عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG155

رجوع

Лицензиялык Келишим Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна (7-тиркеме-Кыргызпатент)

 

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна

(көңүл ачуу жайлары, коомдук тамактануу ишканалары, адистештирилген соода ишканалары үчүн)

 

№ А ________ЛИЦЕНЗИЯЛЫК КЕЛИШИМ

 

 

Бишкек ш.                                                                                         20___-ж. «__»_______

 

 

Бир тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №131 токтому менен бекитилген Кыргызпатент жөнүндө жобонун негизинде иштеп жаткан _________________________________________________________________________атынан

 

(кызмат орду, Ф.А.А.)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, мындан ары «Кыргызпатент» деп аталуучу жана экинчи тараптан  

________________________________________________________________ атынан

                                              (Ф.А.А.)

 

___________________________________________ ылайык өз ишин жүргүзүп жаткан, (документтин аталышы, датасы жана номери)

 

_________________________________________________________________________________

(ишкананын, имараттын аталышы)

мындан ары «Пайдалануучу»,                                                                                       (Ф.А.А.)

ал эми бирге «Тараптар» деп аталуучулар, «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана төмөнкүлөрдү эске алып:

            а) Кыргызпатент «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жүргүзөт, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын авторлорунун жана чектеш укуктар ээлеринин жана эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлүк авторлор менен чектеш укуктар ээлеринин кызыкчылыгын көрсөткөн авторлордун жана чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча уюмдун милдеттерин аткарат, Пайдалануучуга ушул Лицензиялык келишим менен белгиленген автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга укук берет;

            б) Пайдалануучу1 ушул Лицензиялык келишимдин шартында өз ишин жүргүзүү үчүн жалпыга жарыяланган чыгармаларды2, аткарууларды же фонограммаларды жалпы эл алдында көрсөткөндүгү, жалпы эл алдында аткаргандыгы же жалпыга маалымдап кабарлагандыгы үчүн уруксат алууну каалап,

төмөнкүлөр жөнүндө ушул Лицензиялык келишимди түзүштү:

 

1. ЛИЦЕНЗИЯЛЫК КЕЛИШИМДИН ШАРТЫ

 

1.1. Кыргызпатент Пайдалануучуга ушул Лицензиялык келишимдин шартында _______________________________________________ дареги боюнча жайгашкан , анын ээси Пайдалануучу болуп саналган (анын ичинде ижара укугунда) _____________________________________________________________________

                                               (Пайдалануучунун ишканасынын, мекеменин аты)

жалпыга жарыяланган чыгармаларды, аткарууларды же фонограммаларды жалпы эл алдында көрсөткөндүгү, жалпы эл алдында аткаргандыгы же жалпыга маалымдап кабарлагандыгы үчүн өзгөчөлүксүз укук (уруксат) берилет.

           

1. «Автордук жана (же) чектеш укуктарды пайдалануучулар» - автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучу кайсы болбосун жеке жана  юридикалык жактар.

2. «Чыгарманы жалпыга жарыялоо» - автордунмакулдугу мененчыгарманы жарыялоо, жалпыга көрсөтүү, эл алдында аткаруу, эфирде берүү аркылуу же башка жол менен жалпыга маалым кылуу үчүн ишке ашырылган алгачкы ирет жалпы элге жеткирүү аракети.

 

            1.2. Берилген укугу үчүн Пайдалануучу ушул Лицензиялык келишимде белгиленген өлчөмдө автордук сый акы төлөөгө милдеттенет.

1.3. Пайдалануучу үчүнчү тарапка ушул Лицензиялык келишим боюнча автордук жана чектеш укуктар объектилерин жалпы эл алдында көрсөткөндүгү, жалпы эл алдында аткаргандыгы же жалпыга маалымдап кабарлагандыгы үчүн алган укугун Кыргызпатенттин буга жазуу түрүндөгү макулдугусуз кайра ыйгарып берүүгө укуксуз.

1.4. Бул Лицензиялык келишим анда айтылып өткөн чыгармаларды, аткарууларды жана фонограммаларды пайдалануу ыкмаларына жайылтылбайт.

 

2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

 

            2.1. Пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттенет:

            - бул Лицензиялык келишимдин 2.1-пунктунда каралган автордук сый акыларды өз убагында төлөп берүүгө;

- бул Лицензиялык келишимдин шарттарын сактоо үчүн контролдоого автордук жана чектеш укуктар объектилерин жалпы эл алдында аткарууга, көрсөтүүгө же жалпы маалымат үчүн кабарлоого байланыштуу кандай иш-чараларга болбосун Кыргызпатенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн тоскоолдуксуз жана акысыз киргизүүгө;

- бул Лицензиялык келишим боюнча авторлор, аткаруучулар жана укук ээлери менен алардын чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн фонограммаларга бардык эсептешүүлөр Кыргызпатент аркылуу гана жүргүзүлөт;

- автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгын токтоткон учурда (убактылуу же ишкананын, имараттын оңдоо иштери учурунда) Пайдалануучу токтогон учурдан тартып, 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Кыргызпатентке бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү. Автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгын токтоткондугу жөнүндө кабарлоо жиберилбесе, Пайдалануучу автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну улантат жана бул Лицензиялык келишим боюнча милдеттерди аткарууга даяр.

2.2. Кыргызпатент төмөнкүлөргө милдеттенет:

- авторлордун, алардын  укук мураскорлорунун, аткаруучулардын жана укук ээлеринин бул Лицензиялык келишим боюнча алардын чыгармаларын пайдаланууга байланыштуу бардык мүмкүн болгон мүлктүк талаптарды Пайдалануучуга карата фонограммаларга укуктарды жөнгө салууга;

- келип түшкөн автордук сый акынын жыйымдары Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт жана авторлорго, аткаруучуларга жана башка укук ээлерине төлөнүп берилет;

- Пайдалануучудан алган маалыматтарды жашырын сактоого.

 

3. ФИНАНСЫЛЫК ШАРТТАР, ЭСЕПТЕШҮҮ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ БЕРҮҮ ТАРТИБИ

 

3.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын 22-июлундагы №448 токтому менен бекитилген “Автордук укуктун жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобонун негизинде Пайдалануучу алар пайдаланган чыгармалар, аткаруулар  жана фонограммалар үчүн Кыргызпатентке ай сайын:_____________________________________________________

_____________________________________________________________________________ сом өлчөмдө төлөп берүүгө милдеттенет.

            Автордук сый акынын белгиленген коюмун эсептеп чыгаруунун тартиби тиркемеге ылайык аныкталат, ал ушул Лицензиялык келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

3.2. Бул Лицензиялык келишимдин 2.1-пунктунда каралган автордук сый акыны Пайдалануучу ар бир ай бүткөндөн кийин 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргызпатенттин алыш-бериш эсебине которуп турат

3.3. 2.2-пунктунда белгиленген автордук сый акынын суммаларын которуунун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Пайдалануучу ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн төлөп берилүүчү суммадан 0,1% өлчөмүндө туумду төлөйт, мында Пайдалануучу бул Лицензиялык келишим боюнча автордук сый акынын негизги суммасын төлөөдөн бошотпойт.

 

4. ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

 

4.1. Тараптар ушул Лицензиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4.2. Кыргызпатент менен Пайдалануучунун ортосунда ушул Лицензиялык келишимден келип чыккан маселелер боюнча же ушуларга байланыштуу келишпестиктер жана талаш-тартыштар келип чыккан учурда, Тараптар аларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө бардык чараларды көрүшөт.

4.3. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болбогон учурда, алар Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык сотто чечилет.

            4.4. Тараптар күтүлбөгөн абалдын жана чукул кырдаалдын себептеринен ушул Лицензиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт, алар ушул Лицензиялык келишим үчүн кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

            Форс-мажор абалына таянган Тарап ушундай абалды тастыктаган расмий документтерди (тиешелүү мамлекеттик органдардан же башка компетенттүү органдардан берилген документ жетишерлик болот) 5 (беш) күндүн ичинде бериши керек.

 

5. ЛИЦЕНЗИялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү

жана аны бузуунун шарттары  

 

5.1. Бул Лицензиялык келишим 20__-жылдын «___»_______ тартып күчүнө кирет жана 1 (бир) жыл күчүндө болот. Лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү өзүнөн-өзү кийинки жылга узартылат.

5.2. Бул Лицензиялык келишим төмөнкүдөй негиздер боюнча бузулат:

- Пайдалануучу тиешелүү компетенттик органдардан анын иши токтотулгандыгын тастыктаган документти берген учурда, Лицензиялык келишим иши анык токтотулган датадан тартып, бузулган болуп саналат;

- Пайдалануучу автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну токтоткон учурда, инспектор Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну токтоткондугу жөнүндө актыны түзөт;

- Пайдалануучу имаратты, ишкананы ижарага берген учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

Пайдалануучу келишим бузула турган датага чейин эң кем болгондо 30 (отуз) календардык күн калганга чейин Лицензиялык келишимди бузуу жөнүндө (себебин көрсөтүү менен) Кыргызпатентке жазуу түрүндө кабарлайт.

К моменту прекращения Бул Лицензиялык келишимди токтотуу учурунда Талаптар өз ара эсептешет.

5.4. Бул Лицензиялык келишимди бузуу Пайдалануучуну кошуп эсептелген туумду эсепке алуу менен автордук сый акынын бересе суммасын төлөөдөн бошотпойт.

5.5. Бул Лицензиялык келишимди бузуу Пайдалануучуну автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугунан ажыратат.

5.6. Лицензиялык келишим бузулгандан кийин Пайдалануучу автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланса, Пайдалануучу Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

 

 

6. Башка шарттар

 

6.1. Уюштуруу-укуктук формасы, иш мүнөзү өзгөргөн же өз ишин токтоткон Тарап бул тууралуу башка Тарапка жазуу түрүндө өз убагында кабарлайт.

6.2. Ушул лицензиялык келишимде айтылбаган, бирок анын предметине байланыштуу шарттар Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

6.3. Бул Лицензиялык келишим боюнча милдеттерди аткарууга байланыштуу Тараптардын ар биринин чыгымдары Тараптардын ар биринин өз күчтөрү менен жабылат.

6.4. Бөлүмдөрдүн аталыштары түшүнүүгө ыңгайлуу болгондугу үчүн кабыл алынган жана юридикалык так талкуулоого ээ эмес.

 6.5. Бул Лицензиялык келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эгер алар жазуу түрүндө түзүлсө жана буга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгондо учурда гана анык болот.

6.6. Бул Лицензиялык келишим Тараптардын ар бири үчүн эки нускада түзүлгөн жана кол коюлган, экөө тең бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

7. тараптардын Юридикалык даректери жана маалымдаректери

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы

(Кыргызпатент)

Дареги: Бишкек ш., Москва көч. 62

Алыш-бериш эсеби 1280010007085284

БИК 128001

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы

KICB Kyrgyz Investment And Credit Bank

Бишкек ш., «Дордой плаза» Бизнес борбору

 1-кабат

 

телефон: 680819; 681731

факс: 681703

Е-mail: ____________________

 

 

______________ ________________ __________  (Кызмат орду)                  М.О.               (Ф.А.А.)

Пайдалануучу _________________________________________

_________________________________________

 

Дареги:____________________________________

ЖНН:_____________________________________

Телефон:__________________________________

Факс:_____________________________________

Е-mail: ____________________

 

 

 

 

 

 

 

_____________________/_____________/

                  (Ф.А.А.)                         М.О.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                           Лицензиялык келишимге

тиркеме_______________

 

 

 

Белгиленген коюмду эсептеп чыгаруунун

ТАРТИБИ

 

 

 

________________________________________________________________________________

(ишкананын, мекеменин аталышы)

 

________________________________________________________________________________

(дареги, телефону)

 

(С) автордук сый акынын белгиленген коюмунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын 22-июлундагы №448 токтому менен бекитилген “Автордук укук  жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобого ылайык эсептелет:

 

(N) отургузуучу орундардын саны _________________________________________________

(Сб) негизги коюм ____________________________________________________________

(Км) төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти ________________________________

(Кк) класстык коэффициенти _______________________________________

(Ко) "караоке" техникалык каражаттарынын жардамы менен музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициенти_____________________________________________ 

(Кж) "жандуу" аткарууда музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициент ________________________________________________________________________________

 

С = Сб x Км x Кк x Ко x Кж  = _______________________________________________

 

Белгиленген коюмдун суммасынын жыйынтыгы төмөнкүнү түзөт:

________________________________________________________________________________

суммасы жазуу менен

 

 

______________________________________                                   ______________

Пайдалануучунун Ф.А.А.                                                                                               колу

                                                                             

 

______________________________________                                  _______________

            Инспектордун Ф.А.А.                                                                                                      колу

 

 

 

20__ -жылдын «_____»___________

 

Датасы          

 

 

 

 

                                                                                    Лицензиялык келишимге

тиркеме_______________

 

 

 

Белгиленген коюмду эсептеп чыгаруунун

ТАРТИБИ

 

 

________________________________________________________________________________

(ишкананын, мекеменин аталышы)

 

________________________________________________________________________________

(дареги, телефону)

 

(С) автордук сый акынын белгиленген коюмунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2002-жылдын 22-июлундагы №448 токтому менен бекитилген “Автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобого ылайык эсептелет:

 

(Р)       музыкалык чыгарма пайдаланылуучу соода аянты (чарчы метр менен)

(Сб)     негизги коюм РП х Р/100= ________________________________________________

(РП)    эсептик көрсөткүч _____________________________________________________

(Ко( �span style='mso-tab-count: 1'>    төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти ________________________________

 

С = Сб Х Км = ____________________________________________________

 

Белгиленген коюмдун суммасынын жыйынтыгы төмөнкүнү түзөт:

 

 

________________________________________________________________________________

суммасы жазуу менен

 

______________________________________                                   ______________

ПайдалануучунунФ.А.А.                                                                                                 колу

                                                                             

 

______________________________________                                  _______________

            Инспектордун ФА.А.                                                                                                       колу

 

 

 

20__ -жылдын «_____»___________

 

Датасы          

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна

№ А ________ ЛИЦЕНЗИЯЛЫК КЕЛИШИМ

(коомдук тамактануунун сезондук ишканалары жана көңүл ачуучу жайлар үчүн)

 

Бишкек ш.                                                                                               «__»_______20__.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы мындан ары “Кыргызпатент” деп аталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 токтому менен бекитилген Кыргызпатент жөнүндө Жобонун негизинде иштеген ______________ ___________________________________________________________________________ атынан

(кызматы, аты-жөнү)

жана мындан ары “Пайдалануучу” деп аталган ________________________________________

_________________________________________________________________________________

(документтин аталышы, датасы жана номери)

ылайык өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруучу ________________________________________ __________________________________________________________________________________

(ишкананын, мекеменин аталышы)

___________________________________ атынан экинчи тараптан, бирге “Тараптар” деп аталып,

                       (аты-жөнү

Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында төмөндөгүлөрдү эске алып:

а) Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына ылайык автордук жана чектеш укуктар мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын авторлорунун жана чектеш укуктар ээлеринин, эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлүк авторлордун жана чектеш укуктар ээлеринин кызыкчылыктарын көрсөтүүчү авторлордун жана чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча уюмдун функцияларын жана милдеттерин аткарат, Пайдалануучуга автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу ыкмасынын ушул Лицензиялык келишими менен аныкталган укуктарын берет;

Б) Пайдалануучу[1] өзүнүн ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн жалпыга белгилүү чыгармаларды[2], аткарууларды жана фонограммаларды жалпыга кабарлоо үчүн, эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга же билдирүүгө ушул Лицензиялык келишимдин шарттарында уруксат алууну каалап,

төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Лицензиялык келишимди түзүштү:

 

1. лицензиялык келишимдин предмети

 

1.1. Кыргызпатент ушул Лицензиялык келишимдин шарттарында Пайдалануучуга «__»____20__-жылдан «__»____20__-жылга чейин ____________________________ _____________________________________________ даректе жайгашкан (анын ичинде ижара укугунда) Пайдалануучу ээси болуп саналган ___________________________________ сезондук

       (Пайдалануучунун ишканасынын, мекемесинин аталышы)

мезгилде[3] чыгармаларды, аткарууларды жана фонограммаларды эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга же жалпыга кабарлоо үчүн билдирүүгө өзгөчөлүксүз укук (уруксат) берет.

1.2. Берилген укук үчүн Пайдалануучу ушул Лицензиялык келишимде белгиленген өлчөмдө автордук сый акы төлөөгө милдеттенет.

1.3. Пайдалануучу бул Лицензиялык келишимдин боюнча автордук жана чектеш укуктар объектилерин эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга же жалпыга кабарлоо үчүн билдирүүгө алган укугун буга Кыргызпатенттин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка кайра ыйгарып берүүгө укуксуз.

1.4. Бул Лицензиялык келишим анда көрсөтүлбөгөн чыгармаларды, аткарууларды жана фонограммаларды аткаруу ыкмасына жайылтылбайт.

 

2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

 

2.1. Пайдалануучу милдеттенет:

- Ушул Лицензиялык келишимдин 2.1. пунктунда каралган автордук сый акыларды өз убагында төлөөгө;

- ушул Лицензиялык келишимдин шарттарын сактоого контроль кылуу үчүн автордук жана чектеш укуктар объектилерин эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга же жалпыга кабарлоо үчүн билдирүүгө байланышкан кайсы болбосун иш-чараларга Кыргызпатенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн тоскоолдуксуз жана бекер киргизүүгө;

- Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну токтоткон (убактылуу же ишкананы, мекемени оңдоп-түзөө) учурда Пайдалануучу токтоткон күндөн 5 (беш) календардык күндүн ичинде бул жөнүндө Кыргызпатентке билдирүүгө милдеттүү. Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну токтоткондугу жөнүндө кабарлоонун жок болушу Пайдалануучу автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууну улантып жатканынын жана ушул Лицензиялык келишим боюнча милдеттерди аткарууга даяр экендигин факт жүзүндөгү тастыктоосу болуп саналат;

- авторлор, аткаруучулар жана фонограммалардын укук ээлери менен алардын чыгармаларынын пайдаланылгандыгы үчүн бардык эсептешүүлөр ушул Лицензиялык келишим боюнча Кыргызпатент аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

2.2. Кыргызпатент милдеттенет:

- авторлордун, алардын укук мураскерлеринин, аткаруучулардын жана фонограммалардын укук ээлеринин ушул Лицензиялык келишим боюнча алардын чыгармаларынын пайдаланылгандыгына байланышкан Пайдалануучуга карата бардык мүмкүн болгон мүлктүк талаптарын  жөнгө салууга;

- автордук сый акылардан түшкөн жыйымдар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык авторлорго, аткаруучуларга жана башка укук ээлерине бөлүштүрүлөт жана төлөнүп берилет;

- Кыргызпатент Пайдалануучудан алынган маалыматтардын жашырындуулугун сактоого милдеттенет.

 

3. ФИНАНСЫЛЫК ШАРТТАР, ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮН

ТАРТИБИ ЖАНА ДОКУМЕНТАЦИЯ БЕРҮҮ

 

3.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 220-жылы 22-июлдагы №488 токтому менен бекитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акылардын минималдык коюмдары жөнүндө” Жобонун негизинде Пайдалануучу ушул Лицензиялык келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде ай сайын Кыргызпатентке _________ _________________________________________ сом өлчөмүндө ал тарабынан пайдаланылган чыгармалар, аткаруулар жана фонограммалар үчүн автордук сый акы төлөөгө милдеттенет.

Автордук сый акынын белгиленген коюмун эсептөөнүн тартиби ушул Лицензиялык келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемеге ылайык аныкталат.

Пайдалануучу автордук укукту жана чектеш укуктарды пайдаланган мезгили үчүн бир жолу төлөнүүчү төлөм менен автордук сый акыны алдын ала төлөө укугуна ээ. 
3.2. ушул Лицензиялык келишимдин 2.1.-пунктунда каралган автордук сый акыны Пайдалануучу ар бир ай аякташынан кийин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес Кыргызпатенттин алыш-бериш эсебине которот. 

3.3. 2.2.-пунктта белгиленген автордук сый акынын суммасын которуунун мөөнөтү бузулгандыгы үчүн Пайдалануучу ар бир өтүп кеткен күн үчүн төлөөгө жаткан суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт, бул Пайдалануучуну ушул Лицензиялык келишим боюнча автордук сый акынын негизги суммасын төлөөдөн бошотпойт.

 

4. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

 

4.1. Тараптардын бул Лицензиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткарбоолору жана ылайыксыз аткаруулары Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык өзүнөн жоопкерчиликти пайда кылат.

4.2. Ушул Лицензиялык келишимден жана ага байланыштуу келип чыккан маселелер боюнча Пайдалануучу менен Кыргызпатенттин ортосундагы келише албастыктар жана талаштар пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө бардык чараларды колдонот.

4.3. Көрсөтүлгөн талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык сотто чечилиши керек.

4.4. Тараптар, бул Лицензиялык келишим үчүн зыян боло турган, күтүлбөгөн жагдайлардын жана табигый кырсыктардын себептеринен ушул Лицензиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткара албай калгандыктары үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Форс-мажордук жагдайларга туш болгон Тараптар 5 (беш) күндүн ичинде ошондой жагдайларды күбөлөндүргөн (тиешелүү мамлекеттик же башка компетенттүү орган тарабынан берилген документ жетиштүү болуп саналат) тастыкталган расмий документтерди бериши керек.

 

5. ЛИЦЕНЗИЯЛЫК КЕЛИШИМДИН КҮЧҮНҮН МӨӨНӨТҮ

ЖАНА АНЫ БУЗУУНУН ШАРТТАРЫ

 

5.1. Бул Лицензиялык келишим ага Эки Тарап кол койгондон тартып күчүнө кирет жана «___»_____________20__-жылга чейин күчүндө болот. Бул Лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтү кезектеги ар бир сезондук мезгилге узартылат.

5.2. Бул Лицензиялык келишим төмөнкү негиздер боюнча бузулат:

- Пайдалануучу тиешелүү компетенттүү орган тарабынан анын ишмердүүлүгүн токтотууну тастыктаган документти берген учурда Лицензиялык келишим анын ишмердүүлүгү факт жүзүндө токтогон датасынан тартып бузулду деп эсептелет;

- Пайдалануучу тарабынан автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу токтотулган учурда. Мында инспектор тарабынан Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануунун токтотулгандыгы жөнүндө акт түзүлөт;

- Пайдалануучу тарабынан мекеме, ишкана ижарага берилген учурда;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

Пайдалануучу келишим бузула турган датага чейин 10 (он) календардык күндөн кем эмес убакытта Лицензиялык келишимди бузуу жөнүндө (себебин көрсөтүү менен) Кыргызпатентке жазуу түрүндө кабарландырат.

Ушул Лицензиялык келишимди токтотуу учуруна Тараптар өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзөт.

5.3. Бул Лицензиялык келишимди бузуу Пайдалануучуну эсептелген туумду эсепке алуу менен автордук сый акыны төлөө боюнча карыздын суммасын төлөөдөн бошотпойт.

5.4. ушул Лицензиялык келишимди бузуу Пайдалануучунун автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга укугун четтетет. Бирок Пайдалануучу Кыргызпатент менен тиешелүү Лицензиялык келишимди кайрадан түзүүгө укуктуу.

5.5. Пайдалануучу тарабынан ушул Лицензиялык келишим бузулгандан кийин автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууда Пайдалануучу Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болот.

 

 

 

6. БАШКА ШАРТТАР

 

6.1. Уюштуруу-укуктук формада, ишмердүүлүк мүнөзүндө өзгөрүүлөр болгон, же өзүнүн ишин токтоткон Тараптар, бул жөнүндө өз убагында башка Тарапка жазуу жүзүндө кабарландырат.

6.2. Бул Лицензиялык келишимде эскертилбеген, бирок анын предеметине тиешеси бар шарттар Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

6.3. Бул Лицензиялык келишим боюнча милдеттерин аткарууга байланышкан Тараптардын ар биринин чыгымдары Тараптардын ар биринин күчү менен жабылат.

6.4. Бөлүмдөрдүн аталыштары түшүнүүгө ыңгайлуу болсун үчүн кабыл алынды жана так юридикалык түшүндүрүүгө жатпайт.

6.5. Бул Лицензиялык келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө жасалса жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган учурда күчүндө болот.

6.6. Бул Лицензиялык келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, барабар күчкө ээ, эки нускада түзүлдү жана кол коюлду.

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЮридиКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА МААЛЫМДАРЕКТЕРИ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)

Дареги: Бишкек ш.,  Москва көч., 62

Алыш-бериш эсеби 1280010007085284

БИК 128001

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк

KICB Kyrgyz Investment And Credit Bank

Бишкек ш., «Дордой плаза» Бизнес Борбору 1 кабат

 

телефон: 680819; 681731

факс: 681703

Е-mail: ____________________

 

 

______________ ________________ __________

     (Кызматы)       М.О.                     (Аты-жөнү)

Пайдалануучу _________________________________________

_________________________________________

 

Дареги:____________________________________

ИНН:_____________________________________

Телефон:__________________________________

Факс:_____________________________________

Е-mail: ____________________

 

 

 

 

 

 

 

_____________________/_____________/

                                           М.О.

 

 

 

 

 

 

 

_______________ Лицензиялык келишимге тиркеме

 

 

Белгиленген коюмду эсептеп чыгаруунун

ТАРТИБИ

 

 

 

________________________________________________________________________________

(ишкананын, мекеменин аталышы)

 

________________________________________________________________________________

(дареги, телефону)

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы №488 токтому менен бекитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу үчүн автордук сый акынын минималдык коюму жөнүндө” Жобосуна ылайык автордук сый акынын белгиленген коюмунун суммасы төмөндөгү эсеп-кысаптар аныкталган:

 

(N) отургузуучу орундардын саны _________________________________________________

(Сб) базалык коюм ____________________________________________________________

(Км) төлөөчөнүн жайгашкан жеринин коэффициенти ________________________________

(Кк) тейлөө класстуулугунун коэффициенти _______________________________________

(Ко) «караоке» техникалык каражаттарынын жардамы менен музыкалык чыгармаларды аткаруу үчүн коэффициент _________________________________________________________________

(Кж) “жандуу” аткарууда музыкалык чыгармаларды пайдалануу үчүн коэффициент

________________________________________________________________________________

 

С = Сб x Км x Кк x Ко x Кж  = _______________________________________________

 

Белгиленген коюмдун суммасынын бардыгы төмөндөгүнү түзөт:

 

________________________________________________________________________________

Сумманы сөз менен жазуу

 

 

______________________________________                                   ______________

Пайдалануучунун аты-жөнү                                                                                       колу

                                                                             

 

______________________________________                                  _______________

            Инспектордун аты-жөнү                                                                             колу

 

 

 

Датасы «_____»___________ 20___-жыл.

 

 

 

             

 



[1] Автордук жана (же) чектеш укук ээлери – автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучу кайсы болбосун жеке жана юридикалык жак.

[2] ЧЫГАРМАНЫ ЖАЛПЫ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛОО – чыгарманы жарыялоо, эл алдында көрсөтүү, эл алдында аткаруу, эфирге жана башка ыкмаларда берүү жолу менен жалпы элдин кабардар болуусу үчүн биринчи жолу аны жеткиликтүү кылуучу автордун макулдугу менен жүзөгө ашырылуучу аракет.

[3] Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 341-беренесине ылайык сезондук деп, климаттык жана башка жаратылыш шарттарынын күчүндө, белгиленген мезгилдин (сезондун) аралыгында, 6 айдан ашпаган, аткарылган иштер таанылат.