жамааттын жетекчиси тарабынан берилет.

5. Эгерде аткаруучунун эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдары менен түзүлгөн келишиминде

түздөн-түз каралбаса, ушул статьянын 2-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн,

аткарууларды же коюлган оюндарды кийин берүүгө, берүүлөр үчүн жазма иштерин жүргүзүүгө же

мындай жазманы эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын кайра чыгаруусуна карата берилген

уруксаттар талап кылынбайт. Мындай пайдалануу үчүн аткаруучуга бериле турган сый акынын

өлчөмү да ушул келишимде белгиленет.

6. Аудиовизуалдык чыгарманын аткаруучусу менен даярдоочусунун ортосундагы аудиовизуалдык

чыгарманы жаратуу боюнча түзүлгөн келишим аткаруучу тарабынан ушул статьянын 2-пунктунун 1, 2,

3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн укуктарды өткөрүп берүүгө алып келет.

Аткаруучу тарабынан мындай укуктарды берүү аудиовизуалдык чыгарманы пайдалануу менен

чектелет жана эгерде келишимде башкача белгиленбесе, аудиовизуалдык чыгармада жазылган үндү

же сүрөттөмөнү өзүнчө пайдаланууга карата укукту өзүнө камтыбайт.

7. Аткаруучунун ушул статьянын 2-пунктунда каралган өзгөчө укуктары келишим боюнча башка

адамдарга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

8. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте катталышы мүмкүн.

Келишимдерди каттоо үчүн каттоо жыйымдары алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы N 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-статья. Фонограмманы даярдоочунун укуктары

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, фонограмманы чыгаруучуга анын

фонограммасына карата фонограмманы каалагандай формада колдонуу боюнча өзгөчө укуктар

фонограмманы колдонуунун ар бир түрү үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Фонограммаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укук төмөндөгү:

1) фонограмманы кайта жазуу;

2) фонограмманы кайра оңдоо же каалагандай ыкма менен кайра иштеп чыгуу;

3) фонограмманын нускаларын таратуу, башкача айтканда аларды сатуу, прокатка берүү жана дагы

ушу сыяктуулар;

4) фонограмманы даярдоочунун уруксаты менен даярдалган нускаларын кошо эсептегенде

фонограмманы таратуу максатында анын нускаларын импорттоо сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу

же ишке ашырууга уруксат берүү укугу дегенди билдирет;

5) бардык адамдар фонограммага ар кандай жерден жана ар кайсы учурда өз каалоосу менен ээ

боло ала турган негизде фонограмманы жалпыга маалымдоо үчүн жеткирүү керек.

3. Эгерде мыйзамдуу түрдө жарыяланган фонограмманын нускалары аларды сатуу аркылуу

граждандык карым-катнашка киргизилсе, анда фонограмманы даярдоочунун макулдугусуз жана сый

акы төлөбөстөн аларды андан ары таратууга жол берилет.

Фонограмманын нускаларын аларды прокатка берүү жолу менен таратуу укугу, ал нускаларга карата

менчик укугуна карабастан, фонограмманы чыгаруучуга таандык кылынат.

4. Фонограмманы даярдоочунун ушул статьянын 2-пунктунда каралган өзгөчө укуктары келишим

боюнча башка адамдарга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

5. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте катталышы мүмкүн.

Келишимдерди каттоо үчүн каттоо жыйымдары алынат, алардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы N 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-статья. Фонограмманы даярдоочунун жана аткаруучунун

макулдугусуз коммерциялык максаттарда жарыяланган

фонограммаларды пайдалануу

1. Ушул Мыйзамда 37 жана 38-статьяларынан жоболорунан алуу менен коммерциялык максатта

жарыяланган фонограмманы чыгаруучунун жана аткаруусу мындай фонограммага жазылган

аткаруучунун макулдугун албастан, бирок сый акы төлөө менен:

1) фонограмманы жалпы эл алдында аткарууга;

2) фонограмманы эфирге берүүгө;

3) фонограмманын жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоого жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү

фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын жамааттык негизде

башкаруучу уюмдардын бири (ушул Мыйзамдын 45-статьясы) тарабынан ушул уюмдардын

ортосундагы келишимге ылайык иш жүзүнө ашырылат. Эгерде ал келишимде башкача жагдайлар

каралбаса, анда сөз болуп жаткан сый акы фонограмманы даярдоочулар менен аткаруучулардын

ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

3. Сый акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн шарты, бир жагынан, фонограмманы пайдалануучу же

ушундай пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) менен, экинчи жагынан,

фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын башкаруу боюнча

уюмдардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат, ал эми, эгерде тараптар мындай

макулдашууга жетише албаган учурда - Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

Сый акынын өлчөмү фонограмманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн өзүнчө белгиленет.

4. Фонограммаларды пайдалануучулар ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмга

фонограммалардын пайдаланылган саны жөнүндө так маалыматы бар программаларды, ошондой

эле сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар менен

документтерди берүүгө тийиш.

40-статья. Эфирдик уктуруу уюмдарынын укуктары

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, эфирдик уктуруу уюмуна анын берүүлөрүнө карата

берүүнү кандай гана түрдө болбосун колдонуу жана берүүлөрдү пайдаланууга уруксат берүү боюнча

өзгөчө укуктар ушундай уруксатты берүү үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Берүүлөрдү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар эфирдик уктуруу уюмдарына

төмөндөгү:

1) уктуруу уюмунун берүүсүн бир эле мезгилде башка эфирдик уктуруу уюмунун эфирге берүүсүн;

2) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоо;

3) берүүнү жазып алуу ;

4) берүүнүн жазмасын кайра чыгаруу;

5) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн акы төлөп кирүүчү жайларда кабарлоо сыяктуу аракеттерди

жүзөгө ашырууга уруксат берүү укугун билдирет.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасында каралган эфирдик уктуруу уюмунун өзгөчө укуктары:

берүүнүн жазмасы эфирдик уктуруу уюмунун макулдугу менен жүргүзүлгөн;

берүүнү кайра чыгаруу ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык анын жазмасын

жүргүзүүгө себеп болгон максаттарды көздөп иш жүзүнө ашырылган учурларга жайылтылбайт.

41-статья. Кабелдик уктуруу уюмдарынын укуктары

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, кабелдик уктуруу уюмуна анын берүүсүнө карата

берүүнү каалагандай формада колдонуу жана берүүнү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө

укуктар, мындай уруксатты бергендиги үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Берүүнү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар кабелдик уктуруу уюмдарынын

төмөндөгү аракеттерди:

1) уктуруу уюмунун берүүсүн жалпыга маалымдоо үчүн бир эле учурда кабелдик уктуруунун башка

уюмуна кабарлоо;

2) берүүнү эфирге берүү;

3) берүүнү жазуу;

4) берүүнүн жазмасын кайра чыгаруу;

5) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн акы төлөп кирүүчү жайларда кабарлоо сыяктуу жүзөгө ашырууга

берген уруксатын билдирет.

3. Кабелдик уктуруу уюмдарынын ушул статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасында каралган өзгөчө

укуктары:

берүүнүн жазмасы кабелдик уктуруу уюмунун макулдугу менен жүргүзүлгөн;

берүүнү кайра чыгаруу анын жазмасы ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык

жүргүзүлгөн максаттарды көздөп жүзөгө ашырылган учурларга жайылтылбайт.

42-статья. Аткаруучунун, фонограмманы даярдоочунун, эфирдик же

кабелдик уктуруу уюмунун укуктарын чектөө

1. Ушул Мыйзамдын 37-41-статьяларынын жоболорунан четтөө менен аткаруучунун жана

фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын макулдугун албастан

жана сый акы төлөбөстөн аткарууларды, коюлган оюндарды эфирге берүүлөрдү, кабель аркылуу

берүүлөрдү жана алардын жазмаларын пайдаланууга, ошондой эле фонограммаларды кайта

чыгарууга:

1) аткаруудан, коюлган оюндан, фонограммадан, эфирге же кабель аркылуу берүүдөн чакан

үзүндүлөрдү учурдагы окуялар тууралуу баяндамага киргизүү үчүн;

2) жалаң гана окутуу же илимий изилдөө максатында;

3) цитаталоо маалымдоо максатында келтирилген шартта аткаруудан, коюлган оюндан,

фонограммадан, эфирде же кабель аркылуу берүүдөн чакан үзүндүлөр түрүндө цитаталарды

келтирүү үчүн жол берилет. Мында эфирдик же кабель аркылуу уктуруу уюму тарабынан

коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманын нускаларын эфирге же кабель аркылуу

берүүгө ар кандай пайдаланылышы ушул Мыйзамдын 39-статьясынын жоболорун сактаган учурда

гана мүмкүн болот.

