عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG061

رجوع

Кыргыз республикасынын мыйзамы 2007-жылдын 31-июлу № 116 'салттуу билимдерди коргоо жөнүндө'

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Салттуу Билимдерди Коргоо Жөнүндө

Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө КР мыйзамы

Бишкек шаары 2007-жылдын 31-июлу N 116

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө

1-глава.Жалпы жоболор 2-глава. Салттуу билимдерди мамлекеттик жөнгө салуу 3-глава. Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери 4-глава. Салттуу билимдер тармагын коргоого берүү 5-глава. Салттуу билимдерди каттоо

Бул Мыйзам салттуу билимдер, анын ичинде генетикалык ресурстарды пайдалануу (мындан ары - салттуу билимдер) тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди өлкөнүн андан ары туруктуу өнүгүшүнө, аны пайдалануудан түшкөн пайданы акыйкат бөлүштүрүү үчүн шарт түзүүгө багытталган укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдикти бекемдейт. Салттуу билимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

1-глава Жалпы жоболор

1-статья. Салттуу билимдерди коргоонун укуктук тартиби

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди коргоонун укуктук тартибин белгилейт. Бул Мыйзам фольклордун жана прикладдык көркөм өнөрдүн объектилерине карата колдонулбайт. Генетикалык ресурстарды пайдалануу жаатындагы укуктук мамилелер жана Кыргыз Республикасынын генетикалык ресурстарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

салттуу билимдер - убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар. Бул билимдер жергиликтүү шериктештиктер менен салттуу билимдердин ээлеринин тигил же бул муктаждыктары үчүн сакталып келген, алар жашоо ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүү үчүн белгилүү баалуулуктарга ээ болуп саналат; салттуу билимдердин ээлери - салттуу билимдерге ээ болушкан, уюштуруучу укуктук формасы жана менчигинин түрү ар кандай жергиликтүү шериктештиктер, жеке жана юридикалык жактар; жергиликтүү шериктештиктер - адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн чыныгы баалуулукка ээ,

өздөрүнүн улуттук жана маданий салттары, жашоо ыкмалары жана салттуу билимдери бар айылдык, поселоктук, шаардык кеңештин аймактарында жана Кыргыз Республикасынын башка белгилүү аймактарында туруктуу жашаган калк; генетикалык ресурстар - ал өзүнө салттуу билимдердин ээлери ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү иш натыйжаларын алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, жердеги жана сууда жана башка жакта болуучу бүткүл жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтыйт.

2-глава Салттуу билимдерди мамлекеттик жөнгө салуу

3-статья.Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана милдеттери

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары салттуу билимдерди укуктук коргоо, сактоо жана адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында кеңири колдонууга, салттуу билимдерди, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүндө генетикалык ресурстарда негизделгендерди пайдаланууга көмөктөшүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн объектилерди андан ары коммерциялаштыруу болуп саналат. Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуу буларды камтыйт: 1) салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемдүү эмес патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдерди маалымат базаларына киргизүү аркылуу алдын-ала механизмди түзүү; 2) салттуу билимдерди жергиликтүү шериктештиктин пайдалануусунан алынган пайданы акыйкат бөлүштүрүү; 3) салттуу билимдерди пайдалануудан жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган каражаттан жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү үчүн фондуну түзүү; 4) салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусун түзүү; 5) салттуу билимдер жана иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүнө карата болгон генетикалык ресурстар боюнча илимий изилдөөлөрдү өткөрүү, анын ичинде: - айлана-чөйрөнү коргоого олуттуу салым киргизе ала турган генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдердин тармагында изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө; - генетикалык ресурстарды пайдалануунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өнүктүрүү; - Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди инвентаризациялоо максатында изилдөө иштерин өткөрүү; - жалпыга белгилүү жана кеңири колдонулуучу салттуу билимдерди белгилөө.

4-статья.Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Салттуу билимдер тармагындагы мамлекеттик саясатты интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган). Бул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алат, мамлекеттик каттоону ишке ашырат, каттоонун маалыматтарын мамлекеттик реестрге киргизет, салттуу билимдер боюнча маалымат базаларын калыптандырат, салттуу билимдер жөнүндө маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат.

3-глава Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери

5-статья. Укуктук мамилелердин субъектилери

Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери болуп мамлекет, жергиликтүү шериктештиктер, ар кандай уюштуруу-укуктук формаларынан жана менчик формаларынан көз карандысыз жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар эсептелишет.

6-статья. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү

Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктары белгилүү жердеги салттуу билимдердин ээлери түзгөн жеке жана/же юридикалык жактардын коомдук уюмунун уставынын жана мамлекеттик каттоонун негизинде иштеген ушундай коомдук уюм тарабынан өкүлдөнүшү мүмкүн. Салттуу билимдердин ээсинин - жеке жактын кызыкчылыктарын жеке жактардын өздөрү, ошондой эле алардын өздөрү дайындаган адамдары өкүлдөй алышат. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн ушул Мыйзамга ылайык өздөрүнүн расмий өкүлдөрү аркылуу ишке ашырууга укуктуу.

4-глава Салттуу билимдер тармагын коргоого берүү

7-статья. Салттуу билимдерди укуктук коргоо

Адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулат. Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле курчап турган чөйрөгө чыныгы же кыйыр түрдө залал келтире турган салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулбайт. Салттуу билимдерди укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоонун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен күчүнө киришинин негизинде келип чыгат. Салттуу билимдер салттуу билимдердин ээлери болуп эсептелишкендердин менчик формасына карабастан, бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн. Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди коргоо максатында, аларды маалымат базасына киргизүү, салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөр мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди каттоо мөөнөтсүз.

8-статья. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөө

Кыргыз Республикасында салттуу билимдер болуп саналган объектилерди патенттөөгө жол берилбейт.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөөдө өтүнүүчү өтүнмөнүн материалдарында прототип же оригинал катары пайдаланылган салттуу билимдердин келип чыгышын милдеттүү түрдө көрсөтүшү керек. Өтүнүүчү жалпыга маалымат үчүн салттуу билимдер өздөштүрүп алынган булактарды көрсөтүшү керек. Салттуу билим катталган күбөлүктүн ээси, салттуу билимди пайдалануу менен жараткан ойлоп табууга патент ээсинен сыйакы (эмгек акы) алууга укуктуу. Ойлоп табууну жаратуу максатында салттуу билимди пайдалануу үчүн сыйакы (эмгек акы) төлөөнүн тартиби салттуу билимдерге күбөлүктүн ээси менен ойлоп табуунун патент ээсинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мында макулдашуу салттуу билимдерди пайдалануу үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна же Салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна милдеттүү түрдө төлөмдөрдү чегерүүнү караштырат. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемсиз патенттөөдөн алдын алуу үчүн патент берилүүчү объектилерге экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылуучу салттуу билимдер боюнча маалымат базасы түзүлөт. Маалымат базасын калыптандыруу жалпыбызга жеткиликтүү болгон катталган салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын жана салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.

5-глава Салттуу билимдерди каттоо

9-статья. Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же мурда катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө

Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ыйгарым укуктуу органга өтүнүүчүнүн өзү же анын кызыкчылыгын билдирген, өз ишмердүүлүгүн мыйзам менен белгиленген тартипте өтүнүүчү берген ишеним каттын негизинде ишке ашырган өкүлү (өкүлдөрү) аркылуу берилет. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөдө булар болушу керек: 1) өтүнүүчүнү, ошондой эле анын турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү менен салттуу билимди каттоо жөнүндө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыз; 2) билдирилген салттуу билимдердин так жана толук баяндоосу, аны менен кошо: - салттуу билимдин жаралган жери (географиялык объектинин чек аралары), - салттуу билимдер менен байланышта пайдаланылуучу генетикалык ресурстун баяндоосу; - пайдаланылуучу тармактар жана жетишилген өз натыйжалар; - өтүнмө берилген салттуу билимдердин каттоо жөнүндө, мурда басылып чыккан жарыялоолор жөнүндө маалыматтар өтүнмөгө булар тиркелиши керек: 1) Салттуу билимди иш жүзүндө пайдаланууга жарактуулугун, ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө аны пайдаланган учурда өз жыйынтыгын ырастаган компетенттүү органдын берген расмий документи; 2) өтүнүүчү жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү экендиги же салттуу билим ага таандык болуп саналган географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу. Салттуу билимди каттоого өтүнмө мамлекеттик орган тарабынан берилген учурда

аталган корутунду талап кылынбайт. 3) Чет өлкөлүк өтүнүүчү үчүн салттуу билим жаралган өлкөдө анын укугун ырастоочу документ. Өтүнмөнүн документтерине карата коюлган талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

10-статья. Өтүнмөнү карап чыгуу

Өтүнмөнү карап чыгуу ал ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып үч айдын ичинде жүргүзүлөт өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө зарыл документтердин топтому, аларды жол-жоболоштуруунун тууралыгы текшерилет, каттоого билдирилген салттуу билимдин ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарга ылайык келиши каралып чыгат. Өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча салттуу билимди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат Өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган шарттарды аткарбоо негиз болуп эсептелет.

11-статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү

Ыйгарым укуктуу орган оң чечим кабыл алгандан кийин алым төлөнгөн шартта салттуу билимди каттоого алат жана анын катталгандыгы жөнүндө, анын катталгандыгы жана аны пайдалануу укугу берилгендиги жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер боюнча мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) киргизет. Реестрге маалыматтарды киргизүүнүн тартиби жана тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча салттуу билимге тиешелүү, Реестрге киргизилген маалыматтар, белгиленген алым төлөнгөн шартта, алар Реестрге киргизилген күндөн тартып үч айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан расмий бюллетенде жарыяланышы мүмкүн.Жарыялануучу маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун салттуу билимдин ээси менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилейт. Жарым-жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер ыйгарым укуктуу орган тарабынан жашыруун режиминде сакталат. Алым өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып эки ай ичинде төлөнөт. Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине ыйгарым укуктуу орган белгилеген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Күбөлүк берүү ал жөнүндө расмий бюллетенде жарыяланган күндөн кийин эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

12-статья. Салттуу билимди пайдаланууга укук берилген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү

Күбөлүк ыйгарым укуктуу органга өтүнмө берилген күндөн тартып он жыл бүткөнчө күчүндө болот. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү көбөлүк ээсинин арызы боюнча белгиленген алым төлөө шарты менен узартылышы мүмкүн. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз күбөлүктүн жарактуулугун акыркы жылынын ичинде берилет.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү ар бир жолу он жылга узартылат. Күбөлүк ээсинин расмий өтүнүчү боюнча күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча алым төлөө шарты менен кошумча түрдө алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө жазуу Реестрге жана күбөлүккө ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилет.

13-статья. Реестрге жана күбөлүккө өзгөртүү киргизүү

Күбөлүк ээси ыйгарым укуктуу органга салттуу билимдин каттоосуна жана аны пайдалануу укугун алгандыгына тийиштүү өзүнүн аталышы, фамилиясы, аты же атасынын аты, ошондой эле каттоого жана салттуу билимди пайдалануу укугу берилишине тиешеси бар башка өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт. Өзгөртүү жөнүндө жазуулар Реестр менен күбөлүккө алым төлөө шарты менен киргизилет. Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн эмес кетирилген талашсыз жана техникалык каталарга оңдоо салттуу билимдин катталгандыгы жөнүндө же аны пайдалануу укугу жөнүндө Реестр менен күбөлүккө алым төлөнбөстөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилет.

14-статья. Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим

Салттуу билимдин ээси болбогон жакка ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталган салттуу билимдин пайдалануу укугу аны менен салттуу билимди ыйгарым укуктуу органында каттаткан салттуу билимдин ээсинин ортосунда келишим түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн. Келишим боюнча салттуу билимдин ээси экинчи жакка салттуу билимди пайдалануу укугун келишимде макулдашылган көлөмдө, мөөнөттө, аймакта жана төлөө тартибинде берет. Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Келишимди ыйгарым укуктуу органда каттатуу белгиленген алымды төлөө шарты менен ишке ашырылат. Келишимде салттуу билимди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондусуна же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө жобо милдеттүү түрдө каралышы керек. Мында келишимде каралган боюнча салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чегерүү Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондусуна же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна 20 пайыздан кем эмес болушу керек.

15-статья. Алымдар

Салттуу билимди каттоого же аны пайдалануу укугун берүүгө байланышкан юридикалык маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн алымдар ыйгарым укуктуу органга төлөнөт. Алымдар алынып, аткарылуучу иштердин тизмеси, анын өлчөмү жана төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле алым төлөөдөн бошотуунун, анын өлчөмүн азайтуунун жана кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Алымдар ыйгарым укуктуу органга өтүнмө ээси, күбөлүктүн ээси же алар менен макулдашуу боюнча каалаган жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.

Ыйгарым укуктуу органдын эсебине алым түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валюталар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жана материалдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан салттуу билимдер боюнча автоматташкан системасын түзүү, техникалык жабдуу жана колдонуу, маалымат базасын толуктоо, кадрларды даярдоо жана аларга өбөлгө түзүү үчүн пайдаланылат.

16-статья. Фондулар

Салттуу билимдердин ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын салттуу билимдерин сактоо жана жергиликтүү шериктештиктин аларды пайдалануудан түшкөн пайданы акыйкат бөлүштүрүү максатында Жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү фондусу түзүлөт. Жалпы элдик маанидеги салттуу билимдер системасын өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга караштуу Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү фондусу түзүлөт. Фондуларды каржылоонун булактары болуп келишимдер боюнча салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чегерүүлөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган дагы башка булактар саналат.

17-статья. Салттуу билимдерди пайдалануу

Салттуу билимдерди жана аларды камтыган жана алардын негизинде түзүлгөн объектилерди пайдалануу деп аларды даярдоо, колдонуу, ташып келүү, таратуу, сатууга сунуштоо, сатуу жана чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат. Салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануу деп салттуу билимдердин ээлери менен келишим түзбөстөн коммерциялык максат менен өндүрүштө пайдалануу таанылат. Салттуу билимдер булактарын көрсөтүү менен билим берүү жана илимий-изилдөө максаттарында, ошондой эле дээрлик жеке максаттарда пайдаланыла турган болсо аны салттуу билимдердин ээсинен макулдук албастан пайдаланууга жол берилет. Катталган салттуу билимдерди күбөлүк ээлери пайдаланбаган же жетишсиз пайдаланган учурда, күбөлүк берилген күндөн тартып, үч жылдын ичинде корголгон салттуу билимдерди пайдаланууну каалаган кайсы жак болбосун, эгер ушул жак менен түзүлгөн практикага ылайык шарттарда салттуу билимдерди пайдаланууга күбөлүктүн ээси келишим түзүүдөн баш тартса, салттуу билимдерди пайдаланууга ага уруксат берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Эгер күбөлүк ээси салттуу билимдерди пайдаланбагандыгы же жетишсиз пайдалангандыгы жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын аныктап бере албаган учурда, сот пайдалануунун ченемдерин, өлчөмүн, мөөнөтүн жана төлөмдөрдүн тартибин белгилөө менен уруксат берет. Салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү практикада түзүлгөнгө ылайык белгилениши керек. Өзгөчө кырдаалдарда (күтүлбөгөн кырсыктар, катастрофалар, ири авариялар), ошондой эле улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күбөлүк ээсине өлчөмдөш компенсация төлөө менен салттуу билимдерди пайдаланууга уруксат берүүгө укугу бар; мында салттуу билимдерди пайдалануунун көлөмү жана пайдалануунун узактыгы аларга уруксат берилген максаттар менен чектелет. Ушундай пайдалануудан келип чыккан талаш-тартыштар сот аркылуу чечилет.

18-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаштарды карап чыгуу

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

19-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башкача ченемдер белгиленсе, анда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин ченемдери колдонулат.

20-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган