عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO ALERT WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين معاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG048

رجوع

Мыйзамы шаары, 2001-жылдын 19-февралы № 24 Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 ПАТЕНТТИК ИШЕНИМДУУ ӨКҮЛДӨР ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

ПАТЕНТТИК ИШЕНИМДУУ ӨКҮЛДӨР ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 19-февралы N 24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

Караңыз: КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы

Чечими

I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Патенттик ишенимдүү өкүл

III Глава. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктарын алуу тартиби

IV Глава. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары жана милдеттери

V Глава. Корутунду жоболор

I Глава

Жалпы жоболор

1-статья. Жөнгө салуу негизи

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы интеллектуалдык менчиктин

объекттерин коргоо жаатында патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштеринин укуктук

негиздерин аныктайт.

Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы патенттик бардык

өкүлдөргө, уюштуруу-укуктук формалары менен менчигинин түрлөрүнө карабастан, алардын

юридикалык жактарына карата колдонулат.

2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу максатында

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патенттик

ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү

кайра аттестациялоодон жана каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык

жана аппеляциялык комиссиялар түзүлөт.

Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыноонун тапшырмаларын

бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын эске алуу

менен аттестациялык сыноого киргизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо,

аттестациялабоо жана кайра аттестациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комиссиянын чечимдерине

даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик

милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганына байланыштуу болгон аракеттерине

адамдардын даттанууларын карайт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

3-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн иш жүргүзүүсү

Өнөр жай менчигинин объектилери менен селекциялык жетишкендиктерди коргоо

документтерин алууга жана укуктук коргоого байланыштуу иштерди жүргүзүү патенттик

ишенимдүү өкүлдөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык

жактар, болбосо алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү өнөр жай менчигинин

объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоого байланыштуу иштерин, эгерде

Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларында башка жолдор каралбаса, анда

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынган

патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт.

II Глава

Патенттик ишенимдүү өкүл

4-статья. Патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндөгү түшүнүк жана анын

укуктук статусу

Белгиленген тартипте аттестациядан өткөн, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз

Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн Мамлекеттик реестринде (мындан ары -

Реестр) каттоого алынган жана өнөр жай менчигинин объектилери менен селекциялык

жетишкендиктерге укуктук коргоону алуу жана аны ишке ашыруу маселелери боюнча

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда же башка

мекемелердин алдында жеке же юридикалык жактардын өкүлү болууга укук берилген жеке

жак патенттик ишенимдүү өкүл болуп саналат. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши

аттестациядан өткөн адистин жеке жана юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана

өнөр жайлык менчиктин объектилери менен селекциялык жетишкендиктерине байланыштуу

болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча квалификациялуу иш-аракеттерин жүзөгө

ашырууну билдирет.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн кесиптик иштерин жекече ишкер катары өз алдынча же

юридикалык жакты түзүү менен, жана ошондой эле жалданып иштөө менен да жүргүзө алат.

Жалданып иштеген патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүүгө милдеттүү. Патенттик

ишенимдүү өкүл бул маалыматтарды Реестрде көргөзүү жана расмий бюллетенде жарыялоо

үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир айлык

мөөнөттүн ичинде ушул маселеге байланыштуу бардык өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүгө

милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзүшкөн патенттик

ишенимдүү өкүлдөр бул маалыматты Реестрде жана расмий бюллетенде чагылдыруу үчүн

бир айлык мөөнөттө бул тууралу Кыргызпатентке билдирүүгө тийиш.

5-статья. Аттестациядан өтүүчүлөргө коюлуучу талаптар

Патенттик ишенимдүү өкүл катары төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар аттестациядан,

кайра аттестациядан өтүшү жана катталышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болушкан;

2) патенттик ишенимдүү өкүл катары иш жүргүзүү үчүн арыз берген учурда Кыргыз

Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жана юридикалык дареги болгон;

3) жогорку билими бар;

4) өнөр жай менчигинин объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо боюнча

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан

аныкталган деңгээлде иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик

укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билген адамдар;

5) мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билген.

(5-статьянын 5-пункту КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечимине

ылайык аракетин жоготту)

Патенттик ишенимдүү өкүл катары:

1) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын

ведомстволоруна кирген уюмдардын кызматкерлери;

2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик иштер менен алектенүүгө тыюу

салынган кызмат адамдары менен кызматкерлер аттестациядан өткөрүлбөйт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

6-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өкүлчүлүгү

Патенттик ишенимдүү өкүл кызмат көрсөтүү боюнча аны менен келишим түзгөн ар бир

адамдын кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иш жүргүзүүгө укуктуулугу ага өз атынан ишин жүргүзүү үчүн

берген адамдын ишеним каты менен ырасталат. Кыргызпатенттин жана мамлекеттик

бирдиктүү патенттик кызматтарга кирген уюмдардын алдында өкүл экендиги жөнүндөгү

кардар берген ишеним кат, патенттик ишенимдүү өкүлгө жазуу жүзүндө берилет жана ал

нотариустун тастыктоосун талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган жеке жактардын жана чет өлкөлүк юридикалык

жактардын ишеним каттары ошол документти берген өлкөнүн мыйзамдарында каралган

тартипте түзүлүшү керек, эгерде документтин аныктыгына шектенүү пайда болсо, аны ачыкка

чыгаруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жараша же жакын

мамилелештиктин негизинде талап коюлбаган учурларды кошпогондо, интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз

Республикасынын консулдук мекемесинде ачыкка чыгарылууга тийиш.

III Глава

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктарын алуу тартиби

7-статья. Аттестациялоо

Экзаменге ушул Мыйзамдын 5-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 13-пункттарынын талаптарына

жооп берген адамдар киргизилет.

Экзамендин жүрүшүндө аттестациядан өтүүчүнүн патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин

аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык

келишимдерди билиши текшерилет.

Аттестациядан өтүүчү өзүнүн иш-аракети өнөр жай менчигинин айрым объектилери,

селекциялык жетишкендиктер же кызмат көрсөтүүнүн айрым түрлөрү менен гана чектелээрин

билдириши мүмкүн. Экзамен ушул чектөөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Чектөө жөнүндө

маалыматтар Реестрде жана патенттик ишенимдүү өкүлгө берилүүчү күбөлүктө көрсөтүлөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн иш-аракетиндеги чектөөлөрдөн баш тартышына ушул

статьяда каралган тартипте жүргүзүлгөн кошумча аттестациялоодон өткөн шартта гана жол

берилет.

Аттестациядан өтүүчү аттестациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда,

алымды төлөп, апелляциялык комиссияга 3 ай-

лык мөөнөттүн ичинде арыздана алат. Апелляциялык комиссия арызды карап чыгуунун

жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссиянын чечимин күчүндө калтырууга, кайтадан

аттестация өткөрүүгө же аттестациялык комиссиянын чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүккө талапкерлерди аттестациялоо, патенттик ишенимдүү

өкүлчүлүккө кошумча аттестациялоо жөнүндө арыздардын түшүшүнө жараша алымды

төлөнгөндө, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

тарабынан жүргүзүлөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу

аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөт.

(7-статьянын 7-бөлүгү КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечимине

ылайык аракетин жоготту)

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартиби ушул Мыйзамдын

ченемдерине ылайык интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

8-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо

Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз берген жана алым төлөгөн

күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат.

Аттестациялоо жөнүндө чечим аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Патенттик

ишенимдүү өкүл кесиптик иштерин ишке ашыруу укугуна Реестрде каттоого алынган күндөн

тартып ээ болот. Патенттик ишенимдүү өкүл катары ушул Мыйзамга ылайык каттоого

алынбаган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өз иш-аракетинде “патенттик

ишенимдүү өкүл” деген аталыштан пайдаланууга укуктары жок.

Каттоого тиешелүү маалыматтардагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө,

ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө

патенттик ишенимдүү өкүлдөр бир айлык мөөнөттүн ичинде интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Алым төлөнгөн

учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө Реестрге жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн

күбөлүгүнө жазылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

9-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо жөнүндө

маалыматтарды жарыялоо

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого алуунун

негизинде патенттик ишенимдүү өкүлгө күбөлүк берет жана интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарган расмий бюллетенде патенттик

ишенимдүү өкүлдүн катталгандыгы жөнүндө маалымат жарыялайт. Күбөлүктүн формасы

менен жарыялануучу маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

Каттоого тиешелүү бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө маалыматтар, ошондой

эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор расмий

бюллетенде жарыяланат.

10-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү Реестрден чыгаруу

Патенттик ишенимдүү өкүл интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган тарабынан Реестрден төмөндөгүлөрдүн негизинде чыгарылат:

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн арызынын;

- патенттик ишенимдүү өкүл Кыргыз Республикасынын жарандыгын, анын ичинде туруктуу

жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет

мамлекетте болгондо) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык дарегин

жоготкондо, болбосо ушул Мыйзамдын 5-статьясынын экинчи бөлүгүндө аталган кырдаал

түзүлгөндө;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга патенттик

ишенимдүү өкүл тапшырган маалыматтарда же документтерде чындыкка дал келбегендик

аныкталганда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши тууралу кардардын же ар кандай адамдын даттануусу

каралып чыккандан кийин, анын жыйынтыгы боюнча апелляциялык комиссиянын чечиминин

негизинде;

- ушул Мыйзамда каралган патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары менен милдеттеринен

кыянаттык менен пайдаланган фактылардын жыйынтыгы тууралу апелляциялык комиссиянын

чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кызматтык жүрүм-турум

эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иштерин үч жыл бою жүргүзбөгөндө;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө киргенде, же мындай ишти жүргүзүүгө жол бербеген башка жазага

тартылганда;

- патенттик ишенимдүү өкүл каза болгондо.