4) адабияттын, илимдин жана искусствонун чыгармаларынын авторунун мүлктүк укуктарын чектөө

жагынан ушул Мыйзамдын 18-25-статьяларынын жоболору менен белгиленген башка учурларда жол

берилет.

2. Ушул Мыйзамдын 37-41-статьяларын жоболорунан алуу менен аткаруучунун, фонограмманы

даярдоочунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын макулдугун албастан берүүнү жана анын

жазмасын эфирге же кабель аркылуу берүүдө пайдаланууга, ошондой эле фонограмманы жеке

максатта кайра чыгарууга жол берилет. Фонограмманы кайра чыгарууга ушул Мыйзамдын 26-

статьясына ылайык сый акы төлөө шартында жол берилет.

3. Эгерде кыска мөөнөткө пайдалануу үчүн жазып алуу же кайра чыгаруу эфирдик же кабелдик

уктуруу уюмунун өз жабдууларынын жардамы менен жана өз берүүлөрү үчүн ишке ашырылса, ушул

Мыйзамдын 37-, 38-, 40- жана 41-статьяларынын жоболору аткаруучунун, даярдоочунун жана

эфирдик уктуруу уюмунун аткарууну, коюлган оюнду жана берүүнү кыска мөөнөткө пайдалануу үчүн

жазып алууга, мындай жазмаларды кайра чыгарууга жана коммерциялык максатта жарыяланган

фонограмманы пайдаланууга уруксатын алууга карата:

1) ушул пункттун жоболоруна ылайык жазманы кыска мөөнөткө пайдалануу же мындай жазманы

кайра жазуу иш жүзүнө ашырылып жаткан коюлган оюндун өзүн, аткарууну же берүүнү эфирге

берүүгө эфирдик уктуруу уюму тарабынан алдын-ала уруксат алынган;

2) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын жоболоруна ылайык эфирдик уктуруу уюму тарабынан

адабияттын, илимдин жана искусствонун чыгармаларын кыска мөөнөткө пайдаланууга жазып алууга

карата белгиленүүчү мөөнөттүн чегинде, жазманын өзгөчө документалдык мүнөзүнүн негизинде

расмий архивдерде сакталууга тийиш болгон бирден-бир нускасынан башкасы жок кылынган

шарттарда колдонулбайт.

4. Ушул статьяда каралган чектөөлөр фонограмманы, аткарууну, коюлган оюнду, эфирге же кабель

аркылуу берүүлөрдү жана алардын жазмаларын, ошондой эле аларга кошулган адабият, илим жана

искусство чыгармаларын нормалдуу пайдаланууга зыян келтирбестен жана аткаруучунун,

фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун жана көрсөтүлгөн

чыгармалардын авторлорунун мыйзамдуу таламдарын чектебестен колдонулат.

43-статья. Чектеш укуктардын колдонулуш мөөнөтү

1. Ушул бөлүмдө каралган аткаруучуга тиешелүү укуктар алгачкы аткаруудан же коюлган оюндан

кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

Аткаруучунун ысым алып жүрүүгө жана аткарууну же коюлган оюнду ушул Мыйзамдын 37-

статьясында белгиленген ар кандай бурмалоолордон же башка кол салуулардан сактоо укуктары

чексиз корголот.

2. Ушул бөлүмдө фонограмманы чыгаруучуга карата белгиленген укуктар фонограмманын биринчи

жарыяланышынан кийин 50 жыл бою же эгерде ушул мөөнөттүн ичинде фонограмма жарыяланбаса

фонограмманын биринчи жазмасынан кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

3. Ушул бөлүмдө каралган эфирдик уктуруу уюмуна тиешелүү укуктар берүү ушундай уюм тарабынан

эфирге биринчи ирет берилгенден кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

4. Ушул бөлүмдө каралган кабелдик уктуруу уюмуна тиешелүү укуктар берүү ушундай уюм тарабынан

кабель аркылуу биринчи берилгенден кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

5. Ушул статьянын 1, 2, 3 жана 4-пункттарында каралган мөөнөттөрдү эсептөө мөөнөттүн өтүшүнүн

башталышы үчүн негиз болуп саналуучу юридикалык факт болгон жылдан кийинки жылдын 1-

январынан башталат.

6. Эгерде аткаруучу репрессияланып, өлгөндөн кийин акталган учурда ушул статьяда каралган

укуктардын коргоо мөөнөтү акталгандан кийинки жылдын 1-январынан баштап аракетке кирет.

7. Аткаруучунун, фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун

мураскерлерине (юридикалык тарапка карата - укук мурастоочуларга) аткарууну, коюлган оюнду,

фонограмманы, эфирге же кабель аркылуу берүүнү пайдаланууга уруксат берүү жана ушул

статьянын 1, 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн мөөнөттүн калган бөлүгүнүн чегинде сый акы

алуу укугу өтөт.

IV бөлүм

Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу

44-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруунун максаты

1. Авторлордун, аткаруучулардын, фонограммаларды даярдоочулардын жана автордук жана чектеш

укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын камсыз кылуу максатында, аларды жекече түрдө иш

жүзүндө турмушка ашыруу кыйын болгон учурларда (жалпы эл алдында, анын ичинде радиодо жана

теле көрсөтүүдө аткаруу, чыгарманы механикалык, магниттик жана башка жазмада кайра чыгаруу,

репродукциялоо жана башка учурлар), көрсөтүлгөн адамдардын мүлктүк укуктарын жамааттык

негизде башкаруучу уюмдар түзүлүшү мүмкүн.

Мындай уюмдар түздөн-түз автордук жана чектеш укуктардын ээлери тарабынан түзүлөт да,

мыйзамдуулук тарабынан белгиленген тартипте бекитилүүчү уставдын негизинде алардан алган

ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенишет. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган

уюмдун уставы ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бере турган жоболорду өз ичине камтууга

тийиш. Авторлордун укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдарды каттоодон баш тартууга

ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда, ошондой эле коомдук уюмдарды каттоо тартибин

белгилеген мыйзам жоболору бузулган учурда жол берилет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдарды

түзүүгө жол берилет, бирок укуктардын же укук ээлеринин бир категориясын башкаруу боюнча

бирден ашык уюм болбоого тийиш.

Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмду түзүү Кыргызпатенттин макулдугу менен

ишке ашырылат.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктар мүлктүк укуктарды

укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмга автордук жана чектеш укуктардын ээлери

тарабынан кат жүзүндөгү келишимдердин же алардын мындай уюмга мүчөлүгүнүн негизинде,

ошондой эле ушундай укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен тийиштүү түрдө түзүлгөн

келишимдер боюнча ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилет. Мындай келишимдер автордук келишим

болуп саналбайт жана аларга ушул Мыйзамдын 30-33-статьяларынын жоболору жайылтылбайт.

Кандай гана автор болбосун, анын мураскери же ушул Мыйзамдын III бөлүмүнө ылайык корголуучу

автордук жана чектеш укуктардын ээси өзүнүн мүлктүк укуктарын жүзөгө ашырууну мындай уюмга

келишим боюнча өткөрүп берүүгө акылуу, ал эми уюм болсо, эгерде укуктардын ушундай

категориясын башкаруу ушул уюмдун уставдык ишмердүүлүгүнө тиешелүү болсо ушул укуктарды

жамааттык негизде жүзөгө ашырууну өз мойнуна алууга милдеттүү. Мүлктүк укуктарды жамааттык

негизде башкаруу боюнча уюм коммерциялык иш менен алектенүүгө же жамааттык негизде башкаруу

үчүн алынган чектеш укуктардын чыгармаларын жана объектилерин пайдаланууга акысы жок.

Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдардын иш-аракети монополия катары

каралбайт жана монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөргө тиешеси жок.

2. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюм чектеш укуктардын чыгармаларын жана

объектилерин пайдалануунун тийиштүү ыкмалары боюнча пайдалануучулар менен лицензиялык

келишим түзөт. Мындай лицензиялык келишимдердин шарттары бир категориянын бардык

пайдалануучулары үчүн бирдей болууга тийиш. Көрсөтүлгөн уюм пайдалануучу менен лицензиялык

келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга акысы жок. Лицензиялык келишимдерди түзүү тартиби

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 406-статьясына ылайык ишке ашырылат.

Мындай лицензиялык келишимдер чектеш укуктардын бардык чыгармалары менен объектилеринин

аларда каралган ыкмалар менен пайдаланууга уруксат берет жана ушул статьянын 1-пунктуна

ылайык уюмга өз ыйгарым укуктарын өткөрүп бербегендерди кошкондо автордук жана чектеш

укуктардын бардык ээлеринин атынан берилет.

Лицензиялык келишим түзгөн бардык пайдалануучулар тиешелүү тартипте мамлекеттик каттоону

жүзөгө ашырууга жана Кыргызпатентте тиешелүү мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алууга тийиш.

Күбөлүктөрдүн берилгендиги үчүн каттоого кетирилген каражаттардын наркынын өлчөмүндө жыйым

алынат.

Автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин алардын чыгармаларын жана чектеш укуктардын

объектилерин мындай лицензиялык келишимдер боюнча пайдалануу туурасындагы

пайдалануучуларга карата мүлктүк дооматтары лицензиялык келишимдерди түзгөн уюм тарабынан

жөнгө салынышы мүмкүн.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюм суроо түшпөгөн сый акыны бөлүштүрүлүүчү

суммага кошуп же ал уюмдун эсебине келип түшкөн күндөн тартып үч жыл өткөнгө чейин өзү өкүлү

болгон автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыгында башка максаттарга жумшап

сактап турууга укугу бар.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюмдардын

аткарган кызматы жана милдеттери

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм өзү өкүлү болгон автордук жана чектеш

укуктардын ээлеринин атынан жана алардан алган ыйгарым укуктардын негизинде төмөндөгү

кызматтарды иш жүзүнө ашырат:

1) лицензиялык келишимдерде каралган сый акынын өлчөмүн жана башка шарттарды

пайдалануучулар менен макулдашат;

2) башкаруусун мындай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды пайдалануу боюнча пайдалануучулар менен

лицензиялык келишимдерди түзөт;

3) ушул уюм лицензиялар лицензиялык келишим түзбөстөн жалаң сый акыны жыйноо менен гана иш

жүргүзүүгө ыйгарым укук алган учурларда пайдалануучулар менен сый акынын өлчөмүн макулдашат

(ушул Мыйзамдын 26-статьясы жана 39-статьясынын 2 жана 3- пункттары)

4) лицензиялык келишимдерде каралган сый акыны жана (же) ушул пункттун 3-пунктчасында

каралган сый акыны жыйнайт;

5) жыйналган сый акыны уюмдун көрсөткөн автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрөт

жана төлөп берет;

6) башкаруусун ушундай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды коргоо үчүн зарыл болгон ар кандай

юридикалык аракеттерди жасайт;

7) автордук жана чектеш укуктардын ээлеринен алган ыйгарым укуктарга ылайык башка аракеттерди

жүзөгө ашырат.

Ушул пункттун 4 жана 5-кичи пункттарында каралган милдеттерди жамааттык негизде мүлктүк

укуктарды башкарган бирден ашык уюмдун аткаруусуна жол берилбейт.

2. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм автордук жана чектеш укуктардын

ээлеринин кызыкчылыктары үчүн төмөндөгү милдеттерди аткарууга тийиш:

1) ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасына ылайык жыйналган сый акыны жалаң гана автордук

жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү максатында пайдаланылат. Мында

уюм жыйналган сый акыдан жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча өзүнүн факт жүзүндө

тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга керек болуучу сумманы, ошондой эле ушул уюм тарабынан

анын мүчөлөрүнүн чечими боюнча түзүлүүчү атайын фондуларга жумшалуучу сумманы бөлүп алууга

укугу бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында

чыгармаларды жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу үчүн интеллектуалдык менчик

боюнча Мамлекеттик фондуга чегериле турган каражаттардын өлчөмү белгиленет;

2) сый акынын жыйналган суммасын ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн сумманы бөлүп калуу

менен чектеш укуктардын чыгармалары менен объектилерин факт жүзүндө пайдаланууга шайкеш

келгидей бөлүштүрөт жана үзгүлтүксүз төлөп турат;

3) сый акыны төлөп берүү менен бир учурда автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын

укуктарын пайдалануу жөнүндө отчет берип турат.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмга ушул статьянын 1-пунктунун 4-

пунктчасына ылайык сый акыны жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды көрсөтпөгөн автордук жана

чектеш укуктардын ээлери, ага берилүүгө тийиш болгон сый акыны төлөп берүүнү талап кылууга,

ошондой эле ушул уюмдун пайдалануучуларга берип жаткан лицензияларынан өз чыгармаларын

жана чектеш укуктардын объектилерин алып таштоого укугу бар.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы N 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу

уюмдардын ишин көзөмөлдөө

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруучу уюм анын ишине көзөмөл жүргүзгөн Кыргызпатентке

төмөндөгү:

1) мындай уюмдун уставына же башка уюштуруучу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр

жөнүндө;

2) мындай уюмдун ушуга окшош укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен түзүлүп жаткан эки

тараптуу жана көп тараптуу келишимдери жөнүндө;

3) жалпы чогулуштардын чечимдери жөнүндө;

4) суроо түшпөгөн сый акылар жана аудитордук текшерүүнүн натыйжалары тууралуу маалыматтар

менен кошо жылдык баланс, жылдык отчет жөнүндө;

5) мындай уюмдун өкүлү боло турган адамдар жөнүндө маалыматтарды берип турууга тийиш.

2. Кыргызпатент ушул уюмдан анын ишинин ушул Мыйзамга, коомдук бирикмелер жөнүндөгү

мыйзамдарга же башка мыйзамдарга, ошондой эле ушул уюмдун уставына шайкеш келишин

текшерүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюмдар түзүлгөнгө чейин Кыргызпатент ушул

бөлүмгө ылайык ушул уюмдардын иштерин жана милдеттерин аткарып турат.

V бөлүм

Автордук жана чектеш укуктарды коргоо

48-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

1. Ушул Мыйзамда каралган автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык граждандык, кылмыш-жаза жана административдик

жоопкерчиликке тартылат.

49-статья. Автордук жана чектеш укуктарды коргоонун

граждандык-укуктук жана башка чаралары

1. Өзгөчө автордук жана чектеш укуктарды коргоо сот тарабынан:

1) укуктарды таануу;

2) укук бузулганга чейинки абалды калыбына келтирүү;

3) укукту бузуучу же аны бузуу боюнча коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотуу;

4) зыяндардын ордун толтуруу;

5) автордук жана чектеш укуктарды бузуунун натыйжасында укук бузуучу алган кирешени зыяндын

ордун толтуруу иретинде өндүрүп берүү;

6) тарткан зыяндын ордун толтуруунун же кирешелерди өндүрүп алуунун ордуна, соттун кароосу

боюнча аныктала турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген эң аз эмгек

акынын 20 дан 50000ге чейинки өлчөмдөгү суммасында компенсация төлөтүү;

7) алардын укуктарын коргоого байланыштуу мыйзам актыларында каралган башка чараларды

колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Ушул пункттун 4, 5, 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар

автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин тандоосу боюнча колдонулат.

2. Өз укугун коргоо үчүн өзгөчө автордук жана чектеш укуктардын ээлери белгиленген тартипте сотко,

арбитраждык сотко же третейлик (калыс) сотко, алгачкы текшерүү органына, алдын-ала тергөө

органдарына алардын компетенциясына ылайык кайрылууга укуктуу.

3. Чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускалары соттун же судьянын жекече

чечими боюнча, ошондой эле арбитраждык соттун чечими боюнча милдеттүү түрдө жок кылынууга

тийиш. Чыгармалардын же фонограммалардын конфискацияланган контрафактылык нускалары

автордук жана чектеш укуктардын ээсинин суроосу боюнча ага өткөрүлүп берилгенден башка

учурларда, жок кылынууга тийиш. Сот же судья жеке өзү, ошондой эле арбитраждык сот

чыгармалардын жана фонограммалардын контрафактылык нускаларынын даярдоо жана кайра

чыгаруу үчүн пайдаланылган материалдар менен жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечим

чыгара алат.

4. Сүрөт искусство чыгармасынын түп нускасын, аудиовизуалдык чыгарманын кол жазмасын же

акыркы вариантын (негативди, оригиналдуу жазманы) атайылап жок кылгандыгы же шалаакылыгынан

улам жок кылгандыгы үчүн күнөөлүү болгон адам, автордун же чектеш укуктардын ээсинин талабы

боюнча ушул статьянын 1-пунктунун талабына ылайык келтирилген материалдык жана моралдык

зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү.

50-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу жөнүндөгү

иштер боюнча доону камсыз кылуунун жолдору

1. Сот же судья жеке өзү, ошондой эле арбитраждык сот жоопкерге же автордук же чектеш укуктарды

бузуучу болуп саналат деп эсептөөгө толук негиз берген адамга айрым бир иш-аракетти жасоого

(чыгармалар менен фонограммалардын контрафактылык болуп саналат деп божомолдогон

нускаларын даярдоо, кайра чыгаруу, сатуу, прокатка берүү, импорттоо же ушул Мыйзамда каралган

башка түрдө пайдалануу, ошондой эле граждандык пайдаланууга чыгаруу максатында ташуу, сактоо

же ээлик кылуу) тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгара алат.

2. Сот же судья жеке өзү , ошондой эле арбитраждык сот чыгармалар менен фонограммалардын

контрафактылык болуп саналат деп божомолдогон бардык нускаларына, ошондой эле аларды

даярдоого жана кайра чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга камак салуу жана

колдонуудан алып таштоо жөнүндө аныктама чыгара алат. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгон кезде баштапкы тергөө органы, тергөөчү, сот же судья жеке

өзү контрафактылык болуп саналган божомолдонгон чыгармалар менен фонограммалардын

нускаларын, ошондой эле чыгармалар менен фонограммалардын көрсөтүлгөн нускаларын даярдоого

жана кайра чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга, ошондой эле ушул Мыйзамды

бузган иш-аракеттерге күбө болушу мүмкүн болгон документтерге издөө жана арест салуу боюнча

чараларды , зарыл болгон учурларда аларды колдонуудан алып таштоо жана жоопкерчиликтүү

сактоого өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар менен кошо колдонууга милдеттүү.

VI бөлүм

Корутунду жоболор

51-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарык көргөн күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

2. Ушул Мыйзам автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин жаратуу, ошондой эле

пайдалануу боюнча ал күчүнө киргенден кийинки мамилелерге карата колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга менен ылайык келтирилгенге чейин

Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү

колдонула берет.

4. Мурда автордук укук менен корголбогон чыгармаларга жана чектеш укуктардын объектилерине

карата ушул Мыйзамдын күчү алар мыйзамдуу жарык көргөн күндөн тартып 50 жыл өткөнгө чейин

калган же эгерде алар жарык көрө элек болсо алар жаралган күндөн тартып 50 жыл өткөнгө чейин

калган мөөнөттө колдонулат.

5. Ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган авторлордун укугун коргоо мөөнөтү ушул Мыйзам

жарык көргөнгө чейин автордук укуктун мөөнөтү бүтө элек чыгармаларга карата колдонулат.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарык көргөндөн тартып үч айлык мөөнөттө:

- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тууралу сунуштарды даярдасын жана Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана

административдик мекемелери тарабынан чыгарылган ченемдик актыларды ушул Мыйзамга

ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1997-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган