عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG164

رجوع

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө' токтому (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө' токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2014-жылдын 20-майы № 263

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жободо:
- 1 -пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосу" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жалпыга белгилүү товардык белги, өз белгилүүлүгүнө ээ болгон бардык товарларга карата корголот. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, эгер көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жактын
пайдаланышы керектөөчүлөр арасында жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана мындай ээлик кылуучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуу мүмкүн болсо, ал жалпыга белгилүү болуп таанылгандар менен бирдей болбогон башка товарларга да таралат.";
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.";
- төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Товардык белги жана белгилөө, эгер бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, башка жактын бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгисинин артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп таанылышы мүмкүн эмес.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 117 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышындагы жана 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелеринде:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Бул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.";
- 2-пункттагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
3 жана 4-пунктчалардагы "алдын ала баш тартууга" деген сөздөр "алдын ала баш тартуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктчадагы ", селекциялык жетишкендикке" деген сөздөр алып салынсын;
14-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
"14) ойлоп табууга патентти, анын ичинде Евразия патенттик конвенциясына ылайык алынган ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;";
- 7-пункттун он экинчи абзацындагы "жалпыга белгилүү болгон" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир түрдүү товарларга карата, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 3, 4, 7, 8, 9 жана 12-пунктчаларында караштырылган каршы пикирге, берилген белгилемени каттоого "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин макулдугу тиркелет.";
- 14-пункттагы "жазуу түрүндөгү" деген сөздөрдөн кийин "каршы пикир же" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пунктта:
биринчи абзацтагы "кабыл алуу жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин
"Апелляциялык кеңеш тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Өтүнүч кат жүйөлүү себептери көрсөтүлүп, жазуу түрүндө берилет жана эгер ал даттанууну же арызды кароонун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндөн мурда келип түшсө, кабыл алынат.";
- 22-пункттун экинчи абзацы "тастыкталган" деген сөздөн мурда "тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункттун экинчи абзацы "каршы пикирди" деген сөздөрдөн кийин "же арызды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"32. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими түзүлөт жана каршы пикирин же арызын берген жакка, ошондой эле коргоо документи же каттоо талаш-тартышка түшкөн учурда - коргоо документинин ээсине чечим чыгарылган датадан кийин бир айдын ичинде жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда чечимдин көчүрмөсү Кыргызпатенттин тийиштүү бөлүнүштөрүнө жиберилиши мүмкүн.";
- 34-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 35-пункттагы "кабыл алган учурдан тартып" деген сөздөр "алган учурдан тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө
лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун Эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышындагы жана 1-пункттагы "патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр
"өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун Эрежелеринде:
- аталышындагы жана бүткүл текст боюнча "патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде, Пайдалуу моделдердин мамлекеттик реестринде, Өнөр жайлык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде, Товардык белгилер жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде, Фирмалык аталыштардын мамлекеттик реестринде жана Селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишим, аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жана өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим катталууга тийиш.";
- 2-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
бешинчи абзац "тейлөө белгиси" деген сөздөрдөн кийин ", фирмалык аталыш" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин ", евразия патенттеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзац "лицензиялык келишим" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим" деген сөздөр менен толукталсын;
он төртүнчү абзац "тараптардын бири" деген сөздөрдөн кийин "же алардын өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
он бешинчи абзац "лицензиялык келишимди" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктта:
1-пунктча төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- келишимдин предмети;";
1-пунктчанын сегизинчи абзацы "товарынын" деген сөздөн кийин "жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "2) коргоо документинин көчүрмөсү.";
2-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пунктта:
экинчи абзацтагы "жана коргоо документи" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Технологияны өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте арыз жана каттоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин катталат.";
төртүнчү абзацтагы "жана өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- коргоо документинин көчүрмөсү;";
- 17-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- евразия патентин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо жөнүндө Евразия патенттик ведомствосуна кабарланат.";
- 1, 2 жана 3-тиркемелер "лицензиялык келишимди" деген сөздөрдөн кийин ", өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укукту күрөөгө коюу жөнүндө келишимди жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-тиркеменин төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин (арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин) же күбөлүктүн көчүрмөсү же Өнөр жайлык менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;";
- 3-тиркемеде:
биринчи абзацтагы "патенттин күрөө келишими" деген сөздөр "өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "түп нускасы" деген сөздөр "көчүрмөсү" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- иш жүргүзүү ишеним каты.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун Эрежесинде:
- 6-пунктта:
мамлекеттик тилдеги тексттин "а" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакциядагы эки абзацта берилсин:
"а) айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогондорго.
Айырмалануучу жөндөмдүүлүккө ээ болбогон белгилерге негизинен төмөнкүлөр кирет:";
- акыркы абзацтагы "а)," тамгасы алып салынсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 10-пунктундагы "б" жана "в" пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"б) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
в) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 12-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"- өтүнмө берилген белгилөө;
- белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеси.";
- 22-пунктта:
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Өтүнмө берилген белгилөө 25 нускада берилет.";
үчүнчү абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Майда, окулбаган белгилөөлөр болгон учурда А4 форматындагы 1 нускасы кошумча берилет.";
- 23-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Эгер белгилөө чет элдик сөздөрдү камтыса, котормосун жана транслитерациясын берүү керек.
Эгер сөз менен берилген белгилөө атайын жазууну же шрифтти камтыса, баяндамада алардын маанисин түшүндүрүү керек.";
- 27-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.Оторбаев