Патенттик ишенимдүү өкүл ушул статьяда каралган негиздер боюнча Реестрден

чыгарылганда, анын күбөлүгү өз күчүн жоготот жана ал Кыргызпатентке тапшырылууга тийиш.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн иш-аракетин токтоткон учурда, ал бул жөнүндө

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө

бир айдын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чыгарылган учурда же

болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу

жашаган жерин алмаштырганда аны кайрадан каттоо ал акыркы жолу аттестацияланган

күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

Патенттик ишенимдүү өкүлдү Реестрден чыгаруу жөнүндө маалымат Кыргызпатент тарабынан

расмий басылмаларда жарыяланат жана анда чыгаруунун себептери көрсөтүлөт.

Реестрден чыгарууга каршы соттук тартипте даттанууга болот.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

IV Глава

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары жана милдеттери

11-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары

Патенттик ишенимдүү өкүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшырманы

орундатуу боюнча же ушундай эле мазмунда өзү менен келишим түзгөн ар кандай жактын

кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол берген башка

иштерди да жүргүзө алат.

12-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн милдеттери

Кардардын кызыкчылыктарын билдирүүчү патенттик ишенимдүү өкүл, эгерде кардардын

аракеттеринде эч кандай чектен чыгуулар болбосо, ишенген тарап жагынан берилген

укуктардын алкагында иш алып барууга, ишенген тараптын укуктарын бузууга жол бербөө

максатында керектүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл ага өзүнүн ишин жүргүзүп берүүсүн суранган же анын ишин

кароого катышып берүүсүн суранган адамдын кызыкчылыктарына айрыкча карама-каршы

келген башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирүү же аларга консультация берүү

түрүндөгү тапшырмаларды алууга, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүл ишти карай

турган кызмат адамы менен туугандык жайы болсо, анын мындай тапшырмаларды алууга

укугу жок.

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тараптан материал алганда, аны алгандыгын ырастоого

жана келишим боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт же ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө, ошондой

эле кардардын талабы боюнча бул материалдардын түп нускасын кайтарып берүүгө

милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл мамлекеттик органда иштеген мезгилде өзүнүн кесиптик ишин

токтотууга милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл өз иш-аракетин токтоткондо, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн

юридикалык жагы жоюлганда же кайрадан түзүлгөндө, патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген

тарапка билдирүүгө, ошондой эле материалдарды анын ордуна келүүчү адамга өткөрүп

берүү үчүн сактап турууга милдеттүү.

Юридикалык жак жоюлган же ишенген тарап дүйнөдөн кайткан учурда, алардын

кызыкчылыктарын билдирип жүргөн патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген тараптын укуктук

мураскоруна билдирүүгө милдеттүү.

13-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жоопкерчилиги

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тарап менен түзгөн келишим боюнча милдеттерин

квалификациясыз же сапатсыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык мүлктүк жана башка жоопкерчилик тартат.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн кесиптик милдеттерин начар аткарып жаткандыгына

байланыштуу ар кандай адамдардын даттанууларын, ошондой эле өзүнүн иш-аракети

менен Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын талаптарын бузган учурда,

аларды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

апелляциялык комиссиясы карайт.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнө коюлган талаптарды бузган учурда, интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй чараларды көрүшү мүмкүн,

алар:

1) эскертүү жарыялоо;

2) экзамендин жыйынтыгы канааттандырарлык болбогон учурда Реестрден чыгаруу менен

аттестация дайындоо;

3) Реестрден 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чыгарып, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча

калыбына келтирүү;

4) Реестрден чыгарып, 5 жыл катары менен аттестациядан өтүүгө укук бербөө.

14-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин аткарууда

маалыматтардын жашыруундуулугун сактоо

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тараптын тапшырмасын аткарууга байланыштуу андан

алган маалыматтар, эгерде ишенген тарап жактан атайын көрсөтмө берилбесе же анын

иш-аракеттеринде эч нерсе даана байкалбаса, жашыруун деп эсептелет.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн патенттик ишенимдүү өкүлдүк ишин жүргүзүү учурунда алган

жана (же) түзгөн документтердин толук сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Патенттик

ишенимдүү өкүл бул документтерди же алардын көчүрмөлөрүн үчүнчү жакка берүүгө,

болбосо андагы маалыматтарды кызыкчылыгы корголуп жаткан жактын жазуу жүзүндөгү

макулдугусуз оозеки жайылтууга укугу жок.

V Глава

Корутунду жоболор

15-статья. Алымдар

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого, кайрадан аттестациялоого жана каттоого

байланышкан, ушул Мыйзамда каралган юридикалык маанилүү иш-аракеттер үчүн тиешелүү

алым алынат.

Алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине алым

түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валюталар интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан техникалык жактан жабдуу,

патенттик документтерди комплекттөөфондусунун автоматташкан тутумун түзүү жана

колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

16-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык

келтирсин.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин Кыргыз

Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген

жактары колдонулат.

Ушул Мыйзам күчүнө кирерден 3 жыл мурда өткөрүлгөн аттестациялык экзамендердин

жыйынтыктары жана алардын негизинде жүргүзүлгөн патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо

күчүндө калат деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

2001-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган