عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG213

رجوع

КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №118 'Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун Эрежелери' токтому (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-июлу № 118

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2015- жылдын 27-октябрындагы № 753

2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун тиркелген Эрежелери бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20- майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-июлундагы
№ 118 токтому менен бекитилген

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2015- жылдын 27-октябрындагы № 753

2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун ушул эрежелери (мындан кийин - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде, Пайдалуу моделдердин мамлекеттик реестринде, Өнөр жайлык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде, Товардык белгилер жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде, Фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде, Салттуу билимдердин мамлекеттик реестринде жана Селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишим, аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, салттуу билимдерди пайдаланууга келишим жана өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим катталууга тийиш.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте тараптардын макулдашуусу боюнча катталат.
Бул Эрежелер сублицензиялык келишимдерди каттоодо да колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20- майындагы № 263, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар.
Бул Эрежелерде пайдаланылган түшүнүктөр жана кыскартуулар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:

Кыргызпатент

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

ИМБДУ

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;

Өнөр жайлык менчик объекти

Ойлоп табуу, өнөр жайлык үлгү, пайдалуу модель, товардык белги, тейлөө белгиси , фирмалык аталыш;

Реестр

Кыргыз Республикасынын, евразия патенттеринин Өнөр жайлык менчик, селекциялык жетишкендиктер объекттеринин реестрлери;

Коргоо документи

Патент, өтүнүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент, күбөлүк;

Технология

Ноу хау, комплекстүү ишкердик лицензия (франчайзинг), консалтинг кызматы, инжиниринг, лизинг, опциялык макулдашуулар сыяктуу кызмат көрсөтүү;

Келишим

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документинен четтөө жөнүндө келишим (өткөрүп берүү акты), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, салттуу билимдерди пайдаланууга келишим өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим;

Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим

Технологияларды пайдалануу укугунан четтөө жана лицензиялык келишим, өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди,;

Сублицензиялык келишим

Үчүнчү жактарга өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди жана технологияларды пайдаланууга лицензиаттын укук бериши;

Лицензиар

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке, салттуу билимге жана технологияларга укук ээси;

Лицензиат

Өнөр жайлык менчик объекттин, селекциялык жетишкендикти, салттуу билимди технологияларды пайдалана турган жеке же юридикалык жак

Өтүнүүчү

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке, салттуу билимге технологияларга укук ээси же келишим түзүүчү тараптардын бири же алардын өкүлдөрү;

Арыз

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документинен четтөө жөнүндө (өткөрүп берүү актысы) келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо жөнүндө арыз;

Өтүнмө

Келишимди каттоо жөнүндө арызга тиркелүүчү документтердин комплекти;

"ROMARI№"

Товардык белгилерди эл аралык каттоонун маалы маттар базасы.

II. Келишимди каттоо үчүн берилүүчү документтер

3. Кыргызпатентте келишимди каттоо үчүн ушул Эреженин 1 же 3- тиркемелеринде келтирилген форма боюнча арыз катталуучу келишимдин түрүнө жараша бир нускада, мамлекеттик же расмий тилде берилиши керек. Чет өлкөлүк аттары жана ишканалардын аталыштары кыргыз же орус транслитерацияда көрсөтүлөт.
Арызга келишим түзгөн тараптардын бири же ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделген анын өкүлү кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2017-жылдын 20- январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн келишим (түп нуска) же анын нускасы (түп нуска), үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөрү).
Келишим төмөнкүдөй негизги шарттарды камтышы керек:
- келишимдин предмети;
- берилүүчү укуктардын көлөмү;
- укук берилүүчү аймакты;
- келишимдин мөөнөтүнүн күчү;
- келишимдердин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар.
Товардык белгиге карата лицензиялык келишим лицензиаттын товарынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты лицензиардын товарынын сапатынан кем болбошун жана лицензиар ушул шартты аткаргандыгын контролдогон шартты камтышы керек;
Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим милдеттүү түрдө салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү Жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүү фондусуна же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна чегерүү жөнүндө жобону караштырууга тийиш
2) коргоо документинин көчүрмөсү.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

эл аралык каттоо боюнча товардык белгиге карата келишимди каттоодо "ROMARI№" товардык белгилерди эл аралык каттоонун маалыматтар базасынан көчүрмө берилет.
3) келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, арыз каралбайт;
4) укук ээсинин мураскору же укук мураскору болуп эсептелинген өтүнүүчүнүн укугун тастыктаган тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;
5) эгер укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иш жүргүзүү үчүн өкүл дайындалса, документ чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
6) сублицензиялык келишимди каттоодо тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн негизги келишимдин түп нускасы же анын көчүрмөсү.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20-майындагы

№ 263, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Документтер мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Чет өлкөлүк аттары жана ишканалардын аталыштары орус же кыргыз транслитерацияда көрсөтүлүшү керек. Котормонун тактыгына өтүнүүчү жооптуу.
6. Арыз жана ага тиркелүүчү документтер Кыргызпатентке түздөн-түз же почта аркылуу берилет.
III. Келишимди карап чыгуу жана каттоо
7. Кыргызпатентке арыз түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде өтүнмөдө зарыл документтердин бар экендиги жана бул Эрежелерде караштырылган алардын таризделишине талаптардын сакталышы текшерилет.
8. Келишимди карап чыгуу өтүнмөнү берген күндөн тартып эки айдын ичинде жүргүзүлөт. Зарыл документтер бир убакта берилбеген учурда, өтүнмөнүн берилген күнү болуп акыркысынын келип түшкөн күнү эсептелет.
9. Эгер өтүнмөнү жана келишимди карап чыгуунун жүрүшүндө документтер ушул Эрежелерде караштырылган талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен берилгендиги аныкталса, Кыргызпатент өтүнүүчүгө сурам жиберет, анда сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде белгиленген
жетишпегендиктерди четтетүү зарылчылыгы көрсөтүлөт. Мында документтерди берүүнүн жана келишимди карап чыгуунун мөөнөтү убактылуу узартылат, анын ичинде өтүнүүчү белгиленген жетишпегендиктерди четтетет.
Сурам үчүн негиз болуп, негизинен бул Эрежелерде каралган документтердин биринин өтүнмөдө жок экендиги эсептелет.
10. Өтүнүүчүнүн сурам жиберилген материалдарды берүү мөөнөтү тийиштүү өтүнүч кат бергенде жана белгиленген өлчөмдө мөөнөттү узартуу үчүн алым төлөгөндө узартылат. Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнүүчү сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Белгиленген мөөнөттө сурам жиберилген материалдарды же аларды карап чыгуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катын бербесе, келишим боюнча иш жүргүзүү токтотулат. Өтүнүүчүгө келишимдин эки нускасы кайтарылып берилет. Иш жүргүзүү материалдары менен келишимдин бир нускасы (түп нуска) Кыргызпатентте калат.
Технологияны өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте арыз жана каттоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин катталат.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо ушул Эрежелердин III бөлүмүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Мында технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин күчүнө кириши тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20-майындагы

№ 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

11. Берилген документтер бул Эрежелердин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келгенде келишимди каттоо жөнүндө корутунду чыгарылат.
Корутундунун негизинде Кыргызпатент келишимди каттоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Келишимде бирине-бири каршы келүүчү жоболор же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жоболор аныкталган жана тараптар аларды четтетүүдөн баш тарткан учурда Кыргызпатент келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
IV. Катталган келишимге өзгөртүүлөрдү каттоо
12. Лицензиялык келишимге карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөр катталат:
- тараптардын аныктамалары;
- келишимдин предмети;
- колдонуу мөөнөтү;
- колдонуу аймагы;
- берилүүчү укуктардын көлөмү.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка өзгөртүүлөрү да катталышы мүмкүн.
13. Келишимдеги өзгөртүүлөрдү Кыргызпатентте каттоодон өткөрүүнү сактабоо алардын жараксыз экендигине алып келет.
14. Катталган келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө арыз өтүнүүчү тарабынан бул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- келишим (түп нуска) же үч нускада (алардын экөө көчүрмөлөрү), катталган келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдашуусун тастыктаган документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү;
- коргоо документинин көчүрмөсү;
- катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
Киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо бул Эрежелердин III бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Катталган өзгөртүүлөр келишимге тиркелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Эгер өзгөртүүлөр келишимдин тараптарынын аныктамаларына тийиштүү болсо, Кыргызпатент берилген маалыматтардын туура экендигине жана/же аныктыгына шектенсе, өтүнүүчүдөн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
V. Катталган келишим жана катталган өзгөртүүлөр боюнча иш жүргүзүү тартиби
16. Кыргызпатент ачык жарыялангандан кийинки жалпы мүнөздөгү маалыматтардан тышкары, катталуучу келишимдердин маалыматтарынын жана түзүүнүн шарттарынын жашырындуулугун камсыз кылат.
Катталган келишимдин бир нускасы (түп нуска) контролдук нуска болуп эсептелет жана Кыргызпатентте сакталат.
17. Катталган келишим, ошондой эле катталган өзгөртүүлөр боюнча
Кыргызпатент:
- келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) акыркы барагынын арткы бетине каттоо номурун көрсөтүү менен каттоо датасы, келишимдин жана анын тиркемелеринин барактарынын саны жөнүндө штампын коет. Каттоо номуру келишимдин объекти жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: каттоо номуру, катталган жылы, келишимдин түрү жана категориясы;
- өтүнүүчүнүн (өкүлдүн) дарегине каттоо жөнүндө белгиси менен келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) эки нускасынын тиркемеси бар келишимди (өзгөртүүлөрдү) каттоо жөнүндө чечимди жиберет;
- Реестрге жана коргоо документине катталган келишим же катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- Кыргызпатенттин расмий бюллетенине катталган келишимдер жана катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй көлөмдө жарыяланат: берилүүчү укуктардын көлөмү, келишимдин предмети, тараптардын аныктамасы, колдонуу аймагы, колдонуу мөөнөтү, алардын колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар;
- евразия патентин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо жөнүндө Евразия патенттик ведомствосуна кабарланат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көч., 62


(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) Дареги
Телефону
АРЫЗ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

(берилүүчү укуктун көлөмү)

укук
берилүүчү (аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги) менен

(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги)

ортосунда


(келишимдин предмети)

(келишимдин , өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимди жана түрү жана аталышы) каттоону суранам.

Тиркелүүчү документтер (керектүүлөрүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - нускада баракта № тиркемелери менен барактан турган келишим;
[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин (арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин) же күбөлүктүн көчүрмөсү же Өнөр жайлык менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - келишимди каттагандыгы үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;
[ ] - мураскорлук же укук мураскорлукка укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат;
[ ] - негизги келишим (сублицензиялык келишимди каттаган учурда).


Өтүнүүчү (лөр) (кызмат орду, аты-жөнү, колу) (мөөрдүн орду)
Дата
Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көч., 62

(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) Дареги
Телефону
АРЫЗ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз патентте
катталган, лицензиялык
келишимге , өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимди жана карата өзгөртүүлөрдү каттоону суранам.
Тиркелүүчү документтер (керектүүлөрүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө келишимдин тараптарынын макулдугун тастыктаган документ:
[ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат.


Өтүнүүчү (лөр) (кызмат орду, аты-жөнү, колу) (мөөрдүн орду)
Датасы
"Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көч.,
62


(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) Дареги
Телефону
АРЫЗ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 163, 2014-жылдын 20- майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Өнөр жай менчигинин объектисине өзгөчө укуктун өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишими, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимди жана каттоону суранам .
Тиркелүүчү документтер ([х] менен белгилөө керек):
[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин көчүрмөсү, Өнөр жайлык менчик объектисин каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;
- иш жүргүзүү ишеним каты. Өтүнүүчү(лөр)

(кызмат орду, аты-жөнү, колу) М.О.

Куну